, 14.10.08 - 6-бет: №77, 14.10.08-ж.
  Кыргызстанда "Автомаш-радиатор" заводунда
"Беларус-82" тракторун жыйноочу цех ачылды

Эки тараптуу кызматташтык динамикалуу өнүгө берет
(Башталышы 4-бетте)
Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө
Кыргызстан менен Беларуссиянын ортосунда эч кандай пикир келишпестиктердин жок экендигин, эл аралык маселелерде эки өлкөнүн жетекчилиги бири-бирин түшүнүшөрүн, эл аралык маселелерде Кыргызстан дайыма Беларусту колдой тургандыгын белгиледи. Андан ары Курманбек Бакиев Беларуссиянын Президентине чукул кырдаалдар министрлигинин линиясында жардам көрсөтүүнү өтүнгөндүгүн билдирди.
Анткени, Беларуссияда чукул кырдаалдарда аракеттенүү иштери, бул чөйрөдө кадрларды даярдоо, тийиштүү кызматтарды атайын техникалар жана башка каражаттар менен жабдуу иштери абдан жакшы жолго коюлган. Ошондуктан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү Беларуссияга барышып, ал жердеги кесиптештеринин тажрыйбаларын үйрөнүп келишсе жакшы болмок.
Беларуссияда мамлекеттик чегараларды коргоо иштери да жакшы уюштурулган. Өлкөдө өндүрүшкө инновациялык технологияларды киргизүү, программалык камсыз кылуу иштери да жогорку темптерде өнүгүүдө. Бул чөйрөлөр боюнча да беларуссиялыктардан көп нерселерди үйрөнсөк, алардын жардамдарын алсак болот. Курманбек Бакиев өз коллегасы Александр Лукашенкодон бул тармактар боюнча да жардам көрсөтүүсүн өтүнгөндүгүн билдирди.
Президент Курманбек Бакиев эки өлкөнүн ортосунда маданий гуманитардык байланыштар да өнүгө баштагандыгын айтты. Алсак, азыр Кыргызстанда Беларуссиянын маданиятынын күндөрү өтүүдө. Ал эми келерки жылы Беларуссияда Кыргызстандын маданиятынын күндөрүн өткөрүү белгиленүүдө. "Руханий байланыштарсыз башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыктарды өнүктүрүүгө мүмкүн эмес, - деп баса көрсөттү Курманбек Бакиев. - Биз бир тилде сүйлөшө да билебиз".
Мамлекет башчысы билдирүүлөр аяктаары менен Кыргызстан менен Беларуссия биргелешип чыгарып жаткан алгачкы тракторлорду көргөнү барыша тургандыктарын, Кыргызстан тарап бул өндүрүштүн өнүгүп кетүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшаарын, Беларусь тараптан да андай аракеттер болсо биргелешкен ишкана тез эле бутуна туруп кете тургандыгын айтты.
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко өз сөзүндө расмий иш сапар убакыттык жактан кыска болгон менен бул иш сапарды даярдоо боюнча адистер, тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, өзгөчө өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан эксперттик чоң иштер аткарылгандыгын маалымдап, акыркы убактарда Кыргызстан ички кыйынчылыктарына карабастан ШКУ, КМШ, ЕврАзЭС сыяктуу эл аралык бирикмелердин саммиттерин өткөрүүдө өзгөчөлөнүп келе жаткандыгын баса белгиледи. "Россиянын Президенти Дмитрий Медведевдин өзгөчө маанилүү иш сапарына удаалаш болгондугуна карабастан Кыргызстандын КМШнын, ЕврАзЭСтин саммиттерин эң жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөргөнү бизди таң калтырды. Булар Кыргызстандын чөгөлөгөн абалдан туруп, ишенимдүү жолго түшүп бара жаткандыгын айгинелейт. Биз бул иште сиздерге колдон келген жардамдарыбызды көрсөткүбүз келет", - деди Беларуссиянын Президенти. Ал эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктарды өнүктүрүүдө Кыргызстандын Беларуссиядагы элчиси чоң иштерди аткарып жаткандыгын да айтып кетти. "Биз сиздердин Президентиңиздерге 2006-жылы расмий иш сапар менен барганда Кыргызстанда тракторлорду чыгаруу өндүрүшүн уюштурууну убада кылсак, аны аткардык, - деди Александр Лукашенко. - Бул азырынча эки тараптуу кызматташтыктагы алгачкы карлыгач".
Александр Лукашенко Беларустан чыгарылган тракторлордун бренди жогору экендигин да белгилеп өттү. Ал мурдагы советтик системадан бери калыптанган. МТЗдин продукцияларынын сапаттарын жакшыртуу боюнча көз карандысыздыктан берки мезгилдин ичинде да көп иштер аткарылган.
Беларуссиянын Президенти тракторлорду чыгарууну кеңири өндүрүштүк жолго коюу үчүн тетиктердин, механизмдердин бардыгын Минскиден ташып келе бербестен, алардын көпчүлүк бөлүгүн ушерден чыгарууга өтүүнүн зарылчылыгын айтты. Бул боюнча макулдашуулар, келишимдер кыйшаюусуз аткарылышы керек. Ал өз делегациясынын мүчөлөрүнө макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөп, келерки жылы кайрадан келип жеринде текшерип көрө тургандыгын да эскертип кетти. Эгерде МТЗдин продукцияларын Кыргызстанда сапаттуу чыгаруу жакшы жолго коюлса, аларды Борбордук Азиядагы башка өлкөлөргө экспорттогонго да мүмкүнчүлүктөр ачылат. Кыргызстандыктар үчүн жаңы жумушчу орундар гана эмес, алдыңкы технологияларды үйрөнүп, өздөштүрүүгө да мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Александр Лукашенко өз билдирүүсүндө Беларуссиянын Кыргызстандан ири өлчөмдөгү айыл чарба продукцияларын сатып алууга даяр экендигин билдирди. Чындыгында биз Кытайга эле баарын арзан бааларда сата бербестен, Беларуссияга пахта, тамеки, жүн, тери сыяктуу продукцияларыбызды экспорттогонго жетишсек жаман болбойт эле.
Беларуссиянын Президенти эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаңыдан туугандашкан Бишкек менен Мин-скинин мэрлеринин ролдору абдан чоң экендигин баса белгилеп кетти. Минск шаарынын мэри Бишкектин мэри менен кандай иштешип жаткандыгын такай көзөмөлдөп турарын да билдирди. Бул жактагы иштердин кандай аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөөнү Беларуссиянын Кыргызстандагы элчисине тапшырды.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




"Белорус" тракторлору чыгарыла баштады
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко 11-октябрь күнү борборубуздагы "Автомаш радиатор заводу" ЖЧКсынын базасында "Белорус 82" тракторлорун жыйноочу биргелешкен цехтин ачылышына катышты.
Завод союз тараган мезгилден бери иштебей токтоп калган болчу. Эми анда кыргыз дыйкандары үчүн эң сапаттуу делинген "Белорус-82" тракторлору чыгарыла баштады. Анын ачылыш салтанатына КРнын Президенти Курманбек Бакиев кесиптеши Александр Лукашенко экөө келип, тасманы кесүү аземин өткөрүштү.
"Белорус-82" тракторлорунун бүтүндөй тетиктерин курап-жыйноо дээрлик аталган заводдо аткарылат. Анда кечээки дүйшөмбүдөн баштап жаңы тракторлордун бир түрүнүн алгачкылары жыйналып чыгарыла башталды. Бир айда жыйырмадан ашык трактор чыгарылуусу пландаштырылган. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 150гө жакын трактор чыгарылуусу күтүлүүдө. Айыл чарбасына аба-суудай керектүү техниканын кардарлары да даяр экени белгилүү болду. Аны сатып соодалоого жарнамалар да дайындалган. Завод жумушчуларынын айтуусуна караганда чыгарылуучу тракторлордун бул үлгүсү сапаты жагынан союз учурунан бери далай мезгилдерден сыналып өткөн. Белоруссиялык адистер кыргызстандык кесиптештерине тракторлорду жыйноо боюнча жардамга келишкен. Азырынча бул жерде он чакты жумушчу иштей баштаган болсо, өндүрүштүн көлөмү көбөйгөндө мында кыркка жакын адам жумуш орундары менен камсыздалат. Трактордун баасы 21-22 миң доллардын тегерегинде. Алар республика ичинде жана андан тышкаркы жактарга сатыкка коюлуусу күтүлүүдө.
- Бүгүнкү күндө республика ичинде эле 300гө жакын дыйкандар акчасын камдап, ушул "Белорус -82" үлгүсүндөгү тракторду сатып алууга даяр турушат. 50 жылдан бери биздин дыйкандар, фермерлер ушул трактор менен иштеп келатышкан. Бул трактор өзүнүн сапаттуулугу, жер иштетүүгө ыңгайлуулугу жагынан да көп жылдардан бери сыноолордон өткөн. Шарты кыйын ой-кырлардын кандайында болбосун бузулбай, буйдалбай иштөөсү, дыйканчылык талап кылган керектүү сапатына жараша терең айдоого жарактуулугу жагынан башка үлгүдөгү тракторлорду алдына чыгара электиги менен айрымаланат. Келечекте мындай техникалар кредитке да берилиши мүмкүн. Трактордун биринчи чыгарылыштагыларын акчасы даяр адамдарга сатабыз. Былтыркы жылы айыл чарба техникасы үчүн Кыргыз Өкмөтү 200 млн. сом бөлгөн, эмдиги жылы да ушундай өлчөмдөгү каражат бөлүнсө дыйкандарга кредитке берилсе дейбиз. Бүгүнкү күндө бул жерде 20 трактор жыйналып калды, - деди министр Арстанбек Ногоев.
Президенттер заводу аралап көрүп, жумушчулар менен жолугушушту. Алгачкы трактордун орундугуна отуруп, рулду кармаган Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев заводдогулардын ишине ийгилик каалап, иштөө шарттарына канааттанганын билдирди. Мындан эки жыл мурда Президент Курманбек Бакиевдин Белоруссияга барган расмий иш сапарында ушундай биргелешкен ишкананы куруу боюнча сүйлөшүлгөн болчу. Мына ошол макулдашуулар учурда алгачкы жемишин бере баштады. Республиканын айыл чарба тармагында белорустукундай сапаттуу тракторлорго муктаждыгы толук канаттандырылбай келген болсо, ал эми азыр минтип өзүбүздө жыйналып чыгарыла баштаганы чынында кубанарлык окуя. Буйруса жакынкы келечекте мындай техникалар коңшу Өзбекстан менен Казакстанга да экспортко чыгарылышына жол ачылат.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Э.БОЛЖУРОВ (фотолор)