Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  КРнын Салык кодекси экинчи
окулушунда кабыл алынды

"Миң жылдыктын чакырыгынан" 16 миллион доллар
Америка Кошмо Штаттарынын "Миң жылдыктын чакырыгы" корпорациясы - өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берүүнүн жаңы демилгеси.
Кечээ бул программаны жүзөгө ашыруу боюнча Координациялык комитеттин алгачкы жыйынын ачып жатып КРнын Президентинин администрациясынын жетекчиси, аталган комитеттин төрагасы Медет Садыркулов: "Биз "Миң жылдыктын чакырыгы" эсебинин босоголук программасынан өтүп, негизги программасына катыша ала тургандыгыбызга үмүттөнөбүз", - деп айтты.
Бул программага кирүү боюнча макулдашуунун долбоору бир жарым жылдан бери кыргыз тарапта каралып келген жана анын көп шарттары аткарылган. М. Садыркулов өлкөнүн Президентинин бул программага кирүү боюнча саясый эрки бар экендигин жана ал программада каралган реформаларды чечкиндүү алдыга жылдырууга ниеттенгенин билдирди.
Эскерте кетсек, "Миң жылдыктын чакырыгы" корпорациясы 2004-жылы кабыл алынып, андан берки мезгилде АКШ болгону бир катар өлкөлөр менен гана кол коюп, а көптөгөн өлкөлөрдүн арыздары каралуу стадиясында жатат. Кыргыз Республикасы корпорациянын босоголук программасына катышуу боюнча чечимди 2005-жылдын декабрында кабыл алган. Бул программа коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жана сот жана укук коргоо органдарында кесипкөйлүктү жогорулатууга багытталган.
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө коррупция менен күрөшүүнүн негизги үч аспабын жүзөгө ашыруу пландаштырылууда. Биринчиси, таасирдүү жана адилет сот системасын түзүү - "Мыйзамдын үстөмдүгү - сот системасынын эффективдүүлүгү", экинчиси, негизги укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатуу - "Укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүү", үчүнчүсү, чиновниктер арасында коррупциянын фактыларынын ачылышынын деңгээлин жогорулатуу жана тийиштүү жазаларды катуулатуу - "Кылмыш-жаза куугунтуктоонун натыйжалуулугун жогорулатуу".
2007-жылдын 4-сентябрынан 2008-жылдын 20-февралына чейинки мезгилде Президенттин администрациясы менен Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлеринен турган жумушчу топ тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлерин тартуу менен "Миң жылдыктын чакырыгынын" босоголук программасы боюнча макулдашуунун долбоорун тыкан изилдеген. Андан кийин олуттуу өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилип, алар америкалык тарап менен бир нече жолку консультативдик жумушчу жолугушууларда талкууланган. Президент тарабынан ал жактырылгандан кийин макулдашуу 2008-жылдын 14-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам аркылуу ратификацияланган.
Бул макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн америкалык тарап 16 миллион доллар бөлгөнү жатат. Ал каражатка кыргыз тарап укук коргоо органдарынын ачык-айкындуулугун күчөтүү, сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияны ачуу жана аны менен күрөшүү компоненттерин ишке ашырмакчы.
Координациялык кеңештин жыйынында М.Садыркулов өткөрүлүү пландаштырылып жаткан реформаларды саноо менен учурдагы кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстанда демократиялык принциптерди алдыга жылдыруу үчүн биздин өлкөнүн бардык ведомстволору максималдуу аракеттерди жасай тургандыгына катышуучуларды ишендирди.
Жыйындын аягында комитеттин мүчөлөрү секретариаттын курамын бекитишти.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу",




  Сессия күндөлүгү

Депутаттардын көңүл чордонунда- көйгөйлөр
Чегарадагы чектен чыккан окуялар
Кыргызстандын өз коңшулары менен болгон чегара мамилелери күн сайын татаалдашып келатканына андагы окуялар күбө болуп турат. Айрыкча Өзбекстанга чектеш аймактардагы абал тынч эмес. Өзбекстан тараптын чегара аскерлеринин биздин аймакка өтүп келишип, адамдарды карактап алып кетүүсү, автомашиналарды тартып алып айдап кетүүлөрү токтобой жатат. Айт күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары республиканын жер жерлеринде болуп келишти. Түштүк электораты менен жолугушкан депутаттар, маселен, Аксы районунун чегарасындагы 28 сентябрь күнү болгон окуяга токтолушту. Анда автомат менен куралданган өзбекстандыктар Кыргызстандын жарандарын күчкө салып чыгарып кетип, "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунааны айдап карактаган окуялар катталган. Ал эми кыргызстандыктар тараптан аларга мындай опурталдуу кадамдардын жасалышы эч бир кезиге элек. Андан тышкары ары бери каттаган жарандардын паспортторун текшерүү учурунда документтериңер туура эмес деген шылтоо менен акча алып, андан бизнес жасагандар да көбөйүптүр. Андыктан республиканын чегара кызматынын жетекчилигин парламентке чакырып, ал жактагы абалдан маалымат алуу сунушу да киргизилди. Айтор чегара маселесине келгенде Ибрагим Жунусов, Бегалы Наргозуев, Махаммаджан Мамасаидов бир топ көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышты. Абалтадан коңшу жашап, чарба жүргүзүүсү, соода сатыгы, туугандык карым катыштары биротоло сиңишип кеткен катардагы карапайым элге кыйын болду. Чегарадан ар бир өткөн сайын мөөр басыла берип, тез эле паспорттун барактары толуп, кайра жаңысын алууга мажбур болушууда. Элеттиктер үчүн паспорт которуу кыйла түйшүк жаратканы аз келгенсип, чөнтөккө ого бетер күч келүүдө. Болбоду дегенде паспортко мөөр коюп туруу үчүн атайын тиркеме талап кылынып жатпайбы.

Зарыл учурда үнөмдөбөй эле койсок
Парламенттин жыйындарында депутат Иса Өмүркулов Бишкек -Торугарт жолунун Ысык Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын аймагына светофор койдуруу маселесин көптөн бери көтөрүп келет. Ал тууралуу гезитибиздин өткөн санында да жазганбыз. Депутаттын кабарлаганына караганда өткөн жуманын ичинде дагы эки окуучу ошол жерден оор автокырсыкка кабылышкан. Экөө тең ата энелеринин жалгыз баласы экен. Үч мектептин окуучулары каттаган жолго 5 6 млн. сомду үнөмдөбөй эле светофор койдуруу зарыл болуп туру.

Эмне, көз жазгыруубу?
Жакында КРнын Премьер министри Игорь Чудинов баштаган бир топ өкмөт мүчөлөрү түштүк жергесине иш сапары менен кыдырып келишкени белгилүү. Өкмөт башчысы Баткен жергесине барган учурда эттин 1 килограммын 140 сом, көмүрдүн 1 тоннасын 4500 сом деп көрсөткөн жетекчилер болгон. Өкмөттүк делегация кеткенден кийин баалар кайра көкөлөй кымбаттаганына нааразы болгондор бул тууралуу парламентке кабарлашкан.
Таза суу чыгарууга колдонулуучу электр энергиясынын баасын жалпы арзандатуу зарыл болуп туру. Скважиналар эскирип иштебей, иче турган суунун тартыштыгы айрыкча түштүк аймактарында айкын билинүүдө.
Өткөн жумада парламентте болгон өкмөттүк жыйында алыскы тоолуу райондорго көмүр жеткириле электиги айтылган. Жогорку Кеңештин кечээги сессиясында депутат Роза Абдраимованын маалымдаганына караганда, мисалы, Чаткал району 56 пайызга, Тогуз Торо району 50 пайызга көмүр менен камсыздалганын билдирип, акимдери телефон чалышкан. Башка райондорго да тынымсыз жеткирилүүдө. Депутат айымдын пикирине караганда борбор калаадагы жылуу кабинеттеринен чыкпаган министрлер жер жерлердеги бийлик органдары менен тыгыз байланышта иштебегендиктен, көмүр начар жеткирилип жатат деп маалымат беришкен.

Өчкөн жарык, көтөрүлгөн "ставка"
Айт майрамы күнү Бишкектин чеке белиндеги жаңы конуштарды кыдырып чыккан депутат Бейшенбек Абдрасаков улуу айт күнү да жарык тынбай өчүрүлүп жатканын билдирди. Ак Босого конушундагы бир топ карыялар парламентке кайрылуу жолдошкон. Анда Жогорку окуу жайларындагы окуу акысынын өтө кымбаттап кетиши карапайым жарандарды кыйынчылыкка учуратып жаткандыгы айтылган. Жалаң айлык акынын көзүн караган катардагы үй бүлө 30 000 сомду төлөп бала окутуу өтө оор экени белгилүү.
МАИ кызматкерлери мурда токтоткон автоунаалардан 50 сомдун тегерегинде акча алып келген болушса, азыркы учурда анын "ставкасын" абдан жогору көтөрүп жиберишиптир. Болгондо да 300 сомдон өйдөлөтүшкөн. Атүгүл МАИ инспекторлору Жогорку Кеңештин депутаттарынан да ийменбей калышыптыр. Жакында эле бир нече эл өкүлдөрүнүн машинелери да жогоркудагыдай окуяларга туш болгону айтылды. Бул ишти спикер Айтибай Тагаев парламенттин коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот укук реформасы боюнча комитетине териштирүү үчүн тапшырды.

Сактанганды - сактайт
"Өлкөдө малдын, үй айбанаттарынын сибирь жарасы, шарп, бруцеллез, кутурма сыяктуу дарттары күч алууда. Мурда да мындай ылаңдар катталып келгени менен азыркыдагыдай массалык кооптуу жагдайга көтөрүлүп кеткени болгон эмес. Малдан жуккан түрдүү ылаңдардан элдин жабырлануусу көбөйүүдө. Бул жагдайга жарым жартылай мамиле кылганыбыз жарабайт. Тийиштүү өкмөт түзүмдөрү ветеринардык кызматтын толук кандуу иштешине олуттуу мамиле жасашы керек", - деген сунушун билдирди Р.Сидоренко.

Экинчи окулушта кабыл алынды
Кечээ күнү депутаттар узартылган күн тартибинде иштешип, мамлекетке зарыл болгон мыйзам долбоорунун бири КРнын Салык кодексинин экинчи окулушун талкууга коюшту. Салык кодексинин кайра каралып кабыл алынганына он эки жыл болуптур. Турмуш зарылчылдыгына байланыштуу андан бери бир нече ирет толукталып келген. Салык кодексин депутаттар мындан үч жарым ай мурда биринчи окулушта кабыл алышкан болчу. Андан бери тийиштүү мамлекеттик органдардын, парламенттин экономика, бюджет жана каржы комитетинин, атуулдук коомдун, эл аралык уюмдардын катышуусунда бир нече ирет тегерек стол жыйыны өткөрүлүп, 11 жолу ар кандай деңгээлдерде талкуу өткөн. Анын натыйжасында 700гө жакын ар түрдүү сунуштар түшкөн. Мамлекет башчысы Курманбек Бакиев аталган кодекстин кабыл алынышына олуттуу мамиле жасап, шашылыш чечим чыгаруудан, чийки кабыл алуудан сак болуу талабын койгондугун билдирип өткөн төрага А.Тагаев: "Кабыл алмайынча бүгүн тарабайбыз", деди. Парламенттин жогоркудагы аталган комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевдин докладынан кийин депутаттар бул маселени кызуу талкуулашты. Жаңы Салык кодексинин долбоорун экинчи окулушта кабыл алып беришкен депутаттар келерки жылдын республикалык бюджетинин кабыл алынып, бекитилишине ыңгайлуу шарт түзүштү.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  ТИМ билдирет

Айтматовго арналган жыйын
Ташкенттеги Өзбекстандын улуттук китепканасында 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган жыйын өттү.
Иш-чараны Өзбекстандын улуттук китепканасы, Өзбекстандын чет өлкөлөр менен достук жана маданий-агартуу байланыштар коомунун кеңеши уюштуруп, ага өзбек калкынын көрүнүктүү ишмерлери, жазуучулары, окумуштуулары, котормочулар ж.б.катышты.
Жыйында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси А.Мадмаров сөз сүйлөп, улуу жазуучунун дүйнөдөн өтүшү кыргыз эли үчүн гана эмес, дүйнөлүк маданияттын жоготуусу болгонун, анын бүт өмүрү замандаштарыбызды руханий, адеп-ахлактык жактан тарбиялоого арналганын белгиледи.

АКШнын мамкатчысынан куттуктоо
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстан Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаевге куттуктоо кат келди.
Анда мындай деп жазылган: "Урматтуу министр мырза! Сизге жана Кыргызстан калкына Орозо айт майрамына жана ыйык рамазан айынын аякташына байланыштуу эң жакшы каалоолорумду билдирем. Жылдын бул айы бизге жалпы баалуулуктар жөнүндө терең ойлонууга мүмкүндүк берип жана биздин тынччылыкка, өз ара түшүнүүчүлүккө, кайрымдуу болууга умтулуубузду дагы да тастыктап турат. Сизге жана Кыргызстандын бүткүл элине саламаттык жана алдыдагы убакыттарда өсүп-өнүгүүнү каалайм. Чын дилден Кондолиза Райс".

Министрлик ооз ачар уюштурду
Министр Э.Карабаев 29-сентябрда Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн ооз ачар уюштурду.
Анда сөз сүйлөгөн ТИМдин жетекчиси министрлик бул иш чараны жыл сайын өткөрүүнү салтка айландырганын, өлкөбүз дүйнөлүк маданиятка жуурулушуп, жергебизде ар түрлүү дүйнөлүк дин өкүлү болгон адамдар ынтымакта, өз ара сый мамиледе жашап жатканын белгиледи.

Королдун кабылдоосунда
1-октябрда Ж.Азылов Белгиянын королу Альберт IIге Кыргыз Республикасынын Бельгия королдугундагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалганын тастыктаган ишеним грамотасын тапшырды. Азем королдук шаан-шөкөттөрдүн коштоосунда, салтанаттуу маанайда өттү.
Корол Альберт II элчи Ж.Азылов менен Кыргызстан жана Бельгиянын ортосундагы карым-катнаштардын келечеги боюнча аңгемелешти.

М.ӨМҮРАЛИЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan