, 31.10.08 - 18-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№82, 31.10.08-ж.
 "Жылдын мыкты шаары" конкурсуна

Кара-Балта өнөр жайы өнгөн шаар
Казакбаев Ооматтын Кара-Балта шаар башчылыгына келгенине бир жылга жакындап келет. Ал бул шаар башчысына чейин агроном, политолог, парткомдун секретары, башкы директор жана башка бир канча жооптуу кызматтарда иштеп, агроном жана саясат таануучу деген эки жогорку адистикке ээ болгон. Мол тажрыйбалуу, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылган, такшалган жетекчи.
Учурда республикабыз экономикалык оор жылдарды баштан кечирип жаткан мезгилде эң чоң өнөр жайлуу шаарды башкаруу, албетте, оңой эмес. Ал зор тажрыйбаны, ишкерликти, дилгирликти ж.б. көптөгөн сапаттарды талап кылат эмеспи. Элибизде көз коркок, кол баатыр дегендей, Оомат Иманбекович шаарды башкарууда өз ишине камчы салдырбай, ишканалардын иштешине, шаардын социалдык инфраструктурасынын жакшырышына,
шаардын жылуулук жана таза суу менен камсыз болушуна өзгөчө көңүл бөлүп, жашоочулардын социалдык маселелерин жеринде чечип, шаардын келечеги үчүн күрөшүп келет.
Ал эми Кара-Балта шаар башчысынын орун басары Жекшеналиев Кадырбектин эмгек жолуна көз жүгүртүп өтсөк, отуз жылдан ашык Кара-Балта шаарында жашап, өзүнүн бүткүл эмгек жолун шаардык административдик башкаруу органдарында иштөөгө арнап, бир канча жетекчилер менен иштешип, бир канча жаш кадрларды ишке такшалтып, үйрөтүп келет.
Кесиби боюнча инженер-механик болгондуктан, ал Фрунзе политехникалык институтун бүткөндөн кийин автоунаа базаларында механик, ЖСП-бухгалтерия бөлүмүнүн начальниги болуп иштеп, башкы инженерге чейинки кызматтарда эмгектенип, автотранспорт тармагын мыкты өздөштүрдү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюшулуп, Кара-Балта шаар башкармасы болуп түзүлгөндөн бери ушул мезгилге чейин шаар башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ал 1988-2005-жылдары 18 жыл катары менен шаардык Кеңешке депутат болуп, шайлоочулардын ишенимин актап, суроо-талаптарын аткарып, элдин сый-урматына татыды. Кадырбек Жекшеналиевич 10 жылдан бери шаар башчысынын орун басары болуу менен жетекчинин жеңилин жерден, оорун колдон алып, иштин оор участкаларында ар кандай проблемаларды чечип, шаардын экономикасына, ишканалардын иштешине өз салымын кошуп келет.

Кышка даярдык
Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам-дуба айта бар", - дегендей, кыштын келерине саналуу гана күндөр калды. Мамлекет башчысы К.С.Бакиев Өкмөт, облус, район жетекчилерине билим берүү, медицина тармактарын жана калкты жылуулук, көмүр жана отун менен камсыз кылуу боюнча катуу талаптарды коюп келет. Учурда Кара-Балта шаар башкармалыгы мекеме-ишканаларды, уюмдарды жана калкты кышка карата жылуулук, ысык суу жана көмүр, отун менен камсыз кылуу боюнча бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырууда.
Шаардын жашоочуларынын 50 пайызын көп кабаттуу жана менчик үйлөрдүн жашоочулары түзөт. Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын жылуулук, ысык жана муздак суу менен камсыз кылуу боюнча үч чоң тармак тейлейт. Алардын бири ПОЭТВ, "Апросах" АКсы жана "Беловодсктеплокоммунноэнерго" ишканалары болуп саналат. ПОЭТВ ишканасы көмүр менен шаардын түштүк аймагындагы мекеме-ишканаларды, 12 мектепти, ооруканаларды, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук, ысык жана муздак суу менен камсыз кылат. Азыр бул ишканада көмүр жетишээрлик, кышка даярдык 98 пайызды түзөт.
Экинчиси, "Беловодсктеплокоммунноэнерго" ишканасы тегирмен комбинатындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн жашоочуларын Өзбекстандын газы менен жылытат. Бул ишканада жылуулук системалары оңдолуп, кышка толук даяр.
Үчүнчүсү, "Апросах" жылуулук берүүчү ишканасы борбор калаанын түндүк бөлүгүндөгү ооруканаларды, мектептерди, мекеме-ишканаларды, көп кабаттуу турак үйлөрдүн жашоочуларын газ менен жылытып, ысык, муздак суу менен камсыз кылып келет.
Ал эми менчик үйлөрдүн жашоочуларына көмүр, отун
даярдоодо эч кандай деле проблема жок. Себеби, шаардын Пальмира-Тольяти көчөлөрүнүн №1, №1-В жана №5 көмүр сатуучу жайларында көмүр жетиштүү. Сатылуу баасы - 2500 сом. Андан ашык көтөрүлбөйт. Менчик үйлөрдө да кышка даярдык 90 пайызды түзөт. Жыгач отун маселеси болсо менчик үйдө жашаган согуштун, эмгектин ардагерлерине,
майыптарына, көп балалуу жана социалдык жактан колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө жеңилдик катары арзан баада сатылып келет.

Таза суу
Шаардагы мектептерди, ооруканаларды, мекеме-уюмдарды жана шаар тургундарын ысык жана муздак суу менен камсыз кылуу, кышка даярдык көрүү тээ жай айларында эле башталган. Ал боюнча электр жылуулугу менен жабдуу жана суу менен камсыз кылуунун Кара-Балта өндүрүштүк бирикмеси 131 метр аралыктагы жылуулук тармагын, 15171 даана тыгылып калууну жөнгө салуучу аппараттарын жана №1, №3, №4 электр насосторун оңдоп, учурда ысык жана муздак суу менен калкты камсыз кылып келет. Ал эми "Кара-Балта шаар башкармасынын суу жүгүртүүчү канализация башкармасы" 9 айдын ичинде 638283 сомдук тереңдеги суу насосторун жана 134708 сомдук коллектордук дренаждарды оңдоп, 134708 сомдук иш аткарды. Жогоруда көрүлгөн иш-чаралардын өзү эле Кара-Балта шаарында кышка карата даярдыктын канчалык экендигин тастыктап келет.

Өнөр жайы
Шаардын негизги өнөр жай ишканалары райондун жогорку аймагында жайгашкан. Аларга КГРК, "Бакай", "Кристалл", "Айлана", "Тегирмен", "Кара-Балта килеми", "Дос-Алко" ААКлары, пиво жана нан заводдору, басмакана ж.б. көптөгөн ишканалар кирет. Шаардын флагманы аталган "Бакай" ААКсы 1995-1998-жылдары экономикалык оор жылдарда райондук бюджеттин 80, ал эми облустук бюджеттин 40 пайызын толтурса, КГРК комбинатынын 1 грамм өндүрүлгөн ураны эле 60 миңден ашык калкты 1 саат жарык менен камсыз кылганга күчү жеткен. Жогоруда аталган ишканалар 2000-жылы 9796 млн. сомдук продукция өндүрүп, Чүй облусунун чыгарган продукцияларынын 73 пайызын берген.
Учурда шаар башчылыгына О.Казакбаевдин келиши менен шаардын бюджетинин планы ашыгы менен аткарылып, жаңы ишканалар ачылып, жаңы жумушчу орундары түзүлүп, продукция өндүрүүнүн көлөмү жогорулап келет. Мисалы, 8 айдын ичинде "Кара-Балта тоо-кен" комбинаты 168,687 млн. сомдук продукция өндүрүп, планды 132,2 пайызга аткарып, өсүү ыргагы 200 пайызды түзгөн. "Апросах" ААКсы 58,367 млн. сомдук продукция өндүрүп, планды 117,7 пайызга орундатып, өсүү ыргагын 60 пайызга жеткирген. Ал эми шаар боюнча 8 айдын ичинде план
боюнча 482 млн. сомдук продукция өндүрүлө турган болсо, план 1841,1 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 158,5 пайызга өскөн.
Инвестицияны ишке тартуу
Шаарда жумушчу орундарды түзүү, элди иш менен камсыз кылуу жана инвестицияларды ишке тартуу да негизги маселенин бири. Инвестицияны ишке тартуу калк турмушун жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө, казына салыгын толтурууга чоң күч.
Мисалы, АРИС долбоору аркылуу 820,0 миң сомго 1 таштанды ташуучу автоунаасы сатылып алынган. 1 млн. сомго балдар үйүнүн уктоочу бөлмөсүн куруу, 1800,0 миң сомго христиан мектебинин жылуулук системасы жана чатыры капиталдык ремонттон өткөрүлдү. КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Жайыл аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүн оңдоого 7 млн. сом жана Кара-Балта кургак учукка каршы ооруканасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 700 миң сом берилген. Жогоркудай иш-чаралары үчүн шаар башкармасы МСУ органдарынын ишин чагылдыруу боюнча конкурска катышып, 1-орунду ээлеп, 1000 доллар жана Бишкек ЮСАИД институту тарабынан 25 миң сом менен сыйланган.
Спорт
Шаарда жалгыз "Манас" спорт комплекси бар. Анда 3 миңден ашуун көрүүчүлөр үчүн стадион, жеңил атлетика, манеж, ден соолукту чыңдоо үчүн машыгуучу залдар, 2 спорт залы, кышкы жана жайкы сууда сүзүүчү бассейндер иштейт. Андан башка 1 балдар бассейни, 1 кышкы стадиону жана 1 менчик бассейн бар. Шаар калкы бул жайларда спорттун ар кандай түрлөрү менен жайкысын жана кышкысын машыгып, ден-соолуктарын чыңдап келишет.
Өткөн жылы АРИС долбоору аркылуу "Манас" спорт комплексинин сууда сүзүүчү кышкы бассейндеринин 1млн. сомго оңдолгону эле Оомат Казакбаевдин спорттук жайларга көп көңүл бурганын тастыктап турат. Спорттук жайларга жогоркудай көңүл буруунун натыйжасында облуста футбол боюнча II орунду ээледи. Ошондой эле волейбол жана баскетбол ойнолуучу залдар 1 млн. сомго оңдолуп, азыр жаштар ал жерде спорт менен машыгып, мелдештерди өткөрүп келишет.
Жумушчу орун
Учурда шаар башкармасынын негизги милдеттеринин бири - калкты иш менен камсыз кылуу. Ал үчүн ириде өнөр жай ишканалары иштеп, айыл чарбасы өнүгүп, орто жана чакан ишканалар ишке кирип, эл иш менен камсыз болуусу абзел. Бул маселе боюнча шаар башкармасында жумушсуздукту кыскартуу, калкты иш менен камсыз кылуу боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Мына ушундай иш-чараларды өткөрүүнүн негизинде үстүбүздөгү жылы 6 чакан ишкана ишке кирди. Мисалы, Кыргыз-Кытай биргелешкен кыш чыгаруучу, трактор заводу, "Урсус", "Акво-ВИТА" ЖЧКлары ж.б. ишканалар ишке кирип, бир канча жумушчу орундары түзүлдү. Жогоркудай ишканалардын иштешинин натыйжасында 2007-жылы жумушсуздук 275 адамга катталган болсо, 2008-жылы 9 айдын ичинде 150 адамга кыскарган. 500 адам жумушсуздук пособиелерин алышты. Жыл аягына чейин 130 адам кесипчиликке ээ болушуп, 1300 адам иш менен камсыз болушту. Учурда жумушсуздук шаарда 3 пайызды түзсө, жыл аягына чейин аны
2 пайызга жеткирүү пландаштырылууда.
ЭЭА - шаардын келечек стратегиясы
Жакындан бери шаардын түштүк бөлүгүндө "Кара-Балта" эркин экономикалык аймагы курулуп келет. Анын жалпы аянты 100 гектар жерди ээлейт. Ал курулган жерде темир жол, автожолдор, канализация, коммуникация, электр энергия, таза суу жана жылуулук трассалары өтөт. Бул ЭЭА үчүн эң сонун шарт болуп саналат. Бирок, ал жер жаңы курула баштаганда анын айланасында ар кандай проблемалар болбой койгон жок.
- ЭЭА жөнүндө: анын эмне кереги бар? Ал бизге эмне берет? - деген сөздөр да айтылып келет. Ал болбогон сөз. Бирок бардыгын мезгил тарых өзү тастыктап, өз ордуна коер. Ал эми союз учурунда тоо-кен комбинатында 12 завод иштеп, элди иш менен камсыз кылып, экономиканы көтөрүп келген эмеспи. Ал эми 100 гектар эркин экономикалык аймакка 100 ишкана ачылбаса да 70-80 ишкана ачылса эле, ал эмне деген күч. Канчалаган жумушчу орунду камсыз кылып, экономикага пайда алып келет, - дейт шаар башчысы.
Аймакта азыр иш кызуу жүрүп, аянтчалары тегизделип, дубалдары тосулууда. Аянт даяр болгондон кийин чет элдик фирмалар, инвесторлор өз ишканаларын кура баштайт. Бирок, кайсыл фирмалар, кандай ишкана курат, ал кайсы багытта иш алпарат, аларга чек коюлбайт.
Кийинки учурда республикада болсун, облус, райондо болсун, айыл чарбасын кайра иштетүүдө ар кандай проблемалар жаралып, дыйкандарды түйшөлтүп келет. ЭЭАнын негизги максаты - ал проблемаларды чечүү. Аймактагы ишканалардын 30 пайызы эле айыл чарба продукцияларын кайра иштете турган ишканалардан болсо, ал дыйкандар үчүн канча пайда алып келээри айкын. Эркин экономикалык аймак курулуп бүткөндөн кийин өнөр жайы өнүккөн, айыл чарба продукцияларын кайра иштетип чыгарган ишканаларга, өнөр жайлуу шаарчага айланмакчы.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"