, 14.10.08 - 9-бет: №77, 14.10.08-ж.
  Тарыхы бай элдин тарых музейи эмнеге жарды?

Жеңишбек ЧЫНАЕВ:
"Тарых музейи мамлекеттин жүзү жана намысы"
Кыргызстандын улуттук сыймыгы болгон, тарыхты бардык элге элестүү тааныттырган, четтен келген конокторубузга сыймыктанып көргөзөөр байлыгыбыз - бул тарых музейибиз. Бирок, тарых музейи бүгүнкү күндө көргөн адам ыйлай турган абалда. Анда иштеген кызматкерлердин маянасы эки миң сомго жетер-жетпес. Имараты тарых музейине ылайыксыз. Музейдин ушундай аянычтуу абалы жана андан чыгуунун жолдору тууралуу аталган музейдин директору Жеңишбек Чынаевди сөзгө тарттык.

- Жеңишбек Чынаевич, "Манас ордо" улуттук комплексинде бир топ жыл директор, Талас мамлекеттик педагогикалык институтунда ректор жана Талас облустук билим берүү башкармасында жетекчи болуп, айрыкча маданият, билим берүү тармагында жемиштүү эмгектенип келгениңиз тууралуу кабарыбыз бар. Үч-төрт ай мурда өлкөбүздүн борбордук баш музейи, Кыргыз мамлекетинин жүзү болгон тарых музейине директор болуп дайындалдыңыз. Менимче, ыйык мекемени кыйын кезеңде, оор кырдаалда алдыңыз көрүнөт. Биз билгенден бул жерде көңүл бурдуртчу көп маселелер топтолуп калса керек.
- Мамлекеттик тарых музейине директор болуп дайындалганыма төрт айдан ашып кетти. Чын эле бул музей жөнүндө пикирим өтө бийик болчу. Минтип ойлогонум, мыйзам ченемдүү эле нерсе, анткени өлкөбүздөгү музейлердин төл башы, 80 жылдан ашык тажрыйбасы бар, арты 6-7, алды 25-30 жылдан бери иштеп келатышкан потенциалы күчтүү илимий кызматкерлерден турган касиеттүү жайга, чет элдик музейлер менен карым катнашы калыптанып калган, музейлердин флагманы, таанымал илимий мекеменин дарегине кескин баа берүү менин максатым эмес. Тилекке каршы, музейде проблемалар, олуттуу кемчиликтер, жогорку деңгээлдеги жетекчилерден чечүүнү тез арада талап кылган оор жагдайлар көп жылдардан бери топтолуп калганын директор катары жашырууга болбос.
- Жеңишбек Чынаевич, маданий мекемелердеги, айрыкча музейлердеги, чоң проблема материалдык техникалык базанын начардыгы жана жаш кадрлардын жетишпей жаткандыгы эмеспи.
- Туура айтасыз, материалдык - техникалык база Тарых музейинде өтө начар абалда. Бир топ өлкөлөр атайын программа кабыл алып, "Электрондук өкмөткө" өтүп, акыркы муундагы компьютерлер, оргтехниканын көптөгөн зарыл түрлөрү менен камсыз кылып, кызматкерлердин ишин алда канча жеңилдетип жатышат. Бүгүнкү талап ушундай. Бизде жаңы компьютерлер жокко эсе. "Pentium 4" моделиндиге компьютерден өз акчабызга бирди жакында сатып алдык. Ырас, колдо болгон бирин-экин компьютерлер өтө эскиргенден, көп жыл пайдалангандан улам иштебей турат. Эмеректерибиз эскирип бүттү, жетишпейт. Кай жагын караба, кемчилик. Айта берсе арман көп дегендей, сөз түгөнчүдөй эмес.
Эми кадрлар жөнүндө. Угуп да, аралашып да жүрөм, бажы, салык, укук коргоо жана мамлекеттик кызматтарга конкурс аркылуу тандалып алынат. Каалоочулар арбын. Бизде болсо керектүү адисти күндүз чырак менен издеп жүрүп таппайбыз! Кызыгы, наристелердин: "Президент болом", "Прокурор болом", "Бажы кызматкери болом" дегендери күн санап көбөйүп, "Музей кызматкери" болчуларды ушул жашка келгени укпадым. Албетте, өтө өкүнүчтүү! Эми мунун себептери баарыбызга белгилүү, нары түшүнүктүү. Музей кызматкеринин кесип катары кадыр - баркына, таасирине, зарылдыгына мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнбөй, алда качан эле унутулуп калгандай. Ага далил катары музей кызматкеринин орточо айлыгы 1800 сомду түзүп, республикадагы бүтүндөй бюджет кызматкерлеринин ичинен эң арткы орунда турса, маданият тармагында иштегендердин арасында да эң эле төмөн айлык музейдегилердики. Кызыгың кургурдуку, музейлердин ичинен дагы айлыктын төмөнү баш музей, тарых музейдики, ишенесизби? Бул ойлоно турган, ыкчам чече турган өтө түйүндүү маселе. Салыштырыңыз, шаардагы көчө шыпырган адам айына 6 миң сом алат! Жакында мамлекеттик кызматка кирбеген, бирок мамлекеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысы Өкмөттүн токтому менен 70%га чейин жогорулады. "Какаганга муштаган" болуп, музей кызматкерлерине бул токтомдун тийиштиги жок экен дешти. Караңыз, 1800 сомдун тегерегинде айлык алган музей илимий кызматкеринин деңгээлин, келечегин, жоопкерчилигин жана асман чапчыган баалардын кымбатчылыгында, жашоо-тиричилигин ойлоп көрүңүз. Ал эми музей кызматкерлерин кайсы жогорку окуу жайынан даярдайт, алардын кесиптик чеберчилигин качан, кайсы жерде кайрадан окутат, билимин өркүндөтөт, жооп берген адам жок. Деги өзү кызматкерге шарт түзүп, камкордукка алып, анан катуу талап койсок адилеттүү болот эле. Жашырбай айтайын, республиканын бардык музейлеринде кадр саясаты ушундай аянычтуу абалда.
