, 07.10.08 - 12-бет: №75, 07.10.08-ж.
  Тил жөнүндө дил маек

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Тазагүл Закирова:
"Марттыкка, улуулукка башымды ийип, Пастыктан бутумду аяп, аттап жүрөм"
Кыргыз поэзиясынын кымбат кыздарынын бири Тазагүл Закирова. Чыгармачылыктын ааламына алгач кадам таштаганы 60-жылдардын аяк чени эле. Андан бери куштай учкан жылдар бир көз ирмемдей өтүп кетти. Бирок жөн өткөн жок. Тазагүл Закирова деген ысым атпай журтка таанымал болуп чыга келди. Айрыкча түштүк жергесинде бул ысым өтө жүрөккө жакын болуп, улуу-кичүүнүн урматына татыган. Ондон ашык поэтикалык китептердин автору. Ырлары алтай, түркмөн, казак, өзбек, грузин, түрк, орус, англис тилдерине которулуп жарык көрүп, кыргыз поэзиясын башка элдерге даңазалаган акын. Анын сөзүнө жазылган обондуу ырлар эл оозунда ырдалып келет. 5 даректүү кинотасма тартты. Т.Закированын чыгармачылыгы тууралуу маданият менен адабияттын белгилүү ишмерлери тарабынан 60тан ашык сын-пикирлер, рецензиялар, изилдөөлөр жарык көргөн. Т.Закирова чыгармачылык менен эриш-аркак жооптуу кызматтарды аркалап келген. Жаратылышынан жан-дүйнөсү мекенчил. Учурда Ош облусунда Аялдардын эл аралык маданий-өндүрүштүк "Насыят" ассоциациясынын президенти. Бул сапар биздин дил маегибиздин коногу - Тазагүл Закирова.

- Тазагүл эже, сиз илгертен улуттук тилдин көйгөйлөрүн көтөрүп, акындык жүрөгүңүздөн өткөрүп жүрчү элеңиз, ушул маселеге азыр кандай карайсыз?
- Азыркыны айтуу үчүн мурдагы күндөрдү эстөө керек го. 1989-жылы республикабыздын тарыхында биринчи жолу Өкмөттүн токтому менен кыргыз тилинин статусун алуу жалпы элдик талкууга коюлганы эсиме түшөт. Сентябрь айынын баш ченинде Ысык-Көлгө эс алууга баратып республиканын Баатыры, акын агабыз Сооронбай Жусуевге телефон чалдым. Агай ошол токтом тууралуу айтып "Советтик Кыргызстан" гезитине жарыялана турганын айтты. Эртеси гезитти алып, эс алууга жөнөп кеттим. Тилдин маселеси өтө курчуп турган мезгил эле. Чолпон-Ата шаарында ар кадам
сайын "Гастроном Голубой Иссык-Куль", анын астына "Көгүлтүр Ысык-Көл гастроному", же "Пансионат Тюльпан" деп, астына "Жоогазын пансионаты" деген сыяктуу көрнөктөр толуп кеткен. Кийин Ошко келээрим менен облустук архитектуранын жетекчиси Кубанычбек Назаровго телефон чалып, Ош районундагы 7 кабат үйдүн алдындагы чоң залын сурадым. Анан облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерин, Ош мамлекеттик пединститутунун аттуу-баштуу окутуучуларын, профессорлорду баш кылып, дегеле мекенчил уул-кыздарды чакырдым. Баягы кыргыз тилинин статусу боюнча чыккан токтомду талкууладык. Көпчүлүгү колдоду, жаңы штаб түзүп, күн сайын саат 12.00 дө тармактар боюнча топтолгон колдоолорду тапшырмай, кечки саат 16.00 дө жыйынтык чыгарып, эртеңки күндүн иш-планын бекитмей. Түштүктүн бир чети Сүлүктү, Чаткал, Көк-Жаңгак өрөөнүн бүт камтып, бир жуманын ичинде 230 миң кол топтоп, үч бөлүп атайын шайланган азаматтар Бишкекке мамлекеттик тил комиссиясына жеткирип келишти.
- Ал убактагы саясат башка эмес беле эже, сиздин дилгир аракетиңизге бут тосуулар да болгондур?
- Болбой анан. Бул маселеге почталар да анча кызыга койбой турган. Ар бир жыйыныбызга КГБнын өкүлдөрү тымызын келип катышып, мыйзамдуу талкууну "партиялык, комсомолдук, кесиптик уюмдарда, эмгек жамааттарында мыйзамдын долбоору талкуулансын" деп жазылганына карабай, бут тосмок тургай куугунтуктун астында калдык. Көп жетекчилер кыргыз тилинин статусу болсо, биз колдойбуз дешти. Бизди айланып качып, кыргыз тилинин статусу боюнча мыйзамдын долбоору талкууланды деген куш тилиндей билдирүүнү бербей, обком партиянын агитация пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ф.З. Вафинге биздин тизмени берип, "Т.Закирова элди бүт уюштуруп келиптир" деп кабарлап турган "азаматтар" дагы болбой койгон жок. Ошол күндөрү акын Атантай Акбаров Чаткалдан келип калды. Биз менен эки күн чогуу иштеп, аягында "Эже, мен иштеп жатам деп эле Чаткалдын чокусуна чыгып алып ыр окуп жүргөн экенмин, а сиздер мындай чоң иштерди аткарып жаткан турбайсыздарбы" деп, биздин ушундай түйшүктүү, рахматсыз ишибизди баалаганы эсимде.
- Кийин кыргыз тилинин статусу кабыл алынбадыбы, андан кийин кандай өзгөрүүлөр болду?
- Андан соң Ош обкомунун бөлүм башчысынын орун басары Ф.З. Вафинге, шааркомитетинин катчылары М.Ахмедовго, О.Дьяченкого түшүндүрмө бердирип, КГБнын тизмеси менен стол чапкылап турган мезгилди да баштан кечирдик.
- Эл кандай кабыл алды?
- Элден айланса болот деген чындык. Ал күндөрдү артка кылчайып карап эстеген сайын элдин көрөгөчтүгүнө, акылмандуулугуна таазим кылам. Кээ бир сокур саясат жетекчилерчилеп колго чапкылабай, тикесинен тик туруп эне тилди коргоп чыгышты, уюштурганым үчүн мени колдоп тоодой бел болушту. Кандай болгон күндө да, тил мыйзамынын 22 беренесинде "же" деген арасат сөз турса дагы (1989-жылдагы кабыл алынганы) элибиздин тарыхында өз тагдырына, келечегине, бактысы үчүн жан аябай төшүн тосуп тик турчу инсандардын бар экенине кубанасың.
- Учурда тил маселесине мамиле кандай деп ойлойсуз?
- Кудайга шүгүр, мамлекеттик тилибиз мыйзамдуу түрдө жашап жатат. Бирок, дагы эле болсо маани бербеген учурларыбыз көп.
- Мисалы?
- Мисалы, "Тилди билсең, дилди билесиң", "Тил көпүрө" дегендей элдин акылман сөздөрүн ойлоп, малай элинин тоок жөнүндөгү притчасын эстейинчи: Тоок суу ичип жатып эмне үчүн мойнун көтөрүп асманга карайт? Себеби, ушул сууну жараткан Кудайга алкыш айтыш үчүн сууну ууртаган бойдон мойнун созуп асманга карап, жаратканга алкыш айтып, анан жутат экен. Америкага барсаңыз англис тилин үйрөнөсүз, бизге келген корейлер кыргызча сүйлөп калышат, кытайлар да кыргызчаны оңой эле үйрөнүшөт экен. Биз да эне сүтү менен кошо эмген эне тилибизди өтө терең урмат менен сүйлөп, сыйлап, таза сакташыбыз зарыл. Мисалы, "шашлык" деген сөз бар, аны чоңдон кичинеге
чейин ушинтип айтышат. Укканда кыжаалат болосуң, бул майда нерсе дебеш керек. Өзүбүздүн эле "шиш кебеп" деген эң сонун түшүнүктүү сөзүбүз бар эмеспи. Ата-бабабыз аңчылык кылып, этти шишке сайып кебеп кылып жешкен. Бул сөз бизге башка жактан кирген сөз эмес. Төл сөзүбүздү эле пайдалансак болбойбу? Мындай мисалдарды айтсак барак түтпөйт.
- Гимндин сөзүн жаңылоо тууралуу талаш-тартыштарды кандай кабыл алдыңыз?
- Мага жакпады ошол пикир, улуттук телевидениеден "бейкут" деген сөздү талкуулап, кыргыздын Гимнин кайра жазуу жөнүндө сөз кылган көрсөтүүнү көрүп олтуруп бейбаш-шок, бейбак-бактысыз, бейсаат-жаман, бейжанжир-тартипсиз, бейадеп-адепсиз ж.б. сөздөрдүн тизмеги эске түштү. Ар бир сөзүбүздүн айтылышын жазып олтурсак, чиркин гезиттин бети түтпөс. Манаста бейкут деген сөз айтылган дешет, бейбак деген сөз да айтылган-бактысыз деген маанисинде. Ошол эле мезгилде Кытайга качып (үркүп деген сөздү да жаныбарга тиешелүү экенинен пайдаланбай жатам) өткөн кыргыздарыбыздын тилин жоготмок турсун алтымыштан ашык нукура кыргыздын сөздөрүн сактап жүргөнүн угуп кубанасың.
- Өз эне тилибизди таза сүйлөө эл менен мекенди сүйүүнүн бир белгиси деп көп айтчу элеңиз?
- Албетте, аны азыр дагы айтам. Эне тилибизди өзүбүз таза билбей, ал аз келгенсип сыйлабай олтурсак, биздин мекенчил уулдарыбыз тилди таза сүйлөө "кичине" маселе деп түшүнө албай жатса, ар бир аты аталган мамлекеттин, улуттун өз калкы үчүн жазылбаган мыйзамдарын жүрөгүнөн түшүнүп аткарбасак ким аткарат. Шаарыбызда, облусубузда каттаган каттамдарда жалаң гана мамлекеттик тилде "токто", "түшөм", "чыгам", "баланча аялдама", "жол акы" деп эле өз тилибизде айта да, айттыра да албасак, биздин мамлекет экенин сырттан келгендер кайдан билет? Эрксизден Байдылда Сарногоевдин "Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" деген керемет саптарын эстейсиң. Дегеле, кыргызда тил майда маселеби? Келерки кылым менен бүгүнкү күндүн арасы бир көз ирмем. Ошол мезгилде да урпактар сыймыктанаар мекенибиз, элибиз, тилибиз аман болсун!
- Окурмандарга акын катары жакшы ырыңыздан тартуулай кетиңиз?
- Жакшы болот, мындай бир ырым бар эле:
Мезгилдин чамгарагы айлампалуу,
Кээде мен жок эмесмин, бар эмесмин.
Элим бар карапайым, дили таза,
Кемпайдын сыйлоосуна зар эмесмин.

Бул жаным отко түшүп, сууга түшүп,
Кээде мен ийленбеген теридеймин.
Турмуштун селкинчеги серпип учуп,
Кээде мен алыстаймын, берилеймин.

Кээде мен төмөн баксам баш айланган,
Керемет канат бүтүп, бийик жүрөм.
Миң шүгүр, кудурети күчтүү Алла,
Ай, күнгө оромолум тийип жүрөм.

Кээде мен туздуу деңиз чайпалгандай,
Сел болуп, дайра болуп агып жүрөм.
Кудайга бассам-турсам алкыш айтып,
Койнумда ыйык нээтти багып жүрөм.

Кыялдын тайкүлүгүн жемдеп, суулап,
Жылдардын жарышына таптап жүрөм.
Азиз бир пери бактым ай жамалдуу,
Аны айкөл, мырза уулга сактап жүрөм.
Марттыкка, улуулукка башымды ийип,
Пастыктан бутумду аяп, аттап жүрөм!
Бактыгүл Чотурова,
"Кыргыз Туусу"




Каңырыш сөз кайдан чыгат десе...
(Башталышы 8-бетте)
Анткени эртең эле кылдан кыйкым издеген сынчылар, зөөкүрлөр араа, балтасын сүйрөп бак-дарактарды кыя баштамак. "Ой, силердин бул эмне кылганыңар?" деп сурасаңыз: "Бакиев кый деп айткан" деп кайра өзүңүздү омурооломок. Ошондуктан, атайын "тезек" деп айткан. Ал эми айыл жергесинде мал менен алек болгон адамдар үчүн бул алардын күндө эле жасап жүргөн көнүмүш иши экени айтпаса да ар бирибизге белгилүү эмеспи…
Анын каршысында отурган толук жигит болсо бажычы. Өзү түштүктөн, ал жерде бир үйү, Бишкекте бир үйү, бул жерде бир үйү бар, аялдары, бала- чакасы, мал- жандары менен дегендей. Билбейм, айткан сөздөрүнүн канчалык жүйөсү бар экенин, бирок бажынын пайдасы толугу менен элге, мамлекетке жетпей жатканы чындыкка жакын болушу керек деп ойлойм.
Ал эми берки четте отурган кара тору жигит болсо мурдагы мал догдур. Барын билет, түшүнөт, бирок бир убакта өтө эле элди талап- тоноп, кыянаттык кылып жүрүп өзү эле жаман көрүнүп алган. Эми минтип ашта- тойдо элдин кызыкчылыгына күйүмүш болуп, бардык болгон- болбогон күнөөнүн барын Өкмөткө өңөрө салып, өзү жакшы киши болуп, калп эле күпүлдөп жүргөнү ошол.
Ырас, бул жигиттердин сөздөрүндө анча-мынча жүйө бардыр, бирок булардын сөздөрү элдин кызыкчылыгы, пайдасы үчүн эмес, өзүлөрүнүн эле былык иштерин жашырып жаап, акташ үчүн айтылган сөздөр. Ошон үчүн ага деле көп көңүл бөлүп, капа болуштун кажети жок.
Анткени, кудайга шүгүр, ач жылаңач деле жүргөн кишини көргөнүм жок, ар бирибиз колубуздан келишинче аракетибизди кылып, алдуу- күчтүүлөрдү этектебесек да, "алма быш оозума түш" деген осуяттардан акырындап арылып, билген ишибизге бел байлап, өзүбүзгө өзүбүз ишенип да калдык десем болот.
Дагы бир айта турган иш - бул биздин ишмер, намыскөй, кудай берген уул -кыздарыбыз. Мисалы, өзүң билесин, атбашылык кулунубуз Мааткабылдын уулу Аскар бийликтин бийигине, өңү- түрүнө карабай өз ишин өрүштөп жүрүп, мына, кудай буюрса, Бишкекте да, Нарында да элдин көзүнө көрүнүп, купулуна толоор иштерин алып келатат. Банкир кызыбыз Шарипа да эл өкүлү болуп, алы жетишинче эл- жерине жардамын аябай келет. Чыгаан уулубуз Нариман өзүнүн ишмердигин көрсөтүп, мына, эми борбор ка-лаабыздын чоңу болуп отурат.
"Атын атаса куту сүйүнөт" дегендей мен мунун барын эмне үчүн айтып отурам, балам? Анткени, уул- кыздарыбыз тың чыгып, өзүн гана эмес, эл- жерин да бакканга жарап турушса, бизге окшогон кары-картаңдарга да бел болот экен.
Демек, биз, карылар, ата- бабалардан калган салт боюнча алардын арбагына сыйынып, артыбызда өсүп келаткан уул- кыздарыбызга, небере- чөбүрөлөрүбүзгө батабызды берип, тиги дүйнөгө тынч өтүп кетүүгө шарт- чамабыз бар экенине кудайга ыраазы болуп, өзүң окшогон адамдар менен ой бөлүшүп, акыл насаатыбызды айтып калууга дилгир болот экенбиз. Кудай ушундан айырбасын",-деп батасын берип узатты.
Ошол күнү кечке жуук Бишкекке келдик. Бул жолу өзүмдү атасынын насаат сөзүн угуп, жаңы эле турмуш жолуна чыккан жаш жигиттей сезип, делебем козголуп, оюм уйгу-туйгу.
Жанакы эл арасында айтыла жүргөн ылаң, ыплас сөздөрдүн көпчүлүгү, көрсө, кечээки эле төбөcү көрүнгөн төбөлдөрдүн, бүгүнкү жыдып калган бузуку мансапкорлордун ызасынан чыккан ичкүйдүүлүк, карасанатайлык жана көралбастык сөздөрү экени өзү эле көрүнүп калды…
Демек, элимден эч качан кут, нарк-дөөлөт, каада-салт, кадыр-барк эч жакка кеткен эмес! Демек, бардыгы тең өз ордунда турбайбы!..
Карыбай Турусбеков,
Бишкек шаары.