, 24.10.08 - 14-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№80, 24.10.08-ж.
 2008-жыл - Чыңгыз Айтматов жылы

Чыңгыз Айтматов
Маңкурт баяны
Өлбөс өнөр,
Өчпөс үн
Жазуучу жазбай жүрсө да жазып жүрөт деген жүйөлүү пикир бар. Алдыңа ак кагаз жайып, колуңа калем алып, жаза турган чыгарманын темасын койгонуң менен ага ички даярдыгың жок болсо, заңкайган сарай салууга ниеттенгин бирок, балка-мыгын камдабаган курулушчу сыяктуу убакытты текке кетиресиң. Табылган тема, жакшы идеяны алып чыгуу үчүн көңүл түпкүрүн аңтарасың. Балалык күндөрдөгү эсте калгандар, көрүп баамдагандарың, ойго түйгөндөрүң, башыңдан кечирген албан түрдүү окуялар менен кездешүүлөр иргелип, бир нукка түшүп, чыгарманын өзөгүн түзөт.
Кылым карытаар бир күн"
романын жазаарда маңкурт темасын үңүлө изилдедим. Бала кезибизде жөн-жайды билбеген бирөөлөргө: "Эй, сен эмне маңкуртсуңбу?", - деп жекиргенди далай эшиттик. Адамдын маңкуртка кандай айлана турганын билбесек да, сөөгүңдөн өтө турган октой сөз экенин сезчү элек.
Бул маңкурттук тууралуу алгачкы даректердин бири мындан он кылым мурда ырдалып, кыргыз калкынын эрдик менен элдик энциклопедиясына айланган "Манас" эпосунда кездешет. Анда бала Манастын тентектиги менен октос бербес күчүнөн чоочулаган калмактар, аны маңкурт кылып жиберелик деп убадалашканы мындайча айтылат:
Баланы кармап алалык,
Башына шире салалык,
Үйгө алып барып кыйнайлык,
Алты агайын калмактын
Аяк-башын жыялык.
Алтымышынчы жылдары болсо керек, атактуу Саякбай Каралаевден маңкурт менен ширенин маанисин сураган жайым бар. Ошондо кадырлуу карыя бир азга ойлонуп олтуруп сөзүн мындайча баштаган:
Илгери калмак менен кыргыз чабышып турган учурда, эки тарап мал-мүлк менен кошо бир-бирин кул кылып алыш үчүн туткунга алган. Ал туткун мал артында салпактап жүргөнү менен күндөрдүн бир күнүндө эбин таап качып кетер. Же кимдир бирөөлөр аркылуу өзү тууралуу элине кабар бериши, дегеле тирүү жан болгон соң, айылдын кыз-кыркынына ыкыс коюшу да ажеп эмес. Жашынан колго түшкөн, кайрат-күчкө толгон туткун беш жыл, балким он жыл "лаппай" деп кызмат кылар. Андан кийин өзүндө болгон ички каршылыгы ойгонуп, ээсине кол көтөрүшү ажеп эмес. Ошондуктан анын эң эле тынч жолу - маңкурт кылып таштоо. Ал үчүн алды менен туткундун чачын такырайтып алып, жаш союлган төөнүн мойнун же уйдун терисин башына каптап кийгизет. Муну кыргыздар шире деп атаган, ага кайыштан шырып, боо өткөрүп, чыкыйдан тарттырып мыктап байлайт. Ушинтин сызгырып тийип турган күндүн астына буту-колун байлап таштап салат. Туткун ошондо эки азапка бир түшөт экен. Алгач жаңы союлган малдын териси ысыктан жыйырылып, башын кысып, сөөгүн сындырып жибере жаздаса, экинчиден өсө баштаган чач кептелген терини көзөй албай кайра кайрылып, куйкасын ийне сайгандай тешкилеп, бүткүл сезип-туюу сезимин өлтүрөт, дегеле эске тутуу жөндөмүн жоготот. Бир жума, он күндөн соң же өлүп калат, же маңкуртка айланат. Өлсө - азаптан кутулат, тирүү калса - аты жөнүн, чыккан тегин, бүтүндөй басып өткөн өмүр жолун унутуп, тек өз кожосунун айтканын гана аткара турган кара күчтүн ээсине айланат... Адам баласы зулумдуктун төбө чачыңды тик тургузган нечен түрүн ойлоп чыгарган го. Деги ушул мыкаачылыктан өтөөрү болбос.
Тоталитардык системанын тушунда бүтүндөй коомго, ошонун ичинде сага да, мага да, баарыбыздын акыл-эсибизге, түшүнүгүбүзгө идеологиялык шире салды. Мунун өзү бир эрежеге багындырып, көгөндөп кармоо максатында жүзөгө ашып жатты. Бир сапар Москвага поезд менен кетип бара жатат элем. Кызыл-Ордо областынан өтүп калган кезибизде радио Байкоңурдан космос кемесин кабарлады. Поезддин терезесинен күнгө какшып жаткан адырлуу талаага карап туруп узак ойго чөктүм. "Кылым карытаар бир күн" романын жазуу идеясы ошол учурда оюма келген. Башка планеталарда да кадимкидей тири-чилик ээси бар деп жүрөбүз, Непада жер планетасы алардын космос мейкинине каршы болсочу... деген күдүк ой көкөйүмө кептелип, тынчтык берер эмес. Жаш кезде эшиткен маңкурттук икаясы кылымда кайтадан шоолаланды. Өткөн замандарда кара күчтүн ээси адамдын башын мыкчып алып, эс-акылын жоготкон. Бул - жалпы аныктама албаган жекече түрдөгү көрүнүш. Ал эми карама-каршы идеологияны бетке кармап, өз ара тикелей тирешүүгө түшкөн эки система космоско чыгып, бир-бирине кыр көрсөтүп, жер шарына шире салса не болмок? Жеке пенде башындагы кайгы-муң трансформацияланып, бизди бүтүндөй чырмап, матап албайбы? Ар кандай көлөмдө болгону менен трагедия орток. Адамзат баласына жакындаган ушундай алааматтан алдын ала сактандыргым келди.
"Аскада калган
аңчынын ыйы" китебинен (2001-ж.)




  Ат жалындагы маек

Музыка изилдөөчү Балбай АЛАГУШОВ:
"Кыргыздын руханий тоосу кулады, бирок экинчи өмүрү түбөлүк жашайт"
- Балбай агай, кыргыз музыкасынын тарыхын өзүнчө бир энциклопедиядай сыдыргыга салып жакшы китепти жарыкка чыгардыңыз, быйылкы жыл сиз үчүн жемиштүү болду окшойт?
- Быйылкы жыл ошондой го десем да болот, бирок өзүмдүн чыгармачылыгымдан мурун жүрөгүмдү ачыштырган бир нерсени айткым келип турат, ушул жыл эмнегедир кыргыз элинин маданияты , адабияты, искусствосу, дегеле жалпысынан алып караганда кандайдыр бир каат, кара мышык чуркап өткөндөй жыл болду. Ааламды калемине багындырган Чыкем (Чынгыз Айтматов) өтүп кетти. Андан көп өтпөй эле дагы бир залкарыбыз Асанкан Жумакматов да келбеске сапар алып кетти. Мына ушул эки тообуз жок, ортобуз толбой, кабыргабыз кайышып, капалуу күндөрдө калдык, бирок экинчи жагынан алып караганда, ал тоолорубуздун экинчи өмүрү руханий азык болуп түбөлүк жашай берет.
- Айтканыңыз ырас, андай болсо маегибиздин багытын ошол жакка буралы,чыгармачыл адам катары Чыңгыз Айтматов менен мамилеңиз бар беле, бар болсо башкалар айтпаган жагын айта аласызбы?
- Албетте, анча-мынча болсо дагы мамилебиз бар эле, о илгертен эле. Себеби, Темир деген кайниси менен жолдош элем. Үйүнө барып калганда, жолугуп калчубуз. Эми, чынын айтканда Чыңгыз тууралуу көп жазылды. Өзүбүздөн да, чет жактагылардан да дүйнөлүк алкакта көп эле сөз болуп жатат. Бул өзү кыргыз улуту үчүн чоң аброй. Сурап калдың, чыгармачыл адам катары мен дагы Чыкем тууралуу азыраак болсо дагы эскере кеткеним жакшы деп ойлойм. Анын талантында кеп жок, адабияттын алпы катары өзүн эмес, кыргызды кошо дүйнөгө таанытып кетпедиби. Мен анын адам катары жашыктыгын көргөнүмдү айткым келет. Балким таланттууларда ошондой мүнөз болот деген чындыр. Бакен Абдылдаев деген 60-жылдары "Чыңгыз Айтматов" деген китеп жазган, өзү да таланттуу неме эле. Эрте кетти. Азыр "Тунгуч" театрынын ордунда илгери филармония бар болчу. Ошол филармониядан Бакен Абдылдаевдин сөөгүн көтөрүп алып чыгып баратканда Чыкемдин ыйлап турганын биринчи жолу көргөм. Экинчисинде өмүрлүк жары Керез эже катуу ооруп, ооруканада жатканынан көрүп, абалын сурап келмекке ооруканага барсам Чыкем чыгып келе жатыптыр. "Кандай?" - деп сурасам: "Болбой калыптыр, киши тааныбайт", - деп көзүнө жаш тегеренип кетти. Бул экинчи жолу көрүшүм. Анан улуу Манасчы Саякбай Кара-лаев өлгөндө ушу Чыкем көзүнөн жашы куюлуп турду. Үч жолу ыйлаганын көрүп, эми ойлойм да, балким жаштайынан турмуштун каарын көрүп, жүрөгү жашык болуп калса керек деп. Залкар эле, келбеске кетти. Андай залкар туулса туулаттыр, бирок баары бир Чыңгыз Айтматов эмес, өз жолу менен залкар болот го дейм. Эмне дейбиз, эл аман болсун.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




Чыгармачылыкта да, адамгерчиликте да улуу даанышман
Мен Чыңгыз Төрөкулович менен алгачкы жолу 1982-жылы "Селкинчек" аттуу тунгуч ыр китебим жарыкка чыкканда таанышкан элем. Эсимде, 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жазуучулар Жунай Мавлянов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Олжобай Орозбаев, Түмөнбай Байзаков болуп Жеңиш майрамына Чыңгыз Айтматовду дагы чакырышып, Жунай агайдын дачасында чоң жолугушуу болгон. Ошондо мени ыр окутушуп, аксакалдар менен кошо Чыңгыз ага да чогуу батасын беришкен эле.
Ошондон баштап Чыңгыз аганын өмүрүнүн соңуна чейин тыгыз чыгармачылык алакада болдук. Ал ар дайым өсүп келаткан жаш адабий күчтөргө көз кырын салып турчу. Андай мамилесин мен 1989-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын алганымда дагы байкадым. Чын ниети менен куттуктап, чыгармачылыгыма болгон астейдил ак ниетин билдирген. Ар бир жарыкка чыккан китебим, котормолорум Чыңгыз аганын назарында болор эле. Бош убактысынын өтө аз экендигине карабастан Кыргызстанда болуп жаткан адабий өсүү процесси менен кабардар болуп турчу. Бир нече жолу чет мамлекеттердеги адабий, маданий иш-чараларга бирге катышкан учурлар болду. Ошондой жолугушуулардын бири 1998-жылы Стамбулдагы түрк дүйнөсүндөгү адабий чыгармачыл күчтөрдүн башын бириктирүүгө жасалган аракети күч болгон.
Чыңгыз Төрөкуловичтин адамдык улуулугу кубанычта дагы, кайгыда дагы агалык, адамгерчилик салтынан тайчу эмес. 2004-жылы менин Айбек аттуу жакшы көргөн уулум, таяныч-тирегим дүйнөдөн кайтканда дагы Чыңгыз ага угары менен Кашка-Суудагы үйүмө жетип келип аза кайгымды тең бөлүшүп, кайрат айтып, дем берип, ушуну менен эле жашоо бүтпөстүгү жөнүндө ак тилектүү насаат айтканы унутулбай калды.
Чыкемдин кокус ооруп калганы, ааламдан күтүлбөстөн өтүп кеткени баарыбыздын жүрөгүбүзгө кетпес так салды. Кыргыз эли эле эмес, бүтүн дүнүйөнүн эли сакайып кетишин тилеп, жакшы үмүт менен күтүп турду эле. Таш боор ажалга айла жок экен, арабыздан алып кетти, жүрөгүбүз канап ыр, эскерүүлөрдү жаздык. Бирок, мындай даанышман инсан, залкар, улуу таланттын экинчи өмүрү биз менен, бизден кийинки нечен муундар менен бирге жашай берери чындык. Бир гана өкүнө турган нерсе ушул, 80 жылдык мааракесинде калдайып өзүнүн турушу башка кеп эле. Мына ушул күндөрү кино фестивалы, театр фестивалы, көргөзмөлөр, симпозиумдар ж.б. иш чаралар эл аралык деңгээлде чоң даңаза менен өтүп жатканы тарыхый окуя. Биз ушундай улуу жазуучу менен замандаш болуп калганыбыз үчүн дагы бактылуубуз.
Маркабай ААМАТОВ,
Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек
сиңирген ишмер