, 03.10.08 - 16-бет: №74, 03.10.08-ж.
  Папан айылында 13 миңден ашуун калк бар

Байлыктын кени - айылдын эли
"Папан" айыл өкмөтү Кара-Суу районунда, шарты татаал тоолуу аймакта жайгашкан. Демек, эл көйгөйү четинен табылышы мүмкүн. Бирок, кийинки эки эле жыл аралыгында айыл өкмөттүн аймагында ич жылыткан иштер көп болду. Аны айылдыктар айыл өкмөт башчысы Медербек Мырзабековдун аракети менен байланыштырып жүрүшөт. "Жаштык бар жерде - жалын бар" дегендей, али отуз жаштын эшигин кага элек жетекчи - Медербек мырзанын элге арнаган эмгегин өз оозунан угуп көрөлүчү.

- Медербек мырза, сиздей жаштар айылга эмес, шаарга, ал тургай республикадан сыртка "качып", акчаны "күрөктөп сузуп" жатабыз дейт. Сизге айыл өкмөт болуштун эмнеси кызык?
- Бала кезекте баёо кыялдарга кайрылсак, чоңойгондо ата-энеме эмне кызмат кылып, ийненин көзүндөй болсо да иш бүтүрсөм деп самаганым чын. Тунук ойлорго демократиялык өзгөрүүлөр дал келе түштү. 2005-жылдын декабрында атаандаштар менен ат салышып, айыл өкмөттүн башчылык кызматына шайландым. Ошондо элге берген убада сөз менен эмес, иш менен далилденет турбайбы деп күндүр-түндүр түйшөлгөн учурлар болду. Кудайга шүгүр айткандарымды бир четинен аткарып келе жатам.
- Анда, көзгө көрүнөөрлүк жумуштардын четин чыгарып көрбөйлүбү?
- Биз келечекти билим менен багындырабыз. Ушул жагдайды алып караганда, мектеп турмушун жакшыртуу менин башкы платформаларымдын бири эле. Ошондуктан биздин айыл өкмөттүн аймагындагы бардык мектептердин кем-карчын ырастап, жакшы шарт түзүүнү алдыңкы планга койдук. Биздин аракетибиз менен Э.Алыкулов атындагы орто мектептин жылытуу түзүмү, ашканасы, дагы майда иштери 1 млн. сом сарпталып бүткөрүлдү. Анын 30 миң сомун айыл өкмөт каржылады. Ж.Шериев атындагы толук эмес орто мектеп 120 орундуу кошумча класстуу болду. "Бөдөнө" башталгыч мектебине 62500 сомду айыл өкмөтү тапты. Кожокелең айылындагы С.Ибраимов атындагы орто мектепке дагы 120 орундуу кошумча класстар курулду.
Албетте жогоруда жасалган иштердин бардыгын айыл өкмөтү толук каржылай албайт. Мындай иштерге миллиондогон акчалар сарпталат. Биз бул маселени түрткү берүүчү гранттардын эсебинен чечтик.
- Мектептерге деген мээнетиңиз кайтып жаткан экен. Эми тоолук элди тоюндуруш үчүн да иш-аракеттер керек го?
- Туура, элибиз мал чарбасы менен жанын багат. Райборбордон 85 чакырым алыста жайгашкан Папанда 13 миңден ашуун калк бар. Ошол калкты тоюндурган 11950 баш кой, 1112 баш эчки, 4358 баш бодо мал, 1679 жылкы бар. Малдын башы жылдан-жылга өсүп жатат. Демек, айыл турмушунун оңолуп жатканы ушундан. Бакканы да, сатканы да төрт түлүк болгон айыл калкынын малына, зоо-ветеринардык эрежелерди да унутта калтырбай такай көзөмөлгө алып турабыз.
- Шарты катаал аймактарды табигый кырсыктар да кыйгап өтчү эмес эле, жазда суу ташкын, сел, жер көчкү, кышта улуу кар дегендей...
- Мунуңуз жөндүү кеп. Өткөн жылы айыл өкмөттүн аймагында жер силкинди. 70тен ашык үй жашоого жараксыз болду. Кыштын ызгаарында көп үй-бүлө көчөдө калды. Балдарын төшөккө ороп олтурган энелерди бизден башка эч ким көрүп, бизден башка эч ким жылуу орунга жайгаштырган жок. "Тогуз-Булак", "Геологобаза" айылдарында баш паанексиз калган үй-бүлөлөргө Ош шаарына жакын айыл өкмөткө таандык жерден үй курганга участоктор берилди. Көп үйлөр ремонттолду. Гуманитардык жардамдар калыстык менен бөлүштүрүлдү. Ушунун баары айыл өкмөттүн милдети. Бирок, ага да автор боло коем дегендер чыгат экен.
- Алар кимдер?
- Жер титиреди деп райондон же Жогорку Кеңештен биздин
айылга бир да депутат басып барган жок. Бирок, сыртта туруп алып айыл өкмөттүн ишине кийлигишкендер жок эмес...
- Жогоруда Сиз айткандар менен айыл көйгөйү толук чечилдиби?
- Жок. Биздин алдыда аткарыла турган иштер арбын. Калктын социалдык маселелерин чечүүдө "АРИС" программасынын инновациялык долбоорлору менен да тыгыз иш алып барабыз. Анын натыйжасында Кызыл Туу айылындагы ФАПты ремонттодук. Кожокелеңде телечагылдыргыч орнотуп, эл телевизор көрүп, жыргап калышты.
Алдыда дагы бир топ план-долбоорлорубуз бар. Анын баарын айыл өкмөттүн каражаты менен бүткөрө албайбыз.Ошондуктан инвесторлорду тартып, тиешелүү жетекчилерге кайрылып ал максаттарыбызды ишке ашырабыз.
- Айылда өзүңүздөй акылы тунук, ой-чабыты бийик жаштар көппү?
- Чынын айтсам, тоону сүйгөн мал жандуу жаштар гана калды. Жаман эмес, чарбасын түптөп жатышат. Ал эми жаштардын жоон тобу Ошто, Бишкекте, андан да алыс башка өлкөлөрдө. Кубандырганы - кимиси кайда болбосун рыноктун шартына ыңгайлашып бутуна туруп алышкан. Керек болсо, келечекте айылды ошолор багат.
Бакыт БЕРДАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Ылаң Сибирь жарасы эмес
"Кыргыз Туусу" гезитине
Урматтуу Кыяс Сатарович!
Элет окурмандары "Кыргыз Туусу" гезитин сүйүп окушат. Анын ар бир санында жарык көргөн кабарларды элет эли чындык катары кабыл алышат. Турмуш чындыгы да ушундай болууга тийиш.
Тилекке каршы, Сиздердин гезиттин 2008-жылдын 5-сентябрында чыккан №66 санына "Кара-Буурада сибирь жарасы" деген макалада "Сибирь жарасына 6 адам чалдыккан, илгерээкте Бакайыр колхозунда ушул ылаң катталып, ошол дөбөгө жылкы аркандалган", - деген пикир айтылган.
Чындыгында бул андай эмес. 1950-жылдарда ошол тарапта ылаң болгон деген кеп бар. Бирок, ал азыркы ылаң чыккан жерден 10-15 чакырым алыс, Бакайыр айылынын сырт жагында болгон экен. Бирок, ал жерде документалдуу факт катталган эмес. Ал эми азыр ылаң төмөнкү Ак-Башат
айылынан чыккан. Буга кошумча, ылаң чыгар замат адистер тарабынан аны тактоо үчүн патологиялык материалдары 2008-жылдын 29-30-августунда республикалык ветеринардык диагностикалык борборго, Талас район аралык жана Кара-Буура район аралык диагностикалык изилдөө борборлоруна жөнөтүлгөн.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ылаңдаган мал сибирь жарасы менен оорубагандыгы аныкталган (тийиштүү материалдар тиркелет).
Ч.ТӨРӨКУЛОВ,
Кара-Буура райондук агрардык өнүгүү башкармасынын начальниги,
С.НИЯЗАЛИЕВ,
Кара-Буура райондук мамлекеттик
ветеринардык башкармалыктын начальниги.
Редакциядан: "Сибирь жарасы" Кара-Буурага жетти" деген темадагы маалымат "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин сайтына 2-сентябрда жарыяланган. Биз өз ара макулдашууга ылайык "Кабардан" алып жарыяланганбыз. Андыктан, текшерүүдөн өтүп жарыяланган маалыматка биз ак да, көк да деп айта албайбыз.




