Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Күндарек

Ала-Тоо аймагында
Ажылыкка даярдык
2008-жылы Кыргызстан мусулмандары үчүн Меккеге ажылыкка барууга 4,5 миң орунга квота берилген. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл ажыга баргандардын баары самолёт менен учушат. Быйыл ажылыкты Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы толугу менен өз карамагына алган. Меккеге бара тургандарды виза, паспорттордун жаңы үлгүсү ж.б. керектүү документтер менен камсыз кылуу үчүн Республикалык комиссия түзүлгөн.

Жылуулук 1-ноябрда берилет
Бишкек шаарында жылуулук 1-ноябрда бериле баштайт, бирок абанын температурасы 8 градустан төмөн болуп кетсе, жылуулук берүү белгиленген мөөнөттөн эрте башталышы да мүмкүн. Бул туурасында "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жетекчиси Жумабай Каримжанов маалымдады. Анын айтуусунда, учурда жылытуу сезонуна даярдыктар жүрүп жатат.

Алтындан көмүр пайдалуу
Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Капар Курманалиевдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 1,3 млрд. тонна көмүрдүн изилденген запасы бар. Бул республиканын ички керектөөсүнө 300 жылга жакын убакытка жетет. К.Курманалиевдин айтуусунда ошол эле учурда Кыргызстандын алтынга караганда көмүрдөн көп пайда табууга мүмкүнчүлүгү бар. Себеби азыр бүткүл дүйнө жүзү энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө. Мисалы, бир эле экономикасы дүркүрөп өнүгүп жаткан кошуна Кытайдын көмүргө болгон жылдык керектөөсү 470 млн. тоннаны түзөт. Ал тургай алыскы Түркия мамлекети да көмүрдү бизден капка салып, поезд менен ташып кетүү ниетин билдирген. Демек, "кара алтынды" рынок баасы менен сатууну гана жолго коюу керек. Индиялык ишкерлер Таш - Көмүр шаарында көмүрдүн күлүнөн минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод куруу боюнча долбоор даярдашууда. Жергиликтүү адистер болсо көмүрдү газофикациялоо ыкмасы менен газ алууга да мүмкүнчүлүк бар экендигин далилдешкен.

Көмүр көйгөйү чечилеби?
Бишкек мэриясынын калкты жылуулук, отун менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы А.Жүзеновдун маалыматы боюнча учурда Бишкек шаарынын жеке үй ээлери 25 пайыз гана көмүр менен камсыз болгон. Ал эми шаардыктардын бир жылдык көмүргө болгон керектөөсү 110 миң тонна. Бүгүнкү күндө шаарда 15 көмүр сатуучу жайлар уюштурулуп, ар бир үй ээсине беш тоннага чейин гана көмүр сатып алууга кварталдык комитеттер тарабынан талондор берилген. А.Жүзеновдун айтуусунда азыр көмүр сатуучу жайларда кезек жок.Көмүрдүн баасы сапатына жана аны ташып келүүгө кеткен чыгымга карап 1700 сомдон 3000 сомго чейин.

Ысык-Көлдө кинофестиваль өтөт
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн экинчи Ысык-Көл кинофестивалы 20-26-октябрь күндөрү өтөт. Фестивалда Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген ар бир өлкөдөн экиден тасма көрсөтүлмөкчү. Биринчи фильм ошол мамлекетти тааныштырат, экинчиси сынакка сунушталат. Маданият министрлиги билдиргендей бул кинофестивалдын башкы максаты аталган уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда кино тармагы боюнча кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, жаштарды кино өнөрүнө тартуу жана кызыктыруу болуп эсептелет.

КМШнын окумуштуулары Бишкекте
Кечээ Кыргызстан Улуттук илимдер академиясында (УИА) эл аралык илимдер академияларынын ассоциациясынын (ЭИАА) катышуусу менен КМШ өлкөлөрүнүн илим жана техника боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси өттү. УИАнын президенти Ш.Жоробекова, республиканын вице-премьер-министри Э.С.Ибраимова, КМШ Аткаруу секретариатынын төрагасынын орунбасары В.Гаркун, ЭИААнын вице-президенти А.Локтев делегаттарга куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Ош облусунда 100 жаштан узак жашаган 92 карыя бар
Ош облусунун аймагында карылар күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча жалпы 93828 пенсионерлер катталып, жалпы пенсиялык төлөм 108, 8 млн. сомду түзгөн. Алардын ичинен 92 адам 100 жаштан жогору экендиги катталып, жалпы 20381,2 миң сомдук мамлекеттик жардамдар каралган.

Үч фазалар үзүлдү
Бишкек шаарындагы үч фазалуу электролиния менен пайдаланган абоненттердин 72 пайызы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" АОсунун гендеректири Талант Раимжанов билдирди. Анын сөзү боюнча, Чүй облусу боюнча 60%, Таласта 58% абоненттер үч фазалуу электролинияны колдонуудан четтетилди. "Бишкек жана Чүй облусу боюнча 42 миң абонент өчүрүлдү. Мындан тышкары дагы 83 миң абонент өчүрүлүүгө тийиш",-деди Т.Раимжанов.

"Шаттык" бий ансамбли Астанада өтө турган эл аралык сынакка жолдомо алды
"Шаттык" хореографиялык бий ансамбли 3-18-ноябрда Астана шаарында өтө турган эл аралык "Таланттуу жаштар" сынагына жолдомо алды. Бул тууралуу "Шаттык" хореографиялык бий ансамблинин көркөм жетекчиси Эрик Латыпов билдирди. "Дельфи оюндарында биздин ансамбль алтын медалга татыды. Биздин кылган эмгегибиз, балдардын таланты бааланды. Эми Астанада өтө турган эл аралык сынакка даярдык көрө баштайбыз",- деди ал.

Кыргызстанда газ чыгабы?
Кыргызстандын өзүндө газ чыккан жер болушу толук ыктымал. Бул тууралуу "Газпром" Ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Валерий Голубев кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кенди чалгындоочулар участкадагы эксперттердин негиз салган жерине жетип калышты. "Газпром" менен кыргыз Өкмөтү 2003-жылы узак мөөнөттөгү 25 жылдык мөөнөт менен газ тармагында кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Ысык суу дагы кымбаттайт
Бишкекте жылуулукка жана ысык сууга тарифтер 2009-жылдын январь айында дагы жогорулайт. Буга чейин 1-июлдан тартып жылуулукка болгон баа 1 гкал үчүн 500 сом, ал эми ысык суу үчүн киши башына 113,80 сомго кымбаттаса, январь айынан тартып атайын графикке ылайык жылуулукка 1 гкал 725 сом, ысык суу киши башына 148,80 сомго чейин жогорулайт. Мындай маалыматты "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жетекчиси Жумабай Каримжанов билдирди.




Аалам алкагында
Байкоочулар Грузиянын "буфердик аймагында"
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча ведомствосунун башчысы Хавьер Солана Европа биримдигинин байкоочулары Грузиядагы ишин баштаганын, Орусиянын аскерий кызматы Түштүк Осетия менен Абхазиянын айланасындагы "буфердик аймакка" кирүүгө уруксат бергендигин билдирди. Грузияда учурда Европа биримдигинин куралсыз 200 байкоочусу бар. Алар Орусия менен Грузиянын тынчтык келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышына көзөмөл кылат. Келишимде Орусиянын бардык аскерий күчтөрүн буфердик аймактан 10-октябрда чыгарып кетүү каралган.

Орусия акыркы орус падышасын актады
Өлкөнүн Жогорку сотунун президиуму кечээги чечими менен Орусиянын акыркы императору Николай II жана анын үй -бүлөсү негизсиз репрессияланган деп таап, аларды актады. Муну менен сот Романовдордун үй-бүлөсүнүн адвокатынын доо арызын канааттандырды. Мунун алдында, былтыр ноябрда сот Орусиянын прокуратурасынын турумун жактаган болчу. Прокуратура падыша үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн реабилитациялоо жөнүндөгү талаптар мыйзамга ылайык келбейт деп тапкан. Николай II, анын жубайы жана беш баласы 1918-жылдын жайында Екатеринбургда атылган.

АКШнын Сенаты каржылык колдоо планын колдоду
АКШнын Сенаты каржылык куткаруу боюнча 700 миллиард доллар акча каражатын бөлүү планын колдоп добуш беришти. Маалыматка караганда, сенаторлордун 74 макул, 25 каршы добуш берген. Сенатта добуш берүүгө президенттикке талапкер сенаторлор Жон Маккейни менен Барак Обама шайлоо компанияларын убактылуу токтотуп Вашингтонго келишкен. Кризиске кабылган каржы системасын колдоо үчүн бюджеттен 700 миллиард доллар акча каражатын ажыратуу планды ушул дүйшөмбүдө Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы четке каккан эле.

Тимошенко Ющенкону айыптады
Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко 1-октябрда өлкөнүн президенти Виктор Ющенкону курал менен мыйзамсыз соода жүргүзгөндүгүнө айыптады, деп билдирген "Известия". Тимошенконун айтымында, курал менен соода жүргүзүү бүт бойдон Украинанын президентинин жана улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин түздөн-түз көзөмөлдүгүндө турат. Өкмөт бул иштен иш жүзүндө четтетилген. Грузияга курал берүү боюнча Рада тарабынан уюштурулган тергөө комиссиясынын ишинин натыйжаларына жараша Виктор Ющенкого импичмент жасалышы мүмкүн.

Элчи ээсине акаарат айтты
Грузиянын Россиядагы кийинки элчиси Михаил Саакашвилиге каршы чыкты,- деп билдирет "Новости" агенттиги. Дүйшөмбүдө Грузиянын "Квирис палитра" гезитине берген интервьюсунда Эроси Кицмаришвили президенттин дарегине катуу сын билдирүүсүн айтты жана аны жактоочулардын катарынан кеткендигин жарыялады. Кицмаришвили өзүнүн мындай кадамынын себеби "Грузия Россия менен согуштан кете албагандыгы" жана Саакашвили батыш дипломаттарынын жана Грузиянын бийликтеринин кеңештерин укпастан "Россиянын атайын кызматтары койгон торго түшкөн" деп атады.

"Талибандын" лидери АКШга айбат кылды
"Талибан" кыймылынын лидери молдо Мохаммад Омар "Ооганстандан өз аскерлерин тынч чыгарып кетүүнү" АКШга сунуштады, деп билдирет Рейтер. Андай болбосо, деп билдирди талибдердин башчысы эл аралык коалициянын аскерлерин "Советтик басып алуучулар сыяктуу эле кыйроо" күтүүдө. Молдо Омардын АКШга жана коалиция боюнча анын союздаштарына ушундай чакырык менен кайрылуусу ислам сайттарынын биринде жарыяланган.

Бир күндө эки жолу тонолгон банк
Wells Fargo банкынын Сан-Диегодогу бөлүмү 1-октябрда ар башка эки тоноочулардын эки жолу кол салышына дуушар болгон, деп билдирген Фокус Нюс. Тоноочулардын бирөө да кармалган эмес. Агенттик карасанатайлардын акчаны алгандыгын же албагандыгын билдирген эмес.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan