• №83, 04.11.08.




email • архив • редакция  


"Маданияттын кайра жаралуу
доору башталды…"
(К.Бакиев)
Өткөн аптанын соңунда
Бишкекте маданият күнү салтанаттуу белгиленди. Жыйында КРнын Маданият жана маалымат министри Султан Раев, КРнын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу, ЖКнын депутаты Ибрагим Жунусов жалпы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, анын ичинде Мамлекеттик катчы өлкө башчысы К.Бакиевдин куттуктоосун окуду жана жыйында улуу тарыхы бар кыргыз элинин көөнөрбөс рух дөөлөттүү эл экендиги айтылып, ошол өнөрдү улантып, аздектеп алып жүрүшкөн маданият кызматкерлеринин эмгегине баа берилип, ыраазычылыктар айтылды.
(Уландысы 3-бетте)




Маданият - муундан-муунга мурас
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Урматтуу маданият кызматкерлери!
Кымбаттуу достор!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Илгертеден бери эле элибиз кылымдарды карыткан маданий мурасын көөнөртпөй сактап, арттырып келгендерге өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылып келген. Азыркы мезгилде ушул ардактуу милдетти сиздер аркалап келе жатасыздар. Ошондон улам бардык маданият кызматкерлерине жана ардагерлерине өз ишине чексиз берилгендиги үчүн терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.
Ар бир инсандын жалпы адамзаттык руханий дөөлөттөрүнүн калыптанышында сиздердин эмгегиңиздер зор десем жаңылышпайм. Адамдардын жан дүйнөсүн ойготуп, ой жүгүртүүсүнө дем берип, Ата Мекенин, эне тилин жана маданиятын сүйүүгө, достукта жана ынтымакта жашоого умтулуусуна өбөлгө түзүп келесиздер. Сиздердин аракетиңиздердин шарапаты менен муундар ортосундагы тарыхый-маданий байланыш бекемделип, ал өз кезегинде кайталангыс маданияты жана көркөм өнөрү менен сыймыктанган элибиздин биримдүүлүгүн арттырууга кызмат кылууда.
Маданиятынын өнүгүшүнө тийиштүү
маани бере албаган мамлекеттин келечеги болбойт. Буга байланыштуу кабыл алынган 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улуттук программасы мада-ниятыбыздын, көркөм өнөрдүн жана адабиятыбыздын бардык чөйрөлөрүн системалуу өнүктүрүүгө багытталган. Аны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу көбүнесе сиздердин колдооңуздарга байланыштуу болоору анык. Мен мындан ары да сиздердин жаратман эмгегиңиздер өлкөбүздүн руханий жана маданий кайра жаралышына арнала тургандыгына ишенем!
Бүгүнкү жакшынакай майрам күнү сиздерге көтөрүңкү маанай, чың ден-соолук жана бакубат турмуш каалап кетмекчимин. Чыгармачылык дараметиңиздер арта берсин!