, 10.10.08 - 3-бет: №76, 10.10.08-ж.
  Бүгүн КМШнын Бишкек саммити башталат

Өз ара мамилелер туруктуу өнүгүүдө
(Башталышы 1-бетте)
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-маалыматтык жана гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болду.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев менен Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевдин кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү болду.
Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын расмий делегациясынын мүчөлөрүн кызуу куттуктап, 5-октябрда Алай районунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга оперативдүү жардам жана колдоо көрсөткөнү үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди.
Андан ары Президент Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо өлкөнүн башкы тышкы саясый артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин белгиледи. "Биздин өлкөлөр регионалдык жана эл аралык негизги проблемалар боюнча бири-бирине дал келген же окшош позицияны карманышат, эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып келатышат. Кыргызстан Россиянын ишенимдүү жана ту-
руктуу союздашы болуп келген жана болуп кала берет, кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө мындан ары да өзара кызматташтыкты өнүктүрө бермекчи", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы өлкөлөрүбүз арасында бардык багыттар боюнча активдүү кызматташтык жүрүп жаткандыгын, жогорку деңгээлде саясый диалог, башка бардык дең-гээлдерде байланыштар жана сапар алмашуулар, аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда консультациялар өтүп, алар мамилелерге динамизм жана конструктивдүү багыт берерин белгиледи. "Тар чөйрөдөгү жолугушуу учурунда биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгынын өзгөчө ак-
туалдуу маселелери жана келечектери тал-кууланды. Биздин мамилелер динамикалуу түрдө өнүгүп, келечекке жакшы келечеги бар экендиги белгиленди", - деди К.Бакиев.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев кыргызстандык-россиялык мамилелердин өнүгүүсүндө туруктуу позитивдик динамика байкалганын айтты. "Мен Курманбек Салиевичтин биздин мамилелер динамикалуу түрдө өнүгүп жатат деген пикирин толугу менен колдойм. Соода-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугун өзгөчө белгилегим келет. Андан сырткары, энергетика чөйрөсүндө, агрардык чөйрөдө, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө жакшы жылыштар бар. Кыргызстандыктар Россиялык ЖОЖдордо билим алышууда, бул жерде болсо кыргызстандык-россиялык славян университети ийгиликтүү иштеп жатат. Жалпы жонунан алганда, бизде жакшы келечек, талкуулай турган нерселер да бар", - деди Д.Медведев.
Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыктары угулуп, талкууланды. Андан сырткары, өлкөлөр арасындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышуулар болду.
Кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин жыйынтыктоочу документтерде кол коюу аземи болду. Андан кийин мамлекет башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүүлөрдү жасашты.
Президент Курманбек Бакиев өз билдирүүсүндө Россиянын Президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын салттарын уланткандыгын белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу ишкердик жана гуманитардык байланыштар кеңири талкууланып, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашуулар болду.
Курманбек Бакиев биргелешкен билдирүүдө Кыргыз-Россия мамилелерине терең баа берилип, эки тараптын тең стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдарлыгы ачык чагылдырылгандыгын баса көрсөттү. Эки тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жаткандыгын эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн абалы көрсөтүүдө. Алсак, өткөн жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд. 200 млн. долларга жетсе, быйыл бул көрсөткүч 2 млрд. долларга чукулдаганы турат. "Бул Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин айгинелейт", - деди Президент Курманбек Бакиев. Кыргызстан менен Россия өндүрүштүк технологиялык кооперацияларды тереңдетип, россиялык инвестицияларды Кыргызстандын энергетика, тоо-кен өнөр жайына жана өндүрүштүк чөйрөсүнө тартууга кызыкдар. Алсак, Кыргызстанда Россиянын "Газпром", "Ренова" сыяктуу ири бизнес түзүмдөрү иштөөдө, негизги россиялык банктардын өкүлчүлүктөрү ачылууда. "Россиянын биздин бай гидроэнергоресурстарыбызды биргелешип өздөштүрүүгө кызыкдар болуп жаткандыгы бизди кубандырат", - деди Кыргызстандын мамлекет башчысы. Биз Камбар-Ата ГЭСтеринин каскаддарын курууга, энергетикалык чөйрөдөгү башка долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашырууга белсене киришкени жатабыз.
Президент Курманбек Бакиев Кыргызстанда орус тилин пайдалануунун чөйрөсүн сактап, өнүктүрүүгө чоң көңүл бөлүнүп, бул максатта орус тилине расмий статусу берилгендигин, Бишкекте орус тилинин инновациялык билим берүү борбору ачылгандыгын да айтып өттү. Мунун баары эки өлкөнүн жарандары үчүн билим алып, илимий жана маданий байланыштарды өнүктүрүүсүнө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргызстандын Президенти улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу максатында мындан ары коргонуу жана аскердик техникалык чөйрөлөрдө кызматташуунун чыңдала берерин да айтты. Бул чөйрөдө ОДКБ жана Россиянын Канттагы авиабазасы чоң роль ойноодо. Мунун бардыгы эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берет.
Россиянын Президенти Дмитрий Медведев өз билдирүүсүндө сүйлөшүүлөрдүн
жыйынтыгына жогору баа берди. "Бирок биз жетишилгендер менен чектелип калбашыбыз керек, - деди ал. Тар чөйрөдөгү жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар идеяларды талкууладык. Аларды жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди".
Россиянын Президенти Камбар-Ата-1, 2 ГЭСтерин курууга россиялык капиталды тартуу жөнүндө маселе талкууланып, аларды каржылоонун булактарын табуу боюнча тапшырмалар берилгендигин да айтты. Мындан тышкары Кыргызстандын мунай-газ комплексин модернизациялоо боюнча да иштер жүрүп жатат. Кыргызстанда орус тилинин ролуна токтолуп келип, Дмитрий Медведев республикада бул маселенин жакшы жолго коюлушу кызматташтыктын жогорку деңгээлин, тарыхый байланыштардын тереңдигин аныктарын да белгиледи.
Андан кийин эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Өкмөт үйүнүн алдында "Газпром" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Алексей Миллер тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовго 15 тез жардам машинасын өткөрүп берүү аземи болду.




КМШнын өнүгүшүнө мүчө өлкөлөр кызыгдар
(Башталышы 1-бетте)
КМШны андан ары өнүктүрүү Концепциясын реализациялоо боюнча негизги иш- чаралардын планына ылайык даярдалган документтер мамлекет башчыларынын алдыдагы кеңешмесинде талкуунун предмети болот. Аткарылган иштердин кыскача жыйынтыгын чыгарып, Курманбек Бакиев жолугушуунун катышуучуларына быйыл эксперттердин деңгээлинде көп маселелер боюнча, анын ичинде башкы документ 2020-жылга чейин КМШны экономикалык жактан өнүктүрүү стратегиясы боюнча консолидациялаган чечимдерди издөө иштери жүргөндүгүн айтты.
Кыргызстандын Президентинин пикири боюнча, саммиттин катышуучулары тандап алган ар жылы бирден конкреттүү маселени чечүү схемасы өзүн актады. Алсак, бул жылда КМШнын өз ара кызматташтыгынын башкы темасы катары транспорт чөйрөсү аныкталган. КМШга мүчө өлкөлөрдүн транспорт чөйрөсүндөгү 2020-жылга чейинки кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын долбоору иштелип, ал 2008-жылы ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешмесинде каралат.
Гуманитардык кызматташтык, эл аралык терроризмге каршы туруу, наркотрафикке каршы күрөшүү, ошондой эле КМШнын аймагында конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу да КМШга мүчө өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу бойдон кала берет.
Курманбек Бакиев жолугушуунун катышуучуларына Шериктештикке мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин төрагасы катары КМШнын аткаруу комитетине атайын өкүл- КМШга мүчө өлкөлөрдүн аймагындагы конфликттерди болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча миссиянын башчысы жөнүндөгү келишимдин долбоорун жана конфликттик кырдаалдар боюнча комитет жөнүндөгү жобонун долбоорун кароону кайра баштоого тапшырма бергендигин маалымдады.
Бүгүнкү күнгө милдеттерге токтолуп, Кыргыз Республиксынын Президенти биргелешкен энергетикалык долбоорлорду реализациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. "Ушуга байланыштуу, Кыргызстан менен Казакстан энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты КМШга мүчө өлкөлөрдүн 2009-жылга өз ара кызматташтыгы чөйрөсүнүн негизги багыты катары аныктоо сунушун киргизди", - деди Президент.




Кыргызстан төрагалык кылган мезгил жемиштүү болду
(Башталышы 1-бетте)
Отурумда КМШга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлору жөнүндөгү жобо тууралуу, КМШнын аткаруу комитетиндеги кызмат орундарынын мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы квотасы, КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин айрым чечимдеринин аракеттерин токтотуу, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда 2009-жылда энергетика тармагында кызматташтыкты аныктоо жөнүндө, 2009-2011-жылдарда мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип аракеттенүүнүн программасы жөнүндө, биргелешип фильмдерди чыгаруу тууралуу макулдашуу жөнүндө, жогорку билим жөнүндө документтерди мүчө өлкөлөрдүн арасында өз ара таануу жөнүндө, 2009-жылды КМШга мүчө өлкөлөрдүн арасында жаштардын жылы деп жарыялоо жөнүндө, Грузиянын КМШга мүчөлүгү жөнүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн тармактык органдарынын ортосундагы кызматташтыкты оптималдаштыруу жөнүндө сыяктуу 24 маселе боюнча чечимдердин долбоорлору талкууланып, кабыл алынды. Ошондой эле көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин 10-октябрда өткөрүлчү саммиттин күн тартиби бекитилди.
Отурумда талкууланган үч артыкчылыктуу багытты өзгөчө бөлүп баса көрсөтө кетүүбүз керек. - Биз отурумда укуктук базага жана маданий кызматташтыкты түзүүгө байланышкан 20дан ашык документти кабыл алдык, - деди отурумдан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Э.Карабаев. Биз төрагалык кылган убакта КМШда 2020-жылга чейинки экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип чыкты. Бул биринчи артыкчылыктуу багыт. Экинчиси, азыр транспорттук чөйрөдө 2020-жылга чейин кызматташуунун программасы иштелип чыгылды, ал уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин ноябрда өтүүчү отурумунда кабыл алынат. Үчүнчүсү, 2009-2011-жылдарда мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүнүн программасы иштелип чыгылды.
КМШнын аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы С.Н.Лебедев отурумдун конструктивдүү духта өтүп, интеграциялык процесстерди тереңдетип, анда коопсуздукту чыңдоочу маанилүү документтердин кабыл алынгандыгына токтолуп, саммиттин алкагындагы иш-чараларды даярдап өткөрүүдө Кыргызстандын Президенти К.Бакиев баштаган жетекчилиги аябагандай чоң иштерди аткаргандыгын баса белгиледи. "Мен бир жумадан бери ушуерде болгон убакта Президент Курманбек Бакиев менен үч жолу жолугуштум, - деди ал. - Ал даярдыктын жүрүшүнө активдүү жардам көрсөтүп турду".
С.Лебедев жер титирөөнүн залакасын жоюуга КМШга мүчө өлкөлөрү көмөктөшөрүн маалымдады.