, 17.10.08 - 12-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№78, 17.10.08-ж.
  Республикабызда акыркы төрт жыл ичинде
200гө жакын мектеп курулду

Ишенгүл БОЛЖУРОВА:
Аз күн мурун Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжуровага жолугуп, окурмандарыбыз кызыккан суроолорго жооп алдык.
"Сапаттуу билим" долбоорун баштадык
- Ишенгүл Садыковна, авиакырсыктан жабыр тарткандардын көбү, Алайдагы жер титирөөдө каза болгондордун теңине жакыны да балдар экен. Министрлик тарабынан жабыр тарткандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатат?
- Алайдагы кырсыкка абдан капаланып турабыз. Жаныбызды кейиткени жетимиштен ашык кишинин 40ы балдар, алардын 14ү окуучу, 30у мектепке чейинки жаш балдар. Азыр бардык көңүлүбүз ошол жакта болуп, жардамдарды берүүгө бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Бир күндүк эмгек акыбызды жер титирөөдөн жабыр тарткандарга котордук. Жогорку окуу жайларынан да каражат чогултуп жатабыз. Кудайга шүгүр, мугалимдерибиз аман-эсен, жаңы салынган мектебибиз да кулабай бүтүн калды. Бул куруучулардын жакшы салганынын күбөсү.
Ал эми авиакырсыкка учураган балдардын максаты спортту, анын ичинде баскетболду өнүктүрүү эле. Алар спорт аркылуу ийгиликтерге жетишип, өз өлкөсүнүн атагын чыгарууну көздөшкөн азаматтарыбыз болчу . Балдарыбыздын ушул асыл тилектерин эске алып, алар билим алып жатышкан борборубуздагы №29 мектепке барып окуучулар, мугалимдер жамааты менен жолугушуп, спортту өнүктүрүүгө кошумча болсун деп бир күндүк эмгек маянабызды тапшырдык.
- Жылда эле билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бюджеттен миллиарддаган сом бөлүнөт. Бирок, качан болсун каражат жетишпейт дегенди гана угасың. Миллиарддаган сомдор каякка, эмнеге жумшалып жатат? Муну билүү биринчи кезекте жалпы калкыбыз үчүн кызык.
- Бул суроону бергениңиз жакшы болду. Ушундан пайдаланып бул каражат каякка жумшаларын чечмелеп айтып берейин. Чындыгында каржылоо маселесин көп кишилер жакшы түшүнө беришпейт. Кээде каржы министрлиги билим берүү тармагына 11 млрд., кээде 14 млрд. сом бөлүндү деп билдирет. Билим берүү жана илим министрлиги бушул акчалардын 750 миллионуна эле жоопкерчиликтүү. Анткени, бул - мамлекеттик бюджеттен 90дон ашык жогорку окуу жайын, жатак-мектептерди, министрликтин борбордук аппаратын, Кыргыз билим берүү академиясын, техникумдарды жана министрликке караштуу "Сейтек", "Балажан" сыяктуу кошумча билим берген мекемелерди каржылоого бөлүнгөн акча. Ал эми ЖОЖдун контракт формасына берилген 1 миллиардга жакын сом казначейликтен өтөт дагы, окумуштуулар кеңешинин, же болбосо ЖОЖтогу каржылык комитеттин чечиминен соң ректордун буйругу менен каралат. Ошондуктан, бул каражатты кандай жумшашты өздөрү билишет. Дагы баса айта кетейин, министрлик 750 млн.сомго гана
жооптуу. А 10 млрд. же андан аз, көп дейлиби бул жергиликтүү бюджетти колдоого каралган акчалар. Мындайча айтканда ошонун бир бөлүгү айыл өкмөтү аркылуу мугалимдердин айлык акысына жумшалат. Мектептерди ремонттоого бөлүнгөн каражат да айыл өкмөтү аркылуу өтүп, тендерди да өздөрү өткөрүшөт. Балдардын тамак-ашына каралган акча дагы министрликтен эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу кетет. Ошондуктан, билим берүү тармагына көп акча бөлүнөт экен, ал акчалар кайда кетти деген суроо туулганда жоопкерчиликти жалгыз министрликке койбош керек. Анткени, ал каражаттар түздөн-түз жергиликтүү бюджетке жиберилет. Муну жарандарыбыздын көбү билишпегендиктен, министрлик миллиарддаган акчаны кармап отурат деп ойлошот. Негизинен, иш жүзүндө ал акчаларды биз көрбөйбүз. Ал эми республикадан бөлүнгөн каражатты өзүбүз да катуу көзөмөлдөйбүз, эсеп палатасы, аудиттер да текшерип турушат. Дегеле бюджеттен бөлүнгөн акчанын ар бир тыйынын билим берүү тармагына жумшоого тырышабыз.
- Сиздин оюңузча, билим берүү тармагына каралган акча министрликтин өзүнө эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түз берилгени туурабы?
- Каражаттын көп бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилгени туура. Анткени, мектептердин инфраструктурасын колдоо, ремонт жасоо, жылуулук берүү, мугалимдердин айлыгын төлөө, китеп, компьютер менен камсыз кылуу ж.б. иш аракеттердин баары тең жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн. Андыктан, мектептер курулбаса да, эмеректер жетишпесе да жоопкерчилик аларда. Ошондуктан алар эл, жамаат, жергиликтүү депутаттар менен акылдашып, каражатты биринчи кезекте кайда жумшашты чечиши керек. Албетте, Президентибиз айткандай каржылоодо да жаңы ыкмалар колодонулуп, ар бир окуучунун артынан каржы маселеси чечилиши керек. Анда мектеп да, анын жамаат да каржыны бөлгөнгө катышышы зарыл.Мындай тажрыйба бизде бар. Мисалы, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда колдонулуп жатат.
Азыр үч жылдык бюджетке өтүп жатабыз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө жоопкерчилиги үч жылда кандай өнүгүп, кайсы багытка каржылоо булагы көбүрөөк бурулушу керек, социалдык абалды кандай оңдоо зарыл, мектептердин инфраструктурасын кантип өнүктүрүүгө болот, мына ушуларга өзгөчө маани берүүсү керек. Ошондой эле ден соолукту чыңдоого, спортту өнүктүрүүгө, маданият, китепканалар фондуна бюджеттен каражаттарды бөлүү милдети турат. Бул азыр мамлекетти куруу системасындагы туура жүргүзүлүп жаткан жол деп ойлойм. Эмне үчүн дегенде социалдык маселелерди жеринде жашаган адамдар эң жакшы билишет. Ошондуктан, Президент көп укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү менен айыл өкмөттөрүнө бөтөнчө көңүл бурууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында иштеген адистердин маянасы кескин түрдө көтөрүлдү, автоунааларды алышты, кыскасы өз алдынча иш жүргүзүүгө шарт түзүлүп жатат. Ал эми мугалимдерди жеринде кармап калууда, айлыгын көтөрүүдө дагы жергиликтүү бюджеттин өзүнүн статьялары болуш керек. Көп айыл өкмөттөрү дотациялык, бирок чыгармачылык менен иштешип, гранттарды алуу үчүн долбоор жазып иштешсе, көп нерсеге жетишишет эле. Ошол эле кезде жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектептерди куруп, мугалимдердин айлыгына дагы кошуп беришсе болот. Мисалы, Бишкекте ай сайын мугалимдерге кошумча 1 миң сомдон берилет. Мындай мисалдар Ош, Каракол, Токмок ж.б. да бар. Эгерде айыл жеринде мугалимдерди колдоо, маданий, спорт иштери жакшы жолго коюлса, жаш мугалимдер айылдык мектептерден кетпей иштешмек.
- Илгертен эле билим берүү системасы - көйгөйү көп тармак. Анткени, тарам-тарам, чечүүгө тийиш болгон түйүндүү маселелер жетишерлик. Ошого жараша министрликтин дарегине айтылган сындар да аз эмес. Өзгөчө кийинки жылдары билим берүүнүн сапаты боюнча сын-пикирлер арбып кетти. Мындай сындарга Сиз кандай жооп берер элеңиз?
- Ооба, бул жаатта сындар айтылып жатат. Бирок, билим берүүнүн сапаты 2008-жылы эле түшүп кеткен жок. Бул көп жылдан бери келаткан процесс. Мындай процесс биздин өлкөдө эле эмес, тилекке каршы бүт дүйнөдө болуп жаткан көрүнүш. Анын ичинде өзгөчө КМШ өлкөлөрүндө бир системадан экинчи системага өтүү өтө кыйынчылык менен жүрүп жатканын айгинелеп турган нерсе. Бүгүн эле Америкадан келген адистер менен сүйлөштүм. Алар дагы билим берүүнүн сапатына түйшөлүшөт экен, "Биздин окуучулардын билим деңгээли өзгөчө математикадан начар, ошондуктан өзгөрүүлөрдү киргизүү боюнча иштеп жатабыз",- деп айтышты.
Негизи эле билим берүү системасында ар беш жылда реформа болуп туруш керек. Азыр мурун эч билбеген, түшкө кирбеген жаңы процесстер болууда. Жаңы маалыматтык булактар пайда болду, дүйнө күн сайын эмес саат сайын өзгөргөн доордо жашай баштадык. Он беш эле жыл мурун Интернет, уюлдук телефон таптакыр тааныш эмес нерселер эле. Азыр ар бир экинчи кишиде уюлдук телефон. Бул да маалымат берчү булактын бири. Ошондуктан, коом дагы, ал турсун табият дагы тез өзгөрүлүп, жаңы сапаттык тепкичтерге көтөрүлүп жатат. Демек, билим берүү системасы да бир орунда токтоп калбастан, дарак сымал улам өйдөлөп өсүп туруусу керек. Ушундан улам "эмне эле реформа, реформа дей бересиңер" дегендерге жогорку билимдүүлөрдүн деңгээли төрт жылда бир жаңырып турушу керек деп жооп берер элем. Анткени, илимде жаңы ачылыштар, жаңы маалыматтар болуп жатат. Ошого жараша билим берүү системасы да жарым кадам болсо да алдыда болушу керек. Ошондо гана ойдогудай билим берүү системасы өнүгөт.
- Азыр "куррикулум" деген сөздү көп колдоно баштадыңыздар. Бул сөз кандай маанини билдирет? Анын билим берүүгө кандай пайдасы бар?
Артка бир аз кылчайып көрөлүчү. 17 жыл мурун өзүбүздүн билим берүү системабыз жок болчу. Мамлекеттик стандарт, окуу пландары, окуу китептери, мугалимдерди даярдоонун принциптери, алардын адистигин көтөрүү, баардыгы борборлоштурулуп, Москва, Казакстанда болчу да. Андыктан, 17 жылдын ичинде өз киндигибизди өзүбүз кесип, өзүбүз улуттук билим берүү системасын куруп жаткан убактабыз. Кээ бир европалык мамлекеттер жүз жылдап жаңы системага өткөн. А биз он жети жылдын ичинде көп нерсеге жетишип жатабыз. Ошон үчүн коом жаман, мугалимдер жаман, министрлик жаман дегендерге эч кошула албайм. Биздин билимибиз күчтүү, кадрларыбыз, интеллектуалдык дараметибиз бар болгондуктан ушул жылдардын ичинде туш келген оор кризистерден чыкканга алыбыз жетти. Муну күндөлүк тиричилик менен алпурушуп жатып көрө албай жатабыз. Биринчиден, үчүнчү муундагы мамлекеттик стандарттарды даярдоого даяр болуп калдык. Мында эл аралык жана өзүбүздөгү жетишкендиктерди анализдеп, келечекте биздин жаштардын билими кандай болуш керек, аларды жаңы заманга кандай даярдашыбыз керек деп министрлик улуттук алкактагы куррикулум иштеп чыктык. " Куррикулум" деген сөз дүйнөдө колдонулган сөз. Ал окуу стандарттарындагы, жаңы муундагы китептерди кандай жазуу керектигин, мугалимдердин адистигин көтөрүүнүн жаңы ыкмаларын, методикалык колдонмолорду жана окуу планды, билимдин сапатына жаңыча баа берүүнү камтыйт. Министрлик Коллегияда карап чыкты. Азия өнүктүрүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк, ЮСАИД жана башкалар менен тыгыз кызматташа жаңы системага өткөнгө даярданып жатабыз. Окуу китептерди карап көргүлө. Мурда кыргыз тили, адабияты эле болбосо, башка окуу куралдарды, китептерди Москвадан алчу эмес белек. Эми акырындап китеп жазуу системасына кирип жатпайбызбы. Ошондуктан, көрүнбөс, бирок баа жеткис тажрыйбага ээ болуп жатабыз.
Сүйүнө турган нерсе, кийинки кезде жаштарыбыздын көбөйүп жатканы. 1997-жылдан баштап мектепке барчу балдарыбыз 1 миллиондон ашты. Азыр 1 млн.100 миңден ашык. Студент жаштарыбыз менен кошуп санасак биз жаш коомбуз. Анткени, тарыхыбыз өтө байыркы болгон менен жаш коомбуз дегенимдин себеби көп өлкөлөрдө калкы пенсияга жеткен эл болуп калууда. Бизде 40 пайызга жакыны жаштар. Бул эмнени билдирет? Бул келечекте Кыргызстандын жаш мамлекеттүүлүгүн көрсөтүп турат, ошону менен бирге чоң жоопкерчиликти талап кылат. Демек, жаңы мектептерди куруу зарыл. Бир эле мисал айтайын, акыркы үч жылдын ичинде мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржылап мектептерди куруу 10 эсеге көбөйдү. Бул жылы республикалык бюджеттен мектептерди курууну каржылоо 900 млн. сомго барабар болду. Оюбузда заманбап билим берүү үчүн мектептерди компьютерлештирели деген максат көптөн бери келаткан менен ишке ашпай келген. 2007-жылы Президент өз көзөмөлүнө алып, 90 млн. сом бөлүнүп, 900 мектепке компьютердик класстарды ачтык. Азыр мурункуларды кошо санап келгенде ар бир элүү балага бирден компьютер. 2003-жылдагы абал эсимде, 175 балага 1 компьютер туура келчү. Беш жылдан бери чыккан китептер эл аралык жана санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык келет. Үстүбүздөгү жылы кыргыз тилиндеги китептерди чыгарууга 100 млн. сом бөлүндү. Муну Президенттин белеги деп карасак болот, он миллион сомду айылдык мектептердеги китепканаларды жабдуу максатында бөлүп жатабыз. Бирок, дагы эле окуу китептери жетишпейт. Мектептерди китеп менен толук камсыз кылуу үчүн дагы 4 млн. китеп чыгарышыбыз керек. Ошондо ар бир окуучу китептер менен камсыз болушат. Каржылоо маселеси чечилсе, ал китептерди чыгарабыз. Бул маселеде эл аралык донорлорго да кайрылып жатабыз. Бүткүл дүйнөлүк банк бул жаатта бизге жардам берүүгө даяр.
- Кийинки кезде мугалимдердин адистигин көтөрүүгө кол жетпей, ушул багыт өксүгөнү сезилет. Буга эмне тоскоол болуп жатат?
- Бул көкөй кескен маселе. Тилекке каршы, бул маселени акыркы үч жылдан бери гана көтөрүп келатабыз. Мыйзам боюнча ар бир беш жылда мугалимдер кесиптик деңгээлин көтөрүп туруусу зарыл. Биз муну анализдеп көрдүк, мугалимдерди Бишкекке алып келип адистик чеберчилигин көтөрүү көп каражатты талап кылат экен, ошондуктан ар бир облустарда борборлорун түзүү чечимине келгенбиз. Бул жылы Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарында методикалык борборлорду ачтык. Биз буга сыймыктанабыз. Ал эми Ош, Ысык-Көл облусунда мугалимдердин адистигин көтөрүү институттары бар. А Чүй облусу Кыргыз билим берүү академиясына карайт. Биз Азия өнүктүрүү банкынын каржылоо жардамы менен ар бир методикалык борборлорго жана мугалимдердин адистигин көтөрүү институттарына бир компьютердик, бир лингвистикалык класс ачып, эмеректерди жеткирип, айлык акыларын кайдан алыш булактарын да көрсөтүп бердик. Бүгүндөн баштап ЮСАИД менен "Сапаттуу билим" долбоорун баштадык. Долбоор боюнча үч айдан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бири-бирибизди ынандырып жатып келишим түзгөнүбүздү айтып коёюн. Ички методикалык ишти Кыргыз билим берүү академиясы, министрлик алып барса, методикалык жолдомолорду, дарстарды, китепчелерди даярдоо, мугалимдерге жардам берчү жаңы инновациялык методдорду окутуу, окуучуларды тарбиялоо, жаңы ыкмаларды табуу ж.б. баарын Кыргыз билим берүү академиясы жана "Сапатуу билим" долбоору аркылуу киргизели деп жатабыз. Өзүңүздөр билесиздер, донорлорду ынандыруу зор иш, мында жогорку кесипкөйлүк чеберчилик да чоң ролду ойнойт. Муну менен биз билим берүү системасына бир чоң жаңылык киргизебиз деп ойлойбуз.
- Президент мугалимдердин күнүндө сүйлөгөн сөзүндө министрликке бир катар олуттуу тапшырмаларды берди. Анын бири мугалимдердин жаңы
муунун тарбиялоо. Бул тапшырманы канча мөөнөттө ишке ашыра аласыздар?
- Туура айттыңыз, мамлекет башчыбыз мугалимдердин жаңы муунун тарбиялоо керектигин баса белгилеп: "Окуу жайларды педагогикалык тармакка буруш керек", - деп министрликке тапшырма берди. Биз бул тапшырманы ушул окуу жылынын ичинде ишке ашырабыз. Үч айдын ичинде педагогикалык ыкмалардын же болбосо педагогикалык кадр маселесин чечүүнүн жаңы концепциясын карап чыгып, кабыл алдык. Азыр биринчи кадамыбызды педагогикалык адистиктерди даярдаган окуу жайларда методикалык, инновациялык кафедраларды ачуудан баштоону Коллегияда карап чечтик. Себеби, мугалимдерди жакшылап такшалдырып чыгарган кафедралар жоюлуп кеткен. Мына ошондуктан, жаш мугалимдер мектепке барганда кыйналып жатышат. Методика - бул чоң илим. Аны иштеп чыгуу Кыргыз билим берүү академиясына тапшырылды. Жакында, жогорку окуу жайларына да методикалык жардам берилет. Кечээ эле Еднет коому менен биргелешип журнал чыгарууга кол койдук. Эми мугалимдерге методикалык жолдомолор даярдалат. Ошондой эле педагогикалык ЖОЖду түзүү
боюнча тапшырма берилди.
Дагы бир нерсе, 1957-жылдагы кыргыз орфографиясын кайра өнүктүрүп жатпайбызбы. Ушул боюнча жолдомолорду даярдап, ар бир мектепке таратып бердик. Учурдан пайдаланып, "Кыргыз Туусу" гезитине өзгөчө ыраазычылык билдирип кетейин. Анткени, кыргыз орфографиясынын бузулуп жатканы жөнүндө, ошондой эле кыргыз тилине одоно нерселерди киргизүүгө каршы курч макалаларды жарыялады. "Кутбилимде" дагы көптөгөн мугалимдердин бул боюнча ойлору кеңири жарыяланган эле. Акыркы жылдарда кабыл алынган орфография маалыматтык-технологияга да терс таасир тийгизди. Мугалимдер да кайсы орфографияны колдонгонду билишпей кыйналып келишти. Кыргыз тилинде электрондук китептерди жазабыз дегендер дагы бул маселеге келгенде такалып калышты. Эми чекит коюлуп, өзүбүз көнгөн, улуу окумуштууларыбыз иштеп чыккан орфо-графиябызга кайрылып келдик.
- Кылычын алып кыш келатат. Алдыдагы кыш өтө суук болору жайдан баштап эле айтылган эле. Ушундан улам кышында окуучулар узак каникулга тарарын жарыя кылдыңыздар. Көпчүлүк ата-энелер балдарыбыз окуудан өксүп калбайбы деп тынчсызданып жатышат? Мектептердин кышка даярдыгы кандай?
- Окуучулардын узартылган каникулу электр менен жылытылган 810 мектепке гана тийиштүү. Калган мектептерде мурдагыдай эле калыпка салынган тартипте окуу процесси жүргүзүлөт. Кечээ бүт республика боюнча өзүбүздүн кадрларыбызга, адистерибизге мектептердин кышка даярдыгын дагы бир ирээт карап чыгууну тапшырдык. Мен "Кыргыз Туусу" гезити аркылуу балдарыбыз кыштан үшүбөй чыгышы үчүн балдары мектепте окушкан ата-энелерден, мугалимдерден мектептерди жылуулоо, эшик-терезелердин жыртык-тешиктерин бүтөө иштерине жардам берүүсүн өтүнөт элем. Биздин алдыбызга койгон максатыбыз кышында балдарыбызды үшүтпөө, оорутуп албоо, экинчиден, окуу планын өз убагында аткаруу деген чоң милдети турат. Буга бардыгыбыз чоң зор жоопкерчилик менен мамиле жасашыбыз керек. Мектептердин кышка ташкөмүр алуусуна каржы министрлигинен каражат бөлүнгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул маселеге өтө чоң жоопкерчилик менен карап, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде аткарышы керек.
- Аз эле күн мурун республикабызда мугалимдердин күнү белгиленди. Билимин, эмгегин балдарга билим берүүгө жумшап жатышкан агай-эжейлерге кандай каалоо-тилегиңиз бар?
- Мугалимдерге өзгөчө көңүл буруу, аларга жардам берүү, иштөөлөрүнө, шарт түзүү - коомдун максаты. Анткени алар жалпы элибиздин балдарын окутуп жатышат. Ошондуктан, мугалимдерге өзгөчө аяр, сый-урмат менен мамиле жасашыбыз керек. Эгер мугалимдерибиз болбосо кыргыз эли билимдүү, маданияттуу болот беле? Билим берүү системасында 90 миңге жакын мугалим, окутуучуларыбыз, адистерибиз эмгектенишет. Албетте, арасында беш кол тең эмес дегендей "тентектери" бардыр, бирок бардык мугалимдерди жаманатты кылуу, "бир тентек" үчүн бүтүндөй билим берүү системасын сындоо туура эмес. Сөзүмдүн аягында бүткүл күчүн жаш муундарга татыктуу билим берүүгө жумшап жатышкан мугалимдерге ден соолук, бардык жакшылыктарды, элибизге ынтымак, ырыс, мамлекетибизге өнүгүп-өсүүнү каалап кетем.
Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"