, 03.10.08 - 17-бет: №74, 03.10.08-ж.
  Замандаштын бейнеси

Жакшынын жарыгы өчпөйт
Өткөн ХХ кылымдын жүз жыл ичинде кыргыз элинде канчалаган чыгаан уул-кыздары Ата Мекен, эл үчүн таш талканы чыкканча өпкө жүрөгүн калбырлап, сүттөй таза пейилин төшөп көңүлүндө таруудай өзүмчүлдүгү жок кубатын, өмүрүн эл жерге арнады. Кыргыз элинин мыкты уулдарынын бири Жүзүмкүл Кудайбергенов жаштайынан атактуу кыргыз акындары Алыкул Осмонов, Абдрасул Токтомушов менен балдар үйүндө тарбияланып, ошол жерде тамга таанып билимге умтулган экен.

Жүзүмкул Кудайбергенов жаш болсо да өзүнүн киндик каны тамган азыркы Жайыл районунун Эркин-Сай айылына барган сайын элдин кыйынчылыкта жашоосуна кабыргасы кайышып, акыры айыл чарбасын көтөрмөйүнчө элдин курсагы кампайбасына көзү жеткен шекилдүү. 1937-жылы айыл чарба институтунун биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болуп Ак-Талаада, дагы башка жерлерде иштеп акыры келип азыркы айыл чарба институтуна директорлукка кызматка орношуп, ушул институттун эң алгачкы пайдубалын тургузган дал ошол Жүзүмкул Кудайбергенов болгон экен. Ал кишинин бир кызыгы ошол деректир башы менен өзү айылдарды кыдырып, он-он бештен балдарды апкелишип, Айыл чарба институтуна экзамен алдырбай эле күргүштөтүп киргизип жиберген күндөрүн айтып, Абыке агабыз жыргап каткырып калар эле. Алардын кээси окуй албай, кээси окуп, акыбетин актаганы болгон экен. Азыркы кыргыз элинен бүткүл дүйнөгө таанылып кеткен Чыңгыз Айтматов, кыргыз элим деп күйүп-бышып жүргөн академик Жамин Акималиев, мамлекеттик чоң ишмер, Министрлер Советинин төрагасы маркум Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев ж.б. көптөгөн айыл чарба адистери дал ошол Жүзүмкулдун колунан алгачкы чыйырын баштаганын чоң сыймыктануу менен эскеришкени кандай гана жагымдуу элес калтырат.
Жүзүмкул Кудайбергеновдун дагы бир кызык кыялын ал кишинин азыр 87деги байбичеси Аныйпа апа айтып эле түгөтө албайт. Алты балабыз менен тар үйдө жашачубуз дейт. Адамда кандай жакшы сапаттар болбосун баары Жүзүмкул Кудайбергеновдо бар экен да. Ушул чакан эскерүүдө Жүзүмкул Кудайбергенов жөнүндө айтып жатканыбыздын жөнү бар. Элибиздин өтө бир жакшы өзгөчөлүгү мурдагыларды эскерүү, алардын үлгүсүндө кийинки муундарды тарбиялоо элибиздин көөнөрбөс салты эмеспи. Өткөндү эскермейинче, азыркыга баа бере албасыбыз чындык.
Жер кадырын баалабаган элдин да кадырына жете алабы. Жүзүмкул Кудайбергенов өмүр бою жерди асылдандыруу, мол түшүм алуу жолун ойлоп бүт акыл эсин, күч-кубатын арнагандай сезилет. 1939-жылы Кыргыз ССРинин жер боюнча Эл комиссарынын орун басарлыгы кызматына дайындалат, андан
кийин Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматында эмгектенет. Бул 1941-жылдагы кан күйгөн согушка аттанып, андан "Кызыл жылдыз", "Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордендери" жана башка медалдар менен сыйланып элине жеңиш менен кайткан экен.
Согуштан кийин Фрунзе обкомунда, Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы, 1950-жылы Жалал-Абад обкомунун айыл чарбасы боюнча катчысы болуп иштеген. Жүзүмкул ага 1962-1970-жылдары Сокулук тажрыйба чарбасында деректир болуп иштеген учурда чарбада асыл тукум уйларды өстүрүү менен ар бир уйдан саалган сүттүн көлөмү жана кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү боюнча республикада алдыңкылардын катарында болгон.
Кийин ардактуу эс алууга чыгып республикалык маанидеги мамлекеттик ат майданында деректир болуп иштеп жүрөт. Мамлекет ал кишинин эмгегин жогору баалап, төрт "Ардак белгиси" ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланат. Анан Жүзүмкул ага эми айылына көбүрөөк барып эс алайын деген ниет менен айылдаштары катары эле бир жепирейген там салат. Бирок анын ичи сыртын акиташ менен актатып мөлтүрөтүп кишинин көзү түшкөндөй зымпыйтып коет. Ошондо ошол эле айылдаштары мына ушул Жүзүмкул байып кетиптир, тиги үйү бөтөнчө эле аппак болуп бөлүнүп турат деп туш-тушка арыз жаадырып Жүзүмкүл ага далай жолу суракта болот. Жүзүмкул Кудайбергеновдун алтынчы атасы Жайылхан казактын Абылай ханынын кандуу чабуулуна туруштук берип эли-жерин сактап калган эмеспи. Ал тарыхта белгилүү ошол Жайылхандын чөбөрөлөрү Жүзүмкул Кудайбергеновдун уулдары Мерлис, Болай, Асан Дуулат, Азамат чынарлар бүгүн эгемен мамлекетибиздин аброюн көтөрүп ак эмгек менен иштеп жатканы атанын баласы деген ыйык сөзгө татыйт тура. Жүзүмкул Кудайбергеновдун эки чөбөрөсү Жоомарт менен Султан Республикадагы абройлуу окуу жайын бир эки жылда бүтүрүп эл үчүн эмгектенсек деген тилектери зор.
Субайылда
АБДЫКАДЫРОВА,
Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер, акын




  Жаңы китепке пикир

Элетте жашап жүрсө да улуттук деңгээлге көтөрүлгөн акын өсүп чыкканын байкабай калыптырбыз
Оттук поэзиянын ооматы
Абдирашит Урбаевдин жакында жарык көргөн "Оттук" аттуу ырлар жыйнагын окугандан кийин кыргыз поэзиясында дагы бир олуттуу акындын пайда болгонуна ынанып калдым. Анын улуттук деңгээлге чейин өсүп-жетилгенин республиканын адабий коомчулугу эмес, биз, Оштук калемдештери да байкабай калган экенбиз. Бул чыгармачыл инсанга карата мындай мамиле болушунун да жүйөлүү себеби бар. Биринчиден, Абдирашит Урбаев Москвадагы маданият институтун бүтүрүп келгенден бери негизинен журналистикада эмгектенди, отуз жылдан ашуун орус тилдүү гезиттерде иштеп, биринчи кезекте өзүн чыгаан журналист катары көрсөткөн. Экинчиден, мектепте окуган кезинен бери ыр жазуу менен алектенип, республикалык гезит-журналдарга ыр түрмөктөрү жарыяланып, советтик доордо борбордон "Күндү күтүү", "Жаштык экспресси" атуу китептери чыкса да өз курбалдаштарынын катарынан суурулуп чыгып кете алган эмес. Ошондон улам эгемендүүлүк жылдары жарык көргөн "Акбуура авандары" жана "Махабат машакаты" аттуу китептери жөнүндө жергиликтүү басма сөздө жылуу пикирлер айтылганы менен республикалык деңгээлде сөз болгон эмес. "Махабат машакаты" үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты деген наам ыйгарылса да бул окуя борбор тараптан жергиликтүү масштабдагы окуя катары гана мамиле жасалды. Менимче, мындай көрүнүштүн жүйөлүү да, жүйөсүз да себептери бар. Эгемендиктин жылдары жөнөкөй окурманы эмес, адабий чөйрө деле жазуучу-акындардын жаңы китептерин окубай калды. Көбүнесе ушундан улам Абдирашит Урбаев эле эмес, Нарында, Ысык-Көлдө, Баткенде ж.б. аймактарда жашаган таланттуу прозаиктер жана акындардын чыгармачылыгына адабий сын мындай турсун, жазуучулар Союзу да баа бербей келди. Адилеттик үчүн айтып кетүү керек: кийинки эки жылдын ичинде бул маселе боюнча жандануу байкалууда. Кошундун жаңы төрагасы КРнын Эл акыны Омор Султановдун активдүү аракеттери, демилгеси менен адабий секциялар кайрадан ишке киришип, "Кыргыз адабияты" гезити чыгып, адабий процесске баа бериле баштады.
Мына ошондой объективдүү жана субъективдүү себептерден улам өз үнү, өз почерки, өз жолу бар Абдирашит Урбаевдин поэтикалык изденүүлөрү жана жетишкендиктери жалпы коомчулуктун баамынан четте калып кетти. Эмесе, сөз "Оттук" жыйнагы жөнүндө болсун.
Көлөмү 350 беттен турган бул китепти окуп чыккандан кийин, мурдагы жыйнактарына салыштырып көрүп, кийинки 10 жылдын ичинде акын көп изденип, көп табылгаларга ээ болуп, кескин өсүп кеткендигин байкадык.
Поэзия - сыйкырдуу күч
бул кандай,
Түпкүрлөрдөн атырылган
вулкандай.
Жети баллдуу жер титиреп заматта,
Селт эттирип сезимдерди булккандай.
Поэзия жөнүндө ушундай оргиналдуу салыштырууларды жана уйкаштыктарды таап, күчтүү сезим менен жазылган мындай ырлар чанда учурайт. Поэзияны ушундай сезген акындын бул китебинде өмүр жана өлүм, сүйүү жана жек көрүү, адам жана табийгат, жакшылык жана жамандык сыяктуу жана башка түбөлүктүү темалардагы чыгармалар арбын. Анын ырлары турмуштук көйгөйлөрдүн философиясын чечмелеп, адам көңүлүнүн кирин тазалайт, сен маани бербеген темаларды козгоп ойлонтот, санаа тарттырат, кайра шык берип көңүлүңдү көкөлөтөт.
