, 31.10.08 - 14-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№82, 31.10.08-ж.
  Кыргызстандын геологиялык чалгындоосуна - 70 жыл

CCCРдин алгачкы атом бомбасы Кыргызстан уранынан жасалган
"Жер байлыгы - эл байлыгы" делет. Алардын негизгиси - пайдалуу кендер. Жер үстүнө чыкпай, түпкүрдө жайланышкандыктан аларды таап, көлөмүн өлчөп, казып чыгыш оңой иш эмес. Өзгөчө илим, билим, курал-жарак керек. Атактуу геолог академик Х. Абдуллаев тирүү болсо 80 жашка келмек эле деп Ташкенде эскерилип жаткан учурда, Орто-Азия мусулмандарынын муфтийи: "Жер астындагы байлыкты таап, адам баласынын керегине жараткан адам - Кудайдын баласы деген маанидеги сөз касиеттүү Курандын беттеринде жазылган" - деп айткан эле. Кудайдын баласы болбойт делет, бирок баласына тете жакшы көргөн пендеси болушу мүмкүн да. Мындай адамдар биринчи ирээтте геологдорго тиешелүү экенин муфтий баса белгилеген болучу.
Кыргызстандын геологиялык чалгындоо кызматы 1938-жылы уюштурулган экен. 70 жылдын ичинде бул кызмат эмнелерди берди биздин өлкөгө? - деген суроого жооп издеп көрөлү.
Эң биринчи орунга өлкөнүн геологиялык түзүлүшүн, жер кыртышынын жана литочөйрөнүн өнүгүү тарыхын, ар түрдүү геологиялык карталарды - жер кыртышынын курамын көрсөткөн ар түркүн моделдерин айтыш керек. Үч жолу бири-бирине алмашылып океандар, арал жаалары, тоо кыркалары, континенттик теп-тегиз мейкиндиктер жана башка геодинамикалык шарттар пайда болуп кайра жоголуп турганы аныкталган. Кайсы учурда, кайсы жерде кандай геологиялык шарт өкүм сүргөнү далилденген. Ар бир геологиялык шарттын өзүнө гана тиешелүү пайдалуу кендери бар экени белгиленген.

Сандаган кендер ачылган
Адегенде божомолдонуп, андан кийин издеп, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, натыйжада миңдеген ар түркүн минералдык кендер ачылган. Кара металлдар (темир, титан, марганец, ванадий), түстүү металлдар (алюминий, жез, коргошун, цинк, калай, вольфрам, молибден, сымап, сурьма, мышьяк), сейрек жана сейрек-жер металлдары (берилий, висмут, иттрий жана церий топторуна кирген 13 элементтер, алардан сырткары ниобий, тантал, стронций), асыл металлдар (алтын, күмүш), энергетикалык заттар (уран, көмүр, нефть, газ, чым-көң), курулуш материалдары (мрамор, акиташ, гранит, кум, шагыл, чопо), ар түркүн керектөөлөргө жарай турган заттар ж. б. толуп жаткан пайдалуу кендер. Ар бир аталган металлдар, минералдар жана тоо тектер көптөгөн кендерди курайт. Мисалы, таш көмүрдүн 45 кени, алтындын жүздөгөн, суулардын жана башка заттардын ондогон-жүздөгөн кендери кездешет.

Кендерден шаарлар жаралды
Аталган кендердин чандасы гана, бир аз гана бөлүгү учурда пайдаланылып жатат. Ал эми ушул чандасы гана элге кандай байлык алып келгенин баамдап көрүңүз. Нечендеген шаарлар жана кыштактар (Сүлүктү, Кызылкыя, Көкжаңгак, Ташкөмүр, Миңкуш, Жыргалаң) ташкөмүр кендери менен байланышкан, Хайдаркандагы сымап, Кадмжайдагы сурьма, Түндүк Кыргыз металлургиялык (сейрек-жер чыгаруучу), Кара-Балта металлургиялык (уран иштетип чыгаруучу) комбинаттары, алар менен байланышкан шаар тибиндеги кыштактар жана шаарлар, минералдуу жана термалдуу суулар менен байланышкан Жыргалаң, Жети-Өгүз, Ысык- Ата, Жалал-Абад ж.б. курорттор жана санаторийлер. Өлкөнүн мурун чөл каптап жаткан көптөгөн жерлеринде (Чүй өрөөнүнүн батыш жагында, Фергана өрөөнүнүн көп жерлеринде ж.б.) жер астынан иче турган таза артезиан суулары табылып, гүлдөгөн оазистерге айланган.
Жер катмарынан казылып алынган жаратылыштын бардык байлыктары республикабыздын эл чарбасынын көп тармактарынын өсүш темптерин жогорулатууда эң негизги материалдык база болуп эсептелет.
Пайдалуу кен деген түшүнүк илим менен техниканын өнүгүшү, өлкөнүн социалдык, экономикалык абалы ж. б. шарттар менен байланышкан нерсе. Бир эле пайдалуу кен бүт өлкөнүн, болгондо да СССР сыяктуу улуу державанын тагдырын чечип койгон учурлар болгон. Мисалдарга кайрылалык.

Геологдор улуу жеңишке чоң салым кошушкан
Улуу Ата Мекендик согушка чейин сымап кени Украинада гана казып алынып турган. Сымаптан снаряд, ок атыла турган дүрмөттөр жасалат. Ансыз бир да мылтык, же замбирек атылбайт. Украинаны басып алып, Советтик Армия от чыгаралбай калат, оңой эле жеңишке ээ болобуз деп душман алаканын укалап турган кезде - Кыргызстандын геологдору Хайдаркан сымап кенин ачып, шашылыш түрдө чалгындоо иши менен кошо казып алуу иштерин да баштап, Советтик Армияны, аны менен бүт Совет өлкөсүн кыйын абалдан чыгарып кеткен. Согушка керектүү болгон көптөгөн коргошун, вольфрам кендери да бизде иштетилип турган.
Кийин согуш бүтүп, Батыш өлкөлөрү ядролук куралды жасоого күчүн үрөп, АКШ Японияга атом бомбасын таштап, улуу Совет державасына дагы коркунуч туудуруп турган кезде, ага жооп катары, тең салмакты сактоо үчүн бизде да ядролук бомбаны жасоо зарылдыгы чыккан. Анын сырьёсу - уранды издөө шашылыш түрдө уюштурулуп, Кыргызстан геологдору өлкөнүн көптөгөн жерлеринен анын кендерин (Миңкуш, Кажысай, Майлысуу, Шакафтар, Терек-Сай ж.б.) табышып, иштетип жиберишкен. СССРдин биринчи атом бомбасы биздин урандан жасалган деп жүрүшөт.
Өткөн кылымдын 60-жылдарында Батыш өлкөлөрү бүт бойдон түстүү телевидениеге өтүп, жарым өткөргүчкө сырьё болбогондуктан СССР ак-кара түстөгү (черно-белое) телевидениеде токтоп калган. Ошол учурда Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтунун окумуштуулары менен бирге биздин Актүз кенинин жанында Кутусай-II сейрек-жер кенин ачышып, андан ар түрдүү жарым өткөргүчтөр жасалып, биздин геологдор СССРдин намысын дагы бир жолу коргоп калышкан.
Акыркы мисал. Республикалык өндүрүштүн геологдору дагы эле Геология институтунун окумуштуулары менен бирдикте өлкөнүн аймагындагы геологиялык шарт алтынга ыңгайлуу деген жыйынтыкка келишкен. Көптөгөн ири алтын кендери (Макмал, Кумтөр, Талды-Булактын сол жээги, Жерүй, Андаш ж. б. 100дөн ашык келечектүү объектер) ачылып, борбор бул иштерди кубаттаган.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн айдоо жерлери абдан арыктап, түшүмдүүлүгү начарлап, жер семирткичтерге, ошонун ичинде минералдык жер семирткичтер менен мелиоранттарга муктаж болуп турган чак. Кыргызстандын геологдору көңүлдөрүн ушул жакка буруп, өлкөнү тамак-аш коркунучунан чыгарууга аракет кылып жатышат. Алгачкы натыйжалар да бар.

Чарбакер мамиле жасоону качан үйрөнөбүз?
Бирок жаратылыштын кен байлыктарын өздөштүрүп, аларды элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетүүдө аябагандай ыкшоолукка, изилденип, такталып, өздөштүрүлүп жаткандарын пайдаланууда кечиримсиз ысырапкорчулукка жол берип жаткандыгыбызды да моюнга алышыбыз керек. Геологдор мамлекеттин ири көлөмдөгү каражаттарын жумшап, нечен жылдарды коротуп, аябагандай чоң мээнет, эмгек жумшап ачкан кендерди ар кимдерге бекерге берилип, таламайга учурап жаткандыгы өкүндүрөт. Алсак, мурдагы советтик мезгилде геологдор өлкөбүздүн аймагынан 90дон ашык алтын кенин ачышкан. Алар иштетилип жаткандар, өнөр жайлык негизде өздөштүрүлүүгө даярдалгандар, кошумча чалгындоолорду талап кылчулар, үйрөнүлүү стадиясындагы келечектүү кендер, чачкын кендер деп беш топко бөлүнөт. Бирок, алардын 27си гана мамлекеттин балансына алынган. Алардын экөө -үчөөсү гана мамлекет тарабынан иштетилет. Ал эми калгандарынын көпчүлүгүн өздөштүрүү үчүн чет элдик жана ата мекендик фирмаларга лицензия берилген. Лицензиянын баасы канча дебейсиздерби? Болгону 300 сомдон. Алтын кендерин өздөштүрүү укугун 300 сомго сатып алып, эч кандай кошумча каражат жумшабай, ал укукту башка фирмаларга бир нече миллион долларга сатып жиберип жаткандар да бар. Ал эми чачыранды (рассыпной) алтын кендерин мамлекеттен эч кандай уруксатсыз кустарлык жол менен фирмалар да, жекече адамдар да казып алып, элдин байлыгына гана суук колдорун салышпастан, ар кандай уу химикаттарды колдонуу аркылуу айлана-чөйрөгө да чоң зыян келтиришүүдө.
Биздин жерибиз көмүргө, мармар таштарга, ар кандай түстөрдөгү граниттерге да бай. Көмүр казып алууда Кара-Кечеде ж.б. жерлерде технологилык эрежелер сакталбагандыктан, көмүрлөрдүн сезилерлик бөлүгү жоготулууда. Ал эми мармар таштар, граниттер өнүккөн чет өлкөлөрдөгүдөй арааланып, кесилип алынып пайдаланылбастан жардыруу жолу менен өздөштүрүлгөдүктөн, алардын да көпчүлүк бөлүгү майдаланып, ысырапка учуроодо.
Башка кен байлыктарын өздөштүрүп пайдаланууда да кемчиликтер көп. Пайдалуу кендерибиз көп болгон менен аларга чарбачыл мамиле жасоону үйрөнө албай жатабыз.

Алдыңкыларыбыз менен сыймыктанабыз
Геологдор ар дайым өлкөнүн муктаждыгын чечүүгө аракет кылып, эл тагдыры менен кошо жашап келишет. Булардын турмушу романтикалуу деп коюшат. Ооба, бул чындык. Мекен белгилүү бир милдет такса, геологиялык шарт, чогулган маалыматтар ал милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берип турса, илим негизинде божомолдонгон объектини издейсиң. Таң атканда маршрутка чыгасың, күн батканда араң кайтасың. Ак кар, көк муз билинбейт. Туман кечип, булут аралап тоонун бийик кырында, же үп эткен жели жок мээ кайнаткан какыраган чөлдө, нөшөрлөгөн жаанга, тумчуктурган ысык аптапка, же сөөктөн өткөн суукка карабай, жер тинтип жүргөнүң-жүргөн. Оюңда ошол издеген объектиң гана болот, андан башканын бардыгы унутулат. Геологдордун көпчүлүгү фанат болушат. Ийгиликке ошентип жүрүп жетишет.
Ушинтип иштеген кызматчылар геологдордун арасында көп. Алардын баарын атап чыгыш
кыйын. Иргеп-иргеп төбөсү көрүнгөндөрүн гана атасак: С. Игембердиев, К. Помазков, Ш. Текенов, Б.Турсунгазиев, В. Зубков, Б. Чодобаев, Н. Сүйүнбаев, Ф. Каширин, В. Кнауф, Т. Додонова, Н. Дорошенко, К. Осмонбетов, Л. Мозолев, Э.Чокморов, Р. Мангельдин,
Б.Асаналиев, Т. Сөлпүев, Ж. Боркоев, А. Сатыбалдиев ж.б. көптөгөн геологдор татыктуу эмгек өтөшкөн.
Кыргызстандын геологдору учурунда Кытай, Корея, Монголия, Вьетнам, Гана, Мали, Куба, Афганистан, Алжир, Танзания, Марокко, Гвинея-Бисау, Лаос, Сирия, Мадагаскар, Иран, Эфиопия ж.б көптөгөн мамлекеттерге жардам берип, элдеринин турмушун оң-доого көмөктөшүп келишкен.
Элдин байлыгын арттырууда, бакытка балкып, бакыбат жашоосунда геологдордун салымы зор. Алардын эмгегин баалап, өлкө ар дайым колдоп, көтөрмөлөп, иштерине ар түрлүү көмөк көрсөтүп келет. Күрдөөлдүү эмгектери үчүн өндүрүштүн геологдорунун ичинен 19 адам СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын, 35 киши Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары болушкан, 57 геолог "Кен байлыктардын биринчи ачуучусу" наамына, 27 киши "Кыргыз Республикасынын геологиялык кызматына эмгек сиңирген ишмер" наамына татыктуу болушкан.
Совет өкмөтү тарагандан бери геологдордун жумушу бир топ кыйынчылыктарга дуушар болду. Анткени, чалгындоо жумуштарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттар абдан азайып кетти. Каражатка байланыштуу аткаруучу жумуштун көлөмү да кыскарууда. Көптөгөн жогорку чеберчиликтеги адистерибиз башка жерлерге кетип калышты. Ошентсе да келечекте өлкөбүзгө геологдор керек экендигин, элибиздин турмушунун оңолушуна салымыбызды кошоорубузду жакшы түшүнөбүз.
Биздин геологдордун азыркы рынок учурунда алдына койгон максаты - эл чарбасын нефть, көмүр, газ, баалуу түстүү жана түссүз металлдар менен камсыз кылып, өнөр жайды курулуш материалдары, айыл чарбасын минералдык жер семирткичтер менен жетиштүү санда жабдууда турат. Мындан ары да биздин геологдор элибиздин турмушун оңдоодо күжүрмөндүүлүк менен эмгектенишип, өздөрүнүн олуттуу салымдарын кошо беришет.
Бүгүнкү күнү Кыргызстандын геологиялык чалгындоо кызматында эмгектенип, мурунку муундардын даңктуу салтын улантып келаткан азаматтарыбызды 70 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктайбыз.
Ал эми төмөндө А. Бакиров өзүнүн ыр саптарын арнайт.
Балкамдын
учу керемет
Акактай терин агызып,
Аткан таң менен жарышып.
Аңтарат тоону геологдор
Ар түркүн кенди табышып.

Күмүштөй терин агызып,
Күн нуру менен жарышып,
Кумсарган чөлдү гүлдөтөт,
Купуя кенин табышып.

Изилдеп жердин тарыхын,
Асылташ, алтын, дарысын.
Кар кечип, булут аралап
Калкымдын ойлоп намысын.

Балкамдын учу керемет,
Бакыттын данын себелеп!
Балкысын Мекен, издейли
Али да,
Байлык көп ачып берелек.