, 14.10.08 - 7-бет: №77, 14.10.08-ж.
  Учурда электр энергиясын үнөмдөө
16,719 млн. кВт саатты түздү

Эл аралык маанидеги иш-чараларда жетишилген макулдашуулар аткарылышы керек
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысы Медет Садыркулов башында турган КРнын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ошондой эле КРнын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу да катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы Бишкекте болуп өткөн эл аралык маанидеги саясый иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, Россия Федера-циясынын Президенти Дмитрий Медведевдин жана Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукащенконун расмий сапарларынын, КМШ менен ЕврАзЭСтин саммиттеринин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушууларынын уюштуруу деңгээли жакшы болгондугун жана аларда кабыл алынган макулдашуулардын орду аталган иш-чаранын катышуучуларынын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө зор мааниге ээ боло тургандыгын белгиледи. "Бул - бир эле менин берген баам эмес. Саммиттердин, ошондой эле расмий сапарлардын уюштурулушун жана анда кабыл алынган макулдашуулардын маанисин КМШ жана ЕврАзЭСтин мүчөлөрү болгон бардык өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жогору баалашты", - деди К. Бакиев. Аталган иш-чараларды өткөрүүгө жана даярдоого түздөн-түз катышкан КРнын Президентинин Администрациясынын, Өкмөттүн аппаратынын, ТИМдин, ИИМдин, УККМнын, МККнын, Мамлекеттик протоколдун жана башка структуралардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Президент ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевдин расмий биринчи сапарынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырууга тез арада киришүүгө тапшырма берди. Биринчи орунда аткарууга тийиш болгон милдет катары мамлекет башчысы, Кыргызстандын ишканаларын колдоо максатындагы Кыргыз-оруссиялык Инвестициялык фондду түзүү процессин, мунайгаз тармагындагы кызматташтыкты, "Дастан" ААКсынын базасында биргелешкен ишкана түзүүнү, россиялык "Ренова" компаниясынын Кара-Балта тоо кен ишканасы менен башталган кызматташтыгына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү, Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушунда Россиянын катышуусун атады.
Мамлекет башчысы, Кыргыз Республикасынын КМШдагы биринчи төрагалыгы КМШнын мамлекет башчылары тарабынан ийгиликтүү болду деп айтылгандыгын белгиледи. Учурда 10 иш-чара өткөрүлуп, КМШнын 2020-жылга чейинки өнүгүү Стратегиясы кабыл алынган.
Президент КМШнын Бишкек саммити Шериктештиктин тарыхындагы бурулуш учур болгондугун айтып, себеби ушул Бишкек саммитинде КМШнын келечеги жөнүндөгү талаштарга чекит коюлгандыгын белгиледи. Шериктештикке катышкан бардык мамлекеттердин лидерлери пайдалуу байланыштарды бекемдөөгө бирдей умтулгандыгын баса белгиледи. Кызматташтыкты конкреттештирүүгө көңүл бурушуп, аны реалдуу долбоорлор жана пландар менен толуктаганга умтулушту. Мамлекет башчысы КМШнын финансы министрлеринин деңгээлиндеги жумушчу топту түзүү жөнүндөгү мамлекет башчыларынын чечимине Кыргызстандын активдүү катышуусун камсыз кылуу жөнүндөгү маселени көзөмөлгө алууну тапшыруу менен топ жакынкы күндөрү өзүнүн биринчи отурумун өткөрүп, анда дүйнөдө жайылып бара жаткан финансылык кризиске каршы туруу боюнча бирдиктүү чараларды иштеп чыгуу керектигин айтты.
Мамлекет башчысы ошондой эле, ЕврАзЭСтин алкагында кабыл алынган маанилүү чечимдер дагы бир жолу - Коомчулукка мүчө болгон бардык мамлекеттердин Коомчулуктун жарандарынын жакшы жашоосуна жана кызыкчылыктарына жооп берген интеграциялык процесстерге умтулууларын мүнөздөп көрсөткөндүгүн белгилөө менен кол коюлган жыйынтык документтерди ишке ашырууга тиешелүү ведомстволор менен министрликтердин активдүү катышуусун талап кылды.
КМШ жана ЕврАзЭС саммиттеринин иш- чаралары аяктагандан кийин болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын отурумун Президент бурулуш кадам деп атады.
"Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын толук курамы менен бул жолугушууну өткөрүүнүн өзү биринчи жолу акыркы жылдары тараптарга бирдей пайдалуу негизде кызматташууга кошуна мамлекеттер даяр экенин көрсөттү. Баарлашуу чын ниеттен жана конструктивдик маанайда өткөнүн өзгөчө белгилеп өткүм келет. Бири-бирибиздин көйгөйлүү маселелерибизди ачык айтып, аны түшүнүү менен кабылдадык, жалпы кызыкчылыкты эске алуу менен суу-энергетика тармагында кызматташуу боюнча тараптар чечим кабыл алууга даяр жана жөндөмдүү", - деди К. Бакиев.
Ошондой эле мамлекет башчысы жакын аралыкта мамлекеттер аралык жумушчу топ тараптарды милдеттендирген макулдашууга кол коет, ага ылайык кошуна мамлекеттерден Кыргызстанга кошумча көлөмдө энергетикалык продукция жеткирилип берилет, ошол эле учурда биздин республика өнөктөш мамлекеттер зарыл учурда сугат иштерине пайдалануу үчүн суу сактагычтарга сууну коромжусуз жыйнап берүүнү колго алаарын баса белгиледи. Бул багытта иш алып барууну КРнын Өкмөтүнө тапшырды.
Белоруссиянын Президенти Александр Лукащенконун Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарына тиешелүү мамлекет башчысы 2006-жылы ноябрь айында Белоруссияга болгон өзүнүн расмий иш сапарынын учурунда түзүлгөн мамлекеттер аралык келишимдердин ишке ашып жатканын билдирди. МТЗ тракторун жыйноо көлөмүн жогорулатуу, аны сатууну жеке эле Кыргызстанда эмес, бардык кошуна мамлекеттерге да сатууну көздөгөн, Кыргызстанда өндүрүлгөн айылчарба продукцияларын чоң көлөмдө Белоруссияга жеткирүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу боюнча, КРнын ӨКМ адистерин Белоруссиянын ӨКМнин базасында окутуу, Белоруссиядагы технопарктарды түзүү тажырыйбасын Кыргызстанда да колдонуу, гуманитардык алкакта кызматташууну ийгиликтүү улантуу боюнча эки мамлекеттин башчысы тең тиешелүү органдарга конкреттүү тапшырмаларды беришкен. КРнын Президенти өткөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча конкреттүү иш план түзүп, анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуусун тапшырды.
Андан ары мамлекет башчысы КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаковдун отставкасы боюнча өз позициясын белгиледи. "Силер баарыңар өткөн дүйшөмбүдө болгон жумушчу кеңешмеде мен анын ишиндеги кемчиликтерин көрсөтүп, эскертүү бергениме күбө болдуңар. Ал ошого таарынып калган сыяктанат. Болбосо ал эч качан Президенттин жүргүзүп жаткан саясаты менен макул эместигин билдирип бир да жолу сүйлөгөн эмес. Ошондуктан мен, ал өзүнүн жеке таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыгуу менен отставкага кетти деп ойлоймун. Мунун өзү албетте өкүнүчтүү. Ал өзүнүн көз карашын, ой-пикирлерин мага түз эле келип, айтып билдирсе болот эле го. Мен Исмаил Исаковичтен мындай ишти күткөн эмесмин. Ал эми анын Президенттин жүргүзүп жаткан тышкы жана ички саясаты менен макул эместиги жөнүндө айтсак, анда реалдуулуктун өзү, турмуштун өзү аталган саясаттын натыйжаларын көрсөтүп турат. Ошондуктан кимдир бирөөнүн комментария жасашынын кереги жок", - деди К. Бакиев.
Президент ошондой эле, 17-октябрда Жогорку Кеңештин кеңейтилген отурумунда Кыргызстандын элине Кайрылуу менен чыга тургандыгын билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле күнүмдүк мүнөздөгү кээ бир маселелер талкууланды.
С.ОРОЗОБЕКОВ,
Э.БОЛЖУРОВ (фото)




  Өкмөттө

Бошотуулар
11-октябрда Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Исаков Исмаил КРнын
Коопсуздук кеңешинин катчысынын кызматынан бошотулду.
13-октябрда Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Аманкулов Мирслав Акалович Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын кызматынан бошотулду.

Электр жарыгы Тажикстанда да өчүрүлүүдө
Тажикстандын аймактарында электр жарыгы таңкы 3.30дан 7.30га чейин жана кечкисин 17.30дан 20.00гө чейин гана берилүүдө. Бул тууралуу тажик "Барки Точик" энергетикалык холдингинин башчысы Ш.Самиев билдирген.
Коңшу өлкөдө жарыкты кез-кездеп өчүрүү суткасына 15 сааттан ашып жаткандыгын эсептөө кыйын деле эмес. Анын айтымында Нурек ГЭСи курулган 36 жылдан бери биринчи жолу анда 8,5 метр суу топтолгон эмес. Өткөн жылы суу сактагычта суу толтура болчу. Анын үстүнө суунун деңгээли төмөндөөнүн үстүндө болууда. Вахштагы суунун агымы секундасына 360-370 кубометрди гана түзүүдө. Бул өтө төмөнкү көрсөткүч. "Ошондуктан биз лимит киргизүүгө аргасыз болдук, - дейт Ш.Самиев. - Минтпесек кышында жарыксыз калышыбыз мүмкүн".
Энергетикалык холдингдин башчысынын билдиргенине караганда, электр энергиясын берүү дагы бир саатка кыскартылган. Киргизилген чектөөлөргө карабастан, резервдер 1-февралга чейин гана жетмекчи.
Р.ЖЕТИГЕНОВ

Күздүк эгин себүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов 2009-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгин себүүнү өткөрүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү дизелдик күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө токтомго кол койду.
Бул токтомго ылайык, "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы атайын даярдалган талон боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө күзгү талаа жумуштарын өткөрүү үчүн 5 миң куб.м көлөмүндөгү ташылып келинген дизелдик күйүүчү майды сатып өткөрөт. Ал эми дизелдик майды ташып келүү жана сатып өткөрүү учурунда ал бажы төлөмдөрүнөн, салыктар жана жыйымдардан бошотулат.
Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамагенттиги атайын "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы тарабынан даярдалган талондор менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылмакчы.

Талаа жумуштарына колдоо көрсөтүлөт
Премьер-министр Игорь Чудинов "Талаа жумуштарын өткөрүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө токтомго кол койду.
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн бардыгы болуп 30 миң куб.м., мунун ичинде жазгы-талаа жумуштарын өткөрүү үчүн 15 миң куб.м., түшүм жыйноо жана күзгү-талаа жумуштарын өткөрүү үчүн 15 миң куб.м. дизелдик күйүүчү май сатылып алынмакчы. Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамагенттиги Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана облмамадминистрациялары менен бирдикте үч айлык мөөнөттө айылдык товар өндүрүүчүлөргө дизелдик күйүүчү майды бөлүштүрүү жөнүндө жобону иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ


Жыйналган эгин аянты өткөн жылдагыдан арбын
Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрына карата республикада түшүм жыйноо башталгандан бери 620,1 миң гектар аянт, же эгиндин 95,7%ы жыйналган.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 57,5 миң гектарга арбын. Түшүмдүүлүк гектарына 24,3 центнерден айланууда, же өткөн жылдагыдан 1,1 центнерге арбын түшүм алынууда. Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй облустарында түшүм өткөн жылдагыдан көбүрөөк жыйналып жатса, ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында азыраак алынууда.
Д.ӨМҮРЖАНОВ

Үнөмдөөнүн натыйжасы
Биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиев облустардын губернаторлору, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери менен кезектеги селектордук кеңешме өткөрдү.
Анда 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономиканын тармактарынын жана калктын даярдануусунун маселеси талкууланды.
2008-жылдын 12-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9609180 млрд. кубометрди түзгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилинен 4,1 млрд. кубометрге төмөн.
Ошондой эле республика боюнча 1133 миң тоннадан ашуун кесек отун даярдалгандыгы белгиленди. Калктын көмүр даярдоосу аяктап баратат. Ошентсе дагы 50 миң тоннадай көмүр сатып өткөрүү зарыл.
Электр энергиясын берүүнү чектөө боюнча көрүлгөн чаралар алгачкы натыйжаларын берип жаткандыгы өзгөчө белгиленди. 2008-жылдын октябрынын 12 күнүндө бөлүштүрүүчү компаниялар белгиленген лимитти толук камсыз кылышты. Электр энергиясын үнөмдөө 16,719 млн. кВт/саатты түздү.
М.АЛАГУШЕВ


Кайрымдуулук акциясы
Алай районунда болгон жер титирөөгө баланыштуу кайрымдуулук акциялары уланууда. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги курамында 100дөн ашуун фирмалары бар Кыргыз-Түрк бизнесмендер ассоциациясы (КЫТАИД) менен биргеликте жардам берүү өнөктүгүн башташты.
Калкыбыздын башына түшкөн бул кыйынчылык республикабыздын бардык аймактарында балдарга билим берип жаткан эл аралык "Себат" билим берүү мекемелеринин жамааттарынын кабыргасын кайыштырууда. Нура
айылынын тургундарынын кайгысын ортоктошуп, "себаттыктар" Түркия элчилиги жана кыргыз-түрк ишкерлери менен биргеликте зилзаладан жапа чеккендерге жардам берүү акциясына катышмакчы.
20-октябрда саат 10.00дө Түркия элчилигинде АКШнын 100 миң доллар көлөмүндөгү мүлктүк жана материалдык жардамдарды Ош шаарына жөнөтүү аземи болот. Ошто кербенди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү күтүп алып, тиешелүү инстанцияга тапшырылат.
А.ЭСЕНОВ

Кыргызпатенттин жардамы
5-октябрындагы жер тити- рөөдөн жапа тарткан Алай районундагы Нура айылынын тургундарына көмөк көрсөтүү максатында КРнын Мамлекеттик патент кызматынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Эсептешүү-сактык компаниясынын Гүлчөдөгү филиалына которууну чечишти. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Ведомстволук бөлүмдөрүнүн борбордук аппаратынын эмгек жамаатынын жыйналышында кабыл алынды.
Д.АЛТЫНБЕКОВ