, 03.10.08 - 4-бет: №74, 03.10.08-ж.
  АКШ сот тармагын өнүктүрүүгө 16 млн. доллар
бөлүп берген. Ал эки жылда аткарылмакчы

Жемиштүү алака жердин алыстыгына карабайт
Айкындуулукка дагы бир маанилүү кадам
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол БУУнун башкы ассамблеясынын 63-сессиясынын жалпы дебаттарынын ишине катышуу учурунда "Миң жылдыктын чакырыктарынын эсеби" корпорациясынын вице-президенти Маурин Хэрингтон айым менен жолугушту. Маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы үчүн жогорудагы программаны жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кыргыз тарабынан программанын орундалышынын жүрүшү жөнүндө маалымдап, бюджети 16 млн. АКШ долларын түзгөн бул эки жылдык программаны андан ары жүзөгө ашыруу боюнча Кыргызстандын Өкмөтүнүн иш-аракеттерин белгиледи. Сот системасынын көз карандысыздыгы менен натыйжалуулугун чыңдоо, ички иштер органдарынын милдеттерин бир кыйла өнүктүрүү, коррупция менен байланышкан иштерди тергөөдө жана жооптуулукка тартууда Өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коррупциянын коркунучтуулугуна байланышкан маселелер боюнча коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен агартуу ишин жүргүзүү, финансылык терс көрүнүштөрдүн бетин ачуу системасын күчөтүү жогорудагы программанын негизги максатынан болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө М.Хэрингтон айым бул программанын алкагында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар айкындуулукка алып келип, бир кыйла ачык жана демократиялык мамлекетти андан ары куруунун дагы бир маанилүү кадамынан болуп кала тургандыгына ишенгендигин билдирди.

Гарвардда кыргыздар да окушат
Иш сапарынын учурунда Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол атактуу Гарвард университетинде болду.
Университеттин Маршалы Жаклин О'Нил менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын дүйнөдөгү эң белгилүү университеттердин бири менен болгон кызматташтыгын андан ары жандандыруу маселеси талкууланды. Гарварддын Маршалы акыркы үч жылдын ичинде Гарвардда окуган Кыргызстандык студенттердин саны өскөндүгүн канааттануу менен белгиледи. Азыркы мезгилде Кыргызстандан үч студент бул абройлуу университетте ийгиликтүү окуп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Гарвард университетинин окуу процесси менен таанышып, профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту.

Америкадагы "Кыргыз-клуб"
Кийинки күнү Досбол Нур уулу Нью-Йорк шаарында Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Алардын арасында студенттер, грин-карттын ээлери, эмгек мигранттары болду.
АКШда катталган "Кыргыз-клуб" коомдук уюму кыргызстандыктардын жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүп, Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүү боюнча аракеттерди көрүүдө.
Жолугушуу учурунда Мамлекеттик катчыга бир катар маанилүү суроолор берилип, ал Кыргызстандагы учурдагы кырдаал, өлкөнүн Өкмөтү тарабынан кризисти четтетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кеңири баяндап берди.
Жолугушуунун акырында Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы өкүлчүлүгү менен бирдикте кийинки жылга маданий иш-чаралардын планын биргелешип түзүү жөнүндө бир пикирге келишти. Мамлекеттик катчы бул максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн каражат бөлүп берүүгө жардам бере тургандыгын билдирди.

Көңүл борборунда - уран калдыктары
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол Нью-Йорк шаарында БУУнун штаб-квартирасында БУУнун башкы ассамблеясынын 63-сессиянын жалпы дебаттарында чыгып сүйлөдү.
Өз сөзүндө Мамлекеттик катчы БУУнун ишмерчилигинин маселелерине Кыргызстандын жасаган негизги мамилелерине токтолуп, коопсуздук жана тынчтыкты колдоо, экономикалык өнүктүрүү, туруктуу тоо өнүгүшү маселелери боюнча өзүнүн оюн ортого салды. Кыргызстандын аймагындагы уран калдыктарынын проблемасына жана Бишкекте бул проблеманы чечүү боюнча эл аралык форумду өткөрүүгө негизги көңүл бурулду.
Өлкөбүздүн Мамлекеттик катчысы БУУга мүчө өлкөлөрдү 2009-жылы Бишкекте экинчи глобалдуу Тоо саммитин өткөрүү аракетин колдоого, ошондой эле Борбордук Азияда ядролук куралсыз эркин аймак жөнүндө резолюцияны кабыл алууга чакырды.

Д.ӨМҮРЖАНОВ




  КМШнын Бишкек саммитин утурлап

Күн тартибинде 18 маселе. Бардыгы тең олуттуу
Алдыдагы КМШнын Бишкек саммити бул кадыр-барктуу уюмдун ишиндеги олуттуу иш-чаралардын бири болуп калмакчы. Анткени, ал дүйнөлүк экономикалык жана каржы кризистердин жана эл аралык күрдөөлдүү окуялардын фонунда өтмөкчү. Мына ошондуктан ага КМШ мамлекеттеринде гана эмес, эл аралык коомчулукта да зор көңүл бөлүнүп турган учур.

Биринчиден, көз карандысыз он эки мамлекетти камтыган, кадыр-барктуу эл аралык уюм болуп саналган КМШнын кезектеги саммитин өткөрүү Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Кыргызстан бул жылы КМШда мамлекет башчыларынын кеңешинде жана Тышкы иштер министрлигинин кеңешинде төрагалык кылууда. Кыргызстандын Президенти К.Бакиевдин төрагалыгы астында буга чейин бир нече саммит болуп өттү. Негизи бул форумду өткөрүү практикасында эки саммитти - бир расмий жана бир расмий эмес саммитти өткөрүү макулдашылган. Россия Федерациясында мамлекет башчысын шайлоого байланыштуу ал өлкөнүн демилгесин эске алуу менен быйылкы жылы Москвада жана Санкт-Петербургда көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин эки формалдуу эмес саммити өткөрүлгөн. Петербургдагы саммит ошондой эле эл аралык экономикалык форум менен да айкалыштырылган. Буга чейин биздин өлкө эки саммитте тең төрага болду, эми октябрда КМШнын расмий саммити болуп өтөт, анда талкуулоолор эркин формада эмес, саммиттин расмий күн тартиби боюнча жүргүзүлмөкчү.
Бишкекте болуучу КМШнын саммитинин күн тартибинде 18 маселе талкууланышы күтүлүүдө. Саммитте негизинен өткөн жылы Дүйшөмбүдөгү самитте жетишилген келишимдердин жүрүшү жана өнүгүшү талкууланмакчы. Бул да өзгөчө маанилүү болуп турат.
Белгилүү болгондой, КМШга карата акыркы мезгилде ал өтө ири болгону менен натыйжалуу иштей албаган уюм, ага катышкан мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүү жолго салынбаган деген сыяктуу көп сындар айтылууда. Алардын айрымдарына негиздер да бар. Ушуну эске алуу менен КМШга катышкан мамлекеттердин башчыларынын тапшырмасы боюнча уюмду реформалоо концепциясы кабыл алынган. КМШны реформалоо планы боюнча документтер иштелип чыгып, өткөн жылы Дүйшөмбүдөгү саммитте кол коюлган. Эске сала кетсек, анда КМШны мындан ары өнүктүрүү концепциясы жана аны жүзөгө ашыруу планы кабыл алынган.
Бишкек саммитинин башкы идеясы, лейтмотиви - КМШны бекемдөө, уюмду өркүндөтүү жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселесин талкуулоо болуп калмакчы. Мамлекет башчылары жетишилген реформалар, алардын жүрүшү жана өнүгүшү тууралуу маселелерди талкуулашат.
Мындан тышкары КМШнын ишинин ички түзүмүн оптималдаштырууга тийиш болгон жаңы документтерге кол коюлат. Мисалы, быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда, бирок, тилекке каршы, бул төрагалыктын өзүнүн механизмдери жок. Бишкек саммитинде уюмдагы төрагалык жөнүндө жобо кабыл алынмакчы. Келишимге кол коюлгандан кийин КМШга төрага мамлекет уюмдун бардык тармактык багыттарында да, башкача айтканда, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашуулар болгон бардык чөйрөлөрдө жетекчилик кылмакчы.
Эгерде бул документке кол коюлса, кийинки жылдын 1-январынан баштап бул документ өз ишин баштоого тийиш жана ошол мезгилден баштап төрага мамлекет төрагалык милдетти алуу учурунда башка мамлекеттердин алдында КМШнын өнүктүрүү боюнча программасын сунуш кылуусу керек. Башкача айтканда, бул аталган институттун натыйжалуулугун жогорулатмакчы жана аны менен бул институтту, уюмдун өзүн олуттуу бекемдемекчи.
Бишкек саммитинде КМШнын улуттук координаторлору жөнүндө долбоор каралганы турат. Башкача айтканда алар жетишилген макулдашуулардын, КМШнын документтерин жүзөгө ашырууга көз салып, алардын жүзөгө ашырылышын контролдоп туруучу ыйгарымдуу адамдар болмокчу. Ошондой эле мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, министрликтердин башчыларынын кеңешинде төрагалык кылуунун процедураларынын жоболорун, демилгелерди кабыл алуу процедурасы, тигил же бул маселени көтөрүү процедурасы - башкача айтканда, иш тартиби да бекитилмекчи. Бул - документтерди берүү мезгили, аларды кароо мезгили, аларды аткаруу формасы жөнгө салынарын түшүндүрөт. Буга чейин аталган документтерди жүзөгө ашырууда проблемалар болуп келген, себеби алар баштапкы этапта эксперттер тарабынан жеткире иштелген эмес. Эми бардыгы так көрсөтүлмөкчү, демилгени кандай түрдө берүү, ал демилгенин жүзөгө ашырылышын кайсы убакта күтүү, башкача айтканда мен буга чейин белгилеп кеткендей, уюмдун ишинин так тартиби киргизилмекчи. Демилгечи өлкө, мисалы, кандайдыр бир сунуш киргизгиси келсе, ал эми белгилүү бир мөөнөттөрдө уюмдун бардык катышуучулары тарабынан так каралмакчы, андан кийин Президент тарабынан сунуш кылынмакчы. Ошол эле учурда эч ким мамлекет башчысынан жыйындын өзүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуу, демилге көтөрүү мүмкүнчүлүгүн тартып алууну ойлобойт. Алдыдагы саммитте кийинки жылы башкы тема болуп кала турган өз ара аракеттенүүнүн маселелери да каралмакчы.
Быйылкы жылы өз ара аракеттенүүнүн башкы темасы транспорт болчу. Ушуга ылайык, Кыргызстандын демилгеси менен быйылкы жылы Сочиде бир жумалык конференция өткөрүлгөн. Ага КМШнын бардык транспорт министрлери чогулушкан. Конференцияда тийиштүү ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды, атайын бул үчүн жумушчу комиссиясы чогулду, ал транспортчулардын мамилелерин жакшыртуунун үстүндө иштеди. Конференцияда бажы, автомобиль жолдору, темир жолдор маселелери, төлөнүүчү тарифтер каралды. Жылдын жыйынтыгы боюнча саммитте маалымат берилмекчи, бирок мында транспорт чөйрөсүндө кызматташуу боюнча 2020-жылга чейинки программа сунуш кылына тургандыгын белгилей кетүүгө болот.
Транзиттик мүмкүнчүлүктү сарамжалдуу пайдаланууга, мисалы, эл аралык автомобиль, темир жол, аба ташууларын жүзөгө ашырууда фискалдык-административдик тоскоолдуктарды четтетүүгө байланышкан маселелерди чечмейинче бирдиктүү транспорт саясатын түзүү жөнүндө КМШ мамлекеттеринин аракетинин натыйжасы анча жетиштүү болбойт. Мында нормативдик-укуктук жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча иш-чаралар комплекси аткарылууга тийиш. Мына ошондо гана КМШ мамлекеттеринин транзиттик-транспорттук жана коммуникациялык потенциалын толук кандуу жүзөгө ашыруу жөнүндө кеп кылууга болот.
Алдыдагы саммитте кийинки жылдын темасы аныкталат, бир нече сунуштар бар, биз тараптан да сунуш бар - биз энергетиканы 2009-жылдын темасы кылгыбыз келет. Тажикстан өткөн жылы кыйынчылыктарды тарткандыгы белгилүү, алдыдагы кыш Кыргызстан үчүн да оор болушу күтүлүүдө. Жалпысынан Борбордук Азия өлкөлөрү энергетика чөйрөсүндө чоң проблемаларды баштан кечирүүдө.
Энергетикадан башка саммитте нефть, газ, пайдалуу кендерди казып алуу жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланышы мүмкүн.
Биздин борбор саммитти өз деңгээлинде тосуп алууну көздөөдө, мына ошондуктан бул иш-чара бардык шаардык кызматтардын жоопкерчилигин жогорулатат. Учурда Президенттин администрациясына караштуу уюштуруу комитети түзүлгөн. Келүүчү коноктордун саны, аларды тейлеген автоунаалардын саны, конокторду жайгаштыруу такталып, коноктор кабыл алына турган залдар, саммиттин жүрүшү жана программасы такталууда. Ошол эле учурда биз бул саммитти татыктуу деңгээлде өткөрүү менен андан өлкөбүз үчүн максималдуу натыйжа алуу, саммитти үнөмдүү өткөрүү боюнча болгон аракеттер көрүлүүдө.
А эң башкысы - Бишкек саммити бул уюмдун өнүгүш жолундагы бурулуш баскычтардан болуп калышы керек. Эл аралык, региондогу жана шериктештиктеги учурдагы кырдаал мына ушуну талап кылат.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"