Жогорку Соттун
токтому топонбу?..
Урматтуу башкы редактор!
Сизге төмөндөгүдөй кат менен кайрылууга аргасызмын. "Кыргыз Туусу" гезитинин 13-15-март 2007-жылдагы № 19-санында "Соттон мэр күчтүүбү" деген макала жарык көрдү эле. Андан кийин 30-март-2-апрель 2007-жылдагы санына "Соттун чечими "Камгактай" да көрүнбөй калганбы" деген да чакан макала чыккан.
Мени мыйзамсыз түрдө кызматтан алгандыгы үчүн сотко төрт жолу кайрылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна чейин барып, мени кызматка кайра коюу боюнча токтом чыккан эле. Ал токтом азыркыга чейин Ош шаардык мэри тарабынан аткарылбай келет.
Андан соң мага кылмыш ишин козгошуп, соттотууга аракет кылышты. Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку соту даттануу арызымды карап, 2007-жылы 11-декабрда аталган кылмыш иштин ичиндеги так эместиктер көп экендигин көргөзүп, Ош облустук прокуратурасына кайра жөнөткөн токтом чыгарган. Ошондон бери Жогорку Соттун токтомун да тоготуп койгон киши жок аткарылбай жатат. А мен болсо жумуштан жок, орто жолдо арасат тагдырда эмне кыларды билбей, калыстык сурап дагы кимге кайрыларды билбей калдым. Жогорку Соттун токтомун чиркей чакканчалык да көрбөгөн жергиликтүү бийликтерге кимдин күчү жетерине акылым жетпей калды.
Шаардык бийлик кемчилик табуу үчүн 5 жылдык мөөнөтү өтүп кеткен эсептөө палатасынын текшерүү материалдарын 2006-жылдын августунан бери шаардык прокуратура жана шаардык финансы полициясы тарабынан текшерттирди. 80,0 миң сомдук колдонулган аттракционду алган мезгилде кол астымдагы коллектив менен чогуу-чаран чечкенбиз. Келишим түзгөнбүз. Ал аттракцион балдардын "Мээрим" багына орнотулган.
Бир жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтому же нары эмес, же бери эмес, ара жолдо калып "танк алдында тепселип" азаптанып келе жатам. Арыз-муңумду гезитке жарыялап, атүгүл жогорку жактарга да кулак кагыш кылып кабарлап коюшуңузду суранам.
Айтбү КАДЫРОВА,
Ош шаары