, 17.10.08 - 3-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№78, 17.10.08-ж.
  Республиканын кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнө 90 жыл болду

Президент 20-октябрда эмгек өргүүсүнө чыгат
Президент Курманбек Ба-киев 20-октябрдан тартып эмгек өргүүсүнө чыкмакчы. Мамлекет башчысынын бул өргүүсү Германиядагы клиникада бутунун муундарын дарылоонун алдын-ала пландаштырылган жыйынтыктоочу курсун өтүүгө байланышкан. Аталган процедуранын зарылдыгын немис врачтары Президент быйыл март айында дарыланып жаткан учурда белгилешкен.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттары аталган фактыны объективдүү чагылдыра тургандыгына үмүт арта тургандыгын билдирет.

Азербайжан Президентине куттуктоо
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Ильхам Алиевге Азербайжан Республикасынын президенттик шайлоосунда ишенимдүү жеңишке жетишкендигине байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.
Мамлекет башчысы өзүнүн жиберген телеграммасында жалпы шайлоочулардын 89 пайызына ээ болгон Азербайжандын президентин кызуу жана чын жүрөктөн куттуктаган жана президенттик шайлоонун жыйынтыктары И.Алиевдин Азербайжандын жарандарынын ишенимин жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүнө, туруктуулугуна, анын элинин бакубат турмушуна багытталган саясатын колдой тургандыгын айгинелегендигин билдирген.
"Жогорку мамлекеттик кызматтагы сиздин ишмердигиңиз Азербайжандын мамлекеттүүлүгүн жана көз карандысыздыгын андан ары чыңдоого, эл аралык аренада анын кадыр-баркынын өсүшүнө көмөктөшөт жана Азербайжан калкынын келечеги үчүн жаңы жеңиштер менен белгиленет деп ишенем. Кыргызстан боордош Азербайжандын ишенимдүү досу болуп келген жана досу бойдон кала берет, боордош элдерибиздин таламында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр,"- деп Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген.
Андан ары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишке даярдыгын, Азербайжандын президентине мамлекеттик жооптуу ишиндеги ийгиликтерди, ал эми Азербайжан элине бейпилдикти жана гүлдөп өнүгүүнү каалагандыгын билдирген.
Өз маалыматыбыз



Азия банкы көмөк көрсөтөт
Премьер-министр Игорь Чудинов Азия Өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Лан Ву менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө И.Чудинов катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Алай районунун Нура айылын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү өтүнүчү билдирилген катты Азия Өнүктүрүү банкынын президенти Харрухико Куродага берип коюуну өтүндү. Өкмөт башчысынын айтымында, бул айыл толугу менен кыйрап, 74 адам каза болгон. Азыркы мезгилде Өкмөт жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп жатат.
И.Чудинов Кыргызстандын Өкмөтү бир катар курулуштарды калыбына келтирүүгө гранттык жардам бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчү менен кайрылгандыгын, ошондой эле бул маселенин тез аранын ичинде оң чечиле тургандыгына ишенгендигин билдирди.
Өз сөзүндө Лан Ву Азия Өнүктүрүү банкы Нура айылынын талкаланган курулуштарын калыбына келтирүүгө жардам бере тургандыгын билдирди. Анын айтымында, банк долбоорлорду жүзөгө ашырууга жана башка долбоорлорду түзүүгө багытталган каражаттарды кайра бөлүштүрүү жолу менен көмөк көрсөтө алат.
Т.ЖУСУПОВ,
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)




  Дайындоолор, бошотуулар

Надырбек Турганбаев -агенттиктин директору
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Нуржанов Жумасарлык Төлөбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кызматынан бошотулду.
Президенттин башка буйругу менен Турганбаев Надырбек мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Улан Мелисбек - Мампатент кызматынын директору
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улан Мелисбек Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору болуп дайындалды.

Алмаз Осмонов - Алай райакими
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Калыбаев Жумаш Уманович Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын - акиминин кызматынан бошотулду.
Президенттин башка буйругу менен Осмонов Алмаз Абдилакович Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акими болуп дайындалды.
Айнагүл Чылабаева -
Свердлов райадминистрациясынын башчысы
Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Чылабаева Айнагүл Талиповна Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалды.
Өз маалыматыбыз




  Бардыгы балдар үчүн

Премьер-министр Игорь Чудинов ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Анн М.Венеман менен жолугушту.
Өкмөт башчысы ЮНИСЕФтин республикабызда эне менен баланын ден соолугун коргоо тармагында, балдарга билим берүү чөйрөсүндө, балдардын кедейчилигин кыскартуу боюнча аткарган иштерине ыраазылыгын билдирип, жашы жете элек өспүрүмдөргө жаза колдонуунун уруп-согуу ыкмасынан тарбиялоо ыкмасына өтүү ишиндеги жардамынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Премьер-министр ошондой эле Кыргызстандын балдар жөнүндө Кодексин жүзөгө ашыруу ишинде БУУнун Балдар фондусунун жардамына токтолуп, Өкмөттүн аппаратында министрликтер менен ведомстволордун балдардын маселелери боюнча ишине көмөк көрсөтүүчү балдарды коргоо секторунун түзүлгөндүгүн билдирди.
А.Венеман Кыргызстан балдар жөнүндө Кодексти кабыл алуу менен өтө маанилүү кадам жасагандыгын, келерки жылга иш чаралардын планы түзүлүп, ага Өкмөттүн бардык сунуштарынын киргендигин билдирди.
Н.ЖЕТИГЕНОВ




Салык комитетине Келдибеков келди
Премьер-министр Игорь Чудинов кечээ Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин жамаатына жаңы жетекчи Акматбек Келдибековду тааныштырды.
Комитеттин мурдагы төрагасы башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган. И.Чудинов бул тууралуу өлкөнүн Президентинин жарлыгын окуп берди жана өлкөнүн Президентинин атынан салыктарды чогултуу боюнча ийгиликтүү иши жана өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү камсыз кылгандыгы, жаңы салык Кодексин иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы үчүн Т.Курманбековго ыраазычылык билдирди.
Өкмөт башчысы жаңы жетекчи А.Келдибековдун финансы чөйрөсүндө бай иш тажрыйбасына ээ экендигин, ал эми салыкчыларга болсо жаңы салык Кодексинин принциптерин жүзөгө ашыруу жана салыктардын жыйымын көбөйтүү боюнча зор ишеним жүктөй тургандыгын белгиледи.
М.АЛАГУШЕВ




Ардагерлердин эрдиктери жаш муундарды тарбиялайт
Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулуш өткөрүлүп, ага вице-премьер-министр Эльмира Ибраимова катышты.
Э.Ибраимова бул даңктуу датага катышы барлардын баарын КРнын Өкмөтүнүн атынан куттуктап, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тынч күндөрдө да туруктуулукту жана эрдикти көргөзүп жатышкандыктарын белгиледи.
Салтанаттуу жыйында өзгөчө узак жылдар бою бул тармакта абийирдүү кызмат өтөшкөн ардагерлердин дарегине жылуу сөздөр айтылды.
Кеченин акырында Э.Ибраимова кылмыш иликтөө органдарынын бир катар айырмаланган кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Р.ЖЕТИГЕНОВ




БШКда ОБСЕнин өкүлү оң баалады
14-октябрда ОБСЕнин Бишкектеги Борборунун башчысы Эндрю Тесорьер Боршайлоокомдун төрагасы Д.В.Лисовский менен жолугушту. Эндрю Тесорьер алгач Боршайлоокомдун төрагасы Д.Лисовскийге жемиштүү кызматташкандыгы үчүн ырахматын айтып, мындан ары да шайлоо системасын өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Д.В.Лисовский мейманга 2008-жылдын 5-октябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдап, шайлоо процессинде добуш берүүчүлөр үчүн маалыматтык мате-риалдарды даярдоого жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтты. Боршайлоокомдун төрагасы добуш берүүчүлөргө шайлоолор жана алардын укуктары жөнүндө кеңири маалымат берүү максатында коммерциялык эмес "Жарандар коррупцияга каршы", "Таза шайлоо", "Интербилим" борбору, "Шоола Көл" коомдук бирикмеси, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коомдук бирикмеси кирген жарандык уюмдардын шериктештигине "Менин шайлоомдун убактысы!" деген кеңири масштабдагы акцияны уюштуруп, өткөрүүгө жана Боршайлоокомдон шайлоо укугу боюнча атайын экспертти бөлүп, маалыматтык материалдарды сапаттуу даярдоого көмөктөшкөндүгүн да маалымдады.
Боршайлоокомдун төрагасы добуш берүү, бюллетендерди эсептөө, шайлоолордун жыйынтыктарын чыгаруу талапкерлердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн байкоолорунда ачык жана айкын өткөндүгүн белгиледи. Калктын шайлоо процессине карата ишенимин да жогору
баалады.
ОБСЕнин Бишкектеги Борборунун жетекчиси да шайлоочулардын шайлоо процессине мамилелерин оң баалады жана мындан ары да Боршайлооком менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

Кайра шайлоо өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жерине баруу менен Ысык-Ата районундагы № 4 Ново-Покровка шайлоо округунун айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер А.Исмаилова менен Р.Абдыпсеевдин 2008-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоодо № 4 Ново-Покровка шайлоо округунун 150-участкалык шайлоо комиссиясынын эң одоно мыйзам бузуулары жөнүндө арыздарын карап чыгып, Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин
44-беренесинин 2-, 3-, 11-пункттарына, 45-беренесинин 7-пунктуна, 46-беренесинин 4а-пунктуна жана 46-беренесинин 4г-пунктуна
ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы № 4 Ново-Покровка шайлоо округунда добуш берүүнүн жыйынтыгынын туура эместиги жөнүндө токтом кабыл алды.
Ушул шайлоо округунда
кайталап добуш берүү эки жумалык мөөнөт ичинде өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы