Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Кызык экен

Мекенибиздин байлыгын билебизби?
Кыргызстанда кандай өсүмдүктөр жана кандай жаныбарлар, канаттуу куштар жашашат?
Чын эле бул суроого дароо жооп бере албайбыз. Анткени, толук билбейбиз. Бирок, ага ынтызарлык менен кызыгып изилдеп жүргөндөр бар. Алардын бири айылдык калемгер Абдыкожо Жар-
баналиев. Кыргызстандын аймагындагы өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлардын аталыштарын тактоого аракет кылган. Муну билүү кызык. Айрыкча кийинки муундагы жаштар өсүмдүктөрдүн аттарын билбей, жалпысынан "чөп" деп коюшу мүмкүн. Куштарды көрсө "чымчык" дегендер бар. Эмне үчүн дегенде алардын кыргызча аталышын айрып билбей жалпылап атаганга көнөт. Мунун өзү улуттук тилибиздин көрөңгөсүнө доо кетирип, баркын түшүрүшүнө чейин таасири бар. Ошондуктан бул эмгектин баалуулугу - тил казынасын байытуунун дагы бир башаты.

Жаныбарлар
Кыргыз эли жаратылышка өтө жакын калк болгон. Көчмөн калкыбыз ар дайым табият менен коюн-колтук алыша жашап, ага астейдил мамиле кылышкан. Биз бул жерде жаныбарларды бир нече топко ажыратып карайбыз. Эмесе, сөз башынан болсун.
I.Бакма үй жаныбарлар:
1. Төө тукуму
(пири - Ойсул Ата).
Төө баласын он эки ай көтөрөт. Кыргыздар мурда боюнда бар аялга төөнүн этин, сүтүн берген эмес, себеби аял баласын көбүрөөк көтөрбөсүн деп ырымдашкан. Төөнүн ургаачысы - инген, эркеги: тукум улай турганы - буура, бычылганы - атан, баласы - тайлак, бото деп аталат.
2. Кой тукуму
(пири - Чолпон Ата)
Ургаачысы - кой деп аталат, бир-эки жаштагысы - токту, ал эми эркеги: анын ичинен тукум улай турганы - кочкор деп аталса, бычылганы - ирик, эки-үч жаштагы бычмал - шишек, бир-эки жаштагысы - борук. Бир жашар кой баласы - козу, күрпөң деп аталат.
3. Эчки тукуму
(пири - Чычаң Ата).
Ургаачысы эчки деп эле аталат. Бир-эки жаштагысы чебич. Ал эми эркегинин тукум улоочусу - теке. Бычылганынын арасынан эки-үч жаштагысы - серке, эчкинин баласы - улак. Кой жана эчки тукуму баласын ичине беш ай көтөрөт.
4. Жылкы тукуму
(пири - Камбар Ата).
Ургаачысы - бээ, үч-төрт жаштагысы - байтал. Эркеги: анын ичинен тукум улоочусу - айгыр, бычылганы - ат. Бир-бир жарым жаштагы жылкы баласы - тай, бир жарым-эки жарымдагысы - кунан чыкма, үч-үч жарымдагысы - бышты чыкма. Үч жарым жаштагысынан жогоркусу - асый. Ал эми баласы - кулун, жабагы деп аталат. Жылкы баласын сегиз ай көтөрөт.
5. Уй тукуму
(пири - Зенги Баба).
Ургаачысы - уй, экиден төрт жашка чейинкиси - кунаажын. Эркеги: анын ичинен тукум улоочусу - бука, бычылганы: төрт жаштан жогоркусу - өгүз, экиден төрт жашка чейинкиси - ноопас. Бир жашка чейинкиси - музоо, бирден эки жашка чейинкиси - торпок. Уй баласын сегиз ай көтөрөт.
6. Уй тукумуна жакын - топоз тукуму.
Ургаачысы - инек, эркеги - хотос, баласы - мамалак.
