Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Поэзия

Төлөгөн Мамеев:
Түшүндүрөм ыр менен
Максат бирөө бийиктикке кол сунам,
Ата Журттун бөксөргөнүн толтурам.
Дөө, шааларга ийилбеймин бүжүрөп,
Керек болсо болбогонду болтурам.

Ушул менин жүрөктөгү бүтүмүм,
Кабылдоом же бул ааламды түшүнүүм.
Коркпоймун эч күркүрөгөн арстандан,
Бирдей сезем жолборсун да, күчүгүн.

Кабыланды торго салып үйрөтөм,
Кааласам мен балыкты да сүйлөтөм.
Азабымды, тозогумду жеңсин деп,
Жараткансың кыйыры жок дүйнө сен.

Акыл күчүн билгин деймин билбесең,
Айды чапчып, андан ары Күнгө өтөм.
Жылдыздарга түшүндүрөм ыр менен,
Жерде барын адам деген бир көсөм.

Ыр жөнүндө
Карыткан басып сан жылды,
Камтыган далай тагдырды.
Түгөнбөс, бүтпөс казына,
Түшүнгөн адам барбы ырды?

Жашоонун муңун, жыргалын,
Жакшысын, өксүк жылдарын.
Кабылдаар бекен тирүү жан,
Кашкайып турган ырдагың?

Күндөрдүн суугун, аптабын,
Күүгүмүн, кирсиз ак таңын.
Аңдашаар бекен адамдар,
Айтылып жаткан саптагың?

Бир жанмын
Жеталбай максатыма кыялдагы,
Жылдарды тосуп келем улам жаңы.
Жылда жок мен эңсеген кайран үмүт,
Жашоонун жанымды эзет бул арманы.

Түшүнүп, өмүргө кыш, күз келерин,
Буйтка жол турса дагы түз келемин.
Ай, Күндөр агып барат чачты агартып,
Карматпай улам качып издегеним.

Арамдык, жамандыкка малынбастан,
Торуна ачкөздүктүн чалынбастан.
Аздектеп, ыйык тутуп жашап келем,
Актыкты тазалыкты канымда аккан.

Тизменин баш жагына жазылбаган,
Атыма кейибеймин, азыр маган.
Баары бир, аягында жүрсөм дагы,
Бир жанмын таза жашап, таза ырдаган.

Качырга айланган күлүк
Түркөйдүр мүмкүн бул адам,
Күндөрдө бүгүн кездешкен,
Колунда туулган кунандын
Күлүгүн такыр сезбестен.

Качыр, ат баары бирдей деп,
Келгенин жасап оюна.
Кайыртан бүткөн немени,
Качырдын кошту тобуна.

Качырлар менен бир жашап,
Кунаны толду асыйга.
Салынды нокто башына,
Салынчуу дайым качырга.

Качырдай карды кампайып,
Үйрөндү ал саман жегенди.
Жешилип учкул туягы,
Унутту така дегенди.

Туюму улам өзгөрүп,
Туш болуп күнгө коогалуу.
Качырлар күлгө оонаса,
Ат дагы кошо оонады.

Кейпинен кетти баягы,
Келишкен куйрук, жалы бар.
Баратты окшоп качырга,
Баасы артык күлүк жаныбар...

...Адамдын дагы тагдыры,
Чөйрөгө жаман байланса.
Өзгөрүп ошол күлүктөй,
Өзүнө келбейт кайра анча.

Коштошконбу балким
Күн менен
Күндү тиктеп батып бараткан,
Аппак сакал турат кырда адам.
Төмөн карап кулап кетчүдөй,
Аттаса эле кокус бир кадам.

Көзүн албайт батыш тараптан,
Бардыр мүмкүн себеп ар кандай.
Эмнегедир турат кыймылсыз,
Бирөө аны кадап салгандай.

Бираз туруп батып кетти Күн,
Боз адырдын ары жагына.
Тыкылдатып жолду таягы,
Кырдан ашып кетти кары да.

Келеби деп кырга дагы бу,
Эртеси мен күтсөм карыны.
Күндөгүдөй батып кетти күн,
Билинген жок чалдын дайыны.

Сезет кары өтүп кетээрин,
Ошол түнү жалган дүйнөдөн.
Кырда туруп батып бараткан,
Коштошконбу балким Күн менен.

Ата Журт жөнүндө ойлонуу
Токтобой шумкар болуп учуп келем,
Тоолордун таза абасын жутуп келем.
Мекенди медер кылып жүрөгүмө,
Мекедей жадымда ыйык тутуп келем.

Айдыңын Ала-Тоонун кезе берип,
Апамдын аппак сүтүн сезем эрип.
Туулган жер турса экен деп тунжурабай,
Туулгандан келе жатам безеленип.

Тоолорго арнап үмүт, тилегимди,
Кир өтүк баспаса деп шибериңди.
Опуртал бул күндөрдүн дүбүртүнөн,
Оорутам ойлоп кээде жүрөгүмдү.

Кандай күн күтүп жатат астыдагы,
А балким жаман дагы, жакшы дагы...
Коркомун дос болобуз дегендерден,
Койнунда котуру бар таш турабы?

Мына бул биз жашаган кылымдагы,
Мезгилде татаал дагы, кыйын дагы.
Жамандык көрбөсө экен Ата Мекен,
Кемеси чөкпөсө экен кыйырдагы!

Сен бүткөндө кошо бүтөт баарысы
Жер үстүндө турмуш тынбай
кайнаган,
Жакшы, жаман адам жашайт жайнаган.
Жашап жаткан ошолордун ичинде,
Телегейим тегиз деген барбы адам?

Адам болбойт ичинде жок арманы,
Арман кылган падыша да, хан дагы.
Аттиң деген бир сөз айтып өкүнүп,
Өтүп кеткен көптөр амал, айлалуу.

Төрөлүү бул түйшүк окшойт деп билем,
Армансызмын десе кээ бир көпкүлөң.
Ал мүрзөгө жеткичекти баары бир,
Кези болот бир нерседен өксүгөн.

Кудай дайым жамандыктан сактаган,
Байлык, бийлик баарын берип
таштаган.
Адамда да бүткүчөктү өмүрү,
Күнү болот аттиң ай деп аксаган.

Кулдук уруп, башын ийип дүйнө эли,
Мыкчып кармап турсаң дагы дүйнөнү.
А баары бир сени сөзсүз кейитет,
Бул жашоонун жетишпеген бир жери.

Ойго салган акыл-эстүү кыйланы,
Дал ушундай бул жашоонун мыйзамы.
Сен бүткөндө кошо бүтөт дөөлөт да,
Сен бүткөндө бүтөт арман, муң дагы.

Кыргыз тулпарынын ыры
Аргымакмын жарышты эстеп бук болгон,
Ар-намысы көөдөнүнө жык толгон.
Көөнө жылдар кулунумун чарчабас,
Көралбастык, ичи тардык чык жолдон.

Турмуш мени тулпар кылган көп элеп,
Тоспо жолду, тоссоң кетем тебелеп.
Изи болом өтүп кеткен жылдардын,
Дүбүртүмүн кылымдардын келелек.

Доорлорго кабар берсем деп шашам,
Замандарга тоскоол болгон чекти ачам.
Көбөйбөймүн уругум аз башкадан,
Жоголбоймун бирок билсең эч качан!

Туз саткан келин
Илкий басып, күрсө-күрсө жөтөлүп,
Таң алдында бир келин туз көтөрүп:
- Туз алгыла, Шамшыкалдын тузу деп,
Кан базарда чый, чый этет өчөйүп.

А күйөөсү төшөгүн да жыйнабай,
Сыртка чыгып, башын мыкчып бир далай.
Отурат да, анан барып баш жазат,
Күн башталат күндөгүдөй жыргамай.

Келин эстейт айылдагы балдарын,
Кайнатага көз жуумп таштап салганын.
Эстегенде эки эмчеги зыркырайт,
А айылда үшкүрүнөт чал дагын.

Басса турса байкуштарды ээрчитип,
Жетим калган чаарчыкты телчитип.
Жүргөнсүйт чал. Көз алдынан өткөрөт,
Келин, уулун кеткен шаарга тентишип.

Беш бөлмө үйдө келиштирип салынган,
Балдар жашайт ата-энесин сагынган.
Кары жашайт медер кылып аларды,
Картайганда караан күнгө кабылган.

Шаардагы бир бөлмөдө арактан,
Жигит жашайт айбан болуп бараткан.
Келин жашайт күндө чыгып туз саткан,
Сагынычтай карегинен кан аккан.


Бүркүткө суктанып
Карап турсам ак тоолорду телмирип,
Көп чокулар асман челет эң бийик.
Мекендеген ошол бийик чокуну,
Бүркүт, бүркүт баарлыгынан сен бийик.

Канатыңда барбы деймин касиет,
Куш аттуунун баары сага баш ийет.
Сен тазасың, карга, кузгун өңдөнүп,
Жашабайсың таштандыдан ташып эт.

Тазкарадай тарптан калган жиликти,
Сугунбайсың. Сен көтөрүп кийикти.
Керек болсо зоодон зоого өтөсүң,
Ойлоп койбой баш айланткан бийикти.

Тарп талашкан карга, кузгун, тазкара,
Жулкулдашат андан кетпей атса да.
Аларга окшоп оңой олжо издебей,
Сен жашайсың бийиктикте таптаза.

Сен бийиксиң, сендей бийик аска да,
Бийиктик жок бул дүйнөдө башка да.
Барбы деги Ата Журтта жигиттер,
Бийиктиги окшоп турган так сага.

Жаңылыш
Атырылып агып түшүп курбудан,
Акырындап алы кетип жылжыган.
Суу боюнда чөпкө боюн жашырып,
Сойлоп жүрдү тамак издеп бир жылан.

Көйрөң жигит Күнгө жаткан кактанып,
Жанындагы жаткан кара ташты алып.
Жанчып салып күнөөсү жок жыланды,
Жаш сулууга карап турду мактанып.

Көрүп сулуу жылан башын жанчылган,
Жигит колун далысына артылган.
Түртүп ийип, кийинди да жөнөдү,
Издебе деп эми менин артымдан.

Жанчылган баш кызды салып убайга,
Карабайт деп эмнеге адам убалга.
Жаны кейип, жазгы гүлдөй жаш сулуу,
Жашын төгүп ыйлап барат жыланга.

Түбүндөгү суу боюнда кыраңдын,
Сойлоп жүргөн макулугу Кудайдын.
Башы, көзү бырчаланып, жанчылып,
Дени жатат күнөөсү жок жыландын.

Өмүрүнө кокустан бир кабылган,
Бак-таалайы баштан кетип табылган.
Жигит турат көйрөңдүктөн жаңылган,
Казык болуп суу боюна кагылган.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan