, 31.10.08 - 11-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№82, 31.10.08-ж.
  Барсбек Орхондогу түрктөргө
каршы согуштук бирикме түзгөн

Барсбек каган Манастын өзүбү?
же аны эмне үчүн "Ынанчу Алп Билге" деп аташкан
Ынанчу Алп Билге - Барс-бег тарыхта аты бизге белгилүү болгон алгачкы кыргыз жол башчысы. Барс-бег 7-кылымдын аягы, 8-кылымдын башындагы Енисейдеги кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Анын тушунда кыргыздардын элчилери Кытайга, Тибетке, Түргөшкө жиберилип турган. Чыгыш Түрк кагандары да Барс-бегди колго алуу максатында Элтерис (Илтериш-А.К.) кагандын кызын ага канышайлыкка беришкен. (Култегин таш жазмасындагы маалымат).

Бирок, буга карабастан Барс-бег страте-гиялык пландарды түзүү менен табгачтар (кытайлар) "он ок элинин каганы" (түргөштөр), чик, аз сыяктуу түрк уруулары менен Орхондогу түрктөргө каршы согуштук бирикме түзүүгө жетишет. Кыргыздардын бул бирикмеге кирип, өздөрүнө чоң коркунуч жаратуусунан чочулаган түрк каганы тон-йокук (Төнүкүк, Төнүкөк), Култегин (Көл тегин) аттуу бир тууганы менен, 711-жылы, кышта, адам өтө алгыс ашууну ашып, кыргыздарга капысынан кол салышат. Бул кол салуу жөнүндө Орхон боюнан табылган түрк жазма эстеликтеринде, "кыркыз бодунуг уда басдамыз ("Кыргыз элин (мамлекетин) уйкуда бастык. (Уктап жаткан жеринде) деп эскерилет. Күтүлбөгөн убакытта, күтүлбөгөн багыттан келген жоо менен, Суңга токоюнда, Барс-бег баатырларча кармашып каза болот. Орхон түрктөрү аны каармандарча согушкан жоосу катары аздектешсе, Енисей кыргыздары өздөрүнүн руна сымал бир катар эстеликтеринде Барс-бегди жоктоо, кошок сөздөрүн багытташкан. Бул ташка чегилген эпитафияларды - кыргыз жазма адабиятынын алгачкы үлгүлөрү, кошоктор катары кабылдоого акылуубуз.
Бул улуу кыргыз адамын, анын кыргыз элинин мамлекет катары сакталып, калыптанышына сиңирген эмгегин татыктуу баалай алган жокпуз. Бул улуу адам жөнүндө, Кеңеш Жусуповдун "Барс-бег" аттуу тарыхый очеркинен башка колго кирээр эмгек алигиче жазылбады. Бул иликтөөмдө ынанчу Алп Билге аттуу титулун чечмелөө аркылуу, бул улуу инсандын инсандык ажарын ачууга аракет жасамакчымын.
Барс-бег - кыргыздын улуу жол башчысы, "Караңгыда көз тапкан" билерман, акылманы, "капилеттен сөз тапкан" чечени, эл ишенген эл башчысы, душманга төшүн тосуп, эл үчүн кармашаар алп баатыры, Л.Гумилев айткандай "адам пассионарийи" болгондугу талашсыз.
Барс-бегдин өз аты да символикалуу Ал Барс. Эр жүрөк жоокер. Ал эми ошол кездеги барс сөзүнүн азыркы маанидеги барс сөзү менен дал келээрин, СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институту тарабынан даярдалган "Байыркы түрк сөздүгүнөн" жана атактуу жердешибиз кашкардык (Барскандык) Махмуддун "Түрк тилдеринин жыйнагы" китебинен биле алабыз.
Ал эми "бег" сөзү
"Байыркы түрк бек, князь деген маанини берет деп түрк" жыйнагында, бек, күйөө, үй-бүлөлүү эркек маанилерин да берээри айтылып, 75 жерде учурайт.
Барс сыяктуу эр жүрөк бекке түрктөрдүн каган наамын бергени, Орхон эстеликтеринен бизге маалым. Ал эми Барс-бегке берилген дагы бир аталыш, титул бул - ынанчу Алп Билге.
Кыргыз эли өзүнүн бул каарман уулуна ушундай ат берген. Бул титулду чечмелей келсек, анда үч сапат катылып турганын байкайбыз. Улуттук лидерге таандык болуусу зарыл болгон үч сапат - ишенимдүүлүк, баатырдык, акылмандык. Ушул үчөөнү бириктирген адам гана элди баштап кете алган.
"Ынанг" сөзү - "Байыркы түрк сөздүгүндө" "ишенимдүү" делген чин, даража катары белгиленет. Ошондой эле орхон түрктөрүндө, "ол өдүн ынанглары, буйруклары эшитип, канка ыкча теп өтүктэлер" (Ошол убакытта ынангтары (чин, буйруктары (гин) эшитип, канга мындай деп кайрылышты) сүйлөмүнө көңүл бурсак, эски уйгурларда ушундай чин, даража болгон. Бирок, бул жерде Барс-бегдин бег жана каган наамдары болгондуктан, бул "ынанг" анын сапаттарын баяндаган титул гана болушу керек. Ошол кезде кыргыздарда "аскердик демократия" болгон деп эсептесек, анда Барс эл ишенип жол башчы кылып шайлаган, элдин "ишенимдүү өкүлү" маанисин берээри шексиз. "Ынанг" сөзүн ишенимдүү маанисинде Махмуд Кашгари эмгегинде 4 жолу эскерсе, Радлов "Versuch eines worter buches der - Turk - Diakkte" эмгегинде, Рабгузи "Кыссас-ы Рабгузисинде" - Ахмед Жафероглу "Уйгур сөздүгүндө", Банг жана вон Гадаин "Ал aly+isher index ru den funf ersten Stucken der T.T.T. эмгектеринде пайдаланышат.
Ал эми Барс-бегдин титулундагы экинчи сөз - алп. Алп сөзү Алп Манастын алп атынан улам, кыргыздар үчүн бейтааныш эмес. Алп сөзү "Манас энциклопедиясында" - эң зор, алибеттүү, күчтүү, дөө адам, ашкере кажырдуу баатыр деп белгиленет. Бул сөз "Манас" дастаныбызда алп Манас үчүн колдонулса, андан тышкары, элдик эпикалык чыгармаларда баатырлардын туруктуу эпитети жана мифтик каармандардын энчилүү атынын курамында (Чоюн алп, Кутан алп), ошондой эле боордош элдердин адабиятында да, Алпамыс, Алып Макаш) кездешет. Бул сөз "Диванда" жигит, каарман, баатыр маанисинде 9 жолу айтылса, азыркы маанисинде алтай, телеут, побед, шор, бойон, багай, койбал, кач, кызыл, күэрик, казак тил жана диалектилеринде жолугат.
Ал эми энесайлык кыргыздарда эл башчысы ишенимдүү, алп гана болбостон, акылман да болушу керек болгон. Бул үчүн "билге" сөзүн колдонушкан. Ошондой эле орхон түрктөрү да өз кагандарын "билге" деп айтышканын айта кетүү жөндүү. "Эдгү билге кишиг" - жакшы, акылман киши (Күлтегин жазуусу) Билге деген сөздүн акылман деген маанини туюндураарын "Древнетюркский словарь" жана бул сөздү ушул мааниде 18 жолу колдонгон "Диван-ы лугати-ит түрк" эмгегинен биле алабыз.
Демек кыргыздар өздөрүнүн улуу жол башчысын Ынанчу Алп Билге (Ишенимдүү, Алп, Акылман) деп аташкан. Бирок, бул жалпы эле ушундай сапаттарга ээ жол башчыларга берилүүчү титул болушу да ыктымал.
Дагы бир маселе, улуу Манастын прототиби катары, биз жогоруда сөз кылган Ынанчу Алп Билгени (Барс-бег) көрсөтө алабызбы?
Кээ бир окумуштуулар ушул ойду айтып, жазып келишет. Бирок, менин оюмча Барс-бег өзүнүн улуу сапаттары менен, мамлекеттик ишмердиги менен, "Манастын" прототибин түзүүгө татыктуу болсо да, менин пикирим боюнча, "Манастын" прототиби катары, бири кетип Алтайга, бир кетип Каңгайга" чачылган кыргыздын башын кошуп, 840-жылы уйгурлардын борбор шаары "Орду-Балыкка" "Чоң казат" уюштуруп, "Улуу кыргыз дөөлөтүн" курган ысымы белгисиз улуу жол башчыны көрсөтүү, туура болор эле.
Алимжан КОЖАКМАТОВ,
Кыргыз-Түрк Манас
университетинин
Түркология бөлүмүнүн III курсунун студенти




  Сандан-санга

Чыңгызхан
(Башталышы гезиттин №81 санында)
Чынгызхан өлгөндөн кийин кээ бир мамлекеттерде аны баскынчы, кан алгыч түрүндө, бүлгүндүргүч, имараттарды, курулуш обьектилерин талкалаган катары, кишилерди кырган жан алгыч катары көрсөтүп, тарыхты аз да болсо бурмалаганга аракет жасап келишти. Ооба, ушундай деп өтүп кеткен тарыхка сереп көз салып көрөлүчү. Чыңгызхан өз жортуул учурунда сепилдерди, тосулган чептерди согушка каршы тоскоолдук катары жек көргөн. Мындай учурда, бир мисал, сепилдерди басып аларда ар кандай инженердик маневрь жасаардан мурун ошол сепил, же чептин ичинде жашагандардын азык-түлүк, дары-дармек, суусу түгөнгүчө күтүп турууга аргасыз убакыт жумшаган. Ошол себептен Ташкендин түндүк жагындагы 30 чакырым турган Отар шаарчасын агызып түп-тамыры менен жок кылган. Бул шаарчада биздин түпкү элибиздин эл башкаруучулардын - кагандар, берендер, нойондор жана бийлердин алдыңкы адамдар катары ташка чегилген сүрөттөрү, руний жазуулары тыптыйпыл жоголду жана Чыңгызхандын бийлигинен кийин Европада чеп, сепил деген заңгыраган имараттарда эл башкаруучулар жашабай калды. Экинчи бир мисал, Чыңгызхан өз бийлигинин тушунда бир да мамлекетте, бир да аймакта бир да тыйынга, же ташка өзүнүн сүрөтүн чектирген эмес. Ушул убакка чейин Чыңгызхандын сүрөтү кандай, тышкы келбети кандай болгонун бир да мамлекет анык, даана кылып сүрөт болсун, болжол менен тартылган портрети болсун, эч ким эл алдына чыгара албайт. Тескерисинче кийин убакыт өткөндө анын образын тескери образ катары көргөзгөн мамлекет катары Франциянын Наполеон Бонапарттын өзүнүн жеке сүрөтчүсү Антуан Гро (1771-1835-ж.) (БСЭ 347-б.) болгон. Чынгызхандын сүрөтү калган эмес, ошон үчүн аны ар кайсы мамлекетте ойго келгендей сүрөттөп, кинофильмдерде да эч бир окшошпогон образдарды түзүштү. Мисалы Кытай эли Чыңгызхандын сүрөтүн баскынчы, согушчан адам катары эмес, тескерисинче улгайып калган сакалдуу акылман катары, Персия эли такка жеткен кең пейил Түркия султаны катары, ал эми Европа элдери тескерисинче аны баскынчы, ач көз, кан ичкич катары сүрөт образдарын келтиришкен. Чыңгызханга жалгыз гана Европа элдеринин көзү түз болгон эмес, Чыңгызхандын армиясын "Азиянын орангутаны" деп мазактап айтып да келишти.
Чыңгызхандын көзү өткөндөн кийин ал тууралуу бир да тарыхчы, этнограф, топограф, картограф, же башка адистер болобу, бир да мамлекетте анын образын, тарыхын так далил менен келтире албайт. Чыңгызхан империясынын жашап турган жана эң бийик чокусуна жеткен убакта кытайлык жана персиялык окумуштуулар Чыңгызхандын жакындары аркылуу чагатай тамгасы менен жазылган манускрипти көргөндөрүн айтып, жазып тарыхка калтырганын билдиришет. Монголия империясы алсыз боло баштаганда ал жашыруун, чексиз баалуу материал түбү орду менен жоголгон. Ал эми монголдор болсо бул болгон нерсе, болгону эл оозунан чыккан "миф" деп гана коюшат. Чындыгында ошол кездеги персия саякатчы-тарыхчысы Рашид-ат-дин көргөнүн ырастап жазып кеткен. Кореядан Аравияга, Индиядан Европага чейин сүрөтчү-живопистер Чыңгызхандын образын зулум баскынчы согуш башчылары: Цезарь, Ширлеман же Наполеон, Гитлер катары, врачтар, дарыгерлер, акылы кем физикалык жактан начар төрөлгөн балдарды монголдор аялдарды зордуктап, ошондон төрөлгөн балдар деп, ал эми XIX кылымдагы окумуштуулар дүйнө элдерин расага бөлүштүрөөрдө эң акылсыз, бардык жагынан кем, маданияты жок америкалык индеецтер катары монголдорду салыштырып, кемсинтип келишкен.
Чыңгызхандын элеси Азия элдеринде жакшы образ катары эл оозунда айтылып калса, Европа элдери тескери мамиле кылып келди. Кийин СССР түзүлүп, коммунисттер Темирландын окуясынан кийин Чыңгызхандын арбагын ызааттап, андагы сырларды 74 жыл бою кошо жашырып келишти. XIX кылымдын аягында Пекинде кытай тамгасы менен жазылган жашы-руун документ табылган. Табылган документтин тамгаларын окуу окумуштуулар үчүн кыйынчылык туудурган жок, алар окуганда жалгыз гана тексттердин главаларын гана окушкан. Ал эми Чыңгызхандын үйбүлөсү жана жакындары үчүн жазылган текстти окуу кыйынчылыкка туруп, бүгүнкү күндө да чечмеленбей турат. Ушул чечмеленбей калгандыгы үчүн окумуштуулар "монголдордун байыркы жашыруун аңгемеси" деп, ал эми кээ бир тарыхчылар "Улуу баян" деп кыскартып жазып келатышат. Главада жазылган сөз болсо эч деле маанисиз, бирок дүйнө жүзүндө бирдиктүү чоң масштаб деген сыяктуу сөз жазылган. Ошондой эле Төбө (Туви) аймагында Сосновка деген жерде чагатай тамгасы менен жазылган таш табылган. Таштын окуулары окулуп, аяк чениндеги сөздөрдү ушул убакка чейин эч бир окумуштуу тарыхчы чечмелеп окуй алыша элек.
XX кылымда ошол тексти чечмелөө ирээтинде атайы Монголияда сабактар жүрө баштаган, коммунисттер ал идеяны бирдиктүү улутчулдук катары сезишип жана туура эмес көз караш болот деген.
Бирок Монголиянын талааларында болсун, ар капчыгай, колот-коктуларда болсун Чыңгызхан тууралуу 700 жыл билинбей, эл кеп кылбай, айттырбай, унчукпай келген сөздөр, аңыздар чыга баштады. Элдердин духу кайрадан жандана баштады. 1953-жылы Сталиндин өлүмүнөн кийин, саясаттык либерализация бүтүшү менен 1961-жылы монгол эли Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылышып (БУУ) өз алдынча мамлекет боло алышты. 1962-жылы аз нуска болсо да Чыңгызхандын 800 жылдыгына карата чыгарган тогуз куйруктуу эки желеги бар маркаларды коммунисттер тыюу салган, себеби бул эки желек коммунисттердин тушунда репрессия убагында сакталуу турган будда храмынын ичинен дайынсыз жоголуп кеткен. (Чыңгызхандын желектеринин сүрөттөрү тиркелди).
Буга мисал катары Кытайдын XVII кылымда агартуу системасында Чосер Вольтер "Кытай жетимчилигинде" деген пьесасында Чынгызханды "дүйнөдөгү падышалардын падышасы"-деп жазган (Акт I, сцена I).Ошентип дүйнөдөгү мамлекеттердин жетишкендиктерин жалгыз гана Чыңгызхандын таасирине байланыштырышкан. Ал эми кээ бир тескерисинче экономикалык жактан жетишпей, бири-бирине салыштырмалуу артта калган мамлекеттер - баскынчылык игасынын кесепетинен деп монголдордун таасирин күнөөлөшүп келген.
Асыкбек ОМОРОВ