, 10.10.08 - 13-бет: №76, 10.10.08-ж.
 12-октябрь - элдик көркөм кол өнөрчүлүк кызматкерлеринин күнү

Көркөм өнөр ордосу
Борборубуздун чок ортосу-
нан орун алып, шаарыбыздагы архитектуралык чечмелениши жагынан да эң сонун табылган "Кыял" Улуттук, элдик көркөм өнөрчүлөр бирикмесинен чыккан буюм-тайымдар элибиздин көөнүнө сулуулук тартуулап, эзелтен келаткан нарк-дөөлөттөрүбүздү улантуу менен күнүмдүк жашоо-турмушубуздун зарылдыгы катары мезгилдин сынынан өтүп келе жатат. Элдик искусствонун үлгүлөрү, салттуу эл чеберлеринин жасаган буюмдары жоголуп баратканда ушул тармакты жандандырып, өнүктүрүү максатында 1969-жылы Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен "Кыял" элдик кол өнөрчүлөр бирикмеси уюшулган. Ошол күндөн тарта республикабыздагы жеңил өнөр-жайы катары бирден-бир стратегиялык өндүрүштү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү сүрөтчү Султан Макашов жетектеп келет.
Ооба, кырчындай жаш кезинде алгач бирикмеге сүрөтчү болуп кирип, андан жетекчиликке чейин көтөрүлгөн Султан Макашов өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү, мезгилдин ыргагына жараша такай изденүүчүлүк жаңыча көз караштары менен өндүрүштү өргө тартканына мезгил күбө. Бул куттуу жайда кезинде элибиздин көөнөргүс көркөм өнөрүнүн нарктуу салттарын жандандырып, аны өнүктүрүүгө бараандуу салымын кошкон не бир асыл адамдар: тарыхчы-этнограф К.И. Антипина, көркөм өнөр таануучу А.Акмата-лиев, Ш.Мамбетаипова, Н.Асанова, А.Ишенова, А.Абдылдабекова, А.Касымбекова өңдүү бир канча муундун өкүлдөрү эмгектеништи.
Өндүрүш катары 48 кишиден турган жамаатта алгач кичинекей сувенир комуз, анан чоң комуздар жасала баштаган, тагыраак айтканда үч түрлүү: Токтогулдун, Карамолдонун, Ниязаалынын комузунун түрлөрү жасалган. Андан ары боз үй жасоо колго алынган. Бирикме өзүнүн 38 жылдык өмүр жолунда белсемдүү ийгиликтерге жетишип, 50дөн ашуун чет өлкөлөрдө өткөн көргөзмөлөргө катышты. Чехословакиянын Брунов шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө Алтын медаль менен, Лейпциг, Загреб шаарларынан да алтын медаль, күмүш, коло ж.б. көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
Борборубуздагы С.Чокморов атындагы элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн кесиптик окуу жайы "Кыял" бирикмесине адистерди түздөн-түз даярдоочу окуу жайы катары республикабызга белгилүү.
Учурда бирикмеде кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн бардык түрлөрү боюнча цехтер иштейт. "Кыялдын" жер-жерлерде узанган "Эл чеберлер союзунда" 1200 киши эмгектенет.
Мында даярдалуучу буюм-тайымдар "Көркөм кеңеш" тарабынан каралып, замандын талабын эске алуу менен улуттук нуктун, калориттин негизинде жасалат. Калпактын 20дан ашык ар кандай түрлөрү, сый, мааракелерге жасалган атайын чепкен-кементайлар, жаштар кийип жүргөн улуттук орнаменттери менен баш кийимдер, топулар, чыптамалар, асынма сумкалар, а түгүл мобилдүү телефон салгычтар жогоруда айтылган сөздү тастыктоо менен элибиздин улуттук жүзүн, улуттук сезимин ойготууда.
Андыктан республикабыздагы жалпы кол өнөрчүлөрдү, аларды бириктирген "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлөр бирикмесин, жалпы эмгек жамаатын 12-октябрь кесиптик майрамдары менен куттуктап, эл ишинде талыкпаган кайрат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
Алтынай АТТОКУРОВА,
Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү,
көркөм өнөр таануучу




Аялдар басмырланган жокпу?
Сентябрдын аягында БУУнун аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча комитетинин мүчөсү Шанти Дайриам Польшада сапар менен болду.
Бул сапарды жарандык коомдун аялдар уюмдарынын өтүнүчү боюнча (анын ичинде Кыргызстандын уюмдары да бар), Польшадагы КАРАТ коалициясы уюштурган. Мында Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенциясы боюнча Өкмөттүн милдеттенмелерин аткарууну алдыга жылдыруунун зарылдыгын күчөтүү айтылды. Муну атайын белгилеп жатканыбыздын себеби үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында Кыргызстандын Өкмөтү БУУнун кезектеги III сессиясында Конвенцияны аткаруу боюнча Мезгилдик отчетун комитеттин мүчөлөрүнө сунуштайт.
Дайриам айым сапардын алкагында CEDAW комитетинин Альтернативдик отчетун даярдоого активдүү катышкан Кыргызстандагы Аялдарга жардам борбору коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, алдыда боло турган сессияда ӨЭУдын отчетторунун бет-ачарын өткөрүүнүн шарттарын түшүндүрүп берди.

Аялдарга карата басмырлоонун бардык
формаларын жоюу боюнча Конвенцияны
Кыргызстандын Өкмөтүнүн аткаруусу жөнүндө CEDAW комитетине Альтернативдик отчет
CEDAW Конвенциясы эмнени билдирет?
Ыңгайлуулук үчүн CEDAW деп аталган аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча Конвенция - Адам укугунун бүткүл дүйнөлүк декларациясы жана Балдардын укугу жөнүндө Конвенция сыяктуу эле адам укуктары боюнча БУУнун негизги документтеринин бири болуп саналат.
БУУнун толук кандуу мүчөсү болуу менен биздин республика 1997-жылдын мартында CEDAW Конвенциясын ратификациялаган, муну менен өзүнө аялдардын укуктарын ишке ашыруу жаатында белгилүү милдеттенмелерди алган.
Конвенциянын 18-беренесине ылайык, ар бир төрт жылда катышуучу-мамлекеттер CEDAW комитетине өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө кат жүзүндө мезгилдүү отчетту жиберип турат. Биздин республиканын азыркы отчету - Конвенция ратификациялангандан берки үчүнчү болуп саналат.

Альтернативдик
отчет деген эмне?
Альтернативдик отчет - өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан Өкмөттүк отчет менен бир мезгилде даярдалат. Альтернативдик отчетту даярдоонун негизги максаты көз карандысыз маалымат берүү жана мамлекет өзүнө алган милдеттенмелерди тийиштүү деңгээлде аткарбай жаткан багыттарды табуу болуп саналат.

CEDAW комитетине Альтернативдик отчет берилип жаткан фактынын өзү өлкөдө жарандык коомдун жетилгендигин, демек демократия жетишерлик бийик деңгээлде экенин күбөлөйт.
CEDAW комитетине бул Альтернативдик отчетту ким даярдаган жана анда кандай маселелер коюлган?
Альтернативдик отчетту мурда өнөктөштүктө иштешкен алты ӨЭУ даярдаган. Альтернативдик отчетту жазуу үчүн ӨЭУдын кеңеши деп аталган убактылуу орган түзүлгөн. Билдирүүнүн ар бир бөлүгүн даярдоого бул маселенин үстүндө көп жылдан бери адистешип келаткан өкмөттүк эмес уюмдар иштешти. Мисалы, аялдардын саясый укугуна жана билим берүү чөйрөсүнүн абалына анализди Гендердик изилдөөлөр борбору жүргүздү, аялдардын жерге болгон укуктарын Ишкер аялдарды колдоо ассоциациясы, аялдардын трафиги жана адам сатуу маселелерин Аялдарга жардам борбору, жарандык жана социалдык укук маселелерин Социалдык технологиялар агенттиги, ал эми аялдардын репродуктивдүү укугу маселесин көз карандысыз эксперттер карашты, отчетто бардыгы 6 багыт каралган.