, 31.10.08 - 6-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№82, 31.10.08-ж.
  Көңүл бургула: конкурс

Жаш сүрөтчүлөрдүн мыктылары аныкталат
Бишкек Ротари клубу Осло жана Мажористин (Норвегия) шаарларынын Ротари клубдары менен бирдикте Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын арасында сүрөт конкурсун өткөрүү үчүн 1 млн. сом бөлүштүрдү.
6 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдар карандаш жана боёк менен сүрөт тартып, кагаз бетинде өздөрүнүн ой-мүдөөсүн таасын чагылдырууга мүмкүнчүлүк алышты. Конкурстун катышуучулары "Менин үй-бүлөм", "Менин өлкөм" жана "Менин келечегим" деген үч теманын бирөөсүн тандай алышат.
Бишкек Ротари клубунун мурдагы президенти Жорджио Фиаккони демилгечи болгон бул долбоор Анжела Голдин жетектеген Ослодогу эл аралык балдар көркөм сүрөт өнөр музейинин көмөгү менен жүзөгө ашырылууда. КРнын билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте КРнын Норвегиядагы элчиси Маратбек Бакиевдин төрагалыгында конкурстун калыстар тобун түзөт. Түркиянын Ротари клубдары бул демилгенин жүзөгө ашырылышына өздөрүнүн салымын кошууга даяр.
Конкурстун башкы максаты - балдар менен чоңдор ортосунда маданият аралык диалогду бекемдөө жолу менен жаш таланттарга жана өлкөнүн жаштарына колдоо көрсөтүү. Конкурстун уюштуруу комитети 60 байге даярдады, ал эми мыкты сүрөттөр түстүү альбомго киргизилмекчи.
Балдар тарткан сүрөттөр Билим берүү министрлигине караштуу республикалык эстетикалык "Балажан" окуу-усулдук тарбиялоо борборуна берилип, мыкты иштер курамына ар кайсы улуттун өкүлдөрү жана белгилүү сүрөтчүлөр кирген көз карандысыз калыстар тобу тарабынан тандалып алынат.
Конкурстун жеңүүчүлөрү 2009-жылдын январында жарыяланып, тандалып алынган иштер Бишкекте музейге коюлуп, андан кийин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө жиберилет. Балдар сүрөттөрүнүн көргөзмөлөрү Норвегия менен Түркияда өткөрүлөт, ал эми азыр көргөзмөлөрдү Кореяда, Японияда, АКШда ж.б. бир катар Европа өлкөлөрүндө өткөрүү жөнүндө маселе чечилүүдө.
Акчалай байгелерден жана белектерден тышкары конкурстун жеңүүчүлөрү атайын дипломдорго ээ болуп, мындан тышкары жаш сүрөтчүлөр өздөрүнүн сүрөттөрүн чет өлкөлөргө коюуга гана мүмкүнчүлүк алышпастан, ошондой эле окууларын улантуу үчүн стипендия алууга да мүмкүнчүлүк алышат.
Тартылган сүрөттөр 1-декабрга чейин кабыл алынып, конкурстун жыйынтыгы 2009-жылдын январында чыгарылат.
Р.S. Бишкек Ротари клубу 1988-жылы негизделген. Клубдун президенти жыл сайын алмаштырылат. Клубдун 2008-2009-жылдардагы президенти - Арслан Кененбаев.
Бишкек Ротари клубу гуманитардык долбоорлорго активдүү катышууда. Аяктай элек долбоорлоруна бийик тоолуу элеттик калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ашкана имараттарын оңдоп түзөтүү жана балдар окуу жайларынын чатырларын ремонттоо, балдар үчүн акысыз пластикалык операцияларды уюштуруу, медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу долбоорлору кирет. Клуб 2008-2009-жылдарда ар кандай кайрымдуулук долбоорлоруна 400 миңден ашуун АКШ долларын чогултууну пландаштырууда.
Кошумча маалыматты www.rotarybishkek.kg. сайтынан алууга болот.
Д.ӨМҮРЖАН ОВ
Сүрөттө, солдон оңго: Анжела Голдин, Осло шаарындагы Эл аралык балдар искусствосу музейинин башкы директору; Гуннар Гулликсен, Балдар музейинин башкармалыгынын төрагасы; Марат Бакиев, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, ишин айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын Норвегиядагы элчиси; Джорджио Фиаккони, Бишкек Ротари клубунун эл аралык директору; Улан Раимбеков, Кыргызстандын Германиядагы консулу.




  Кабарчыбыздын байкоосуна кабылган кайрыктар

Көл түбүнөн табылган тарыхый буюмдар музейден алынганбы?
Сансыз байлык - Сары-Жазда
Өткөн социализм доорунда деле кыргыз жергесинин түштүк-батышындагы азыркы Ак-Суу аймагынын Кытай мамлекетине чектеш бийик тоолорунун ортосунда жайгашкан Сары-Жаз өрөөнү бардык жагынан өзүнө тартып турчу. Анткени, Эңилчек деп аталган чөйчөктөй жер кен байлыктарга бай.
Мындан 40-50 жыл мурда эле геологиялык чалгындоолор: бул өрөөндө калайдын, вольфрамдын, алтындын, ал эмес урандын зор кору бар экендигин аныкташкан. Салыштыра келгенде Белгия мамлекети ээлеген аянтка тете чакан жерди тегерете курчаган асман тиреген бийик тоо кыркалары 1,5 миңге жакын кичи жана ири болуп, жалпысынан 250 километр кубдан ашык муз мөңгүлөрүн жайы-кышы дебей кыргыздын ак калпагындай "башына кийип" турат. Андан эрип агып түшкөн дарыялардан бир миллиарддан кем эмес киловатт электр энергиясын алууга боло тургандыгын окумуштуулар эбак эле эсептеп чыгышкан.
Өткөн ХХ кылымдын 60-жылдарында мында кенчилердин шаарчасы өсүп чыккан. Эңилчек маданий борбору деп аталган. Мектеп, клуб, китепкана шаардыкынан кем эмес иштеген. Жогорудагы баалуу кен байлыктары үзгүлтүксүз казылып, алыскы борборго ташылып турган. Анын жайы-кышы дебей бирдей пайдаланылган чөбү малга жагымдуу, күчтүү күңгөйлүү жайыттарында көлдүн тескейиндеги ири чарбалардын ириктери, топоздору нык семиртилип, тонналаган эт, май, жүн жалпы элдин керегине жарап турган. Ал кездеги кубаттуу өлкө ыдырап, Кыргызстан өз алдынчалыгыбызга өткөн жылдар ичинде тоо арасындагы имараттар таланып-тонолуп, кезегинде келгендин көз жоосун алган шаарча азыр пенденин боору ооруй турган абалга келген.
Жергиликтүү жатакчылардын айтымында абал калыбына келаткандай, бирок өтө жайбаракаттыкта. Кийин түзүлгөн Эңилчек айыл өкмөтү Ак-Суу райондук малмекеттик администрациясынын жардамы менен башталгыч мектепти, клуб, китепкана сыяктуу маданий очокторду иштетип, кичи цехтерди ачышкан. Ал эми өтө алысты мелжеген кеңири масштабды ээлей турган асыл максаттар арбын. "Кыргыздар байлыгын таман алдында басып жүрүп, четке кол сунушат", - деп чет элдик бир инвестор туура баамдагандай, Сары-Жаздын толгон кен байлыктарын, суу ресурстарын мындай коё туруп, ар кандай түстөгү, уникалдуу мармар таштарын иштетип сатуу менен эле облустун калкын гүлдөтүп, өстүрүп багууга кудурети жетээрин болжолдоп баамдадык.

Көл сыры - түбүндө
Адис окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн улам келип чыккан тыянактарына таянсак, касиеттүү Ысык-Көлүбүз миңдеген жылдарды карыткан көптөгөн сырларын катып келет. Бири - анын ордунда бир кезде ири шаар болгон десе, бири - жок, бул көлдүн пайда болгонунан бери миңдеген жылдар өтүптүр деген божомолун айтышат. Ал эми Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин археолог-окумуштуусу, академик Владимир Михайлович Плоскихтин 23 жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында быйыл өзгөчө "түшүмдүү" болгондугун билдирди. Көлдүн түбүндөгү чөккөн имараттардын урандыларынан биздин эрага чейинки биринчи кылымда жашаган көчмөн сак урууларына тиешелүү колодон жасалган найза учтары, карапа идиштер табылган.
Орусиялык белгилүү археолог-профессор В.Массондун жергиликтүү кесиптешинин Ысык-Көлдүн түбүнө каткан сырларын ачууга жумшаган ондогон жылдардан берки эмгегин өтө жогору баалаганы да бекеринен эмес. Анын айтымында көл түбүндө дагы ачыла элек көптөгөн сырлар бар. Изилдеген сайын улам тереңдеп ачылган жаңы табылга жаңылыктар; ошол кезде көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашаган деп эсептелген сак сыяктуу уруулар да шаарларды курушканы, ташты пайдалануу менен темир да иштетишип, маданий цивилизациянын кийин жогорку деңгээлине жетишкенин айгинелеген.
Ысык-Көлдү изилдөө боюнча ишке аралашкан профессор С.Прапор суу алдын далай жылдардан бери аңтарып келаткан эл аралык ири адис катары жергиликтүү окумуштуулардын быйылкы табылгаларынын өтө уникалдуу экендигине таң калгандыгын жашырбады. Мындай бай табылга суучул археологдун тажрыйбасында өтө сейректигин белгиледи. Миңдеген жылдардан бери суу алдында жаткан кулактуу коло казан алтын түрүндө жалтырап сырын да, сынын да жоготкон эмес. Андан да анын куш тырмак буттары, капталдарына түшүрүлгөн көркөм оюулар орто кылымдардагы калктын бийик маданиятын баяндагандай туюм калтырат.
Ушундан улам, жеке эле археолог, адис окумуштууларды эмес, ошол учурда дүйнөнүн төрт тарабынан тең бүткүл адамзатты кызыктырып, өзүнө тарта турган жаңы Ысык-Көлдүн түбүнө "суу алдындагы археологиялык музей" уюштуруу идеясы бекеринен чыккан эмес экен.

"Кара-Кол балыгы" кармалды
Көп жылдык талап-тоноодон улам Ысык-Көлдүн баалуу балыктары акыры жоголуу чегине жеткенде атайын жарлык менен алдыдагы беш жылга мораторий жарыяланган. Көл балыгын коргоо боюнча көзөмөлдүк иш-чаралар белгиленип, конкреттүү кызмат ээлерине жоопкерчиликтер жүктөлгөнүнө карабастан, жергиликтүү бийликтердин токтомдору тургай, жогорку бийликтин да мыйзамдуу чечимин тоотпой чээнден чыккандар жакында өткөрүлгөн рейддик текшерүүлөрдөн улам белгилүү болуп калды.
Буга чейин укук коргоо, прокуратура жана жаратылышты көзөмөлдөө сыяктуу тармактардын жооптуу жетекчилеринин катышуусунда облустук деңгээлде "Кара-Кол балыгы" ААКсынын тескери иштери каралган. Алар балык чарбасын өстүрүп, тармакты илимий жол менен өнүктүрүүнүн ордуна, буга атайын адистиги жоктор "Балык өстүрүүчү ихтиолог" деген күбөлүктөргө жамынып алышып, кытай тору менен баягыдай эле көл балыгын сузуп, соодалап өз керектерине пайдаланышканы атайын текшерүүлөрдөн кийин аныкталган. Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жетекчилерине чейин катуу да, жумшак да "сөгүштөр" берилген.
Көзөнөктөрүнөн күмүш боор майда чабактар да качып чыга албаган кымбат баалуу, узундугу 4900 метр, бийиктиги 20 метрге жеткен кытай торлору кармалган жеринде өрттөлгөн.
Кийинки кезде Көл өрөөнүндө жеке эле балыкка эмес, жапайы жаныбарлар менен жаратылыш байлыктарынын токоюна чейин кол салгандар көбөйүп, тыйылбай келатканынан улам жакында жалпы облус боюнча браконьерлерге каршы күрөшүүнүн үч айлыгы атайын токтом менен жарыяланды. Иш-чаралар белгиленип, каражат бөлүнүп, жооптуу адистер менен көзөмөлчүлөр катары бекитилди.

Алгачкы асфальт төшөлдү
Көлдүн Түп аймагында быйылкы жайдын акыркы айында эле түптөлгөн асфальт-бетон заводу өз үзүрүн берди. Өткөн аптада эл аралык маанидеги Түп-Кеген автожолунун алгачкы 20 чакырымына алгачкы асфальт төшөлдү.
Өлкөнүн башчысы Курманбек Бакиевдин катышуусунда ачылган бул завод саатына 130 тонна таш майдалоого, 80 тонна асфальт чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Түп-Кеген жолун салууга 2008-жылга өлкөнүн бюджетинен 158 млн. сом бөлүнгөн.
Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"