, 14.10.08 - 11-бет: №77, 14.10.08-ж.
  Тарых буйлалаган төө эмес

Профессор Кушбек ҮСӨНБАЕВ:
"Мени Исхак Раззаков сактап калган"
(Башталышы гезиттин №75 санында)
Өзгөчө мына мурун айта албай келген Кыргызстандын Россияга кошулушу деген көп иштелген проблеманы алсак, негизинен жаман иштелген жок, бирок саясий жагынан алганда биз эркиндикке толук жетише албай, оюбуздагыны айта албай келдик. Түштүктү күч менен каратып алган, Түндүгү деле өзү кучагын жайып барып кошулган деп айтууга болбойт. "Кошулуу" десек туура эле болот, бирок "добровольное" дегени илимге такыр коошчу эмес. Бул жасалма термин эле. Анан мына бул улуттук көтөрүлүштөрдү алсак, 50-жылдын аягында "Большевик" журналына Багировдун макаласы чыкты дебедимби, ошондон кийин бүт эле союз боюнча улуттук көтөрүлүштөр жөнүндө айталбай калганбыз. Айтсак эле көөлөп, бузуп, ошентип айтып калганбыз. Мына азыр, Кудайга шүгүр, болгонун болгондой жазып жатабыз. Өзгөчө инсандар жөнүндө жогоруда бир топ айтып кеттик, ооз ачырчу эмес. Эми биз, тарыхчылар, жалпы эле чыгармачыл адамдар, ошо инсандар жөнүндө элибизге колубуздан келишинче мурун айта албай келген, дайынсыз болуп келген, кайсы бирөө дайынсыз эмес эле эл оозунан түшпөй, бирок, кагаз бетине түшүрө албай, жаза албай жүргөндөрүбүздү жазып жатабыз. Мына бул - эркиндиктин, көз карандысыздыктын жемиши. Азыр совет доорундагы маселелердин баарын кайрадан иштеп чыгууга туура келет. Бул өзү чоң иш, мында да кыйынчылыктар болуп жатат. Кыйынчылыктар мына бул архивде иштөө, ал эмес китепканада иштөө, чоң шаарларга баруу биз үчүн өтө кымбат болуп жатат. Ага карабастан, биз коомчулукка чындыкты, болгонун болгондой берүүгө аракеттенүүдөбүз.
- Совет мезгилинде, 70 жыл бою биздин тарыхыбыздын бурмаланып окутулушу, туура тарыхты айтканда, "Москвадан келген атайын көрсөтмөдөн чыгыптыр" деп сынга алуу, улутчулдарды издөө, китептен катаны издөө - мына ушулардын баары, бир чети, Москванын көрсөтмөсү болсо, экинчи четинен, жергиликтүү бийлик ээлеринин көбүртүп-жабыртып айтып тургандыгы" жөнүндө көп айтылып жатат, ушул боюнча да оюңузду билсек.
- Тарыхты биз дайыма эле туура түшүнө бербейбиз, тарыхты жазууда кайсы бири ойлойт, буйлалаган төөдөй деп. Андай эмес, тарых деле математика сыяктуу, тарых деген тарыхый булактарга негизденип туруп, болгон окуяны болгондой кылып бериш керек. Бирок ушул тарыхты саясатка айландырып жиберүү союздук масштабда бар эле. Мына сиздерге бир эле маселени айтайын, 89-90-жылдары Москвада бир-эки чоң "совещание" болду. Ошондо тарыхчылар, эми анда Советтер Союзу үлпүлдөп эле араң турган, чындыкты айтып калышкан. Бүткүл союздук илимий сессия болуп, ошондо мындай деген бир маселе козголду: "Орус эмес элдердин Россияга кошулуу проблемасы". Эсиңиздерде болсо, "Украинанын Россияга кошулушунун 300 жылдыгы" деп дүйнө жүзүнө дүңгүрөтө белгиледик эле, ошондо Украинадан келген украин тарыхчылар: ""воссоединение" деген туура эмес, Богдан Хмельницкий Россияга өз эрки менен кошулган эмес, аны кыстап, зордуктап кошкондугун", грузин тарыхчылары "Петровский тракт" деген ат менен Грузия жеринин кошулгандыгын "чындыкка коошпойт" деп чыгышты, ал эмес мына бул Волга бойлорунун да күч менен каратылып алынганын айтып чыккандар болду. Кыскасы, союздук масштабда, жана сен айткандай, көрсөтмөлөр болуп турган. Мисалы, "Россияга кошулуу проблемасын күч менен каратып алды дегенге болбойт, тим эле кошулду деп айтууга болот" дегендей. Анан ошентип тияктан көрсөтмө болгондон кийин биерден желпинтип алып учуп, ага кошуп ого бетерден тузун өтө салып, бүт эле Кыргызстан өз эрки менен кошулду. "Добровольное присоединение" деген терминди дээрлик жогору жактан күч менен айтып жаздырган эле, ошол сыяктуу башкы маселе улуттук көтөрүлүштөрдө өз арабыздан баягы бөрк ал десе баш алгандар чыгып, ашыра айтып, бизди кыстап, чындыктан бурмалап, ашырып жаздырган убактар болгон. Эми жакшы жери ал доор өтүп кетти. Азыр ушу Кудай буйруса, эркиндигибиз өзүбүздүн колубузда, эркин жазып жатабыз, бизге эч ким киришпейт. Биз мына ушул эркиндикти толук сезип турабыз.
Шакирттери жок аалым ээн талаада өскөн жалгыз дарак сыяктуу
- Кушбек Үсөнбаевич, Сиз ХIХ-ХХ кк. башындагы Кыргызстандын саясий, социалдык, экономикалык маселелерин өзүңүз башынан баштап изилдеп, Сиз барбаган архив, Сиз карабаган архивдик иш кагаздар калган жок. Ошол мезгилде сиз өзүңүз жалгыз изилдесеңиз, бүгүнкү күндө артыңызда чоң мектебиңиз пайда болду. Эми ошол өзүңүз даярдап, өзүңүз кеңеш берген шакирттериңиз жөнүндө, андан кийинки учурдагы, келечектеги кыргыз тарыхынын орчундуу маселелерин изилдөөгө алууга тийиш деген ойлоруңуз бардыр, ошол жөнүндө айтып берсеңиз.
- Илимде канчалык чоң окумуштуу болсо дагы, өзүнүн жанында жүргөн, келечекте ордун баса турган шакирттери болбосо, ал жанагы ээн талаада өскөн жалгыз дарак катары болуп калат. Мен изилдеген проблемалар ушу күндө жаңыча иштеп чыгууну талап кылат. Менин жашым да келип калды, ошолорду толук, башынан аягына чейин иштеп чыгуу жалгыз кыйыныраак, ошондуктан менин бир топ шакиттерим бар, эми алардын аттарын атабай эле коеюн. Мен өзүмө окуучуну алганда туш-тарабынан карап туруп алам. 1-ден, жогоруда айткан Скрябиндин беш талабына туура келсе экен деп алам, анан буларды алганда мен адегенде эле: "Айланайын, чындыкты жазалык, мына мага аз калды, көзүм өтүп кетсе, менин ойлогонум ушундай, мына силер казып окуйсуңар, силерден кийинкилер окуйт, бир нерсени тескери жазып кетсем арбагыма сөз кетпесин, ошону эсиңерге алгыла, силер да картаясыңар, силер да өтөсүңөр, аркаңардан жылуу сөз гана калгандай болсун, "атаңкөрү, кашкайтып эле чындыкты берген экен" деп, ыраазы болгондой болсун", - деп көп кеңеш берем.
Эми бизде иштей турган проблемалар көп: мына кыргыздардын саясий тарыхы, социалдык тарыхы, алардын жалпы эле турмушу, атап айтканда, жогоруда айтып кеткендей, Кыргыздардын Россияга кошулушу - бул өзү ушул убакка чейин тактала элек, мурун тайсалдап жаза албай жүргөн элек, азыр ачык жазышыбыз керек, анан кыргыздардын жанагы инсандары - булардын чекесин гана оюп жатабыз, а чынында бул өзү абдан чоң проблема. Алсак, кыргыздарда инсандар тээтиги байыркы кылымдардын тереңинде эле бар болгон. Биз ошолордун бери жагын эле алып жатабыз, ары терең кире элекпиз. Мына буларды менин окуучуларым иштеши керек. Анан мына улуттун эркиндиги үчүн болгон күрөштөр - булар да иштелип жатат, бирок аягына чыга элекпиз, булар да менин шакирттеримдин азыркы учурдагы, келечектеги милдети болуп турат. Анан бизде бир өтө аша чапкандык бар, бул коркунучтуу, бир убакта тарыхты жазганда ар убак эле "таптык көз караш" деп, баарын таптык жагына айлантып жибердик. Бул да аша чапкандык. Эми кийинки кездерде бай болуп, кедей болуп, манап, бий болуп бөлүнүшкөндөрдү таптакыр эле жокко чыгарып коюп жатабыз. Бул туура эмес. Мына алсак, Тоголок Молдодо, Кылыч Молдодо, Арстанбек, Калыгулда "Куштун тою" чыгармаларында кыргыздардын таптык жактан бөлүнүштөрү жакшы айтылган. Кантип ушу "манапты" жокко чыгарабыз. "Манап" десе эле мурункуча жамандап киргенибиз болбойт, "манап" деген деле киши, кишинин жакшысы болот, начары болот, адилети болот, арасында зөөкүрү болуп калат, тебеленип кор болгондору да болуп калат. Ошолорду биз болгонун болгондой жазышыбыз керек. Анан кыргыздын уруучулдугу жөнүндө да мен шакирттериме көп айтам, бир убакта кыргыздын урууга бөлүнүшүн таптакыр эле айттырбай, ооз ачтырбай койду. Чынында бул туура эмес. Кыргыз эли XV - XVIII кк. бир эл болуп баш кошсо дагы, уруучулук сакталып калган. Кыргыздын кайсы окуясына келсең дагы уруучулук билинип турат. Мына алсаңыздар, аш-той берүү, сөөк коюу, аламан байге, сайышка түшкөн башка оюндары, жамандык-жакшылыкта катташуу - ушулардын баары уруучулукка чыланган. Аны биз жокко чыгарып койсок болбойт. Биз өткөндө мына отурукташкан элдерди, орустарды туурап эле "кыргыздар да өнүккөн феодалдык доордун калдыгы" деп уруучулукту жоготуп жүрдүк. Ал туура эмес. Мына ушуларды так берели деп эле мен өзүмүн шакирттериме айтып келем. Айтмакчы, адамдын жашы келгенде, күч-кубаттан тайып калганда, тегерегиндеги өзүнүн шакирттерине абдан көңүл буруп калат экен. Илимде чечилбеген маселелерди чечип кетеби, тың алып кетеби деген көз караш менен карайт экен да. Мына мен дагы өзүмүн тегерегимдеги шакирттериме карайм, буларды өзүм тандап алганданбы, калеми курч, келечеги кең, мени өтө кубантканы - булар адилет, бурмалоого өздөрүнө жол бербейт, башкага дагы мүмкүнчүлүк бербейт. Чындык үчүн умтулган, келечекте тарыхыбызды так берели дегендер менин тегерегиме топтолду, мен ошого абдан кубанам, көңүлүм көтөрүңкү, ошого карата үмүтүм чоң.
Улуттук баатырлар, уруулук манаптар, кокту-колоттогу бийлер жана аларга өткөргөн даңазалуу тойлор тууралуу
- Кушбек Үсөнбаевич, тарыхый инсандар жөнүндө, өткөндөгү бабалар жөнүндө бүгүнкү күндө көп эле айтылып жатат, айрыкча кийинки мезгилдерде ошол инсандарга арналган ушунчалык чоң тойлор өтүп жатат, мына ошол тойлордон кийин анын артында, же колго толоорлук бир китеп калбайт, же ошол инсандардын, мына сиз баарын изилдеп, Ташкенттеги, Алматыдагы, Санкт-Петербургдагы, Москвадагы архивдик маалыматтарын бул жакка алып келбей, ошого чыгынбай, биз ысырапты башка жакка жумшап жиберип жатабыз. Ушу боюнча да өзүңүздүн оюңузду билдирсеңиз.
- Кыяс, ушу суроону абдан орчундуу айттың. Мен ушу эсимде туруп, бирок баштай албай турдум эле, ырас түрткү болуп бердиң. Мына элибизде ата-бабаны, анын арбагын сыйлоо, жалаң эле сыйлоо эмес, ага сыйынуу, Кудай катары көрбөсө да абдан ыйык көрүү, алар жөнүндөгү сөздөрдү эл арасында таратып айтып жүрүү, ар дайым аңыздап айтып жүрүү деген ушундай бир жакшы адет бар эле. Бекеринен эмес, жанагы ата-бабанын сөөгүн тогуз жолдун тоомуна коюп, өтүп баратканда таанып-тааныбаса дагы, жакын-алыс болсо деле, бейтааныштыгына карабай секирип аттан түшүп, ошо жаткан мүрзөнүн жанына отура калып куран окуп, сыйынып кетчү. Ошол адет тоталитардык доордун тушунда кодуланып, жок болуп баратат эле, мына өзүбүзчө мамлекет болгондон бери кайра колго алганга аракет кылып жатабыз. Алсак, мына муундан-муунга өткөн, ардактап-кастарлап, сыймык менен айтып жүргөн кишилердин "мүчөлү" деп коебуз да эми, ошолордун мүчөлүн өткөрүп жатабыз, бул абдан жакшы, бирок ушуну бир аз байкасак, элде макал бар "алыңа карата бышкыр, жылкыңа карата ышкыр" деген. Биз убактысынча болсо да, абдан кыйын доордо жашап жатабыз. Эл ушу күндө кыбыладан болгон шамалга ыргалып, араң турабыз. Кайсы бир убакта жамандык-жакшылыгыбызда жокчулуктун азабынан өз ара катташа албай да калдык. Бирок ошого карабастан ушундай бир адет чыгыптыр, мисалы, баланча атабыз эки жүзгө чыкса 200 үй тигиш керек, ичкиликти төгүп бериш керек, анан ошончо мал союш керек. Ошол жерде жатып алып, аябай ичип алып, оозго алгыс сөздөрдү айтып, ынтымак бузулуп, чатакка айланып кеткен учурлар да болуп атат. Мен ушул тарыхчы катары, тим эле жашым келген адам катары айтаарым, арбакты сыйласаң ошол жөнүндө эл арасында кеңири пикир калгандай болсо, жалаң оозеки эмес, ошол жөнүндө илимий конференция өткөрүп, анан материалдарын чыгарып, китеп, брошюра чыгарып, ошо инсан жөнүндө жакшы жактарын кеңири жазып, муундан-
муунга калтырууга аракет кылсак абдан жакшы болоор эле. Эми жашырбай эле айтыш керек, мен байкаштырып көрдүм, жанагы инсандардын мааракелеринин көбүнө катышып жүрөм, эл арасында ушуларды жактыра бербейт экен. Бирок чолок намыс менен айта албайт экен. Ошо бир карыя айтып калды, атын айтпай эле коеюн, бир чоң инсандын мааракесин өткөрүп атсак: "Айланайын, сен тиги борбордон келиптирсиң, бизде ушу өткөрүү дегенди сыртынан эле байкап атасыңар, мен деле өткөнгө кубанып атам, бирок мунун башка жактары болуп атат. Мисалы, мен балам аскерден эртең-бүгүн келет деп, бир токту байлап койдум эле. Ошону келип жетелеп кетишти, баланчанын арбагы, түкүнчөнүн арбагы, түкүнчө келет экен деп эле алып кетишти. Ушул өзү кандай болот, алыбызга жараша эле өткөзсөк", - дейт. Эми бул бир эле аксакалдын айтканы эмес, мындайлар көп болуш керек. Мен бул жөнүндө басма сөздө 4-5 макала да чыгардым. Бир-эки жолу радиодон сүйлөп бердим. Ушуну эске алсак, абдан жакшы болоор эле. Албетте, инсандарды сыйлашыбыз керек, колдошубуз керек, мындан ары алардын атын кайтарышыбыз керек. Анан атын калтыруу жөнүндө да айтып ке-
тейин. Мен ушул жөнүндө уюштуруу комитеттердин мүчөсү болуп жүрөм. Шаарда топонимика комиссиясынын мүчөсүмүн. Мына ушунда да аша чапкандык болуп жатат. Мисалы, бир убакта манаптарды кордоп, алар жөнүндө ооз ачтырбай келсек, азыр манап аттуу эле болсо, ошонун атына айылды коёлук, көчөнү коёлук, же кийинки эле учурда министр же депутат боло калса, анын элге сиңирген эмгегине карабай эле ошонун атын коёбуз деп талашып, чатак болуп, борборго чейин арыздар түшүп жатат. Муну дагы эске алсак, атын коёлук, элдин алдында атагын калтыралык, бирок ошого татыктуу, эл оозунан түшпөгөн муундан-муунга өткөн гана инсандарды калтырсак болоор эле. Мындан ырк бузулуп, жаатташып, чатакташып, бөлүнүү жарабайт. Ушу күндө акыбалыбыз кыйыныраак, ынтымак жөнүндө, бир ооздуу болушубуз керек. Мына инсандар жөнүндө да кеңешип отуруп иштешибиз керек. Мен ушундай ойдомун.

(Уландысы бар)
Кыяс Молдокасымов