Жогоруда аты аталган жаныбарлардын ичинен төө, уй, жылкы жана кой тукумдары төрт түлүк малдын катарына кирген. Белгилүү болгондой, кыргыздар көчмөн калк болгондуктан, мал менен киндиктеш болушкан. Техникалык процесске байланыштуу, төө тукуму азайып кетти. Мурда төө күч унаа катары пайдаланылчу.
Жогоруда аты аталган үй жаныбарларынан тышкары, ит жана мышык тукуму да үй айбандарына кирерин унутпасак. Иттин ургаачысы - канчык, эркеги - дөбөт, баласы - күчүк, мышыктын эркеги, ургаачысы тең эле мышык деп аталып, баласы - мый. Ал эми күчү адал, сүтү арам - эшек тукумун кыргыздар аз урунат. Баласы кодик деп аталат.
II. Жапайы жаныбарлар:
а) жырткычтар
1. Илбирс.
2. Жолборс.
3. Сүлөөсүн.
4. Мадыл.
5. Карышкыр.
6. Күрөң аюу.
7. Карсак.
8. Ачкүсөн.
9. Түлкү.
10. Чөөлөр.
Бул жаныбарлар өтө азайып кеткен.
б) Кайберендер:
1. Аркар: ургаачысы - аркар, эркеги - кулжа.
2. Кийик: ургаачысы - эчки, эркеги - теке.
3. Бугу: ургаачысы - марал, эркеги - бугу.
4. Элик: ургаачысы - телки, эркеги - куран.
5. Кара кийик: эркеги - каман, ургаачысы - мегилжин.
Мындан тышкары мурда жергебизде кулан, жейрен, сайгак болгон, азыр жок.
в) Териси баалуу жаныбарлар:
1. Түлкү.
2. Карсак.
3. Кашкулак
4. Суур.
5. Ондатр.
6. Ачкүсөн.
7. Кундуз.
8. Суусар.
9. Тыйын чычкан.
Жогоруда аты аталган жаныбарлардын көпчүлүгү азайып, жоголууга дуушарланууда.
Канаттуулар
I. Үй канаттуулары:
1. Тоок: ургаачысы - мекиян, эркеги - короз, балапаны - жөжө, чыбый.
2. Күрп.
3. Каз
4. Өрдөк.
5. Индоутка (башка тилден кирип, бирок кыргыз лексикасында колдонулат, кыргызчасы жок).
6. Зазырга.
Көчмөн мезгилде кыргыздар канаттуу багышчу эмес. Кийин гана союз мезгилинен баштап бага баштадык.
II. Жапайы
канаттуулар:
а) жырткыч ийри тумшуктуулар:
1. Бүркүт.
2. Жору.
3. Ак кажыр.
4. Кара чакылдак.
5. Аксары.
6. Айры куйрук.
7. Көк кулаалы.
8. Бөктөргө.
9. Чоң үкү.
10. Жапалак үкү.
11. Бабырган.
12. Ителги.
13. Куш.
14. Шумкар.
15. Туйгун.
16. Тунжур.
17. Ылаачын.
18. Чуйлуу.
19. Турумтай.
20. Кыргый.
21. Жагалмай.
22. Күйкө.
23. Борбаш.
Бул канаттуулардын көпчүлүгү башка жакка ооп кетишкен, себеби биздин жерде алар азыктана турган нерселерден тартыштык жаралып, ошондуктан айрымдары жок болуп да кетти. Ийри тумшуктуу канаттуулар жөнүндө азыраак маалымат берип кетсем. Илгери кыргыздарда куш таптаган мүнүшкөрлөр көп болгон. Алар таптаган куштун бардыгы ийри тумшук куштардын катарына кирген. Мүнүшкөрчүлүк бизде жогору бааланган. (Куш таптоо жөнүндө ыраматылык Амантур Акматалиев китеп жазган эле). Азыр бул өнөрдү аркалаган адамдар сейрек.
б) Түз тумшуктуулар:
1. Кузгун.
2. Ала карга.
3. Кара карга
4. Чар карга.
5. Көк карга.
6. Сагызган.
7. Чөкө таан.
8. Күкүк.
9. Күүгүм боз.
10. Кызыл тумшук таан.
Булар тарп, таштанды, чычкан, курт-кумурскалар менен тамактанышат, мындайча айтканда, "жаратылыш санитарлары". Кээ бирлери аба ырайына, жыл мезгилине карата тоолордон алыстабай жашашса, кээ бирин айыл-кыштактардан эле жолуктурууга болот.
Суу куштары
1. Ак куу.
2. Каракунас.
3. Каз.
4. Аныр.
5. Өрдөк.
6. Кылкуйрук.
7. Соночүрөк.
8. Акчардак.
9. Ызгыт.
10. Тартар.
11. Кашкалдак.
12. Безбелдек.
13. Чулдук.
Суу куштары аз, кийинки кезде көпчүлүгү жашоо-шарттары оордогондуктан, башка жакка ооп кетишкен.
Кургактагы илбээсиндер
1. Тоодак.
2. Улар.
3. Каркыра.
4. Турна.
5. Кекилик.
6. Чил.
7. Каракур.
8. Кыргоол.
9. Карабоор.
10. Көгүчкөн.
11. Бактек.
12. Бостек.
13. Бөдөнө.
Илбээсин куштардын айрымдары дагы жерибизде жашоо кыйын болуп кеткендиктен башка жакка ооп кеткен.
Майда
чымчыктар
1. Кара чыйырчык.
2. Ала чыйырчык.
3. Майна чыйырчык.
4. Сасык үпүп.
5. Сары барпы.
6. Боз таркылдак.
7. Ала дунган.
8. Таш доңкулдак.
9. Чакчыгай.
10. Торгой.
11. Жылкычы кучкач.
12. Сарала кучкач.
13. Эжеке бээ саа.
14. Таталбек.
15. Боз чыйпылдак.
16. Чыйылала.
17. Айсары.
18. Чоң тумшук.
19. Шиш тумшук.
20. Кызыл чок.
21. Боз кашка.
22. Таранчы.
23. Тоо таранчы.
24. Кара таш.
25. Котуракай.
26. Короолу.
27. Каршыгач.
28. Чабалекей.
29. Булбул.
30. Көк тамак.
31. Куркулдай.
32. Чырылдак.
33. Үкү баш.
34. Мукуру.
35. Дирилдек канат.

Жогоруда аты саналып өткөн майда чымчыктардын сайроочуларын бөлүп карайлы:
1. Булбул.
2. Торгой.
3. Чабалекей.
4. Көк тамак.
5. Кара чыйырчык.
6. Карала барпы.
7. Саркоролу.
8. Таталбек.
9. Кызыл чок.
10. Чакчыгай.
Сайроочулар көмөкөй менен тилин дирилдетип сайрашат. Айрымдары канаттарын кагып турат. Жалпы эле майда чымчыктар айыл чарбасына зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылышат.
Жерде жана сууда жашоочулар
а). Жерде жашоочулар:
1. Уулуу жылан.
2. Боз жылан.
3. Суу жылан.
4. Кескелдирик.
5. Курбака.
6. Кызыл бака.
7. Ташбака.
8. Кирпи.
9. Билерик.
10. Кош аяк чычкан.
11. Келемиш чычкан.
12. Арс чычкан.
13. Мумуя чычкан.
14. Сокур чычкан.
15. Жертешер чычкан.
16. Көк чычкан.
17. Уй чычкан.
18. Момолой чычкан.
б). Сууда жашоочулар (балыктар):
1. Сазан.
2. Көк чаар.
3. Ак боор.
4. Каражон.
5. Коюж.
6. Бакабаш.
7. Майчабак.
Кыргыздар балыктардан ушуларды гана ажыраткан. Көчмөн элибиз тамак-аш жаатына балыктарды колдонгон эмес.
Басууга даярдаган
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan