, 17.10.08 - 10-бет: •

Кыргыз Республикасынын
Улуттук расмий төл гезити

№78, 17.10.08-ж.
  Сандан-санга

Улуулардын нускоосу
Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ
Өмүр сабагы
РЕДАКЦИЯДАН: СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги, эл жазуучусу, Баатыры Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ элибизге эң көп бай мурасты - аңгеме, повесть, романдарды калтырды. Анын адамкерчилиги, чынчылдыгы жана жазуучулук чеберчилиги окурмандарга жана кийинки муунга дайыма өрнөк. Т.Сыдыкбековдун Совет доорундагы элибиздин тарыхына, рухий дүйнөсүнө, тилине, салтына, келечегине күйүп жазган каттары, публицистикалары жана атуулдук эрдиги эч качан унутулбайт деп ойлойбуз. Түкөбүз өзүнө сын көз менен караган, улуттук духта, салтта жана акылмандыкта тарбияланган киши эле. Жазуучунун мезгил, турмуш, элге карата жана жеке адамдын рух дүйнөсү, тарбиясы жөнүндө айрым ой жүгүртүүлөрүн окурмандарга сунуш кылабыз.

Тек бири төрөлөт, бири өчөт. Өмүр сапары жашарат. Жаңырат. Уланат. Ар бир жандуунун көрөр күнү, татаар ырыскысы бар. Көтөрөр азабы да, көрөр жыргалы да өз өзүнө арналуу.
Ошол жандуунун бири мен: үч ай, он тогуз күндөн кийин алтымыш алты жашка толомун. Динчил адам мындан үч жыл мурда жарыкчылыктан аша кечмек. Себеби, анын ишеними ошо - алтымыш үч - пайгамбар жашынан кийин бул "жалган дүйнөдө" жашоого болбойт. Эми тигил чын дүйнөгө сапар тартамын" деп ишенмек.
Мен үчүн бир гана ушул жарык дүйнөдө жашап өтүү бар. Мен ага өкүнөм да, кубанам да. Өкүнгөнүм - бир гана жолу жашаганым. Кубанганым - ушул бир жолку жашоону текке өткөрбөй адамча ойлонуп, адамча түйшүктөнүп күн көргөнүм.
Күн көрүү - таалай, жыргал, өмүр. Адам өз өмүрүн текке өткөрүшкө эч акысы жок. Мен да адамдан төрөлдүм. Тогуз уул, сегиз кыздын кенжесимин. Кенже эрке өсөт дешет. Мен эркелебей калдым.
Ё Ё Ё
... Ар адам бу жарык дүйнөгө өз энчисиндегини башынан өткөргөндөй эле ар бир калк өзүнө энчилүү өмүрлөрдү башынан кечирет тура.
Ё Ё Ё
Көрсө, ар бир кишинин өз дүнүйөсү өзү менен кошо төрөлөт тура. Кем-кетиги, акыл-эси, мүнөзү, кишинин өз сапаты, өз касиети - баары өзү менен кошо төрөлөрүн мен өзүмдөн да, башка кишилерден да байкадым. Жеке эле кишиде эмес, деле жаныбардын ар биринде өз мүнөзү, өз дүнүйөсү болорун мен эч "жок" дебеймин.
Эң кызык жагдай: киши ошо өз дүнүйөсүнүн эркинде камыр-жумур болуп, күл-ала болуп тиричилик этип, андан үзүр-береке таап, кыйноо тартып жүрүп, акырында ошо өз дүнүйөсү кандай экенин билбей кетет тура.
Ё Ё Ё
Деги киши өзүн жакшыраак билиш үчүн ал өзүн-өзү жат көз менен көрсө, жат сезим менен сезсе, өзүн талдап сынай билсе, анда киши өзүндөгү кем-кетикти аздыр-көптүр баамдар беле? Албетте, анда ал өзүн-өзү тарбиялай билери чын дечи. Кишидеги кем-кетикти, оң-терс мүнөздү чоочун көз тезирээк байкайт. Бирок, ушул өзүн-өзү жат көз менен талдоо, сындоо, акыйкаттоо ар бир кишинин өзү менен кошо төрөлгөн сапаты болсо да, ал анча өнүкпөй, сезим түпкүрүндө катылып жатабы? Таң. Балким аны ачпай, атайы катып турган сезим бардыр. Неси болсо да, асыл касиеттер таруудай чачылбайт дечи.
Ё Ё Ё
"Ак мөңгүлүү Улуу-Тоо, Ала-Тоодо ат ойнотуп, мал асыраган журт элек. Ат көтөргүс алп да, акыл кошор билги ада. Ушинтип өздү өз конуштан сүргөн шумурай бийлик чыкты го..." - деген кейишти мен кийин эс тартканда далай эшиттим. Ошо өткөндү кеп салган кишилер китеп бетинде жазылган окуяны жатка окугандай саймедирешкенде тээ эзелкиден берки журт башынан кечирген өмүр-баянды өздөрү көзү көргөндөй сүйлөшчү.
Чынында эле көзү көргөндөй. Анын себеби, өз өмүрүн жатка айтып, жедеп таалим алган сөз ээси - санжырачылар, кепкор-сөзмөр кишилер кадимки жазуучу сүрөттөгөн жазмадагыдай элестете айтуу, болгонду-болгондой төкпөй-чачпай так айтуу - ошо жаш өмүрдө жедеп сөөккө сиңип келген сапат экенин мен ушул жашыма чейин иликтеп ынандым. Баш ийдим.
Ё Ё Ё
Улуу нарк - эзелкиден бабалар сыйлаган нарк экенин мен көп
кийин: китеп окуп, журтумдун
байыркыдан берки басып келаткан жолунан маалымат алганымда, Күлчүр, Күл Тегин, Тонукөк
(тонюкөк), Эл Тууган сыяктуу бабалардын мүрзөсүнө таш-эстеликтерде: "...шумкар болуп учту... айрылдым..." деген сыяктуу кошок сөздөрү дал биздин күндөргө чейин өзгөрүлбөй айтылып келатканына таң калдым. Сыймыктандым.
Ё Ё Ё
Үркүн! Үркүн! Мен башта: "акын", "ыр" деген кепти уксам уккандырмын. Ал жадымда жок. Үркүн көчү сүрүлүп, дал ошо көчкө карай замбирек атылып, биздин көчкө жакын апайда анын тобу жарылып, чаң асманга көтөрүлгөндө дал ошо уюган чаң туманына карай жээрде атчан чаап бараткан Ысмайыл да, анын акын экендиги да, ошо күндөн менин көз алдымда, жадымда. Акын киши - тайманбас болору, ал коркунучту өз көзү менен көрүш үчүн, жадаса замбиректин тобу жарылган жерге өзү чаап барары, аны ырга кошору дал ошол күндөн менин көңүлүмдө. Ал тек бир болгон окуя катары сакталбастан: дүнүйөдөгү эң кызык жана жооптуу окуя, зор жана асыл нерсе болуп ошондон бери дилимде калды.
Ё Ё Ё
Көчмөн журттун өмүрү кезинде байчечекейдей жайнап, жайнап туруп эле бир керимсел жел тийсе, дал ошол байчечекейдей эле бир заматта соолуп, тарпы чыгарын кийин мен ошондон улам байкадым.
Ё Ё Ё
Тигил илкиген киши укмуш эрдикти ырдап коюп келе берди. Ырдап десе эле кубулжуган сонун үн бийик обон улаган ыр дебеңиздер. Кандайдыр бир сырдуу, армандуу, анан туңгуюкта ташкындап жаткан өзүнчө күчтүү таасири бар ыр. Кийинки өмүрүмдө мен ал сыяктуу ырды эч бир ырчыдан эшиткеним жок. Жаагын жаныган эчен акындар, эчен-эчен эл ырчылары да андай таасири күчтүү, сыры тереңде күңгүрөнгөн ырды ырдай элек.
Ал - ачка кубат, армандууга күч берген укмуш ыр болучу. Ал, акылманы, алпы, баатыры көп, эч жоодон тайманбас күчтүү журтту даңктаган ыр болучу. Кишилери ат үстүндө төрөлүп, ат үстүндө эр жетип; бардыкка периште-балача ишенип жамандыкка барбас, оорго чыдамдуу, ач өлөрүндө алакан жайып тилемчилик этпес, киши ырысына сук артпай, өз ырысын өз жолунан таткан момундуктун ыры болучу.
Ё Ё Ё
Тилек көп учурда орундалбайт тура. Аза күүсү сөөк сыздатканда менин дүнүйөм эки эсе сыздады. "Неге ушул жакшы адам менен алда-нече жолугушуп мурда пикирдешпедим. Мен улгайыңкы, бул жаш. Экөөбүздүн ошо жаш-карылыгыбыздын өзүндө кыйла кымбат сырлар, ой-пикирлер жатпайбы. Жаш адам карынын дүйнөсүнө сиңишүү, кары-жаштын дүнүйөсүн баамдоо кишилердеги деле кол жеткис сапат тура.

(Уландысы бар)
Даярдаган Кеңеш ЖУСУПОВ




  Сандан-санга

Эсен болуп, эстей жүр
Жуман АКИМАЛИЕВ:
Мен билген залкарлар
(Башталышы гезиттин
№77 санында)
Хрущев кимди ачкадан өлтүрүп коё жаздаган?
- Мен Чолпон-Атада иштеп жүргөн мезгилде, Кыргызстан КП БКнын идеология боюнча катчысы Мураталиев Бейшенбек Тоголокович эле. Ал философия илимдеринин кандидаты болучу. Бир күнү өкмөттүк эс алуу үйүнө чакырганынан барсам, Москвадан Поспелов деген адам келген экен. Поспелов илгерки заманда КПСС БКнын катчысы болуп, Поскребышевден кийин И.В.Сталиндин жардамчысы да болуп жүрүптүр.
Кичине башым ооруйт дегенинен, жүрөгүн тыңшап, кан басымын өлчөп көрсөм, ден соолугу жакшы эле экен. Чоочубаңыз деп сүйлөшүп отуруп, тынчтанды-руучу дары бердим. Жүрөгүнө да жардам берүүчү дары алды.
Жайма-жай сүйлөшүп отурганда, сурап калдым: жүрөгүңүз көлгө түшкөндөн улам оорудубу же басып баратып мүдүрүлүп кеткенден улам оорудубу, же башка бир себептен улам болдубу деп. Ошондо ал киши: жүрөгүмдүн айынан жалкып калган жайым бар эле, чуңкурду басып кетип коркуп калдым көрүнөт деп айтты. Ушундан кийин, баары жайында экен деп, өзүбүзчө сөзгө кирип, Бейшенбек Тоголокович экөөбүзгө КПСС БКда кандайча иштегенин, кимдер менен иштегенин кызыктуу кылып сүйлөп берди.
Сталинди аябай мактады. Жетекчилик ролун, акылдуулугун, көрөгөчтүгүн айтып, анын өлөөр жылындагы өзү жардамчысы катары күбө болгон айрым окуяларга токтолду. Ошондо ал илимдин доктору экен, Сталин аны СССР Илимдер Академиясынын академиктигине шайлатып кетиптир.
Кийинчерээк Хрущёвдун куугунтугуна кабылат. Кызматсыз калат. Эгерде академиктик айлыгым болбогондо ачкадан өлүп калмак экемин деп жатпайбы.
Анан Хрущёв бийликтен кеткенден кийин бул кишини кайра кызматка чакырышып, "Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын тарыхы" аттуу эки чоң томдук китепке башкы редактор кылып бекитишкен экен. Кыргызстанга ушул жооптуу кызматында иштеп турганда келиптир.
Буйрук экен, Чолпон-Атада ушинтип Сталиндин жардамчысынын жүрөгүн текшерип калдым.

Муратбек Рыскулов неге ыйлаган?
- Эл артисти Арсен Өмүралиев Бурятияга барып, будда кечилинин ролун аткарган. Ошол жактан экинчи аялына үйлөнүп келип жатпайбы. Атактуу экономист, профессор Рыскулбековдун кесиби врач кызы анын биринчи аялы болучу. Баарыбыз жакшы тааныш элек.
Кийинки аялына үйлөнгөндөн кийин, көлгө апкелди. Жолдошторунан: Мукан Сулайманов - курорт-соода уюмунун директору, мен - "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясынын башкы врачы, Азат Коңурбаев - биостанциянын директору болуп иштеп жүргөнбүз. Арсендин келинчегин Чолпон-Атадан көрдүк. Өз-өз үйлөрүбүзгө коноктоп, тааныштык.
Арсен бир күнү Балыкчыда той өткөрүп калды. Биз жардам бердик.
Ошондо СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов байбичеси Сабира Күмүшалиева эже менен, Абдыашым Көбөгөнов, С.Балкыбекова, дагы ушундай көлдө эс алып жатышкан атактуу артисттер бир автобуска отуруп, Балыкчыга чогуу жөнөдүк. Кезегинде, Арсен А.Грибоедовдун "Акылдан азап" деген драмасындагы Чацкийдин ролуна даярданып, биздин үйдө да бир топ жүрүп калган учуру болгон.
Ошентип, Балыкчыга келдик. Той жакшы өттү. Анан, кайра Чолпон-Атага келе жатканда, Аскат Абдылдаев деген жолдошубуз "Отеллодон" монологдорду айтчу эле, ошол эсибизге түшүп эле, кызып алган жолдоштор ичинде кызык окуя болуп кетти. Жанагы Азат Коңурбаев сөз баштап:
- Муратбек Рыскулович, "Отеллодон" монолог айтып бербейсизби, биздин Аскат деген досубуз ушундай монологду жакшы айтат, - деп атактуу артистке кайрылып калбаспы.
Биз да дуулдап жибердик. Кайран Мукебиз биздин андай "коштообузду" көрүп алып, тимеле ыйлап жибербеспи. Таң калганыбыз ушул болду. "Айланайын, балдар, - деди, - кыргыздын гүлү, кыргыздын атагын чыгарчу силер искусствону ушундай бааласаңар, анда эмне болобуз, ыя?"
Ошол жерден баарыбыз не кылаарды билбей, селейип эле калдык. Автобусту токтоттук. Аксакалдарды баш кылып сыртка чыктык. Абдыашым Көбөгөнович Мукеге: "эми кечирип кой, балдарды" деп жатат. Жол боюнда кайрадан тост көтөрүп, залкар артисттен кечирим сурап, сапарыбызды андан ары улап жатпайбызбы.
Анда жаш кез, көпкөлөң кез турбайбы, көрсө. Жолдо баратып жеңил-желпи эле монолог аткарта коёлу десек, Муратбек Рыскулович искусство деген кандай бийик нерсе экенин ушунчалык таза адамдык ишеними менен туюндуруп, баарыбызды уят кылып, унутулгус, жакшы сабак берип койгон.
Айтмакчы, Арсендин келинчегинин аты буряттардын тилинде Цык-Цык экен. Чолпон-Атадан биз аны Айгүл деп которуп койгонбуз. Фамилиясы болсо - Өмүралиева.
Мен театрды мурда эле жакшы көрчү элем. Алиги искусствонун бийик чоку экенин дагы бир жолу туюндурган окуядан кийин, көркөм өнөрдүн бул тармагын ого бетер жакшы көрүп калгам.