Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Таластын төө буурчагы
19 өлкөгө экспорттолгон

Менчикке айланган мектеп, менменсинген деректир
(Башы 8-бетте)
Баса, мен арызымды министрликке көтөрүп барганымда андагы башкарма начальниктеринин бири жөн-жайымды сурай калып: - Аа, сиз деректир айымга тиешелүү сумманы берген эмес турбайсызбы! - деп олтурбайбы.
Арийне, айымды пара алып жаткан жеринен кармап албагандыктан, күнөөсүн көтөргүм келбейт. Бирок, ата-энелердин күбүң-шыбың кептерин уккандан соң күмөнсүнүү болот эмеспи. ЖОЖдо жүргүзүлгөн сурамжылоодо студенттердин бардыгы: "Дээрлик окутуучулар пара алышат",- деп жооп беришкени менен алардын аты-жөнүн конкреттүү көрсөтүүдөн баш тартышкан. Мунун себеби бирөө эле - эртең ошол айгак өткөн ак жүрөктүн кутулбас куяга калып, куугунтукка алынышы. Анткени, бир факты далилденгени менен "Ууру талапташ, бөрү кулакташ" дегендей айыбы ачылгандын табакташтары калып жатпайбы. Айгактын жазасын ошолор берип, "жабыр тарткандын" өчүн албай коёбу?..
Советтик мезгилде бир чабандын: "Башкарма бурак (бракка чыгарып) жейт, ыспалком сурап жейт, райком бурап жейт" дегенин анекдот катары айтышчу. Анан да "чубап" жечүлөрдүн анабашы катары МАИ, укук коргоо кызматкерлери аталчу. Азыр бул категорияга мамчиновниктерден баштап, педагогдор, медиктер жана да толгон-токой кесиптегилер кошулду. Дегеле коомубузда ала жипти аттабаган аруу адам калбагандай. Эгемендиктин башталышында эле А.Акаевдин: "Мафия, коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти",- деп жер тепкилегени чын да, көз жазгыруу да экен. Андан бери бул илдет тамырын шумдуктай терең жайып, өлкөнүн денине окурадай батып алды...
Ошентип мага берилген жооптордон неберемдин туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, ата-энесинин паспортторунун көчүрмөсүн, жашаган жеринен справка жана мектепке каттоо жөнүндөгү арызды гана 20-августта тапшырышыбыз керектиги белгилүү болду. Муну деректир айым беш колдой эле билет деңизчи. Анда эмесе, баланын да башын катырып, ата-энесин да машакатка салып, түйшүк тарттыруунун кандай кажети бар эле деген суроо туулат да. Ушундай убарагерчилик жанына баткан ата-эненин акыры "Кечтим байдын кызынан" дегендей деректир айымдын алдына түшүүдөн башка аргасы калабы?
Билим берүү жаатындагы өксүктөр тууралуу саймедирей берсе, сөз түгөнчүдөй эмес. (Ата-энелерге үстөккө-босток салынган алманды мындай кой, 4-класс үчүн англис тилинен окуу китептин өзү 600 сом тургандыгы не деген шумдук?). Акыйкатында эле билим алуу ийне менен кудук казганга барабар болуп, ата-энелер балдарын барымтага карматкандай деректирлердин көзүн карап калган заман орногон окшобойбу...
(Бул материалды жазып жатканымда үй-бүлөмдөгүлөр: "Залакасы небереңе тийбесин",- деп саксынышканын да жашырбайын. Кооголоңдо башын кумга каткан төө кушка окшобой терс көрүнүштөргө тике турбаса, коомубузду илдеттерден арылта алабызбы?)
И.ТАЛИПОВ,
калемгер




Төө буурчак Таласка береке берүүдө
Төө буурчак таластыктар үчүн береке алып келген өсүмдүк болду. Акыркы жети, сегиз жыл ичинде өрөөндүн эли турмуштарын бир топ жакшыртып алды. Өткөн жылы 66000 тонна түшүм алынып, бир килограммы 50 сомго чейин жеткен. Таластын төө буурчагы 19 өлкөгө экспорттолгон.
Ал эми быйыл жайында "төө буурчактын баасы 30 сомдон ашпайт экен. Өлкөдөгү өтө таасирдүү адамдардын бири үлүшкө отуруптур",- деген кеп тараган. Бирок, ал карандай ушак экени далилденип, азыркы учурда 34 сом 50 тыйынга чейин жетти.
Жакында өлкө башчысы Курманбек Бакиев Талас жергесине иш сапар менен келгенде, аны коштоп жүргөн Кыргыз Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри Искендербек Айдаралиев: "Эгер үлүшкө отура турган адамдар болсо алардын мойну буралат",- деген эле.
Быйыл облус боюнча 38395 гектарга төө буурчак айдалып, орточо түшүмдүүлүк ар гектарына 19 центнерден айланууда.

Козубек ИМАНКУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"




Элик алган сагызгандар
Сагызган Ата-Тоо аймагындагы он чакты алгыр куштардын сабына кирет. Анын - тумшугу түз, узун жана учтуу, көзү курч. Ала-Тоодо 2 түрчөсү бардыгы белгиленген. Уяларын дарак, бадалдарга салып, 4-6 жумурткасын 17 күндө басып чыгарат. Курт-кумурскалар, майда омурткасыздар менен тамактанат. Аны кыргыз мүнүшкөрлөрү алгырлыкка таптаган.

Сагызгандын темир канат балапанына, кайыштан боо тагылып, колго кондурулат. Туурга отургузулуп, андан ары кайберендердин кимисине алдырууга багышталса, ошого карата мүнүшкөрдүк иш кылынат. Маселен, элик алдырууга көнүктүрүлө турган болсо, анда эликти туюк союп, ичин алып таштап, тулкусу дал өзүндөй келтире керилип катырылат. Эки көздүн ордуна өзүндөй кылынып мык кагылган жыгач бекитилет. Ага эт илинет. Балапан колго кондурулуп келип, көздөгү эттин биринен жем жедирилет. Эртесинде экинчи көзүнөн, андан соңкуларында эки көзүнөн тең жем бериле баштайт. Күндөр өтө кеп уламдан улам алыстатыла коюла берет. Ошентип торолуп өз алдынча учууга жарап калганында эшик төрдөй жердеги кепти көрүп, талпына баштаганда коё берилет. Учуп барып эки кулагынын ортосуна шап конот да, көздөрүн чукуп жегенге өтөт. Улам-улам убакыт өткөн сайын кеп дагы алыстатыла берет. Сагызган алыска учуп барып, төбөгө конуп алып, көздөрүн олуп жегенге маш болот. Демек, бул анын табына келип ууга жарап баратканынан кабар берет. Канат-куйруктары абдан жетилгенде, ал улам алысты карап, колго токтоно албай талпынат, бул анын табына келгенин билдирип турат. Мындан соң сагызган кезектеги ууга алып чыгарылган.
Бул тажрыйба жогоруда эскерилгендей кыргыз мүнүшкөрлөрүнө эчактан эле белгилүү болгон жана аны колдонушкан.

Мырзабек ЧОКОТЕГИН,
Чүй району, Кошой айылы




  Конкурска

Суусамыр жатат сумсайып
Республикабызда 9 млн. гектар жайлоо жайыты бар. Аны жайы, кышы менен пайдаланууга болот. Союз учурунда республикада жалаң гана кой, эчкилердин саны 12 миллионго жетип, арзан эт, сүт өндүрүлүп, арбын жүн кыркылып алынуучу. Бирок, мынчалык мал жайыттарга батпай, мал туягы чөптү тебелеп, чаңын чыгарып, такырайтып жиберери белгилүү. Андыктан, орточо алганда, шарттуу түрдө 8-9 млн. баш мал багуу максатка ылайык болчудай.

Чындыгын айтканда, кийинки жылдары малдын саны көбөйүп баратканы менен айыл четиндеги жана орточо аралыктардагы жайыттар көп пайдалангандыктан, ал жайыттар такырайып, деградацияга учурап жатса да, алыскы бийик тоолуу жайыттар пайдаланылбай келатканы өкүнүчтүү.
Ушундай жагдайдан улам, республикабыздын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жайыттар департаменти жайыттардын абалын изилдеп, иликтеп, жайыттарды жандандыруунун аракетинде. Жакында аталган департаменттин директору Абдималик Эгембердиевдин демилгеси менен бир катар журналисттердин тобу атактуу Суусамыр жайлоосуна барып келдик.
Абдималик Абдыкаровичтин айтымында, Суусамырда 500 миң гектарга жакын жайыт бар. Мынчалык аянтка 300 миңден ашуун баш малды жайлатып, арзан эт, жүн өндүрүүгө болот. Чынында эле, ачык абада тунук суу ичип, жайлоонун ширин чөбүн оттогон малдын азык-түлүктүүлүгү жана анын сапаты да жогору болоору айтпаса да түшүнүктүүдүр.
Ошону менен бирге, Суусамырда картошка, сабиз, капуста өстүрүү да жакшы түшүм берерин кошумчалай кетейин. Андан тышкары, арпа, эспарсет айдап алса, малга баа жеткис тоют эмеспи. Ошондой болсо да, кийинки жылдары, Суусамырга мал аз жайлатылгандыктан, чөптөр чирип, көң болуп, жылдан-жылга кабатталып, анын алдынан тикенектүү караган бадалы ээ-жаа бербей, жайыттарды жапырып, азайтып баратканы өкүндүрбөй койбойт. Чындыгында эле, ошол караган бадалы улам көбөйүп баратканына өзүбүз да күбө болдук. Ал куурагырың, анан калса, тамырынан да, уругунан да көбөйө берет турбайбы. Андан тышкары, зыяндуу отоо, уулу чөптөр да жайыла баштаганы өкүнүчтүү.
Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Сарайбек Айтбаевдин айтымында, өрөөндүн тургундары мал чарбачылыгы менен күн кечиришет. Менчигинде 1 миңдей кою,20-30 ую жана ондогон жылкылары бар байлар чыга баштады. Алардын бири Сүйүн Исмагулова байбиче. Ал киши өзүнүн Алтынбек, Сатыбалды аттуу уулдары менен Суусамырдын Кара-Кол жайлоосунда жайы-кышы менен мал багышат экен. Үлүшкө тийген 30 гектар жери бар, андан тышкары 200 гектар жайытты ижарага алган. 12 гектардан ашуун аянтка эспарсет өстүрүп, малына кышкы тоютту камдап алганына күбө болдук. Өздөрүнүн жумушчу аты, машинасы бар. Жайыттын ижара акысын өз убагында төлөп турат.
Баса, А.Эгембердиевдин айтымында, республикабыздагы 9 млн. гектар жайлоо аянтынан ижара акысы түрүндө республикалык бюджетке 300 млн. сом киреше түшүрүүгө болоор эле. Бирок, учурда 7-8 млн. сом гана жыйналат. Анткени, ижара акысын төлөбөгөндөр кыйла көп. Андыктан бул маселени тезинен чечүүнү мезгил талап кылууда.
Жайыт маселесинде, мындан тышкары көйгөйлөр да жетиштүү. Жайыт мамлекеттин карамагында болгондуктан, анын кожоюну көп. Алсак, ага облус да, район да кожоюндук кылган учурлар аз эмес. Андыктан, жайыт ошол жайыт жайгашкан айыл өкмөтүнүн карамагына берилсе туура болчудай. Анткени, жайыт маселесин жергиликтүү бийликтен жакшы билген эч ким жок. Облус, район жетекчилери кеңсесинде отуруп, жайыттын абалын кантип көзөмөлдөмөк эле.
Ошону менен бирге, аталган департаменттин жетекчиси Абдималик Эгембердиев белгилегендей, жайыт маселеси боюнча жаңы мыйзам кабыл алуу зарыл. Анда, жайыттын түрлөрү, ижара мөөнөтү жана акысы, анын өлчөмү так, даана көрсөтүлүшү, жайыт мамлекеттин менчиги болгондуктан, аны башкарууну бир колго, тактап айтканда, айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүү туура болот. Айыл өкмөтү жергиликтүү бийлик катары жайыттар жөнүндө тийиштүү органдарга отчёт берип турат.
Суусамырдагы дагы бир көйгөй, жолдор, көпүрөлөр бузулган, бир жайыттан экинчи жайытка катташуу кыйын. Жакшы жери, учурда ПРООНдун бир долбоору ушул Суусамыр жайлоосун жандандыруу багытында иш жүргүзүп жатыптыр. Ал долбоордун жетекчиси Усубалиев Байбектин айтымында, учурда жайыт инвентаризацияланып, эсеп-чоту алынып жатат. Кудай буйруп, ошол долбоордун программасы иш жүзүнө ашырылып калса, Суусамырда инфраструктура түзүлөт. Жумушсуздуктан башка жактарга кетип жатышкан жаштардын агымы токтолот. Алар өз жеринде төрт түлүк мал багып, элдин саны көбөйөт. Айыл чарбасынын маанилүү тармагы болгон мал чарбачылыгы дүркүрөп өнүгүп, мал чарба продукциясы көбөйүп, азык-түлүк коопсуздугу камсыз болот, экономикабыздын өйдөлөшүнө олуттуу салым кошот.
Ал эми, мал чарба продукцияларын жеринде кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын курсак, андан бетер өркүндөп, өсөт өлкөбүз. Мисалы, эттен консерва, колбаса, сүттөн быштак, каймак май, сары май, жүндөн жип ийрүү, териден булгаары жасоо колдон келе турган эле иш. Болгону каражат жана убакыт керек. Ошондо өрөөндүн калкы көбөйүп, Суусамыр заманбап шаарга айланат. Бул ойлор азырынча кыял гана болгону менен келечекте ишке аша турган нерсе.
Дагы бир олуттуу көңүл бура турган маселе, жогоруда айтылган тикенектүү карагандан кантип кутулуунун жолун табуу керек. Карагандын түрлөрү көп, алардын ичинде Кыргызстандын, Фергананын, Алтайдын караганы бар. Жаман жери алар итмурун бадалы менен катарлаш өсүп, анын арасына кирген койдун жүнүн жулуп калат, атүгүл карагандын арасына кирип, камалып калган майда жандык өлүп калышы да мүмкүн. Сөз болуп жаткан зыяндуу бадалдар жалаң эле Суусамырда эмес, Ысык-Көлдүн сырттарында жана башка жайыттарда да көбөйүп кетиши кыйын эмес. Эгер анын таралышынын алдын алып, тийиштүү иш-чара көрүлбөсө, улуттун байлыгы болгон жакшынакай жайыттарыбыздан ажырап, жүздөгөн миллион сом киреше алынбай калат.
Совет мезгилинде, мындай зыяндуу бадалдар гербициддерди себүү менен жок кылынуучу, анын үстүнө мал көп болгондуктан, жазында, ал жаңы өсүп келатканда мал жалбырагын отоп жеп койгондуктан, бой көтөрө алуучу эмес. Учурда андай шарттар болбогондуктан, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын өсүмдүктөр флорасы лабораториясынын окумуштууларынын пикиринде, аны күзүндө, куураган кезде керосин чачып өрттөө жолу менен жок кылууга болот.
Ал эми, гербициддер менен жок кылган учурда, ага эки айга жакын убакыт бою малды жолотпоо керек. Атүгүл кийинки жылга чейин мал жайылбаса, андан да жакшы болот. Ошону менен бирге, гербицидди өзөндүн боюна, булактын көзүнө, карагат, кожогат, жана башка пайдалуу бадалдарга жакын жайгашкан жерлерде пайдаланбоо зарыл.
Өрттөп жок кылуунун каршылаштары да жок эмес. Маселен, экологдор буга каршы. Алардын айтымында, өрттөгөн учурда, жайыттагы микроэлементтер өлөт, канаттууларга жана башка жан-жаныбарларга азык болуучу жемиштер жоголот, кыскасы, табият бузулат.
Албетте, ар ким өз пикирин далилдер менен бекемдейт. Ошондой болсо да, жайыттарды сактап калуунун мааниси чоң. Андыктан, окумуштуулар, практиктер, адистер, жергиликтүү калк өз ара кеңешип, кандайдыр бир олуттуу иш-чара көрүлбөсө, жашыл жайыттарыбыз жашын төгүп, жардам сурап, сумсайып жапа чеге бермекчи.

Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan