, 31.10.08 - 9-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№82, 31.10.08-ж.
  Көйгөй

Көмүрдүн корунда отуруп, неге көмүргө жарыбайбыз
Кыргыз жери кенге бай, анын ичинде отун-энергетикалык заттар да көп. Көмүрдүн запастары боюнча Борбордук
Азия өлкөлөрүндө Кыргызстан эң бай өлкө
болуп эсептелинет. Төрт көмүр кендүү бассейн-
дерде жана үч көмүрдүү райондордо изилденип,
такталган көмүрдүн запасы 1,3 миллиард тоннаны
түзөт. Окумуштуулардын болжолдоолоруна
ишенсек, жакшылап изилдесек бул цифра
5 миллиард тоннадан ашууга мүмкүн
экендигин айтышат. Кыргызстанда нефти
менен газдын да запастары бар.
Ошентип, отун-энер-
гетика боюнча
Кыргызстан бай
өлкө болуп
эсептелет.
Советтик доордо Кыргызстанда көмүр казуу жылына 4,0 миллион тоннадан ашып, Орто-Азиянын "кочегары" деген ардактуу наамга жеткенбиз. Көмүр өндүрүшүнүн эсебинен Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр сыяктуу шаарлар, көптөгөн шаарчалар өсүп чыккан. Шахталарда бүткүл Советтер Союзуна таанылган алдыңкы шахтерлор жана мыкты уюштургуч жетекчилер болгон.
Кыргызстандын көмүрлөрү жогорку сапаттуу болуп эсептелет. Жогорку калориялуу, таптуулугу күчтүү, күлүнүн аздыгы жана химиялык курамында эң керектүү заттар бар. Кыргызстандын көмүрүнөн кокс, жарымкокс, күйүүчү майларды жана газдарды алууга мүмкүн экендиги илимий лабораторияларда далилденген.
Кыргызстанда ирилешкен эсептөөлөрдүн негизинде бир жылга 2,0-2,5 миллион тонна көмүр керек, анын ичинен 1,5-1,7 млн. тоннасы жылуулук электрстанцияларына, калганы үй-тиричиликке кетет. Мунун ичинен 1,5 млн. тоннасы Бишкек ТЭЦине кетет. Эгерде биз Бишкек ТЭЦинин жакшы иштетсек бүгүнкүдөй болуп энергетикалык кризиске туш келбейт элек. Бишкек ТЭЦи жылына 2,0-2,2 миллиард квт. саат электр энергиясын берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Өткөн жылы 800 миллион квт. саат эле берген. Быйыл деле андан ашпайт, анткени көмүр жетишпейт.
Ар шахтадан 15-20 миң тонна эле көмүр өндүрүлөбү?
Эгемендүүлүккө өтөөр алдында өлкөбүздө 7 ирилешкен шахталарда жана бирикмелерде 4 миллион тоннанын тегерегинде көмүр казып чыгарышчу, өткөн жылы 20дан ашык майдаланган шахталарда 345 миң тонна көмүр чыгарышты, орточо эсеп менен ар бир шахтага 15-20 миң тонна көмүр туш келет. Демек, мындай шахталарда алдыңкы технологияны колдонуу жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес, шахталар толук кустарлык өтө татаал, оор акыбалда экендигинин далили. Бул деген бүгүнкү күндөгү көмүр өнөр жайына карата жүргүзүлүп жаткан чарбасыз саясатты мүнөздөйт. Ушундай майда шахталарда техникалык коопсуздугу сакталбайт, көмүр казуунун технологиясы бузулат, ошондуктан жылына ушундай шахталарда тобу менен майып болгон адамдарды угуп жатабыз. Көмүрдүн жетпегендигинен токойлор кыркылып түгөнүп бара жатат, мындай иштер бизде экологиялык коркунучуна алып келүүдө. Албетте, көмүр казуу негизинен бүткүл дүйнөдө рентабелдүүлүгү төмөн, көптөгөн өлкөлөрдө кирешесиз өндүрүш болуп эсептелет. Бирок мамлекеттик колдоого алынат, анткени көмүрдүн баасынын кымбатташы башка өндүрүштү да кымбаттатууга алып келет. Көмүр көптөгөн өндүрүштө колдонулат, ошондуктан "көмүр өндүрүштүн наны" деген атка жөн эле ээ болгон эмес. Кээ бир өлкөлөрдө ар бир тонна казылган көмүргө 10-15 доллардан мамлекет дотация берет, мисалы, Франция, Украина ж.б.
Кыргызстанда бардык облустарда ири көмүр кендери бар, көпчүлүгүндө өнүккөн алдыңкы технология колдонулуп, жаңы техникалар иштеген шахталары болгон. Кээ бирөөлөрүнө токтоло кетели. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында көмүрдүн кору жүздөгөн миллион тонналар менен эсептелет. Ал жерде бүткүл Советтер Союзуна белгилүү шахталар иштеп турган, шахтада көмүр казуучу комплекстер колдонулган ачык разрездерде эң ири кадамдоочу экскаваторлор иштетилген. Андан чыккан көмүрлөр коңшу өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Бүгүнкү күндө көмүрдүн бир тоннасы Баткен облусунда 3,0-4,0 миң сомго чыгышы адистерди таң калтырууда. Мындай акыбалды орустардын "голоженство" дегенинен башкача баалоого мүмкүн эмес. Ошондой эле акыбал Ош жана Жалал-Абад облустарында орун алган.

Кара-Кечени кандай коррупциялык көрүнүштөр чырмаган?
Кийинки жылдарда элибизди көмүр менен камсыздоодо Кара-Кече көмүр кенинин ролу өзгөчө орунда турат. 1997-жылы Кыргыз өкмөтү бүткүл түндүк регионун (анын ичинде Бишкек ТЭЦи дагы кирет) көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо жөнүндө №329 токтом кабыл алган. Бул токтомдун негизинде бул жерден 500-1000 миң тоннага чейин көмүр казуу каралган. Негизги өндүрүш ГАО "Ак-Улак" разрезине жүктөлгөн. Бул токтомду ишке ашыруу максатында көптөгөн иш-чаралар каралган. КараКече көмүр кенинин борбордук участкасына техника-экономикалык эсептөөлөр түзүлүп, илимий- техникалык конференцияда каралып, 1999-жылы жактырылган. Көмүр казуу көбөйө баштаган. 1996-жылы 45,5 миң тонна көмүр казылса, 2000-жылы 150,1 миң тоннага жеткен. Жылына 25-30 миң тоннадан көбөйтүп туруу каралган. Ал жерде жеке менчик көмүр казуу да башталган. Ошентип 2001-жылы Кара-Кече кенинде жалпы көмүр казуу 260 миң тоннага жетти, республиканын түндүк регионун көмүр менен камсыз кылууда алдыга жылуу башталган. Тилекке каршы, 2000-жылдан баштап бул кенге дагы коррупция, мафия жана криминалдык элементтер күргүчтөп кире баштады. 1999-жылдын экинчи жарымында "Виконат" деген белоруссиялык фирма, "Кыргызэнерго" жана ГАО "Разрез Ак-Улак" үчилтиктүү келишим түзүшүп, "Виконат" фирмасы "Кыргызэнергодон" арзан баага электроэнергия алып, кымбат баада "Ак-Улак разрезине" тоо-кен өнөр жайлык шаймандарды бермек болгон. ГАО "Ак-Улак разрези" арзан баада Бишкек ТЭЦин көмүр менен камсыз кылып турууга милдеттенген. Бул келишим эч кандай экономикалык экспертизадан өткөн эмес, бирок кол коюлуп бекитилген. Демек, бул келишимдин артында кандайдыр күч турган. 2000-жылы ушул эле "Виконат" фирмасы башка ат менен ("Примекс Центр ЛЛС", кайсы өлкөдө катталганы белгисиз) "Ак-Улак разрезин" убактылуу башкарууга, анан өзүнө толук өткөзүп алуу максатында мыйзамдарды одоно бузуу менен кабыл алат. Бул келишим Кыргызстандын мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчилиги менен түзүлгөн. Эл ичинде, адистердин арасында мындай мыйзам бузууларга каршы үндөр күчөп, көптөгөн маалымат каражаттарында макалалар, интервьюлар жарыяланат. 2001-жылдын апрель айында бул фактыларды текшерүү жөнүндө Өкмөттүн токтому менен комиссия түзүлөт. Комиссиянын эки мүчөсү комиссиянын чечими менен макул эместигин билгизип, айрыкча оюн жазышкан. Ошол эле убакта, мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын демилгеси менен Эсептөө палатасы "Ак-Улак разрези" акционердик коомун текшерип, орой финансылык мыйзамдарды бузгандыгын табышат. Ушул документтердин жыйынтыгы боюнча ошол кездеги премьер-министр К.Бакиев маммүлк комитетине төмөндөгүдөй көрсөтмө берет: "Госкомимущество и инвестиции Джиенбекову С.М.: Прошу рассмотреть материалы инспекции Счетной палаты Кыргызской Республики по проверке финансово-хозяйственной деятельности ГАО "Разрез Ак-Улак" и принять кон-кретные меры по всем фактам нарушения законодательства КР, а также в установленном порядке расторгнуть договор на доверительное управление с компанией "Примекс Центр ЛЛС". О результатах доложить до 20 августа 2001 года". Тилекке каршы, бул көрсөтмө аткарылган эмес, К.Бакиев 2002-жылдын биринчи кварталында жумушунан бошогон.
Элдин нааразылыктары токтолгон эмес. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 2002-жылдын 18-декабрында парламенттик угуу уюштуруп, Кара-Кече көмүр кениндеги акыбалды карап, тереңдетилген иш-чараларды өкмөткө сунуштаган. Бул сунуштар да аткарылган эмес. Ушул эле маселенин Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын 2-февралында өзүнүн отурумунда карап, төмөнкүдөй чечим кабыл алган.
1. 2001-жылдын 1-июнунда, 2001-жылдын 13-июлунда жана 2003-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан берилген материалдарды өз убагында жана калыс териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун жана УККсынын ишин катуу көзөмөлгө алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук комитетине тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: Бул укукту азыркы убакта ал участоктун чыгыш бөлүгүн иштетип жаткан "Ак-Улак разрези" МАКына калтыруу, Кара-Кече кенинин Борбордук участогунун жер казынасынын пайдалануу укугуна "Бешсары" ЧИсине лицензия берүү жөнүндөгү чечими жокко чыгарсын;
- Кара-Кече көмүр кенин сарамжал өздөштүрүү боюнча 1998-жылдын 18-февралындагы илимий-практикалык конференциянын жана 2002-жылдын 18-декабрындагы парламенттик угуунун сунуштарын пайдалануу боюнча иш-чаралар көрүлсүн;
- 2-4-жылда "Капиталдык курулуш" статьясы максатында "Ак-Улак разрези" МАКынын вахтачылары үчүн жатакананын курулушун бүтүрүү үчүн каражаттарды бөлүп берсин.
Бул чечимдер да аткарылган эмес.
"Примекс Центр ЛЛСтин" максаты эмнеде эле?
Жыйынтыгында коррупцияланган фирма "Примекс Центр ЛЛС" убактылуу башкаруу мезгилинде (2000-2002-ж.ж.) аферисттик, алдамчылык жолдор менен "Ак Улак разрезинин" бүткүл активдерин ушул эле фирманын майда (дочерняя) фирмаларына жалган документтер менен чыгарып кетишип, "Ак-Улак разрезин" жүздөгөн миллион сомго карызга отургузушкан. Ошол эле жалган, алдамчы документтердин негизинде Кыргызстандын соода-өнөржай палатасынын алдындагы көз карандысыз (третейский суд) сот эч кандай изилдебей туруп эсептөө палатанын справкаларын эске албай, "Ак- Улак разрезинин" жетекчилеринин катышуусуз мыйзамдарды одоно бузуу менен разрездин бүткүл технологиялык шаймандарын "Примекс Центр ЛЛС" фирмасына караштуу "Сани ЛТД" ж.ч.фирмасына алып берүүгө чечим чыгарган. "Сани ЛТД" ж.ч. фирмасы эч кандай Кыргызстанда иш жүргүзгөн эмес, бир сом да салык төлөбөгөндүгү аныкталган. Ушундай кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы чечим 2004-жылдын 30-июнунда кабыл алынган. Бул чечимди аткаруу үчүн бир нече сот органдарына кайрылышкан. Мындай элдин кызыкчылыгына каршы чечимди аткаруу буйругун (исполнительское решение) түшүнгөн жергиликтүү соттор кабыл алуудан баш тартышкан. Мындай ишти эч кандай изилдебей туруп Чүй облустук райондор аралык соту, ошол кездеги мыйзамсыз шайланган Мотуевдин "Ак-Улак разрезинин" директорунун макулдугу менен аткаруу баракчасын 2006-жылдын 12-январында берген. Айтып коелук мыйзамсыз директор болуп шайланган Н.Мотуевдин иши өз убагында Нарын шаардык жана облустук сотторунда каралып иштен бошотулган. Бул чечимдер Жогорку соттун 2006-жылдын 11-декабрындагы токтому менен бекитилген. Жогорудагы фактылардын негизинде "Примекс Центр ЛЛС" фирмасы коррупцияланган чиновниктер аркылуу түзүлүп, иши алга жыла баштаган "Ак-Улак разрези" фирмасын жоготууга багытталгандыгынан шек саноого болбойт.

