, 17.10.08 - 14-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№78, 17.10.08-ж.
  Лейлек районунда быйыл 4500 гектарга күздүк себилгени жатат

Куш ысымдуу Лейлегим жүзүң жарык, 80 жылдык мааракең - улуу тарых
"Көз тойбос көркөм келбети, "Козу-Баглан" дайрадан ажайып аккан бермети, керемет кооз жери, ак жолтой мээнеткеч эли бар, адам баласына аруу тилек, ак дилден бакыт ыроологон апакай Илегилек куштун ысымын алып жүргөн - Лейлек району быйыл өзүнүн 80 жылдык маарекесин белгилөөнүн алдында турушат.
Лейлек району өзүнүн Алтын-Бешик тоолору, дарыялары, кен байлыктары, шириндиги менен тамшанткан жүзүм жана алма бактары, эң негизгиси - эмгекчил эли менен таанымал болуп келген жана алар менен сыймыктанат. Майрамга карата көрүлүп жаткан даярдыктардын жүрүшү тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шайназаров Кубанычбек Төлөновичти кепке тартканбыз.

- Кубанычбек Төлөнович, Лейлек районунун 80 жылдыгына карата кандай даярдыктар көрүлүп жатат?
- Элибизде "Өткөндү эстен чыгаруу - бүгүнкүнүн кадырына жетпей жашоо менен барабар"-деген кеп да төгүн жерден айтылбаса керек. Ар бир инсан элинин өткөн тарыхын унутпай, кайдыгерлик кылбастан, аны эскерип турушу абзел. Антпесек, биздин да келечек муундарыбыз бүгүнкү тарыхыбызды унутуп калаары турган сөз деп эсептеймин. Лейлек району 1928-жылдын октябрь айында түзүлгөндүгү тийиштүү тарыхый документтерде такталган. Райондун борбору республиканын борбор калаасы Бишкек шаарынан 1050 чакырым, Ош шаарынан 400 чакырым, облустун борборунан 135 чакырым аралыкта жайгашкан. Райондун аймагында Исфана шаар башкармалыгы жана 9 айыл өкмөтү бар, 47 айылда 2008-жылдын 1-январына карата 115471 адам жашайт, көп улуттуу. Улуттук курамы боюнча 67,4%ды кыргыздар, 26%ды өзбектер, 6,1%ды тажиктер түзүп, жалпы районубузда 18 улуттун өкүлдөрү ынтымактуу, бир туугандай жашап жатышат.
Районубуздун 80 жылдык маарекесин татыктуу тосуп алуу үчүн даярдыктар мындан эки жыл мурун башталган. Район аймагындагы айрым курулушу бүтпөй калган имараттарды бүткөрүү максатында райондо жана Бишкек шаарында марафон өткөрүлүп, ошол курулуштарды бүткөрүү иштерине жумшалууда. Жер-жерлердеги маданият үйлөрүн жергиликтүү бийлик жана коомдук уюмдар менен биргелешип, ремонттон толук өткөрүү иштерин жүргүздүк. "80 жылдыкка 80 ыр десте", "Кут конгон куш ысымдуу Лейлегим" деген сыяктуу бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Жергебиздин баалуулугун, кооздугун даңазалоо, эл ичиндеги таланттардын көрөңгөсүнө көңүл буруу, аларга моралдык, материалдык колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн кароо-сынактар, таймаштар уюштурулуп жатат. Быйылкы жылы райондук маданият үйүнө 250 миң сомдук инвентарлар сатылып берилди.
- Чындыгында, Лейлек району эң алыскы, шарты катаал райондордун бири. Айтсаңыз, көп убакыттардан бери талаш-тартыштарды жаратып келген чек аралаш аймактардагы маселелердин чечилиши боюнча кандай аракеттер бар?
- Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевдин 2008-жылдын 16-майындагы Тажик Республикасынын Президенти И. Рахманов менен Тажик Республикасына болгон иш сапарындагы жолугушуусунан келип чыккан милдеттерди, ошондой эле Согди облусунун Исфана шаарында 2008-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын Өкмөттөр аралык делегациясынын жолугушуусунун протоколунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча Лейлек райондук мамлекеттик администрациясында атайын иш-чара кабыл алынды. Тажик Республикасынын кошуна райондору менен экономикалык, маданий, соода-сатык, спорт ж.б. тармактар боюнча байланыштар тыгыз жүргүзүлүп жаткандыгы жана мындан ары мындай саамалыкты улантуу, жакшыртуу-учурдун талабы экендиги белгиленди.
Биздин район коңшулаш Тажик Республикасынын 6 району менен чектешип, алар менен жолубуз, суубуз, базарыбыз чектеш, ынтымакта, биримдикте, достук карым-катнашыбыз эчактан бери уланып келүүдө. Анын бир мисалы катары жыл сайын чек аралаш жайгашкан райондордун эли менен биздин райондун ортосунда достук фестивалдары салт катары өткөрүлүп келүүдө. Өзгөчө быйылкы жылы жаш өспүрүмдөрдүн арасында спорт оюндарынын өткөрүлүшүн белгилеп кетсек болот. Мындан тышкары айыл-чарба багытында дан эгиндерин оруп жыйноо мезгилинде чарбалар арасында бири-бирине жардам көрсөтүп келүүдө. Ошондой эле райондун чегарасында жайгашкан Жаңы-Жер, Кулунду, Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн айыл-кыштактарына өзгөчө маани берилип, алардын социалдык-инфраструктураларын толук кандуу иштетип, элдин жашоо шартын жакшыртуу багытында иштиктүү иштер жүргүзүлүүдө.
Алсак, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө 11600дөн ашуун калк жашаган элге 32 чакырымды түзгөн суу түтүкчөсү бүткөрүлүп, пайдаланууга берилип, жашоочулар таза суу менен камсыз болушту. Ошондой эле райондогу "Козу-Баглан" дарыясынын Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы Арка массивине өз нугу менен сууну чыгаруу боюнча акча каражаты бөлүнүп, долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан төрт айылдын баарына балдар бакчалары ачылды. Маданият үйлөрү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, Арка айылында көп тармактуу атайын спорт комплекси ачылды. Ал эми Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылына дюкер (туннель) аркылуу суу чыгаруу, 250 гектар жер өздөштүрүлүп, ал жерге 500 үй-бүлөнү жайгаштыруу боюнча генералдык план түзүү иштери жүргүзүлүүдө. Максат айылында жашап жатышкан 80 жаш үй-бүлө айыл-чарба кооперативин түзүп, иштиктүү иштерди жүргүзүү боюнча аракеттер болууда жана айыл ичине 5,6 чакырым суу түтүкчөлөрү орнотулуп, жашоочулар таза суу менен камсыз болуп, айылда телефон байланышы орнотулду.
- Айыл-чарба тармагында жетишилген ийгиликтерге токтоло кетсеңиз?
- Лейлек районунун климаттык шарты оордугуна карабастан, аймактык ички дүң продукциянын 65%ы айыл-чарбасына туура келет. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн үч жылдык программасы кабыл алынган, анда негизги багыттардын бири - жаңы жерлерди өздөштүрүү болуп эсептелет. Дыйкандарга кызмат көрсөтүү менен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн акыркы эки-үч жылда эле кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо үчүн 9 комбайн, 38 трактор берилип, учурда өндүрүшкө жакындан жардам көрсөтүлүүдө. Натыйжада, 2008-жылдын түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу кылкандуу дан эгиндери 1059га. көп эгилип, 2751 тоннадан дан көп өндүрүлдү. Ар бир гектар кылкандуу дан эгининен орточо 28,2 центнерден түшүм жыйналып, 12173 тонна буудай өндүрүлдү.
Мындан ары кылкандуу дан эгининин аянтын көбөйтүп, элдин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун үстүндө иш жүргүзүлөт. Мамлекет тарабынан дыйкандарга колдоо көрсөтүлүп, 2008-жылдын жазгы-талаачылык иштерине 64 тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү, 131 тонна минералдык жер семирткич, 2 млн. сом 7% үстөгү менен акчалай кредиттер жана арзандатылган баада 451 тонна дизелдик отун берилди. Ал эми азыркы мезгилде күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүүгө 75 тонна күйүүчү май, 2500 миң сом 12%дык кредиттер бөлүнүп берилди. Буюрса, быйылкы жылы 4500 га. күздүк себүү аракетибиз бар.
Айыл жергесин, элетти өнүктүрүүгө айрыкча басым жасалып, ПРООН, ПРООН/ЕК, АРИС, ГТЦ жана башка эл аралык уюмдардын инвестициялык долбоорлору менен иш жүргүзүү да кыйла активдешти. Алсак, 2008-жылдын 9 айында эл аралык донорлор тарабынан айыл-кыштактарыбызды, жол, көпүрөлөрүбүздү, соода жана байланыш түйүндөрүн, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелерин жана айыл-чарбасын өнүктүрүү багытында 61 долбоор колдоого алынып, 59 млн. 662 миң сомдук инвестиция тартылды. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылында кирпич заводу курулуп, 73 адам жумуш менен камсыз болду. Адамзат саламатчылыгынын жана улут генофонунун башкы факторлорунун бири "Таза суу" программасы негизинен көпчүлүк айыл-кыштактарыбызда жүзөгө ашып жатат.
- Элдин социалдык-экономикалык абалы, кышка карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу сөз кылсаңыз?
- Калктын калың катмарынын социалдык абалына токтоло турган болсок, пенсия, жөлөкпулдар өз убагында берилип турат, ай сайын берилүүчү бирдиктүү жана социалдык жөлөк пулдарынын каржыланышы боюнча керектелүүчү сумма 27853,3 миң сом болсо, 2008-жылдын 9 айына толук каржыланып бүттү. Райондун билим берүү тармагында бир катар ийгиликтер жаралды. Атап айтсак, өткөн жылы "Өзгөрүш" орто мектебинин жана Катраң айылындагы гимназия мектебинин, Кулунду айыл өкмөтүндөгү "Максат" мектебинин жаңы имараттары курулуп бүтүп, пайдаланууга тапшырылган болсо, быйылкы жаңы окуу жылында Самат жана Токтогул атындагы орто мектептеринин курулушу бүткөрүлүп, балдар заманбап мектепте билим алып жатышат.
Ошондой эле 2008-жылдын июнь айында Исфана шаарындагы №48-кесипчилик лицейинин 33 млн. сомдук жаңы имаратынын курулушу башталып, быйылкы жылга 10 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, азыркы убакта 2,5 млн. сомдук курулуш иштери бүткөрүлдү. Ал эми билим берүүчү мекемелерди жаңы окуу жылына даярдоодо өткөн жылы 2 млн. 125 миң сом ажыратылган болсо, жаңы 2008-2009-окуу жылына карата республикалык бюджеттен 2900,2 миң сом акча каражаты ажыратылып, бардык билим берүү мекемелери кезектеги ремонттон чыгарылып, кызуу ишке киришкен. Өткөн окуу жылында 59 заманбап компьютер мектептерге жеткирилди.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 18 мектепке гуманитардык жардам катары окуу эмеректери берилди. Бүгүнкү күндө район боюнча 265 даана компьютер, анын ичинен 124 заманбап компьютерлер мектептерде иштөөдө. Окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу 63%га жеткирилди. Райондогу саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн 2008-жылда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бардык ФАПтарга 2млн. 231 миң 942 сомдук медициналык жабдуулар, бюджеттин эсебинен 562миң 700 сомдук оргтехника жана катуу инвентарлар, 576миң 800 сомдук медициналык жабдуулар алынып келинип, алыскы айылдарыбыз 3 жаңы "Тез жардам" автоунаалары менен камсыз болду. Мындан сырткары айылдардагы ФАПтарда курулуш жана ремонт иштери жүргүзүлүп, калктын саламаттыгына кам көрүү максатында акыркы 2 жыл ичинде 8 ФАП, 1 ДТ курулуп, пайдаланууга берилди.
Кыш камылгасы колго алынып, бардык аймагыбыздагы мекеме-ишканалар керектүү көмүр, отун менен камсыздалып жатат. Район боюнча, быйылкы жылга 16022,3 тонна көмүр ташуу керек болсо, 2008-жылдын 9-октябрына карата 13367 тонна көмүр ташылып, 83,5%га аткарылды же билим берүү тармагына 3071 тоннанын 2725 тоннасы ташылып 88,7 %га, саламаттыкты сактоо тармагына 310 тоннанын 270 тоннасы же 87%ы, райондун калкына 12миң тоннанын 9839 тоннасы ташылып, 82 %га камсыздалды.
- Лейлек жергесине келип биз көптөгөн жаңы архитектуралык курулуштарды кездештирдик. Каражаттын тартыш мезгилинде кантип мунун баарына жетишип жатасыздар?
- "Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы"- демекчи, районубуз мурдагы абалынан бир топ өзгөргөнүн туура баамдагансыз. Анткени, мезгил талабына ылайык, элдин керектөөсүн эске алып, ар бир айыл-кыштактардан тартып, райондун борборуна чейин жаңы имараттар, мектептер, ФАПтар, дүкөндөр, кондитердик кичи цехтер, клубдар жана башка бир катар мекемелер курулду. Буга республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, ар кандай
коомдук, эл аралык уюмдардын салымы жана колдоосу зор болду. 80 жылдыктын урматына И.Раззаковдун борбордук аянттагы айкелинин постаментин мармар таш менен каптоо иши башталып, борбордук стадиондун үстүнө чатыр жабылды. Көп жылдан бери бүтпөй келе жаткан спорт комплекси бүткөрүлүп, жаңы инвентарлар менен жабдылды.
Райондогу тарых музейинин да капиталдык ремонту аяктап, ар түрдүү тарыхый экспонаттар, районду түптөгөн инсандардын эмгектери, алардын тарыхый документтери менен толукталды. Аткарылып жаткан иштер биздин бүгүнкү жана эртеңки муундар үчүн сабак болот деп ойлоймун.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"