, 31.10.08 - 20-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№82, 31.10.08-ж.
  Сүйөркул Тургунбаев:

"Акындар жер жүгүндөй жүк көтөрөт,
Ал дыйкан, сезимдерге үрөн себет"
Билим менен
Аркы дүйнө дегендин
урбай чыны-төгүнүн,
опол тоодой иш жасап
кубантса журт көңүлүн,

Алкышына арзыса
элинин да, жеринин -
анык асыл ошол го
актап өтсө өмүрүн.

Дердеңдебей адамноо
эбиң менен элиргин,
табиятты таанууда
дайым болсун жадыңда -
чырагын жак дээриңдин.

Ким жасаса изги иш -
ошол өзү эмирдин -
илим казган пендени
колдойт көзү Теңирдин.

Күрүчбек - жаш мугалим
Күрүчтүн арасында
эркелеп эне-атага
ээн-эркин өнүп-өстүң
Күрүчбек, Күрүчбегим.

Мектепте он жыл окуп
Күрүчтөй билим алдың,
Андан соң беш жыл курсун
бүтүрдүң чоң ВУЗдардын.

Эркиңче ойноп-күлдүң,
жаштыктын доорун сүрдүң,
сүйүүнүн даамын татып -
сүттөй ак кызды сүйдүң.

Күрүчбек, Күрүчбегим
эми сен жаш мугалим,
ойлочу элдин камын
келди эми эрдик кезиң.

Окшошуп күн карама
күлмүңдөп саа караган
күнөөсүз жапжаш муунга
күрүчтөй билим бергин,
Күрүчбек, Күрүчбегим.

Жактырып эл сүйүнсүн
жасаган иштериңи
күймөлбөй көрсөт эми
күрүчтөй тиштериңи.

Тамшанып сабагыңа
Уккандар "талант" десин,
Күндө жаш сезимдерге
күрүчтөй билим сепкин.

Күрүчбек, Күрүчбегим
Жаралган жан эмессиң
Жарыкка сен да тегин -
жалындат элдин көөнүн.

Мекен аброю
Президент Курманбек Бакиевге
Журт башкаруу ааламдык аренада
Оңой милдет эмес билген жанга
Мезгил демин илгиртпей сезе билүү
Батыл, өктөм өткүрлүк зарыл мында.

Калк милдети коогалуу кыйды майдан
Кыян-кески жолдору жанды арбаган
Аман өтөөр кылтыңдуу кырларынан
Ата Мекен аброюн бек карманган.

Азгырыкка, күпүргө алданбаган,
Көөхар, алтын алдына төксө дагы
көздөгөн түз жолунан эч тайбаган
Аман чыгаар будурда буйдалбаган.

КМШда президенттер катарынан
Үлгү тутар нускалуу бар Нурсултан.
Кашкөй, кадик саясат кыйырында
Ай-талаасын казактын асмандаткан,
Космоскоче калдайып карааны арткан.

Тарткан зымдай, албарс миз,
наштар миздей
Эч айныбай дзюдоист сымбатынан
АКШны сестентип, тайсалдаткан
Изги жосун Путинде ибарат бар
Державаны кылтыңсыз кармап турган...

Академия багында эрте таңдан,
Унутпоо парз кездерди бой чыңаган
Кайрап, бүлөп ден-жанды, рухту да
Изги болор чыйралтып, таптап турган.

Бойду чыңоо парыздыр ар бир таңда,
Ойду чыңоо милдеттир ар кадамда
Чыйрактыгы ойдун да, боройдун дагы
Утуш берген ар иште, ар заманда.

Эл ирденип, эртеңи болсо оңдуу
Билги каган чарпылбайт оңду-солду,
Кыргыз Ата мингизген алп Телтору
Дем-күч берип алдыда болсун жолдуу.

Бала көтөрүп бараткан эне
Баратам көтөрүп баламы -
эртеңди көтөрүп баратам,
өңүндө - келечек бир кылым,
борбою - болочок бир заман.

Чөп-суулар, учкан куш, дарактар,
желпинген жалбырак карап ал,
силерден жуксун бир касиет
чүрпөмө бир ирмем назар сал.

Алп тоолор айбаты каптап өт,
Куяштын кубаты таптап өт,
кара жер карууңа кайрылыш
Канатын жетилт тез бөпөлөп.

Жарыкка көз ачкан ар бир жан
ар бири өзүнчө жаңы таң,
жаманы тирликке жүк болуп,
Жакшысы жандырар жаңы шам.
Тепкедей турпатын, ырайын
теребел дүйнөгө каратам,
актаар деп аталар мураатын
алпечтеп көтөрүп баратам.

Сыймыктуу аралап калааны
көтөрүп келатам баламы -
учукту улантаар урпакты,
болочок тоголоор заманды.

Бир сулууга
Ачуу, таттуу экенине ой бурбай
көп жемиштин даамын таттың тандабай,
Көп даракты пааналадың жөлөнүп
бийик, жапыс экенине карабай.

Колдон колго өттүң куштай жепжеңил
калааларды, базарларды аралай,
жолдорду көп баса бердиң кылактап
даңгыр, будур экенине карабай.

Сууларды да терең, тайыз көп кечтиң
тереңин да, тайызын да баалабай,
жазгы алчадай көздөргө көп урунуп,
дардес эркек көңүлдөрүн көп кыйбай...

Бир булактын көзүн таза сактабай,
бир башаттын жээгин көрктөп бак сайбай...
өтөлгөсү катуу болду жазмыштын
жарык күнүң жалп этип түн баскандай.

Бир көңүлдү көкөлөтүп этиет,
бир жүрөктүн кадырына жетсең сен
айың дагы, күнүң дагы жадырап
маңдайыңда турмак, мүмкүн, өчпөстөн.

Жалт-жулт этип, чырайыңы колго алып
бычак менен ойногондой ойнодуң,
Ошол бычак кайра өзүңдү жаралап,
ошол чырай чыгарды бейм ойронуң.

Турмуш шундай - чуңкуру көп, ою көп
Кээде жоомарт, кээде толбойт бөксөсү,
кээде калтыс - каректен кан агызат -
ага жеңил карагандын эсеси.

Пендежанга
Дүйнөлүк ойлор ойлоп келе жатсак,
зор болуп бу тирликтин
кенедей бир чертими
чочутат кокусунан
Шыр-р этип учкан куштай,
Же ышкырган жылаандай
учурат суруңду да
чыга калып так алдыңан
оюңду онго бөлөт чачыратып.
Ошондо селт дей түшүп
ааламдык кыялдардан
ай чапчып азынаган
топ этип жерге түшүп
сезесиң тагдырыңдын жерде экенин,
өңүңө түшкөн бырыш
изи го өз жүрүмүң,
өмүрүң өчсө кокус
өтөсү өз пейлиңин.

Убактылуу тирилигиң -
келди-кетти өмүрүң
жерге гана байланганын
билип жүр пендежаным.

Шон үчүн унутпагын -
көктө эмес, жерде жаның жаралганын.
ойлосоң бардык иште
акпейил, акдил утат.
Теңирди сен унутсаң -
Теңир да сени унутат.
Алдында маңги дүйнө
маңыроо бойдон турба,
бирөөгө колду кезеп
кыйынсып көп кеп урба,
каралык казанынан
кашык сунса сынамыкка
жалмаңдап сен жутунба.
Бул чындыкты эртели-кеч
эске бек түйүүң эп -
сулуумун деп суйсалсаң көп
сууланарсың бир кезек, -
деп Теңирим тереңиңден
тургансыйт саа көз кезеп.

Акынга
Акындар
жер жүгүндөй жүк көтөрөт
кайкалап оордугунан бели

ийилет
шонтсе да кашым
дебей алга барат
дүкүлдөп
көөдөнүндө асыл жүрөк.
Ал дыйкан
сезимдерге үрөн себет,
ал багбан
тигип жүргөн жаңы көчөт -
сөз менен
улуу турмуш отун үйлөп
жанжолдош
жанда турган күлүмсүрөп.
Чаалыкпай
таңды-кечте сандыгачтай
куш кылып
көңүлдөргө ырахат сүрөп,
күч жетсе
куттуу күнгө болуп тирек
дарактай
мөмөлөрү жыт аңкыткан
төгүлүп мөртө-шөртө
туруусу эп.

Тармал турмуш таксыры
Тарашадай академик -
ал - Амосов
Никола Михайлович
таксыр окшоп
көздөрүн бакырайтып
телевизор экранынан
жана дагы
тарам-тарам тармалданган
китеп, гезит
жана журнал, кагаздардан
чымчыкчаардай
чаар тирлик күткөн элге
татаал турмуш
сырларын тасырайтып
кыт куйгандай
таасын, курч сөздөр менен
олуядай көзү ачык
турат айтып.
Мындай жандар
ылайым бар болсун деп
астейдилдене
алкайт ал макул айтып.

Айгыр-Жалдагы ой
Ат чапса чабендестер Беш-Бадамдан
Туяктары Айгыр-Жал адырында
өттү кайран балалык кез
сапырылган мезгилдин агымында -
Жетимдик мээнет чырмап
зар урган атасыздык жабырында,
отурам азыр эми ойго батып
зар ыйлап Саадат апам кабырында.
Тууган айлым, тарамдалган келбетиңди -
Баймундузду, Бешик-Жон, Желим-Көздү
Көрүп өттү магаче канча адам?
Дөөлөт уулу, Ысма бий бабалардан -
болгондур арасында даанышманы,
Кат-сабат билбесе да
Жылдыз карап төлгө салган,
Кыялында кылымдын кыйырын чалган
Сөзмөр-чечен, санжырачы же санатчы
Сөз менен замандарды тасмалаган,
Же төө балбан,
күрөшчүл, эңишчили
же кыл мерген дубан жарган,
же аяр көздүү адам
көзүн карап кишинин сырын алган.
Ошолордон жугуп маа бир касиет -
аздектеп ушул жалган
болсом гана сөзгө балбан,
о анда болбос эле
менде арман.