Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Кошумча тизмеге соттун чечими менен гана киргизилет

Дамир Лисовский:
"Шайлоо комиссиялары шайлоого толук даяр"
2008-жылдын 5-октябрында, жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоого карата даярдыктардын акыркы баскычынын жыйынтыктары кандай болуп жаткандыгы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, биз Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Лисовский Дамир Владимировичке кайрылдык.

- Дамир Владимирович, алдыдагы шайлоого мыйзамда белгиленген мөөнөттө даярдык көрүү иш-чараларын өз маалында бүткөрүү үчүн анын уюштуруучулары менен дагы башка шайлоо жүрүмүнүн катышуучулары тарабынан кыйла эле аракеттер жасалды көрүнөт. Мындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын иш аракетин кандай баалар элеңиз?
- Ушу тапта шайлоону өз деңгээлинде өткөрүү багытында жүз пайыздык даярдык камсыз кылынды. Шайлоо бюллетендери басылып чыгып, бардык округдук комиссияларга таркатылып берилди. Бардык шайлоо участкалары толугу менен жабдылып, даярдык иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Шайлоочулардын тизмелери такталып, 10-сентябрдан тарта участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочуларды тааныштыруу үчүн берилген. Ошентип, каалаган шайлоочу шайлоо участкасынан өзүнүн шайлоо тизмесине киргизилгендигин текшерсе болот.
КРнын Президентинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнүн дайындоо жөнүндө Жарлыгы жарыяланар замат, облустук жана Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан 2110 көп мандаттуу шайлоо округунун схемасы иштелип чыгып, ал бекитилгенден кийин, чегаралары жана номурлары көрсөтүлүү менен, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган.
14-августка карата 60 округдук шайлоо комиссиясы түзүлүп анын курамына 518 адам кирсе, анын 123ү саясый партиялардын өкүлдөрү, 395и шайлоочулардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн. Ал эми 5-сентябрда курамы 20025 адамдан турган 2118 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлүп бүткөн.
Өздөрүнүн суроо-талабы боюнча, баш-аягы 2118 участкалык шайлоо комиссиясы материалдык-техникалык-каражаттар: кабиналар, туруктуу жана көчмө урналар, маркалоочу материалдар (баллончолор, фонарчалар, батарейкалар), маалымат-усулдук көрсөтмө куралдар, схемалар жана плакаттар менен толук камсыз кылынды.
Белгилей кетүүчү нерсе, 2008-жылдын 5-октябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо боюнча өнөктүк башталганда эле (мындайча айтканда, бул маанилүү иш-чара "түз марага түшкөндө" гана эмес), КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын адистерден турган жааматы күчөтүлгөн тартипте иш алпарып, ар кызматкерибиз өз иш милдетинин өтөөсүнө чыга алды десек болот. Баса, кечээ эле шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча штаб жетекчисинин (КРнын Премьер-министринин), КРнын Президенттик Администрациясынын өкүлдөрүнүн, күч министрликтеринин, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, Сот департаментинин, тармактык мекемелердин жетекчилеринин, ошондой эле Бишкек мэринин, бардык облустар менен райондордун губернаторлору менен акимдеринин, шайлоо комиссияларынын жетекчилеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен республикалык селектордук жыйын өткөрүлүп, анда шайлоого карата даярдыктар тууралуу ырааттуу сөз жүрүп, өз ара пикир алышышты.
- Участкалык комиссиялардын өкүлдөрү Шайлоо жөнүндө Кодекстин жаңы ченемдерине ылайык иш алпарууда. Алардын шайлоого даярдык деңгээлин кандайча бааласа болот?
- Буга чейин участкалык шайлоо комиссиялары толук курамы менен атайын окуудан өтүшкөн. Ал окуу БШК, облустук жана Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан "каскад" тутумунда жүргүзүлгөн эле. Мындан сырткары, округдук жана участкалык комиссиялар үчүн атайын нускамалар басылып чыгып, зарыл болуучу бардык документтердин үлгүлөрү, ошондой эле багыттуу көрсөтмөлөр даярдалган. Жалпысынан ал окууга ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын 20 миңден ашуун өкүлү тартылган болчу. Окуу семинарларында, Шайлоо тутумунун эл аралык фондунун (IFES) колдоосу астында, КРнын БШКсынын жана облустук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен аппарат кызматкерлеринен туруп, алдын ала атайын даярдыктан өтүшкөн тажрыйбалуу адистер машыктыруучу катары чыгышты.
Андагы семинар-тренингдердин жүрүшүндө участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары, алардын ишин уюштуруу, шайлоочулардын тизмесинин абалы, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү сыяктуу бир катар маанилүү маселелер каралды.
Мындан тышкары, өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо тарыхында алгачкы ирет Кыргыз Республикасынын прокуратураларынын, ички иштер жана сот органдарынын өкүлдөрү үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү. Анткени, алар да жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү өнөктүгүнүн жүрүмүнө түздөн-түз катышат эмеспи. Анда жарандардын шайлоо укуктарынын бузулушуна карата жоопкерчиликке, шайлоонун эркин өтүшүн камсыз кылуу боюнча шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын иш аракетине, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү укугунан кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөөгө ж.б. байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралды.
Окууларга укук коргоо жана сот органдарынын 700дөн ашуун жооптуу кызматкери жигердүү катышып берди. Тактап айтканда, КРнын БШКсынын бул багыттагы иш аракети түшүнүү менен кабыл алынып, толугу менен колдоо тапты десек болот. Ошондой эле, алар мамлекеттик жана расмий тилде катарлаш басылып чыккан Шайлоо жөнүндө Кодекстин жаңы редакциясы, бир катар маалымат усулдук-материалдар, көрсөтмө куралдар менен камсыз кылуу багытында да өзүлөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.
- Шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча маалыматтык өнөктүк кандай жүргүзүлүп жатат?
- Мыйзам тарабынан шайлоону уюштуруу жана аны өткөрүү иш милдети тагылган мамлекеттик орган катары, КРнын БШКсы өз милдетин шайлоонун эң негизги принциптерин, анын ичинде шайлоо жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууну эске алуу менен жүзөгө ашырууда. БШКнын бардык жыйындарына жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Мындан сырткары, шайлоого даярдыктардын жүрүшү жөнүндөгү бардык маалыматтар БШКнын веб-сайтына өз маалында ырааттуу жайгаштырылып турат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ар күн сайын борбордук жана аймактык телекөрсөтүү, радиоуктуруу каналдары аркылуу маалымат беришсе, бардык басылмаларда шайлоого карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу баяндаган материалдар байма-бай жарыяланууда.
Ошону менен бирге, БШК тарабынан шайлоо жүрүмү тууралуу түшүнүк берген ар кандай багыттагы радио жана видео роликтер даярдалып, теле жана радио каналдары аркылуу таркатылууда. Ошондой эле, биз шайлоо жүрүмүнүн бардык катышуучуларына жардамга келе турган бир катар атайын маалымдамаларды чыгардык. Анын ичинде, Шайлоо жөнүндө Кодекс - 5000 нуска, негизги иш-чаралардын календардык планы - 3000 нуска, шайлоо укуктары менен добуш берүү жол-жобосу жөнүндө түшүнүк берген плакаттар менен баракчалардын 7 түрү, участкалык шайлоо комиссиясынын иш аракети боюнча көрсөтмө - 20 000 нуска, саясый партиялар, депутаттыкка талапкерлер үчүн маалымдама - 3000 нуска, шайлоону маалыматык камсыз кылуу боюнча жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын түзүлүүсү, келип түшүүсүн эсепке алуу, алардын жумшалуу тартиби жөнүндө нускамалар - 15 000 нускадан ашуун, ошондой эле шайлоочулар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, байкоочулар жана шайлоо укуктарын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчилик жөнүндө эскертме - 1000 нускадан ашуун, дагы башка тиешелүү документтер даярдалды.
Шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Жарлык жарыяланар замат, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында Коомдук кабылдама, андан кийин Юристтердин коомдук палатасы түзүлгөн эле. Ушу тапта бул эки жаңы түзүмдүн ишине тартылган тажрыйбалуу юристтер, көз карандысыз эксперттер, укук жаатындагы адистер шайлоо маселелери боюнча кайрылган жарандарды күн сайын кабыл алып, аларды кызыктырган маселелер боюнча өздөрүнүн кеп-кеңешин берүүдө. Алар өз иштеринде КРнын Конституциясын, Шайлоо жөнүндө Кодексти ж.б. шайлоо укуктарынын тармагына тийиштүү болгон мыйзамдарды жетекчиликке алууда. Мисалы, 1-октябрга карата Коомдук кабылдама менен Юристтердин коомдук палатасына 260тан ашуун жаран кайрылып, шайлоо жүрүмүнө байланыштуу зарыл болгон маалыматтар менен кеп-кеңештерди алышты.
- Шайлоого даярдык өнөктүгүнө эл аралык жана коомдук уюмдардын катышуусу тууралуу да бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз?
- Жогоруда КРнын БШКсынын мүчөлөрү менен аппарат кызматкерлери башынан эле эл аралык уюмдар менен ийгиликтүү кызматташып келаткандыгын учкай баян кылганбыз. Аларга ОБСЕнин Бишкектеги борбору, Шайлоо тутумунун эл аралык фонду (IFES) ж.б. уюмдар кирет. Алардын колдоосу менен округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн (алардын курамы 20 000ден ашуун адамдан турарын айтып өттүк) окутуу боюнча ири иш-чараларды өз деңгээлинде өткөрө алдык. Ошону менен бирге, ОБСЕнин Бишкектеги борборунун көмөктөшүүсү аркылуу шайлоочуларды добуш берүү жүрүмүнө жигердүү катышууга чакырган видеороликтерди, үгүт банерлерин даярдоо менен, маалыматтык өнөктүктү кеңири кулач жайдырууга жетиштик.
Ошондой эле, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен да, айрыкча курамына 6 коомдук уюм кирген "Жарандык уюмдардын бирлиги" менен өз ара иштиктүү ымалабыз бар. Мындан сырткары, алардын катарына "Жарандык коомду колдоо борборунун" ассоциациясы, "Жарандар коорупцияга каршы", "Интер билим", "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" "Шайлоо-Кол" коомдук уюмдары "Таза шайлоо" ассоциациясы ж.б. кирет. Алар "Менин тандоо мезгилим!" урааны астында демилге катары көтөрүп чыккан акцияга КРнын БШКсынын жана анын бардык шайлоо тутуму тарабынан жакындан колдоо көрсөтүлгөндүктөн, ал өлкөнүн көпчүлүк аймактарында ийгиликтүү өттү.
- Дамир Владимирович, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларына дагы эмнелерди каалар элеңиз?
- Биринчиден, шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө катардагы шайлоочунун да кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик үлүшү бар экениндигин баса белгилей кетким келет. Анткени, ал тигил же бул талапкерге өз добушун берүү аркылуу өз эркин билдирет эмеспи. Ошону менен бирге, добуш берүүдөн четте калган шайлоочу да жоопкерчилик тартары бышык. Мындай шайлоочу өз эркин өзүнөн кыйла жигердүүлүк кылган шайлоочуга тарттырып жибериши мүмкүн. Ошондуктан, алар азыртадан көз карашын өзгөртүп, туура чечим кабыл ала тургандыгына ишеним бар.
Дагы бир ирет эске сала кетүүчү нерсе, шайлоо участкаларында добуш берүү саат 8-00дөн саат 20-00гө чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы менен добуш берүү жери участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан Сиздердин колго тапшырылган кабарламаларда так көрсөтүлгөн.
Баса, добуш берүү күнү жарандарды кошумча шайлоо тизмесине киргизүү тизмеден чыгуу күбөлүгүнүн же сот чечиминин негизинде гана жүргүзүлө тургандыгын да баса белгилей кетким келет. Ошондуктан, бардык мекендештеримди алдыдагы эки күн аралыгында өз участогуңуздарга кайрылып, шайлоочулардын негизги тизмесиндеги өзүңүздөр жөнүндөгү маалыматтардын так киргизилгендигин алдын ала текшерип алууга чакырам.
Ал эми, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө болсо, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү максатында, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасап, бардык аракеттерин жумшай тургандыгына жана шайлоону ачык-айкын өткөрө тургандыгына ишеним артабыз.
Урматтуу шайлоочу, ырас, талапкерлер көп, бирок Сиздин добушка мыктысы гана татыктуу! Мына ушуну эгерим эстен чыгарбаңыздар.

КРнын БШК басма сөз кызматы
тарабынан даярдалды













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan