Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Күн тартибинде - кышка даярдык

Чегарачыларга камкордук
Премьер-министр Игорь Чудинов өлкөнүн түштүк облустарында болгон иш сапарынын жүрүшүндө Баткен облусунун "Карабак" жана Жалал-Абад облусунун "Кербен" чегара
заставаларында болду.
Иш сапарынын жүрүшүндө И.Чудинов чегара заставаларынын кышка карата даярдыгы менен толук таанышып чыкты. Чегара кызматынын башчысы З.Молдошевдин билдирүүсү боюнча азыркы мезгилде бардык заставалар көмүр жана жыгач отундары менен камсыз кылынган.
Премьер-министр жогоруда аталган заставаларга жана "Чаткал" чегара заставасына тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн 100 миң сомдон тапшырды.
М.АЛАГУШЕВ,
С.АЙЫЛЧИЕВ (фото)




Өкмөт башчы көмүр тартыштыгына кабатыр
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча иш сапарынын мезгилинде бул аймактардын күзгү-кышкы мезгилге карата даярдыгынын жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчысы бир нече айыл өкмөттөрүндө болуп, калкка көмүр сатуунун уюштурулушун карап чыкты. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көмүрдүн баасы 2,5 миң сомдон 5,5 миң сомго чейин жетип жаткандыгын айтышты. Көмүр мүшөктөп сатылып жаткандыктан, облустардын бардык эле жашоочуларынын дароо эле тонналап сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Облустардын губернаторлору бул кампалар от жагуу сезонунун акырына чейин иштей тургандыгына, ал эми көмүр дайыма ташылып келине тургандыгына ишендирип кетишти.
И.Чудинов ошондой эле эки облустун активи менен жолугушту. Жолугушуунун күн тартибине от жагуу сезонуна карата даярдык көрүү жана күздүк эгиндерди эгүү өңдүү эки маселе сунуш кылынган.
Премьер-министр аймактардагы стратегиялык объектилердин курулушун Өкмөт каржылай бере тургандыгын билдирип, ички милдеттерди райондук жана облустук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары толук чечүүгө тийиш экендигине токтолду. Өзү түштүк аймакка кышка карата даярдыктын жүрүшү менен жеринде таанышуу үчүн келгендигин билдирди.
Өкмөт башчысынын айтымында, бюджетте белгиленген каражат толук түрдө жана мөөнөтүндө бериле тургандыгын, башкысы аны өз убагында өздөштүрүү керектигин белгиледи. Ошондой эле И.Чудинов электр энергиясынын берүүсүнө эмне үчүн чектөө коюлгандыгынын себебин айтып берди жана электр энергиясына лимиттерди колдонуу боюнча жоопкерчиликти күчөтүүгө жергиликтүү бийлик ээлерин чакырды.



Ак эмгектин акыбети
Президент К.Бакиев республиканын билим берүү системасынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Республиканын билим берүүсүнө сиңирген эмгеги, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу факультетиндеги кыргыз тилин жана адабиятын өтүү методикасы кафедрасынын профессору Осмонкулов Аскар , Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дүйнөлүк адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы Садыков Абдыкадыр жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин орус адабитынын тарыхы жана теориясы кафедрасынын консультант-профессору Шерстюк Иван Алексеевич "Даңк" медалы менен сыйланды.
Ушундай эле ушул жарлык менен мугалимдердин жана окутуучулардын чоң тобу "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими", "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наамдар менен жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Президент К.Бакиевдин жарлыгы менен Ош облустук ардагерлер кеңешинин президиумунун мүчөсү, Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу Нургазиев Муктар Нургазиевич жана согуштун, эмгектин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлеринин республикалык кеңешинин жооптуу катчысы Осипова Фаина Федоровна коомдук жигердүү ишмердиги үчүн "Даңк" медалы менен сыйланды.
Президент К.Бакиевдин жарлыгы менен Чүй облусунун Сокулук районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн: Чүй облусунун Сокулук районундагы "КОСС" айыл чарба кооперативинин төрагасы Барко Александр Андреевичке "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилди; Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарынын №2 орто мектеп-гимназиясынын орус тил жана адабият мугалими Плаксина Вера Ивановна Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.




Аскер кызматы - ыйык милдет
Премьер-министр Игорь Чудинов чыныгы аскердик жана альтернативдик кызматтардын белгиленген мөөнөттөрүндө кызмат өтөшкөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик курамдарынын катарынан запаска бошотуу жөнүндө, ошондой эле 2008-жылдын октябрь-декабрында чыныгы аскердик жана альтернативдик кызматка жарандарды кезектеги чакыруу жөнүндө токтомго кол койду.

Илимсиз экономика өнүкпөйт
Премьер-министр Игорь Чудинов КМШ өлкөлөрүнүн илим жана техника тармагындагы мамлекеттик уюмдардын жетекчилеринин жана илимдер академияларынын эл аралык ассоциациясынын өкүлдөрүнүн кеңешмесинин катышуучулары менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Өкмөт башчысы Кыргызстанда илимдин өнүгүшү жөнүндө айтып, илимий мамилесиз экономиканын бир да тармагы ойдогудай өнүкпөй тургандыгын белгиледи. Жыйында КМШ аткомунун төрагасынын биринчи орун басары В.Гаркун КМШда интеграциялык прогресстерди активдүү колдогондугу үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




Кредиттик союздардын келечеги кең
КРнын биринчи вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев "Кредиттик союздар: бүгүн жана эртең" аттуу эл аралык конференциясынын ишине катышты.
Өлкөбүздө учурда 259 кре-
диттик союздар бар. Аларга 27 миң адам мүчө. Кредиттик союздардын кредиттеринин жалпы көлөмү 900 млн. сомду, бүтүндөй финансы секторунун кредиттеринин 4-5%ын түзөт.
И.Айдаралиев өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына токтолуу менен азыркы мезгилде республикабыздын өкмөтү "Өлкөнү 2007-2010-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясында" белгиленген абройлуу милдеттерди жүзөгө ашыруунун үстүндө ийгиликтүү иштеп жаткандыгын белгиледи.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




Шайлоого даярдык ойдогудай
КРнын биринчи вице-премьер-министри И.Айдаралиев жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча республикалык штабдын корутунду жыйынын өткөрдү.
И.Айдаралиевдин айтымында, жакында Өкмөттүн аппарат кызматкерлери жеринде иштин абалы менен таанышуу максатында бир катар облустарда болушкан. Жергиликтүү мамадминистрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен шайлоо комиссияларынын арбын иштерди аткарышкандыгы айкын болду. Учурда шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча иш толугу менен аяктап, ал шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилген. Республика боюнча шайлоочулардын саны 2 млн. адамдан ашкан.
Жыйында облустардын, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматтары угулду.
М.АЛАГУШЕВ




ИИМдин Академиясы карыялардан бата алды
2008-жылдын 2-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында карылар күнүнө карата атайын иш-чара болуп өттү. Карылар күнү Мусулмандардын Улуу майрамы Орозо айт күнүнө туш келгендигине байланыштуу кой союлуп, куран окутулду. Академиянын башкы залында ардагерлерге арналып кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары концерт беришти.
Академиянын начальниги милициянын генерал-майору А.Мав-
лянов куттуктоо сөзүн сүйлөп, Академиянын ардагерлерине акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды. Ардагерлер Академиянын жетекчилигине, жалпы жамаатына өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип, баталарын беришти.
Д.МЕЙМАНОВ




АКШны алсыраткан каржы кризиси
же Ак үй "куткаруу планын" куткаруу алекетинде
АКШ сенатында шаршемби күнү "Полсон планы" колго салынып, көпчүлүктүн добушун алды. Мыйзам долбоорун 74 сенатор колдоду, 25и каршы чыкты. Добуш берүүгө президенттикке талапкерлер Жон Маккейн менен Барак Обама да катышты. Мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү конгресстин өкүлдөр палатасында өтпөй калган эле. Эми ал бүгүн - жума күнү кайрадан колго салынат.Бул "Полсон планы" АКШны каржалтып жаткан каржы кризисинен алып чыгабы же сазга батырабы аны келечек көрсөтөт.

Полсон планында" олуттуу оңдоолор жок,болгону банктагы салымдардын сакталышына өтүлдүк берген өкмөттүк кепилдиктердин өлчөмү мурдагы 100 миңден 250 миң долларга жогорулатылды. Мыйзам долбоору сенатта добушка коюлар алдында анын айрым өңүттөрүн президент Жорж Буш өзүнүн экономикалык кеңешчилери менен дагы бир ирет талкуулап чыкты. Финансы министри Генри Полсон менен Федералдык резерв системасынын төрагасы Бен Бернанкени Ак үйгө түшкү тамакка чакырып, фонд жана кредит рынокторундагы кырдаалга кызыкты. Мындан тышкары Буш бир катар сенаторлорго телефон чалып, алардан 700 миллиард долларлык стабилдештирүү долбоорун колдоп берүүнү өтүндү.
Америкалык мыйзамгерлерге океандын бери жагынан - Европадан да кайрылышты. Атап айтканда, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу аларды "Полсон планы" боюнча ыкчам чечим кабыл алганга чакырып, АКШнын жоопкерчилигин жана азыр баарынан мамлекеттик акылгөйлүк талап кылынып жатканын эске салды.
Мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү өкүлдөр палатасынан өтпөй калганда америкалык бир катар байкоочулар экономиканы кризистен куткарууну көздөгөн пландын өзүн куткарып калуу зарылдыгы пайда болгонун жазып чыгышкан эле. Таасирдүү "Тайм" апталыгы мындан экинчи бир кризисти - саясый ишеним кризисин көрдү. Эй-би-си телекомпаниясынын журналисттери да калк арасында бийликтин бардык бутактарына ишеним азайып,ал кеңири жайылып баратканын белгилешти.
Өз кезегинде Ак үйдүн маалымат катчысынын орунбасары Тони Фратто долбоордун өкүлдөр палатасында колдоо таппай калганы үчүн жоопкерчиликтин бир үлүшүн журналисттерге жүктөдү. "Министр Полсон даярдаган план Уолл-стритти же ал жерде отурушкан аткаруучу директорлорду куткарып калуунун планы эмес,- деп түшүндүрдү Фратто. - Долбоордо каралган чаралар бүткүл америкалык экономиканын проблемаларын чечкенге жардамдашат".
Президент Буш "Полсон планы" өлкөнүн экономикалык бардык
кыйынчылыктарын чечип жибербей турганын, бирок финансы чөйрөсүндөгү кризистин бүткүл экономикага жайылып кетишине бөгөт боло аларын айткан эле.
Саясый аналитиктер Ак үй долбоордун сенатта каралышына жетишип, муну менен өкүлдөр палатасына кысым көрсөтүүнүн кошумча мүмкүнчүлүгүнө ээ болду дешет. "Тайм" апталыгы эске салгандай, документке өткөндө негизинен
ноябрдагы шайлоодо кайра мандат аларына ишене бербеген конгрессмендер каршы чыккан. Алардын арасында Буштун партиялаштары - республикачылар астамдык кылышкан.
Эмдиги айдын башталышында конгресс толугу менен, ал эми сенаттын үчтөн бири кайра шайланат. Шайлоочулар арасында болсо "Полсон планын" колдобогондор арбын. Иши кылып,документтин тагдыры кайра айланып келип эле өкүлдөр палатасында чечиле тургандай. Бери эле дегенде Буш жума күнү палата маселеге дагы бир жолу кайрылып, дол-боор кайра добушка коюларына ишенич билдирди.
Эсенбай НУРУШЕВ,
"Азаттык радиосу", Прага













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan