, 31.10.08 - 8-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№82, 31.10.08-ж.
  Президенттин Кайрылуусун - турмушка

Арымдап алдыга жылуубуз керек
Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 10-январында парламентке жана Өкмөткө Кайрылуусунда жаштардын арасында жумушчу кесиптеринин аброюн жогорулатуу үчүн алар жөнүндө коомдук оң пикирди калыптандыруу, анын ичинде мектеп окуучулары үчүн чыныгы кесип тандоо системасын кайра жаратуу максатында маданий баалуулуктарды өзгөртүү тууралуу айткан эле. Жакында, т.а. үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында мамлекет башчыбыз калайык-калкка Кайрылуусунда саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт маселелелерине атайын токтолду.
Мына ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин гендердик саясат, дене тарбия жана спорт, маданият боюнча комитеттин мүчөсү катары өз байкоомду айтууну чечтим. Анын үстүнө Жогорку Кеңештин төрагасы Президенттин 10-январдагы Кайрылуусунан кийин өзүнүн буйругу менен Жогорку Кеңештин комитеттерине, анын ичинде биздин комитетке өлкөнүн билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү катары өндүрүшкө, айрыкча айыл жергесине иштегени бара жаткан жаш адистерге социалдык жеңилдиктердин жана кепилдиктердин топтомун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюуну тапшырган.
Учурдагы олуттуу маселелердин бири дарыгер кадрлары менен өлкөбүздүн медмекемелерин камсыз кылуу деп ойлойм. Мындайынан алганда врачтар менен камсыз кылуу дурус эле абалдагыдай. Бирок, саламаттыкты сактоо системасына келип иштеп жаткандарга караганда кетип жаткандар 140 кишиге көптүк кылары кабатыр кылбай койбойт. Мындан сырткары медициналык жардамга толук жетише албаган алыскы райондорду врачтар менен камсыз кылуу төмөнкү деңгээлде.
Бүгүнкү күнү "Врачтын депозити" программасы боюнча республикада 123 врач иштеп жатышат (6 врач ал программадан чыгып кетишкен). Кейиштүүсү бул программага өз жумушчу ордунда иштеп жатышкан пенсия курагындагы гана адамдар катышууда. Чоң шаарлардан агылып келишкен жаш адистер жок. Демек, "Врачтын депозити" программасы өз максатына жеткен жок. Ошол эле мезгилде бул тармакта иштеп жатышкандардын жарымынан көбү пенсия курагындагы жана пенсияга чыкканга жакындап калышкандар.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматты адистер менен камсыз кылуу орточо 85 пайызды түзөт, а бул болсо жугуштуу оорулардын күч алуу коркунучун туудурат.
Акыркы жылдарда саламаттыкты сактоо тармагын репспубликалык бюджеттен каржылоо 436,5 млн. сомго же болбосо 30 пайызга, милдеттүү медициналык камсыздоо каражатынан 130,8 сомго же болбосо 32,6 пайызга көтөрүлгөн.
Бүгүнкү күндүн дагы бир орчундуу маселеси кесиптик-техникалык билим берүү деп айтар элем. Кесиптик-техникалык билим берүүнүн максаты - өндүрүштүн бардык тармагын жогорку кесипкөй жумушчу кадрлары менен камсыз кылуу үчүн кесиптик билим берүүнүн сапатын көтөрүү.
Учурда кесиптик окуу жайларында окуп жатышкан окуучулардын саны 30 миңди түзөт. Анын ичинде 25 миң адам бюджеттин эсебинен окушат.Окууга тартылгандар 964 адамга көбөйгөнү оң көрүнүш. Кыздар үчүн атайын программа иштелип чыккан, бул да жакшы.
Миграция жана жумушка орноштуруу мамлекеттик комитети тарабынан жиберилген кесиптик билим берүү тармагында окугандардын жумушсуз жүргөндөрү жыл сайын кескин азайып баратканын айрыкча белгилөө керек. Бүтүрүүчүлөрдүн 80 пайызы жумуш менен камсыз болгон, бул жогорку көрсөткүч, буга өз алдынча жумушка орношкондорду, аскерде кызмат өтөп жаткандарды, республиканын жогорку окуу жайларында окугандарды кошуп кетсе болот.
Ошону менен бирге кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан нерселер бар. Айыл чарба тармагы үчүн адистерди даярдай турган 64 окуу жайдын 40 окуу жайы гана жер үлүшүнө ээ. Акыркы беш жылда айыл өкмөттөрү 7 окуу жайдын 760 гектар жерин тартып алган. Ошондой эле 15 имараты башка уюмдарга өтүп кеткен.
Капиталдык оңдоолор болбогондуктан, имараттар жана жабдуулар эскилиги жетип бүткөн. Натыйжада ал имараттар кулап калуу коркунучунда турат.
Жогорку окуу жайларда 240 миң адам, кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларында 30 миң адам окуса, бул студенттердин ортосундагы сандык кескин айырмачылыкты түзөт, а бул көрүнүш кооптонтпой койбойт.
Жаштар чөйрөсүндөгү жумушчу адистиктин баркын көтөрүү, жаштар арасындагы жумушсуздук маселесин чечүү - бүгүнкү күндөгү курч маселелердин бири. Буларды чечүү үчүн мамлекеттик бардык органдардын күч-аракеттерин бириктирүү талап кылынат. "Биргелешкен кыр ашат" дейт элибиз. Президент айткандай бул жаатта натыйжаларга жетүү үчүн буга чейин жетишилгендерди колдон чыгарбай, ошол эле кезде арымдап алдыга жылуубуз керек.
Чолпон Абдуллаева,
Жогорку Кеңештин депутаты




Алтын казуу көзөмөлгө алынууда
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунун аймагында бир катар чет элдик фирмалар тоо кенин изилдөө жана алтын иштетүү, казуу иштерин жүргүзүшүп, жаратылыштын, токойдун сакталышына, суунун тазалыгына стратегиялык мааниси бар район аралык жолдордун бузулуш коркунучуна өбөлгө түзүшкөнү тууралуу коомчулукта тынчсыздануу пайда болду.
Бул "Гео Эксплор", "Фирма-Фонта", "Чанач", "Чаарат", "Бо-Луна", "Кичи-Чаарат", "БурВест", "Геосервисес-Кейджи", "Казакмыс Голд Кыргызстан" жана "Хайленд Эксплорейшин" ишканалары 2001-жылдан баштап эл жакын жашаган жерлерде алтын изилдөө, алтын казуу иштерин жүргүзүп, жер-кыртыштарын, жолдорду бузушуп, дарыялардагы сууларды булгашкан. Ошого карабастан жакынкы күнгө чейин Ала-Бука же Чаткал райондорунда бир да каттоодон өтүшкөн эмес.
Жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен жерлерди алышып, аны иштетүү боюнча эрежелерин сактабай, келишимдер мыйзамга ылайык келбей түзүлгөн. Мындан сырткары казылып алынган кендердин өлчөмү толук көрсөтүлбөй, жер кыртыштарынын калыбына келтирүү иштери колго алынган эмес. Натыйжада облустун аймагында калк арасында бийликке болгон ар кандай пикирлер пайда болуп, коомдук саясый абалга да таасирин тийгизе турган чекке жеткен.
Ала-Бука, Чаткал районуна Жогорку Кеңештин "Ак Жол" элдик партиясынын фракциясынан шайланган депутаттардан түзүлгөн комиссия да келип көрүп, күбө болуп кеткен. Акыры бул ишке облустун губернатору Кошбай Масиров түздөн-түз кийлигишүүгө аргасыз болду. Айрымдарын изилдей келгенде Бишкек шаарындагы белгисиз эле бир үйлөрдө катталгандыгы аныкталган. К.Масировдун чечкиндүү аракетинен кийин айрым фирмалар жеринде каттоого турушту.
Азыркы учурда кырдаалдын мамлекеттик өзгөчө маанилүүлүгүн эске алып, жогоруда аталган фирмалардын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана келген зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, иликтөөгө алууда.

Орозалы КАРАСАРТОВ,
Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын басма сөз катчысы




Энелердин мээнети менен мээримине ыйгарылган сыйлык
Жаш курактары небак жетимиштен ашып сексенди таяп калган жети байбиче "Кең дүйнө" коомдук бирикмеси тарабынан лауреат катары тандалды. Аталган коомдук бирикменин лауреаттыкты ыйгаруу талаптары боюнча, ага жаш кезинде өмүрлүк жарынан айрылып, көп баланы жалгызбой тарбиялап өстүргөн, болгондо да байбиченин уул кыздары мамлекетке, Ата Журтка кесипкөйлүгү менен эмгек сиңирген атуулдар болушу кажет.

Тактап айтканда, турмуштун зылдай оордугун көтөргөн эненин балдары мейли академик, депутат, атактуу актёр же жумушчу кесиптеги шахтер болобу айтор, элине эмгектери сиңген адамдар тандалышы шарт.
Энелердин көбү Улуу Ата Мекендик согуштун каарын башынан өткөрүшкөн. Өмүрлүк жары согуштан кайтпай калгандар же башка себептер менен жалгызбой көп балалуу эненин оор тагдырын башынан кечиргендер. 25 октябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районунда республиканын аймактарынан келген жети байбиченин ар бирине 10 миң сом, лауреаттык диплом, кыргыздын улуттук көйкөлгөн чепкени менен ак элечектери тартууланды.

Энелердин талапкерлигин жер жерлерден коомдук уюмдар көрсөтүшүп, документтери "Кең дүйнө" коомдук бирикмесинин талабына ылайыктары комиссия аркылуу тандалып алыныптыр. Алар, Чүй районунан Жумак Шеримбекова, Панфилов районунан Асем Тилебалиева, Кемин районунан Салый Бейшеналиева, Тоң районунан Роза Мамбетакунова, Сокулук районунан Насипа Нусупова, Жумгал районунан Гүлжамал Аскарова, Кочкор районунан Мира Темирова татыктуу болушту.

Эскерте кетчү жагдай, 2004 жылы Сокулук районунун "Народная трибуна" гезитинин кызматкери, журналист Убайдакан Кайдулатова баштаган бир нече кыз келиндер адегенде Сокулук районундагы жогорудагыдай шарттагы байбичелерге жардам берүү максатында "Кең дүйнө" деп атап, коомдук бирикмени түзүүнү көздөшкөн. Алар ошол эле Сокулуктун Белек айлынан чыккан, сталиндик репрессиянын капшабына кабылып, камалып кетип, атылган чыгаан коомдук ишмер Алымкул Жакшылыковдун жубайы Аксаамай эненин беш баланы адам чыдагыс азапка кайраттуулук менен туруштук берип, багып өстүргөнүн символ кылып алууга аракет жасашат.

Аксаамай эне өзү да коомдук турмуштун алдыңкы сабында жүргөн элдик аял, кызылча талаасында Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Зууракан Кайназарова менен катарлаш иштеген, эмгекчилдиги менен таанылган болчу. Ошого карабай ал "эл душманынын жубайы" деп, эмгегинин акыбетине жараша тоталитардык заман тарабынан өз даражасында татыктуу бааланбай жүрүп көзү өткөн.

Демилгечи аялдар Аксаамайдын уулу, академик жана коомдук ишмер Карыпбек Алымкуловго кайрылышып, өз ойлорун ортого салышат. Алардын демилгесин жерде калтырбай Карыпбек ага, бир эле учурда ишкер катары аталган коомду түзүүгө өбөлгө болчу каражаттар менен кайрымдуулук кылууга убада берет. Ошентип, "Кең дүйнө" коомдук бирикмеси түзүлүп, алгачкы жылдары райондун деңгээлинде, андан кийинки жылдары анын аймагын кеңейтип Чүй чөлкөмүнө тарала баштайт. Өткөн ишембиде анын төртүнчү ирет иш чарасы көрүлдү. Бул жолу негизинен өлкөнүн түндүк аймактарынан сунуш кылынгандар болушту.
Эмдиги жылы "Кең дүйнө" коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгүнө беш жыл толот. Мына ошондо энелер өлкөнүн бардык жети облусунан тандалып алынары, ага каражат бөлүнөрү жыйында айтылды. Бул кыргыздын түндүк менен түштүк элинин ортосундагы болоттой ширелишкен ынтымакты, улут катары биримдикти бекемдөөчү иш чарага айланары белгиленди. Ал эми Аксаамай апанын атындагы "Кең дүйнө" коомдук бирикменин лауреаттары болушкан бардык байбичелердин башынан өткөргөн турмуш тагдырларын чагылдырган атайын китеп да келерки жылдын планына кирди. Айта кетели дегенибиз, жогорудагыдай энелерди "Кең дүйнө" коомдук бирикмесинин сынагына көрсөтүү үчүн, Ата Журтка уул кыздарынын сиңирген эмгектери да бааланары анын негизги критерийлерине кирерин эстен чыгарбообуз керек.
Жалпы республика аймагындагы жогорудагыдай ардактуу, асыл байбичелердин талапкердигин "Кең дүйнө" коомдук бирикмесинин лауреаттыгына сунуш кылууну каалагандар анын шарты менен кененирээк таанышуу үчүн төмөнкүдөй телефонго кайрылсаңыздар болот: 03134(4 10 50), 0777 20 06 75 "Кең дүйнө" коомдук бирикмесинин төрайымы У.Кайдулатова.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"КыргызТуусу"




Ашуудагы ашар, андан соң...
Шейшемби күнү Талас облустук, Талас райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана аппарат кызматкерлери, облустун бир нече мекеме-уюмдарынын 60тай өкүлдөрү Тараз-Талас-Өтмөк жана Ош-Бишкек трассасы менен кесилишкен жердеги Айкөл Манас атанын айкелинин тегерегине 700гө жакын ак кайыңдын жана карагайдын көчөттөрүн отургузушту.
Губернатордун айтымында комплекстин тегереги көрктүү жайга айланмакчы.
Козубек ИМАНКУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"




Көңүлдүн баары Нурада
Учурда Алайдын Нура айылынын тургундарына гуманитардык жардамдарды берүү улантылууда жана жергиликтүү эл көмүр, жылуу чатырлар менен камсыз болушкан.
29-октябрга карата жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам катары атайын эсепке 36 млн. 481 миң 357 сом келип түшкөн. Ал эми келип түшкөн акча каражатынын 12 млн. сому учурда жер титирөөдөн жабыркагандарга иштетилген.
Жакында Нура айылынын табигый кырсыктан жапа чеккен тургундарына жардам катары Кыргыз инвестициялык банкынын эмгек жамааты 1 млн. сом өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөттү.
Аталган банктын Оштогу филиалынын башчысы Азизбек Жунусовдун айтымында көрсөтүлгөн жардамдардын алгачкыларын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырышып, көрсөтүлгөн 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражатка мобилдик үйлөрдү курууга он контейнер сатып беришкен. Ошондой эле калган гуманитардык жардамдар кырсык болгон жерге жеткирилмекчи.
Күн сайын Нурага мобилдүү төрт үй жеткирилүүдө. Күндүн сууктугуна байланыштуу жана жолдун татаалдыгынан аралыкты айдоочулар араң 17 саатта басып өтүшүүдө. Жалпысынан Нура айылына бүгүнкү күнгө карата 31 мобилдүү үй жеткирилген.

Г.ЖОРОЕВА,
Ош облусунун губернаторунун
басма сөз катчысы