- 2008-жылдын 29-январындагы № 31-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жаңы экспозицияларды түзүү жөнүндө" токтому ишке ашып жатабы?
- Тарых музейинин жаралганына 83 жыл болду. Музей 1925-жылы 9-декабрда негизделген. Азыркы имарат 1984-жылы пайдаланууга берилген, демек 24 жыл болду. Имараттын үстү жабылганы болбосо, тарых музейи бир да жолу капиталдык эмес, кезектеги косметикалык ремонттон дагы өткөрүлбөгөнү аза боюңду тик тургузат, таң каласың. Токтомдун негизинде өзөктүү жумуштар 2008-жылдан баштап, 2010-жылдын этегине чейин 3 этап менен турмушка ашмак.
Биринчи этапта имараттын капиталдык ремонту жана музей экспозицияларын илимий-көркөм жасалгалоо үчүн республикалык сынакты жарыялоо. Бул максаттарды ишке ашырууга "Кыргызгипрострой" институтунун адистери түзгөн сметалардын негизинде 18 млн. 170 миң сом зарыл болчу. Ток этер жерин айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде 2008-жылга пландаштырылган имараттын капиталдык ремонту талап кылынган 18 млн.сомдун көлөмүндө аткарылбай калды. Бирок кеч болсо да Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Маданият жана маалымат министри Раев Султан Акимовичтин жардамы аркылуу финансы министрлигинин алдындагы "Кедейчиликти кыскартуу борборунан" 3 млн. сом бөлүндү. Мындайча айтканда, муз жарылды. Тендерден уткан "Ариэт - Д" фирмасы ремонт жумуштарын баштаган.
- Жеңишбек Чынаевич, 2008-жылга белгиленген 18 млн.170 миң сом каражаттан 3 млн. сом жыл бүтөөрүнө 3-4 ай калганда бөлүнгөн экен, буга да каниет кылалы. 2009-жыл босогодо турат, азыр бюджеттин долбоору Өкмөттө, Жогорку Кеңеште кызуу талкууда, талаш-тартышта болуш керек. Тарых музейине сметага ылайык каражат жаңы бюджет долбоорунда каралганбы?
- Маселенин төркүнү дал ушунда. Апрель, май айларынан бери Маданият жана маалымат министрлигине, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке 2009-жылдын бюджет долбооруна киргизүү максатында атайын кат менен кайрылып, көпчүлүгүнө кирип, көзмө - көз маектешип, тарых музейдеги оор абалды түшүндүрүүгө, далилдөөгө жетиштик. Тилекке каршы, жакында Өкмөттүн 2009-жылга түзүлгөн бюджеттик долбоору бекилип, кайра эле тарых музейи кирбей калыптыр. Аракетибиз ай-талаада калгандай бозоруп калдык. Түзүн айтсак, Өкмөт өзүнүн токтомун өзү унутуп калгандай. Эми кайрадан "азап марафону" башталып, тынымсыз жүгүрүп жүрөбүз. Түпкү максатыбыз бирөө эле - музейдин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп алуу, себеби музей имараты быйылкы кышта ремонтсуз калса, анда эле көргүлүктү көрөбүз. Имарат 10-15 см.чөгүп, айрым жерлеринен жарака кете баштады. От жагуу системасы, сантехникалык жана канализация жагы пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткен соң, өтө эле оор абалда калып, трубалар чирип, керектен чыгып жатат. Машина залындагы 40 агрегаттын 10у гана иштөөдө, вентиляция, кондиционерлер техникалык жактан да, моралдык жактан да эскирип бүткөн. Бардык ишеничибиз элдин өкүлү депутаттарда калды. Бир жакшы жери Өкмөттүн да, Жогорку Кеңештин да терезелеринен тарых музейи алаканга салгандай даана көрүнүп турганы ишенич жаратып турат.
- Өткөндө Жогорку Кеңештин депутаты Курманов Зайнидин телевидениеден орундуу мисал келтирди. Ал Мамлекеттик тарых музейи алыскы Чаткал же Алайда эмес Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Финансы жана Маданият министрликтеринин дал ортосунда жайгашканын, Ала-Тоо аянтына көрк берип турган музей имараты ичинен ирип баратканын, ага көзөмөл, олуттуу жардам, камкордук болбой жатканын катуу эле эскертти. Бу деген кеч болсо да элге кагылган ачык коңгуроо! Ага чейин Жунусов Ибрагим музейге өзү келип, толук таанышып чыгып, оор жагдайды депутаттардын пленардык жыйынында айтып бергенин билебиз. Сиз айтсаңыз, мына ушундай жагдайлардан кийин Министрликтин жардамы болдубу?
- Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Парламент чын дитинен кийлигишкенде жардам болоруна көзүм жетет. Айтпадымбы, Ибрагим Кожоназаровичтин чоң эле колдоосу тийди деп. Бардыгынын ысмын атаганым жок, депуттар ага муктаж деле эмес. Ал эми өзүбүздүн министрлик жөнүндө эки ооз сөз . Мен улуу кишимин, калыстыгымды айтпасам улуулугум кайсы. Султан Акимович келгени министрлик башын көтөрдү. Көп иштер аткарылды. Маданият кызматкерлеринде ишеним, үмүт пайда болду. Министр адамгерчиликтүү, жөнөкөй жана бардыгын байкаган, сезген жетекчи экен. Өтө сабырдуу, ыйманы толук экенине ынандым. Албетте, Москва деле бир күндө курулган эмес. Музей кызматкерлеринин айлында да буюрса той болор, себеби Султан Акимович тарых музейи боюнча атайын жакшы бир амбициялык программа түзүп, ишти көтөрөлү, музейге приоритеттүү мамиле кылалы деген ниетте турат. Өзү бир нече жолу келип, ишибиз, ахвалыбыз менен жакындан таанышкан. Ал эми Өкмөттүн токтому боюнча мындан ары зарыл аракеттерди көрөрүнө кымындай деле шегим жок. Билесизби, жайнаган чабал, алсыраган маданий мекемелер министрликтен алакан жайып, жардам сурап турат. Министрдин да колу жетпеген иштер бар, туурабы?
- Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эгер эл өкүлдөрүнүн жардамы тийип, зарыл каражат бөлүнүп, ишиңер илгерилесе кандай максаттар турат?
- В.И.Ленинге арналган скульптуралык композицияны, бет маңдайдагы жол башчыга арналган негизги постаментти, дубалдагы барьелефтерди, роспистерди бүлүндүрбөй алып чыгуу маселеси бышып жетилди. Адистер менен алдын ала сүйлөшүлдү. Ленин темасын камтыган 4-кабаттагы бардык музей байлыктарыбызды Жогорку Кеңештин алдындагы биринчи революционердин борбордук эстелигинин тегерегине атайын архитектуралык долбоор түзүп, жогорку көркөмдүк жана чыгармачылык менен жайгаштырса, ажайып кооздукка айланып, коммунисттер да, эл да ыраазы болмок. Ошондой эле маданият жана маалымат министрлигинин маңдайында кыргыз улутунан чыккан советтик - партиялык коммунист жетекчилердин эстелик - бюсттары турат. Айтайын дегеним, дүйнөлүк пролетариаттын улуу генийине арналган болочок чакан комплекс жана эмгеги элге сиңген советтик - партиялык коммунист жетекчилердин тарыхый эстеликтери бир бүтүндүккө айланып, бир композиция түзүлүп, калкыбызга далай жыл кызмат кылмак. Бул комплекс тарых музейи тарабынан камкордукка жана көзөмөлгө алынып, ачык асман астындагы баалуу музейге айланып, кыргыз тарыхынын урунттуу учурлары катары биздин илимий кызматкерлер, экскурсоводдор тарабынан пландуу тейлөөгө алынмак. Албетте, бул сунуштун деңгээлиндеги сөз. Буга Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин жактыруусу, колдоосу зарыл. Ал эми имараттын ичин кыргыз тарыхына ылайыкташтырып, улуттук колоритке келтирип, кайрадан реконструкция жасоо. Бу дагы узак кеп, кези келгенде айтарбыз.
- Эми сизден ток этер нерсени сурайын, так жооп берсеңиз. Азыркы тарыхый буюмдар, экспозиция тарых музейинин талабына толук жооп бербейт. Карт тарыхыбыз бар деп мактанабыз, бирок жарды экспозиция аны толук чагылдырбайт. Бүгүнкү күндүн талабына жооп берген көргөзмө болобу? Болсо ал кандай болмокчу?
- Кыргыздардын таш доорунан баштап, бүгүнкү эгемен Кыргызстанга чейинки басып өткөн жолун, тарыхын камтыган илимий концепция түзүлгөн. Ал республикабызга аттын кашкасындай таанымал мыкты окумуштуу тарыхчылар менен 2-3 ирет кең-кесири талкууга алынды жана жыйынтыкталды.