Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Пара бергенче бара берсе да оң жооп
бербеген деректир коррупционерби же...

Билим берүү жана илим министрлигине кулак кагыш
Сабатсыз мугалимдин сабагынан качан арылабыз?
Ойлонбой жасалган иш ойрон кылат
Өткөн жылы эл аралык билимди баалоочу борбор жана "Пиза" уюму дүйнөнүн 57 мамлекетинде орто билим алган окуучулардын билим деңгээлин изилдеп, Кыргызстандын окуучулары эң акыркы орунда деген бүтүмгө келди. Мындай жыйынтык биздин билим берүү жана илим Министрлиги үчүн "2" деген баа коюу-деп эсептөөгө болот. Бирок Министрлик андан жыйынтык чыгарып, абалды оңдоо үчүн астейдил аракет жасагандыгы сезилбейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 2005-жылдын 1-сентябрында мектептердин мугалимдери, жогорку окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзү эске түшөт. Анда мамлекет башчысы акыркы 10 жылдын ичинде элге билим берүү тармагы талапка жооп бербей келе жаткандыгын баса белгилеп, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу милдетин коюп, эгерде биз балдарды окутууда дагы эле 30-40 жыл мурдагы усулдар менен иштей берсек, келечек мындай турсун, азыркы талаптарга да жооп бере албай калабыз деген эле. Коомчулуктун көңүлүн ушул фактыга өзгөчө бургум келет. Мындан үч жыл мурда эле Курманбек Салиевич билим берүү тармагынын жетекчилеринин алдында оор абалдан чыгуу боюнча иштиктүү чара көрүү, билим берүүдө сандан сапатка өтүү маселесин койгон эле. Тилекке каршы, билим берүү жана илим Министрлиги чечкиндүү реформа жүргүзүүнүн ордуна ар кандай талкууларды, семинарларды уюштуруу, кагаз жүзүндөгү көптөгөн чечимдерди кабыл алуу менен гана чектелип келе жатат. Иш жүзүндө мектептердин, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери азыркы күнгө чейин эскиче усулдар менен иштөөсүн улантып жатышат. Мектеп окуучуларынын билиминин ушунчалык төмөн болушунун себептерин терең изилдеп, аны илимий негизде жолго коюунун ордуна куру кыйкырык, ач айкырык, ызы-чуу коштогон сүрөөн менен кожо көрсүн үчүн убактылуу алаксыта турган, эч кандай натыйжасыз иш чараларды өткөрүмүш болуп өздөрүн өздөрү алдап келе жатышат. Ал эми окутуу, тарбия иштерин педагогика, психология, дидактика жана жекече методика илимдеринин жаңы жетишкендиктеринин негизинде иш алып баруу жөнүндө ойлонгон киши жок. Натыйжада, бүгүнкү мектепте иштеп жаткан мугалимдерибиздин басымдуу көпчүлүгү педагогикалык жактан, айрыкча анын эң негизги бөлүктөрүнүн бири болгон дидактикадан карандай сабатсыз бойдон калышууда. Алар илимий-методикалык жактан алда качан маанисин жоготкон, моралдык эскирип бүткөн окуу китептеринен башка адабият окубай калышты. Мектептердин мугалимдери менен сүйлөшө келсең, алар: "Бизде педагогикалык билимдин жаңы китептери жок, табалбай аргабыз кетти", - дешет.

Курансыз тарбия, куржалак аракет
Ошол эле учурда билим жана илим Министрлигинин атайын уруксаты менен басмадан чыгарылган китептер өтпөй авторлор кантээр айласын таба алышпай жүрүшөт. Сатып алгыла деп мугалимдерге сунушташса, Министрликтин "Мектеп мугалимдерине эч кандай китеп сатылбасын " деген көрсөтмөсү бар экен. Ырас, антип тыюу салуунун кандайдыр бир деңгээлде зарылчылыгы болсо керек, себеби окуу-тарбия иштерине эч кандай тиешеси жок эскертмелерди, халтуралуу адабий китептерди мугалимдерге таңуулап саткан учурлар болгон. Бирок, бул көрсөтмөнү сокур түрдө аткарбай, ар бир учурда жекече мамиле жасоо керек деп ойлойм. Министрликтин атайын белгиси (аны "гриф" деп коюшат) коюлган педагогикалык, психологиялык, усулдук окуу куралдарын, колдонмо-иштелмелерди мектептер сатып алса болмок, же Министрлик өзү бүткүл тиражды сатып алып таркатсын. Бирок, бюрократтык, сабатсыз көрсөтмөсү менен мугалимдерди чыгармачылык эргүүгө түрткү берген заманбап, баалуу дидактикалык табылгалардан, элдик педагогиканын мурастарындагы жана бүткүл дүйнөлүк педагогика илиминдеги залкар идеялардан куржалак калтырып, мектептин таалим-тарбия иштерин кунарсыз, жугумсуз, натыйжасыз иш-чарага айландырып жатканын чиновниктер өздөрү да сезишпейт көрүнөт. Ушундай жагдайды эске алып, бүткүл дүйнөгө чыгаан аалым, жаңычыл педагог Ш.А.Амонашвили мугалимдер жамаатындагы эң күчтүү дидакт (окутуунун илимий негизин терең билген мугалим) мектеп директору болуп, ал эми аймактын эң сабаттуу дидакты билим берүүнү башкаруучу болгондо гана өлкөнүн билим берүүсү, аны мезгил талабына ылайык реформалоо туура жолго коюларын баса белгилеген. Биздин район, шаар жана аймактардагы билим берүүнү негизинен дидактика илими жөнүндө түшүнүгү жок, куру саясатчылар башкарып келе жатышат. Алар балдарды окутуунун сапатын жакшыртуу, ар бир мугалимдин жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө эмес, жалпы жетишүүнүн мүмкүн болушунча жогорку натыйжасы үчүн гана күрөшүшөт.

Билим башаты башталгыч класстардан
Эгерде биз билим берүүнүн дүйнөлүк үлгүлөрүнө чындап өткүбүз келсе, ишти башталгыч класстардан баштоо керек. Дал ошол кезде баланын, окууга кызыгуусу ойгонуп, ой жүгүртүү жөндөмү калыптана баштайт. Ошондуктан башталгыч класстардын мугалимдеринин милдети өзгөчө болуп эсептелет. Мектеп босогосун алгач аттап келген окуучуну биринчи класстын биринчи сабагынан баштап эле өз алдынча окуп билим ала билүү ыгына ээ кылуу зарыл. Башталгыч класстардан кийин ортоңку жана жогорку класстарда окуусун ийгиликтүү улантуусу үчүн зарыл аспапты ар бир окуучу кадиксиз пайдалана билүүсүн үйрөтүүчү эвено катары каралыш керек. Бул аспап беш ыкмадан турат:
- сырткы дүйнөнүн кубулуштарын, мыйзамченемдүүлүктөрүн акыл-парасат менен көңүл коюп, кабыл ала билүү;
- кабылдагандарынын үстүнөн акылга тете, логикалык ой жүгүртө билүү;
- көргөндөрүн, аткарып жаткан ишин, ойлогонун, байкоолорун башка бирөөгө адабий тилде, өз сөзү менен түшүнүктүү кылып айтып бере билүү ;
-түшүнүп, үн кубулта, шар окуй билүү;
-түшүнүп, катасыз, бат жаза билүү;
Албетте, ыктардын мындай бөлүнүүсү шарттуу гана көрүнүш. Ар бир конкреттүү учурда мугалим окуучунун жөндөмүнө жараша усулдарды колдонушу керек. Китеп окуусу жарым-жартылай автоматташкан деңгээлге жетишүү үчүн башталгыч мектептин ар бир окуучусу класстык сабак учурунда 200 сааттан кем эмес үн чыгарып окуп, ал эми үйүндө ата-энесинин көзөмөлү астында 2000 сааттан кем эмес күбүрөп жана купуя китеп окуусу талап кылынат. Ушундай деңгээлге жеткенде гана окуучу билим кенчи болгон китеп дүйнөсүнө өзүнөн-өзү сүңгүп кирип кетет. Ошондон билимге, турмуш кубулуштары жөнүндө ой жүгүртүүгө кызыгуу башталат. Ушундай түшүнүктүү, татаал система ырааттуулук жана туруктуулук менен ишке ашырылса гана биринчи класска келген ар бир окуучу орто мектепти талап кылынган билим деңгээли менен аяктай алат. Ошондо гана мектепти бүтүргөн улан-кыздарыбыз объективдүү дүйнөгө акыл-парасат менен активдүү байкоо жүргүзүп, кабылдагандарынын үстүнөн ой жүгүртүп, өз оюн башкаларга адабий тилде, түшүнүктүү кылып айтып бере алышат жана сабаттуу жаза билишет. Ошондо гана ар бир окуучу мектептин ортоңку жана жогорку класстарында жогоруда айтылган аспапты кадиксиз пайдаланып, окуусун ийгиликтүү уланта алат.
Балдарды билимге кызыктыруу, алардын табийгаттан берилген жөндөмдөрүн ойготуу жана өөрчүтүү эң бир татаал илимдердин бири. Жаш жеткинчектерди мезгил талабына ылайык деңгээлде окутуп, тарбиялоо үчүн мугалимдин өзү терең билимге ээ болуп, талыкпаган эмгекчил, изденгич болушу талап кылынат. Бирок, биздин мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин басымдуу көпчүлүгү ошондой жогорку талапка жооп беришпейт. Алардын өздөрү дидактикалык - педагогикалык жактан сабатсыз. Эң өкүнүчтүүсү, ошол өзүнүн сабатсыздыгын жоюп, бийик деңгээлге умтулуусу байкалбайт. Натыйжада сабатсыздыктын бүтүндөй бир тутуму түзүлүүдө. Бала башталгыч класстарда тиешелүү билим алалбай, жогорку класстарда көпчүлүгү ортозаар окушуп, жогорку окуу жайларына ортозаар абитуриенттер келип окуп, анда да жалпы көчтүн көлөкөсүндө эптеп окушуп, билим эмес, диплом алышып, мектепке ортозаар мугалимдер келип жатышат. Алар окуткан балдардан ким чыгаары жөнүндө жогоруда айтып өттүк …

Абалдан чыгуунун айкын жолдору
Мындай оор абалдан чыгуунун бирден бир жолу -башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоого олуттуу көңүл буруп, мектепте иштей баштаган жаш адистерге камкордук көрүп, алардын бийик деңгээлдеги педагог болушуна көмөктөшүү. Мында мектептердин директорлорунун, окуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын жана тажрыйбалуу мыкты мугалимдердин ролу чоң. Алар статистикалык "жакшы көрсөткүч" үчүн күрөшпөстөн, сапаттуу билим берүү үчүн күрөшүүлөрү керек.
Билим берүүнү реформалоо - бала бакчалардын тарбиячылары менен башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоонун приоритеттүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Аларга таланттуу, өз адистигине астейдил берилген, баланын табиятын түшүнүүгө жөндөмдүү улан-кыздарды алда качан калыптанып бүткөн тарыхый салттуу сынак жана аңгемелешүү аркылуу кабыл алуу керек. Акыркы жылдары колдонулуп жаткан тесттер мындай милдетти аткара албайт. Анткени эч кандай автоматташтырылган аспап адамдын жан дүйнөсүн ача албайт эмеспи. Биз педагогдорду даярдоодо батыштан келген технократтык технологияны сокур түрдө кабыл албай, мугалимдерди гана эмес, адабият менен искусство адистерин даярдоодо да мурдагы турмуш жана мезгил сыноосунан өткөн ыкмаларды эле колдонгонубуз жөн. Мында мени айрымдар консерваторлордун катарына кошуп сындашы да мүмкүн. Бирок, биз коомду туруктуу өнүктүрүү үчүн керек учурда консерватор да болушубуз керек. Дүйнөлүк практикадан Англияны алсак жетишет. Бул мамлекетте, анын коомчулугунда консервативдик көз караш биринчи планда турат. Анткени алар кылымдар бою калыптанып, элдин сезимине терең сиңген каада- салттарды сактап, реформачыл усулдарды ар тараптан текшерүүдөн өткөргөндөн кийин гана кабыл алышат.
Билим берүү тармагын реформалоо жөнүндө мен билгенден эгемендүүлүктүн бардык жылдарында эле сөз болуп келе жатат. Бирок биз ар тараптан ойлонулган, турмуш сыноосунан өткөн жаңылыктарды кийирүүнүн ордуна Европада иштелип чыккан ар кандай "сунуштар" менен усулдарды гана кабыл алып жатабыз. Мындай ыкма балким айрым тармактарга пайда алып келип жаткандыр. Ал эми педагогика жаатында олуттуу өзгөрүш болгон жок. Мугалимдерди даярдоо эң жөнөкөй талаптарга да жооп бербейт. Эми биз талашып-тартышып олтура бербей, натыйжа бере турган ыкмаларга өтүшүбүз керек болуп калды. Анын үстүнө өз ордунда келечектүү план менен туруктуу иштеген министрлер деле боло элек. Алар өтө эле тез алмашышкандыктан баштаган иштерин аягына чыгара албай жатат. Мындай абал жалпы коомубузга терс таасирин тийгизүүдө.


Бекембай Апышев,
Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана
окуу-усулдук борборунун директору




  Көйгөй

Менчикке айланган мектеп, менменсинген деректир
Белгилүү сатирик Райкан жаш калемдештерине "Коомду тазартабыз, адамдарды адеп-ахлакка тарбиялайбыз деген далбасыңар беймайнап убара. Бул дүйнөң бизге чейин эле бүксүп бүткөн", - деп айткан экен. Анын сыңарындай коррупцияга каршы күрөшөбүз, аны түп-тамырынан соолтобуз деп ооз көптүрүп опурулуу бул алдыда жаткандын: "Турсам өлөсүң!", дегенинин нак өзү. Ал ашкере зилдеген дарттын дабасын табуу кыйын болууда. Атүгүл анын вирустарын баралынча жайылтып, айыккыс ылаңга айланышына албан салым кошуп да жатабыз.
Базарларда өз киндигин өзү кесип, таңдан кечке баткак кечип, өлбөстүн күнүн өткөргөн өспүрүмдөрдү мындай кой - балдарды мектепке каттатуу да ата-энелер үчүн түгөнбөгөн түйшүккө айлангандыгына өзүм күбө болдум. Баягы жагымдуу саамалыктар эгемендиктин тушунда ого бетер кеңири кулач жайып, билим алууга жаңы айдыңдар ачылды го деген оюмдун ойрону чыкпадыбы. Көрсө, бардыгы канавайран болуп, жеткинчекти калыптандыруу, таалим-тарбия берүү деген ыйык вазипа өз касиетинен кагылып, кызыл кулактык киреше булагына айланып калыптыр.
Тун уулумдун жолун уласын деген ниетте неберелеримдин бирин адегенде макталуу "Абитуриент" жекече мектебине берүүнү туура көргөн элек. Анда акыйкатында эле кыйла тажрыйбасы бар педагогдор сабак беришкени менен баланын окуусу үчүн акы төлөөгө бардык ата-энелердин кудурети жетчүдөй эмес экен. Анын үстүнө неберени эртең менен жеткирип, кечинде алып кайтуу азыркы шартта оңойго турбай калгандыктан, жашаган үйүбүздөн 300 м аралыктагы № 13-мектепте эле окутууну туура көрдүк.
Менин жаман оюмда неберемдин 3-классты ийгиликтүү аяктагандыгын жана кайда жашай тургандыгын тастыктаган справка менен эле маселе машакатсыз чечилет дегем. Шумдугуң кур, мектептин баары менчикке өтүп, андагы деректир өз бийлигин жана өз тартибин орноткон диктаторго айланып калган экен. Анткени, республиканын бардык мектептери үчүн айныксыз жол-жоболордун жоктугунан ар бир "казанчы" каалаган жеринен кулак чыгарып алыптыр.
Каникул учурунда неберем беймарал эс алсын деген ниетте аны каттоого алуу өтүнүч менен № 13-мектептин деректири Г.Алиевага 29-майда эле кайрылдык. Ал класстардын толуп калгандыгына байланыштуу баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок, бирок жакын жерде жашагандыктан, тестирлөөдөн өткөрүшүбүз керек деген жоопту берди. Кыскасын айтканда, накта экзекуция башталып, деректир айым түгөнбөгөн түйшүккө салды.
Ал айткандай англис тилинен тестирлөөгө даярдап барсак, математикадан өткөрөт. Диктант деген күнү дагы башка сабактан. Мындан бала эмес, чоң кишинин башы маң болгудай эле. Ал эми ошол эле учурда мектепке жакын жерде жашагандар эмес, башка жактан (атүгүл башка республикадан) келгендер да каттоого алынып, компьютерге түшүрүлгөнүн көрүү таң каларлык да эле. Мунун сырын - айрым ата-энелер колу менен пул санаганды көрсөтүп, тымызын гана туюнтушту. Бирок, КРнын "Билим жөнүндөгү" мыйзамында жалпыга билим берүү акысыз жүргүзүлөөрү так көрсөтүлүп турбайбы.
Деректир айымдын мышык-чычкан ойнотуусу жанга баткандыктан Ленин райондук билим берүү борборуна (Ж.Кызалаков), мэриянын билим берүү башкармалыгына (Г.К.Кудайбергенова) кайрылып, чечкиндүү чара көрүлүшүн сурандык. Мындан натыйжа чыкпагандыктан КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары А.Г.Иванниковго кайрылууга туура келди. Менин арызым аталган мекемелерди кайра кыдырып чыгып, мага да жазуу түрүндө жооптор берилди.

(Уландысы 9-бетте)













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan