, 24.10.08 - 2-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№80, 24.10.08-ж.
  Зилзала болгон Нура айылына 30 млн. сомдон
ашык жардам көрсөтүлүп, улантылууда

Кыргыз Президенти "РТР-Планета" телеканалында
2008-жылдын 25-октя-брында "РТР-Планета" телеканалында Бишкек убактысы боюнча саат 13.15те Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге арналган "Формула власти" телекөрсөтүүсүнүн бет ачары болот.
Фильмди белгилүү россиялык алып баруучу Михаил Гусмандын чыгармачылык тобу тарткан. "Формула власти" телекөрсөтүүсү дүйнө мамлекеттеринин лидерлери туурасында баяндап, алардын ички дүйнөсүнө башкача жол менен баш багууга аракет жасайт.
Маалымат: Көптөгөн дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары - Падышалар менен Канышалар, Президенттер, Премьер-министрлер жана Канцлерлер "Формула власти" телекөрсөтүүсүнүн каармандарынан болушкан. Аталган көрсөтүү мамлекет башчыларынын Администрацияларынын жана басма сөз кызматтарынын, чет өлкөлөрдөгү россиялык өкүлчүлүктөрдүн, Москвадагы чет өлкөлүк элчиликтердин жардамы менен даярдалат.
Телекөрсөтүүлөрдү даярдоодо бул долбоордун чыгармачылык тобу АКШнын 26-Президенти Теодор Рузвельттин: "Бийликтеги, атак-даңк менен бардар жашоодогу адамдардын жашоосу чындыгында жыргал менен ырахаттын багы эмес" деген сөзүнө таянат.
2003-жылы "Формула власти" телециклин түптөгөндөрдүн жа-
мааты Россия Федерациясынын адабият жана көркөм өнөр жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Өз маалыматыбыз




Мамлекет башчысы
Германияда дарыланууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Германиянын ооруканаларынын биринде дарыланууда. Эске салып кетерибиз: жыйынтык-тоочу дарылануунун зарылдыгы тууралуу мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын мартында Германияда дарыланып жатканда дарыгерлер менен макулдашылган эле.
Азыр Курманбек Бакиев өлкөдөгү кырдаал жана өзүнүн мурда берген тапшырмаларынын орундалышынын жүрүшү
тууралуу Президенттин Администрациясынан күн сайын толук маалымат алып турат.
Кечээ Оштон телефон менен сүйлөшкөндө Президенттин Администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов жер титирөөнүн кесепеттерин жоюунун, калкка жардам көрсөтүүнүн жүрүшү, ошондой эле жабыр тарткандарга түзүлгөн тиричилик шарттары жана алар үчүн жылуу турак-жайлардын тургузулушу менен таанышкан облустардын губернаторлорунун, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин Алай районунун Нура айылына болгон иш сапарынын жыйынтыктары жөнүндө мамлекет башчысына билдирди.
Т.ЖУСУПОВ




24-октябрь - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин күнү
Эзелтеден элчилердин милдети - элди таанытуу
Президент К.С.Бакиевдин КРнын дипломатиялык
кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосу
Урматтуу дипломатиялык кызматтын кызматкерлери!
Силерди кесиптик майрамыңар - Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Быйылкы жылы болуп өткөн ири тышкы саясый иш-чаралар Кыргызстан улуттук милдеттерди турмушка ашыруу учурунда жана республиканын туруктуу өнүгүшүнө жетишүү үчүн тышкы саясаттын өбөлгөлөрүн туура жана ишенимдүү пайдаланып жаткандыгын ырастады. Биз бардык ишкер өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү жана ишенимдүү мамилелерди түзүп, экономикалык дипломатиянын алкагында жигердүү иштеп, эл аралык уюмдардын ишине үзүрлүү катышып жатабыз.
Бүгүнкү күндө дипломатиялык кызматтын алдында жооптуу милдет - бардык күч-аракеттерди топтоо, туруктуу социалдык-экономикалык өсүштү чыңдоо, дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн өлкөбүздүн бардык жарандарынын күндөлүк муктаждыктарына жана таламдарына максималдуу жакындатуу үчүн республикада жагымдуу тышкы шарттарды камсыз кылуу милдети турат.
Мындан тышкары, силер, дипломатиялык кызматтын кызматкерлери, дүйнөлүк рыноктордо болуп жаткан же али боло турган кризистик тенденциялардын Кыргызстанга терс таасирин болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүшүңөр зарыл. Силердин алдыңарда өлкөбүздүн аймактык коопсуздугун камсыз кылуу милдети да турат. Силердин кесипкөйлүгүңөр жана ишке жооптуу мамилеңер мындан ары да республиканын улуттук коопсуздугун чыңдоодо, анын чет өлкөлөр менен саясый, ишкер жана гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деп ишенем.
Барыңарга чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубаттуулук каалайм!
Көз карандысыз Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн силерге ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайм!




Дипломаттар улут кызыкчылыгын ойлойт
Премьер-министр И.Чудинов өлкөбүздүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчысы куттуктоосунда республикабыз көз карандысыздыкка ээ болгон мезгилдин ичинде кыргыз дипломаттары тарабынан көп нерселер жасалып, өнөктөш өлкөлөр менен кызматташууда жакшы ийгиликтерге жетишилгенин айтты. "Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев алдыга койгон тышкы саясый милдеттерди ишке ашырууда Өкмөт тарабынан маанилүү иштер аткарылды,- деди И.Чудинов. - Кыргызстанда КМШнын, ЕврАзЭШтин саммиттери, Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын жолугушуусу өткөрүлгөнү республикабызга болгон чоң ишенимди жана дипломаттарыбыздын ишинин жөнгө салынганын тастыктайт".
Өкмөт башчысы дипломаттар бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бериши, өлкөнүн маселелери менен жашашы, бардык учурда биздин улуттук кызыкчылыктарды жетекчиликке алышы, биздин артыкчылык берилген багыттарды алдыга жылдырууда активдүүлүктү жана компетенттүүлүктү көрсөтүп, бийик дипломатиялык чеберчиликке ээ болушу керектигин баса белгиледи.
Тышкы иштер министри Э.Ка-
рабаев дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин куттуктоосунда: "Сиздердин кесипчилигиңиздер улуттук кызыкчылыктардын жана биздин мамлекеттин улуттук коопсуздугунун сакчылыгында турат. Сиздердин билимиңиздер жана тажрыйбаңыздар баштатан эле дипломатиялык чөйрөнү гана камтыбастан, биздин мамлекетибиздин өнүгүшүн чагылдырган экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка багыттарды да камтыйт", - деди.
Э.Карабаев андан ары өз өлкөсүнүн жыргалчылыгы үчүн эмгектене жана бир командада иштей билүү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын айырмаланган өзгөчөлүгү жана биздин өлкөбүздүн эл аралык аброюнун өсүшүнүн бекем негизи экенин айрыкча баса белгиледи.
Кыскача маалымат: Союз мезгилинде, 1944-жылы 31-июлда Кыргызстанда тышкы иштер министрлиги түзүлүп, алгачкы министр болуп Казы Дыйканбаев дайындалган. Министрликтин аппараты түзүлгөн. Кийин республиканын Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басарлыгынын деңгээлиндеги кызматты С.Бегматова, Ж.Ташыбекова, Ж.Түмөнбаева сыяктуу көрүнүктүү инсандар жетектешти.
Азыр БУУга дүйнөнүн 214 өлкөсү мүчө болсо, Кыргызстан көз карандысыз өлкө катарында алардын дээрлик бардыгы тарабынан таанылган. Республикабыз дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен түз байланыш түзүп, алардын көпчүлүгү менен саясый, экономикалык жана соода, дипломатиялык байланыштарды өнүктүрүүдө. Өлкөбүз эл аралык абройлуу 70тен ашык уюмга мүчө болуп саналат. Учурга карата республикабыздын дүйнөнүн 22 өлкөсүндө элчилиги, 5 жерде башкы консулдуктары ачылган. Бириккен Улуттар Уюмунда да туруктуу өкүлүбүз бар. Жакынкы эки-үч жылдын ичинде Европанын, Азиянын дагы бир катар өлкөлөрүндө элчиликтерди, консулдуктарды ачуу белгиленүүдө. Чет өлкөлөрдөн түз инвестицияларды тартып, башка мамлекеттер менен экономикалык жана саясый, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө, республикабыздын эл аралык бедел, аброюн чыңдоодо дипломаттарыбыз чындыгында чоң иштерди аткарышууда.
Бакай ЧИЛТЕГИН





Медет САДЫРКУЛОВ:
"Нура айылындагы иштер - мамлекет башчысынын көзөмөлүндө"
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов 2008-жылдын 5-октябрында жер титирөөдөн жабыр тарткан Алай районунун Нура айылына барды. Аны иш сапарынын учурунда бардык облустардын губернаторлору, Өзгөчө кырдаалдар министри, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери коштоп жүрүштү.
Медет Садыркулов Нура айылынын жашоочуларына жардам көрсөтүү жана аларга нормалдуу тиричилик шарттарын түзүп берүү боюнча иштин жүрүшү менен жеринде таанышуу үчүн Президенттин тапшырмасы боюнча баргандыгын билдирди. "Бул жерде бардык үйлөр талкаланган, мына ошондуктан өлкөнүн Президенти жаңы айылды курууга Өкмөткө тапшырма берди. Нура айылын калыбына келтирүү боюнча бардык иштер мамлекет башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бүгүнкү күндө чогултулган жана көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 30 млн. сомдон ашкан. Мындан тышкары азыркы мезгилде бул жакка 140 калканч үйлөрүн ташып-жеткирүү тууралуу Кытайдын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Сиздер жаңы үйлөрдү куруп, кадыресе жашооңуздар үчүн жаңы жер аянттары бөлүнүп берилет", - деди Президенттин Администрациясынын жетекчиси айылдыктардын алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө.
Өз кезегинде Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов: "Сиздер жалгыз эмессиздер, өлкөнүн бардык аймактары сиздерге өздөрүнүн жардамдарын жиберишүүдө. Бул Кыргызстандын элинин биримдигин жана тилектештигин далилдеп турат", - деди. Башка облустардын губернаторлору, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери да калкка көңүл айтышты.
Президенттин Администрациясынын жетекчиси жана аны коштоп жүргөндөр иш сапарынын жүрүшүндө жабыр тарткандарга курулуп жаткан жылуу турак-жайларды карап көрүшүп, алардын тиричилик шарттары менен таанышышты жана жер титирөөнүн учурунда курман болгондордун мүрзөсүнө барышып, алардын элестерин эскеришип, маркумдардын кырк ашына катышышып, куран окушту.
Маалымат: Республикабыздын аймактары Алай районунун Нура айылындагы жер титирөөдөн жапа чеккендерге үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата төмөндөгүдөй жардам беришкен: Бишкек шаары - 4 млн. 959 миң сом, Ош шаары -
2 млн. сом, мунун ичинде беш боз үй, тамак-аш жана жылуу кийим, Баткен облусу - 1 млн. 863 миң сом, мунун ичинде 708,9 миң сом суммасында продукция, Жалал-Абад облусу - 3 млн. 950 миң сом, мунун ичинде тамак-аш азыктүлүктөрүн, жылуу кийим кечектерди, көмүр жана күйүүчү-майлоочу майларды жөнөтүп, 1 млн. 500 миң сомду эсепке которгон. Ысык-Көл облусу - 1 млн. 134 миң сом, Нарын облусу - 693,4 миң сом, Талас облусу - 1 млн. 100 миң сом, Чүй облусу болсо 4 мил-лиондой сом, мунун ичинде тамак-аш азык-түлүктөрүн, курулуш материалдарын, жылуу төшөнчүлөрдү жөнөтүп, 2 млн. 721,4 миң сом которгон.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




Максат - акчаны так бөлүштүрүү
Алай районунун Нура айылында 2008-жылдын 5-октябрында болуп өткөн жер титирөөгө байланыштуу жапа чеккен калкка каржылык жардам көрсөтүү боюнча жарандардан жана уюмдардан келип түшкөн акча каражаттарын топтоо үчүн бир казына эсеби ачылган эле. Бирок, кийинчерээк жер-жерлерде дагы башка эсептер да ачылган.
Мисалы, мындай эсептер Алай районунун Гүлчө айылында, Бишкек шаарында ачылган. Кырсыктан жапа чеккендерге жардамдашуу фондусуна түшкөн каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануунун зарылчылыгына байланыштуу Өкмөттүк комиссия бардык акча каражаттарын бир эсепке чогултуу чечимин кабыл алды. Башкы максат - акча каражаттарынын түшүшүнө жана бөлүштүрүлүшүнө, алардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдүк кылуу жана каржылык операциялардын ачыктыгын камсыз кылуу.
Мына ушуга байланыштуу Өкмөттүн басма сөз кызматы жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам берүүнү каалашкан Кыргызстандын жарандарына, чет элдик жарандарга, ишканалардын, мекемелердин, фирмалардын, компаниялардын жетекчилерине жана эл аралык уюмдарга акча каражаттарын төмөндө көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча которуу өтүнүчү менен кайрылат.
Эсептешүү эсеби улуттук валюта (сом) менен:
Алуучу: Ош облустук РОК Р/с № 1020212080100413
Алуучунун банкы: "Кыргызөнөржайкурулушбанкы" ААКсы, Ош шаары
БИК: 102 021
Төлөмдүн дайыны: Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардамдашуу фондусуна (Л/счёт 700802654)
Эсептешүү эсеби АКШнын доллары менен:
IВК: Federal Reserve Ваnk of New York, New York
SWIFT: FRNYUS33
ВВК: Ассоunt № 0210-8671 -5
The National Bank of Кугgуz Рерublic, Вishkek
SWIFT: NBKIKG22
BNF: Ассоunt № 1010100033505773
Сеntral Treasury Ministry of Finance of the Куrgуz Рерublic