Коррупционерлердин артында ким турат?
Баарыбызга белгилүү, 2005-жылдагы март айындагы революциядан кийин көмүр өнөржайына өкмөт тарабынан көңүл бурулат деген ой менен аракеттер башталган. Мамлекеттик "Көмүр" ишканасынын директору, Кыргызстандагы көмүр өнөр жайында жана мамлекеттик, партиялык кызматтарда иштеген К.Мукамбетовдун жетекчилиги менен көмүр өндүрүшүн алга жылдыруу боюнча чечкиндүү аракеттер көрүлө баштаган. Бирок, тилекке каршы 2005-жылдын 28-майында күтүүсүздөн бул иш билги адамды кетирип, көмүр тармагында иштебеген П.Рахмановду бекитүү менен көмүр өнөр жайында иш солгундады. 2005-жылдын 7-июнунда Н.Мотуев башында турган топтор КараКече кенин басып алышты. Ошондон бери бул ири ишканада талкалап-тоноочулуктан башка бир да жарытылуу иш жүргүзүлгөн жок. Нарын элинин, адистердин кайрылбаган өкмөттүк уюмдары калбады. Бул иштер менен Башкы прокурор, улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Эсеп палатасы, Финансы поли-
циясы дагы башка органдар текшергендери менен жыйынтык чыгарылбай келүүдө. Кыргызстандын бүт органдары Бабашев Абдрахманга, же Кыргызстандын жараны эмес адамга чечкиндүү чара көрүшө албай жатышат. Демек айрым жеке кызыкчылыктагы топторго мамлекеттик машинанын күчү жетпей жатпайбы.

Кара-Кече биздин чарбасыздыгыбыздын күзгүсү
Кара-Ккече көмүр кениндеги мисалдар биздин өлкөдөгү тоо-кен өнөр жайындагы жүргүзүлүп жаткан саясаттын күзгүсү. Адистердин ирилештирген эсептөөсү боюнча Бабашев Абдрахман - чет элдик атуул Кыргызстанга түздөн-түз жана жабык түрдө жүздөгөн миллион сомдук зыян алып келди. Дагы эле аны колдоп, анын өзүнө окшогон жандоочулары түзгөн "Кара-Кече" аттуу жеке ишканага Минкуш көмүр кениндеги анын эң келечектүү участкасына лицензия бергендиги көптөгөн адамдарды таң калтырууда. Кыргызстандын кен байлыктарына суук колун салуу качан токтойт? - деген мыйзамдуу суроо туулат.
Жыйынтыктап айтканда, көмүр өнөр жайындагы башкаруу саясаты натыйжасыз, адистердин сунуштарын көңүлгө алышпайт.
Быйылкы эле жоопкерчиликтүү жетекчилердин башкаруу иштери да бул жыйынтыкты толук бекемдейт. Мындай акыбалдан чыгуу үчүн мамлекеттик атайын адистерден топ түзүп, терең изилдеп, ушундай оор акыбалга алып келген кызматкерлерди жоопко тартуу менен тартипти күчөтүп, бүгүнкү мүмкүнчүлүктү эске алуу менен иш-чараларды түзүп, көмүр өндүрүшүн, жалпы эле тоо-кен тармагын мамлекет тарабынан камкордукка алуу зарылдыгы келип чыгууда. Бүгүнкү күндөгүдөй тармакты башаламан башкаруу - кыргыз элинин энчиси болгон кен байлыктарынан айрылып калууга гана алып келет.
Орозбек ДҮЙШЕЕВ,
тоо инженери