Мекен, туулган жер жөнүндө жазбаган акын болбосо керек. Бул темадан жаңылык таап, жаңы ойлорду айтуу өтө эле кыйын. Ошондой болсо да, Өзгөндүн кулуну А. Урбаев "Ордолуу Өзгөн баяны" деген ырлардын циклин жазып, бийик көркөмдүк менен элестүү образдарды түзгөн. ХI кылымда курулган мунара, өз элинин эркиндиги үчүн коммунисттик баскынчылар менен күрөшүп жүрүп чет өлкөгө өтүп кетүүгө аргасыз болгон белгилүү Жаныбек казынын трагедиялуу тагдыры, дүйнөгө атагы чыккан Өзгөн күрүчү, атактуу Кара-Шоро жайлоосунун кооздугу, ашып-ташып агып жаткан айбаттуу Кара-Дарыя жөнүндөгү ырлар акындын тарыхый окуялар жөнүндө көркөм ой жүгүртүп, күчтүү образдарды жарата алуу, жаратылыштын
кооздугун сүрөттөө чеберчилиги жөнүндө билдирип турат.
"Акын өз доорунун күзгүсү" деген накыл сөз бар эмеспи. Айрыкча эгерде болуп өткөн окуялар өз Мекенинде болуп, ага анын өзү катышса, аны чагылдырбай коё албаса керек. Мына ошондой окуялардын бири - 2005 - жылдагы Март революциясы болду. Демократтар менен ошол марттан ушул күнгө чейин аралашып келе жаткан А.Урбаев ыңкылап жөнүндө 20 чакты ыр жазыптыр.
Ал эми "Табийгат" алкагында жер-эне үчүн адам тагдырынын жоопкерчилиги өтө курч коюлуп глобалдык масштабда берилет. "Махабат машакаты" алкагы болсо сүйүү гимни катары окурмандын жан дүйнөсү аңтар-теңтер кылгыдай. Төртүнчү алкагы "Жиберилбеген каттар" деп аталып, "баяндалат муңдуу сүйүү дастаны". Анда Канышай аттуу Ысык-Көлдүк кыз менен Султан деген Оштук жигит сүйүшүп жүрөт. Үйлөнөөр алдында кызды ошол эле Көл жактан бир жигит ала качып кетип, эки жаш аруу максаттарына жетпей, өмүр бою арманда жүрүшөт:
Султан менен Канышайдын сүйүүсү,
Суудай таза махабаттын үлгүсү.
Махабаттын азап-ырахаты өтө зиректик менен сезип, сөз кереметин этияттык менен пайдаланып, асыл ой имаратын курууга тизип-кынай билген акын "Селдей каптап селт эттирди сезимди" деп тамшандырат. Ал эми Канышай сулуу болсо, алып качкан жигиттин төрүндө олтурса да, Султанды ойлоп жүрөгү сыздайт:
Сыналгыдан Ошту көрсөм ыйлаймын,
Ичтен сызып өзүмдү-өзүм кыйнаймын, - дейт ал. Ушул эки жаштын муңдуу сүйүүсү жөнүндө элүүдөн ашуун ырлар жазылып, анын ар бири кайгыга да, кубанычка да, романтикага толгон сүйүү баяны, жүрөктү титиреткен саптар, куплеттер. Менимче Султан менен Канышайдын сүйүүсүн баяндоо менен Абдирашит өз чыгармачылыгында жаңы бийиктикке көтөрүлгөн, деги эле улуттук поэзиябызда жаңы сөз айтты десек да болот.
"Оттук" жыйнагында А.Урбаевдин сөзүнө жазылган 60тан ашуун обондуу ырлар бар экен. Анын сөзүнө залкар обончу Р.Абдыкадыров, эл артисттери Ж.Алыбаев, И.Жунусов, эмгек сиңирген артисттер Т.Эшпаев, А.Жайнаков жана башкалар эң сонун обондорду жаратышканын да айта кетүү ашыкча болбос. Мындан тышкары, китептеги "Пародиялар" бөлүмүндө 17 акындын ырларына жазылган учкул, кычкыл да сөздүү, юмор менен сатира аралашкан пародиялары дасыккан чебер акындан кабар берип турат.
Азыр Адам жана Акын деген даражасына арзыган инсандын бул жалганда жан сергитип, жалындаган оттун табы менен көңүлдөрдү көтөрө алган "Оттук" жаратканына шыктанганыбызды, кубанганыбызды айта кетели. Ата-Журт айдыңындагы кыргыз адабиятында акындын көркөм дүйнөсү өз ордун таап барат.
Өтө татаал бул доорубузда өзүнө коюп жүргөн таамай суроону эми баарыбызга тике айтып турганы таберик:
Ыйман соту салат сени суракка,
Кандай жашап жеттиң ушул куракка.
Токтогул КЕНЖЕЕВ,
жазуучу,
Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер