Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Тамыр кармоо улуу сыр

"Бизде алакандай жерде 350 чөптүн түрү бар"
Чомо уулу Дүйшөнбек мыкты тамырчы катары кыйлага белгилүү адам. Тамыр кармап, оорусун аныктоо менен далай адамдарды сыркоосунан сакайтып, өмүрүнө-өмүр улап келет. Бир чети анын дарылоо ыкмасы элге түшүнүктүү, жакын, колдонгонго оңой. Ошондуктан, мындан ары "Ден соолук" атайын бетинде Чомо уулу Дүйшөнбектин тамырдын түрлөрү, дарылоо ыкмалары, дары чөптөрү тууралуу айткандарын үзбөй бериптурмакчыбыз.

- Тамыр кармоонун сыры эмнеде? Бул касиетти каалаган адамдар үйрөнө алышабы?
- Тамыр кармап, ооруну аныктоо илгертен эле болуп келген.
Тамыр кармоо деген ысык-суукту айырмалоо. Ал турсун чөптөр дагы ысык-суук болуп бөлүнөт. Үстүңкү тоо кыркаларында өскөндөр ысык келет дагы, ойдуң жерде өскөндөр суук келет. Алар дагы ысык-суугуна карай эркек, ургаачы болуп бөлүнүшөт. Ал эми тамырды кармап үйрөнүү мүмкүн эмес. Бул тээ ата-тектен берилет же өзүнүн накта нукура сезим-туюму менен гана тамырчы боло алат. Ошондуктан, тамыр кармап үйрөнөм деген туура болбойт.
Тамыр кармоо боюнча атайын китепче чыгардым. Тамыр кармоо үчкө бөлүнөт. Мисалы, ысык, суук, анан ысык, сууктан бузулган чарбызын болуп эсептелет. Чарбызын деген ысыктанса ысык жакпайт, сууктанса суук жакпайт. Ысык дагы үчкө бөлүнүп кетет. Тубаса эркек, жел ысык, анан жел урмасы бейтап. Суук дагы үчкө бөлүнөт. Тубаса аял, ысык жел, суук жел. А чарбызын болсо, экөө бирдей аралаш болот. Ошол себептен адамдын өңүнө эмес, тамырын кармап ысык, суугун билиш зарыл.
- Китебиңиз эмне деп аталат?
- Мурункусу "Тамырчынын кеңеши" деп аталат. Экинчи азыр чыгып жаткан китеп дагы "Табыпчылык улуу сыр" деп аталды.
- Биринчи китебиңизде, калган эки китебиңизде эмне баяндаларын кыскача айтып берсеңиз?
- "Тамырчынын кеңешинде" тамырдын варианттары, андан кийинкисинде дарылоо ыкмалары же 11 эрежеси менен чыгып жатат. Үчүнчү китепте дары өсүмдүктөрү түстүү сүрөттөрү менен коштолот. Мында ар бир дары чөбү качан, кайсы маалда өсөт, кайсы жерде кеңири чыккан, аны кандай кылып колдонуш керектиги тууралуу кыскача
маалыматтар берилген. Анан жан-жаныбарлардын, айбанаттардын пайдалуулугу, пайдасы жоктору тууралуу берилет.
- Жогоруда тамыр кармоо укум-тукумдан берилет, же болбосо нукура сезим аркылуу дедиңиз. Сиздики кайсынысынан?
- Таятамдын көзүн көрбөй калдым, 1936-жылы кайтыш болуп кеткен экен. Ошол таятам дубакөй, тамырчы, табып болгон. Молдо болуп балдарды окуткан. Анын жалгыз кызы Сайраке менин апам болгон. Ал киши сыныкчы, тамырчы-табып болгон. Ушул мурункулардан келаткан сезимди 20 жылдан бери улап келатам.
1990-жылдарда Оморбай Нарбековдун аракети менен ачылган "Бейиш" элдик медицинасына киргем. Мени туура жолго салган академик Оморбай Нарбеков болду. Бул кишинин жасаган дарылары укмуш. Мен алгач 20 чөп менен баштасам, анын колунан чыккыча төрт жүзгө жакын чөптү изилдештим. Элден, медицинадан алып, кайра иштеп чыгып, азыр 1000ге жакын дары чөптүн түрүн орусча, кыргызча эмнеге дарылыгы барын билем. Ушуларды кыскача, жергиликтүү тоолук адамдарга тааныш, жөнөкөй жол менен, каражатына жараша өзүн-өзү дарылоого ылайык кылып китеп чыгарып жатам. Баланын ичи өтсө да, козунун ичи өтсө да дарыланып алышат. Алайда, Таласта көп жүрдүм. "Дүйшөнбектин чөбүнөн алып, дарыланып алалы" дегендерди көп уктум. Бутубуздун алдында тебеленип жаткан дары чөптөрдү кор кылбай терип алып, пайдаланганды билсин деп ойлойм.
- Кыргыз жеринде өскөн дары чөптөр бардык ооруга шыпаа боло алабы же Кытай, башка өлкөлөрдөн дары чөптөрдү да издейсиздерби?
- Биздин жерибизде өскөн чөптөр Кыргызстан эле эмес, бүткүл дүйнөнүн жарымы колдонсо да жетет. Анткени, Кыргызстанда чөптөр жетиштүү, адамга жагымдуулугу, сиңимдүүлүгү күчтүү. Кытайда деле болуп келдим, ал жакта бүт айдама, атайын айдалат. Бизде болсо, жаратылыштын өзүндө турат. Мисалы, 1 кв. метрде 350 чөптүн түрүн тересиң. Кытайда 100 кв. метрден андай чөптөрдүн түрүн тере албайсың. Ошондуктан, өзүбүздүн эле чөптөрдү колдонсок, кыргыз элинин элдик медицинасын өздөштүрөбүз.
Маектешкен Бермет
МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




  Ден соолук

923 баланы сүннөткө отургуздум
Сүннөт кылдыруу мусулманчылыктын бир белгиси катары эсептелинет. Куранда сүннөт кылдырууга буюрган аят жок. Сүннөт кылдыруу адамдын табиятынан. Төрөлгөндөн кийин адам рухуна шайкеш келе турган адамдын организми менен кошо жаралган ашыкбаш тери, түк сыяктуу нерселерден арылуу сүннөткө киргендиктен муну ар бир мусулман гана эмес, ар бир атуулдун күндөлүк жашоосундагы парз милдеттерден. Икар Айтиев Бишкек шаарынын №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда врач-хирург. "Саламаттыкты сактоонун отличниги". Анын бул кесипти аркалаганына он төрт жылга жакындап калганы, медицинада балдарды сүннөткө отургузууну иш жүзүнө ашырып келет. Ушул убакытка чейин 923 балага мусулманчылыктын белгисин тартуулаган.

- Икар Кадырбекович медицина илиминде балдарды сүннөткө отургузууну кандай карайт?
- Эркек балдарды сүннөткө отургузуу медицина илиминде, азыркы убакта кеңири таралган хирургиялык операция болуп саналат. Медицина тили менен айтканда, сүннөткө отургузуу циркумцезия деп аталат.
- Эркек балдарды кайсы жаш курагында сүннөткө отургузган жакшыраак? Кээ бирөөлөрдө так сан жашында жасоо керек деген түшүнүктөр бар?
- Сүннөткө отургузуу медицинада эч качан кеч болбойт. Кайсыл убакта, кайсыл жашта болсун боло берет. Менин тажрыйбамда байкашыма караганда 3-4-5 жашка чейинки убакта эң ыңгайлуу болот. Мындан чоң жаштарда баланын аң-сезими өсүп, психологиялык жактан травма алып калышы мүмкүн.
- Сүннөткө отургузуунун медициналык жагынан пайдалуу жактарын айтып берсеңиз?
- Медицинада сүннөткө отургуза элек балдарда төмөнкү оорулар көпчүлүк учурларда кездешет. Фимоз парафимоз- бул эркек баланын жыныс органынан ашыкча терисинин сууктап сезгенүүсү. Жыныстык мүчөсү шишип заара кыла албай калышы мүмкүн. Сүннөткө отургузгандан кийин эркек балдар жогорку оорулар менен эч качан оорушпайт. Гигиеналык жактан таза болот. Эгерде жогоруда айтылган оорулардын белгилери пайда боло турган болсо, кечиктирбей врачтарга кайрылышы керек. Негизи эркек балдар төрөлгөндөн баштап тазалыкты сактоону колго алышы керек.
- Айыл жеринде сүннөткө отургузууну айылдык молдолор, же болбосо ыгын билген жөнөкөй эле кишилер аткарып келишүүдө. Хирургиялык жол аркылуу врачтардын сүннөт кылганы алардан кандай айырмачылыктары бар экенин окурмандарга айтып өтсөңүз?
- Албетте, айырмачылыктар асман менен жердей деп айтсак да болот. Врачтар аркылуу жасалган сүннөт: хирургиялык жол менен кылынган сүннөт таза болот; хирургиялык аспаптар стерилизация сөзсүз болот. Баланын жыныс мүчөсүнүн ашыкча териси алынган жер хирургиялык жол менен дезинфекцияланат. Ошондой эле кескен жарасы тигилет да, бат сакайганга шарт түзүлөт, ар бир канаган кан тамырлар байланат.
- Сизге балдар гана эмес чоң кишилер кайрылган учурлар болду беле?
- 63 жаштагы орус улутундагы пациент кайрылганда кадимкидей операция (циркумцезия) жасалды. "Ушул убакка чейин врачтарга эмне кайрылбай, кыйналып жүргөнүмдү билбейм"-деп ийнин күйшөйт ал. - Жакында 30га келип калган жигит кайрылган эле, рахматын кат-кат айтып, "эми үйлөнөм байке",- деп ыраазычылыгын жашыра алган жок.
- Ушул убакка чейин канча баланы мусулман кылдыңыз? Сүннөт кылдырууну каалагандар кайда кайрылса болот?
- Өзүмдүн эсебим боюнча14 жылдан бери 923 баланы сүннөткө отургуздум. Ал эми сүннөт кылдырууга муктаж болгондор жана эркек балдардын ата-энелери шаардык,
райондук бейтапканалардын врач-хирургдарына кайрылышса, хирургиялык жол менен сүннөткө отургузуп беришет.
Бурмакан МУСАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan