• №79, 21.10.08.




email • архив • редакция  


Кайрымдуу бол, калайык!


Кайрылуу жасалды, өкмөт аны аткарууга киришти
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев өткөн жума күнү Өкмөт үйүндө жумушчу кеңешме өткөрүп, ага Премьер-министр Игорь Чудинов, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, Президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров, кээ бир өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле облустардын губернаторлору жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Президент К.Бакиев өзүнүн Кыргызстандын элине Кайрылуусунда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча милдеттерге негизги басым жасагандыгын, мына ошондуктан аларды чечүүдө өкмөткө чечүүчү роль таандык экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы Кайрылууда алдыга коюлган милдеттер жөнүндө калкка маалымдоо боюнча максатка багытталган иштин зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Эми бул багытта жер-жерлерде калк менен тыгыз байланышта болгон губернаторлор, акимдер, айыл өкмөт башчылары жакшы иштөөгө тийиш. Президент Өкмөт өз убагында ааламдагы окуялардын андан ары өнүгүшүнө божомол жасоого, дүйнөлүк финансылык кризистин алкагында абалдан чыгуунун альтернативдүү варианттарын иштеп чыгууга тийиш экендигин белгиледи. (Президенттин элге Кайрылуусунун толук тексти гезиттин 2, 3, 4-беттеринде, коомчулуктун Кайрылууда айтылган маселелерге ой-пикирлери 8-бетте жарыяланууда).
Андан кийин сөз алган Премьер-министр Игорь Чудинов кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселесине токтолуп, калкты өз убагында отун менен камсыз кылууга катуу көзөмөлдүк жүргүзүү өтүнүчү менен губернаторлорго кайрылды.
М.АЛАГУШЕВ




  Урматтуу окурман!

Кыргыздын туңгуч гезити "Кыргыз Туусуна"
2009-жылга жазылуу башталды
Эгерде сиздин:
- дайыма өлкөбүздөгү окуялар жөнүндө өз убагында так, далилдүү маалымат алгыңыз келсе;
- коомдогу процесстер жөнүндө белгилүү аналитиктердин, адистердин, саясатчылардын, бизнесмендердин жана карапайым адамдардын пикирлерин уккуңуз келсе;
- элибиздин белгилүү саясатчылары, коомдук, маданий ишмерлери менен өлкөбүздөгү болуп жаткан ар кыл окуялар, процесстер боюнча маектерди окугуңуз келсе;
- азыр көпчүлүк басылмаларда анча "модалуу" болбой бара жаткан элибиздин көөнө жана жаңы тарыхындагы урунттуу окуялар, кызыктуу фактылар жөнүндө билгиңиз келсе;
- учурдагы адабий чыгармалар, жаңы авторлор менен таанышкыңыз келсе;
- өлкөбүздөгү саясый, коомдук турмуштан четте калгыңыз келбесе;
- а эң башкысы - анча кымбат эмес баада жогоруда аталган темалардын баарын чагылдырган гезитти, анын "Айыл ажары", "Кесип үндөйт" жана пландаштырылып жаткан дагы башка тиркемелерин өз убагында алып турууну кааласаңыз, анда "Кыргыз Туусуна" жазылыңыз!

Жазылуу баасы: (почта кызматын кошпогондо) -
6 айга - 432 сом, 1 жылга - 864 сом.
"Кыргыз Туусу" сиздер менен! Жазылууга шашылыңыздар!




23-октябрда саат 10.00дөн саат 15.00гө чейин Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде зилзаладан жапа чеккен Алай районунун Нура айылынын жашоочуларын моралдык жана материалдык колдоо максатында "Кайрымдуу бол, калайык" аттуу иш-чара өтмөкчү. Анда каза болгондорду эскерүү жана зилзаладан жапа чеккендерге кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлөт.
Урматтуу мекендештер!
"Кайрымдуу бол, калайык" аттуу кайрымдуулук иш- чарага баардыгыңыздарды чакырабыз.
Уюштуруу комитети