Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Медицина, айыл чарбасы, техникалык жогорку окуу жайларында социология таптакыр окутулбайт

Социология илимдеринин профессору Кусеин ИСАЕВ:
"Социология коомду адашуудан арылтат"
- Өткөн айдын башында Испаниянын Барселона шаарында социологдордун Бүткүл дүйнөлүк чоң форуму болуп өтүптүр. Ал эмне деген форум жана анда кандай маселелер талкууланды? Сөздү ушундан баштасаңыз?
- Сиз айткан шаарда 4-8-сентябрда Бүткүл Дүйнөлүк социологиялык ассоциациянын "Социологиялык изилдөөлөр жана коомдук талкуулар" деген темада биринчи социологиялык форуму болуп өттү. "Социологдордун Бүткүл Дүйнөлүк ассоциациясы 1949-жылы түзүлгөн. Анда эмесе эмнеге сентябрдагы жыйын биринчи социологиялык форум деп аталды?" - деген суроо туулат. Мен алгач ошого жооп берейин.
Дүйнөлүк социологиянын эки борбору бар. Анын бири 1919-жылы түзүлгөн Эл аралык социологиялык институт. Ар төрт жылда дүйнөлүк конгресс өткөрүп турат. Алардын мындан үч жыл мурда Пекин шаарында өткөрүлгөн 37-конгрессине барып катышып, "Кыргыз элинин дүйнө-
лүк социологиялык илимге кошкон салымы" деген темада баяндама жасагам. 1949-жылы дүйнөнүн социологдору биригип, социологдордун Бүткүл Дүйнөлүк ассоциациясын түзүшкөн. Ал төрт жылда ассоциациянын жетекчилиги алмашып, кайра шайланып турат. Мындан эки жыл мрда ассоциациянын президенттигине Франциянын, вицелигине Испаниянын өкүлү шайланган болчу. Мурда конгресс ар төрт жылда бир өткөрүлүп келсе, бул жолу эки жылдан кийин эле конгрессти чакырышып, аны биринчи социологиялык форум деп аташты.
- Форумга кайсыл өлкөлөрдөн өкүлдөр барышты?
- Форумга жалпысынан 207 өлкөдөн 4 миңге жакын окумуштуу катышты. Ушундан эле башка өлкөлөрдө социология илими дүркүрөп өнүгүп, ага мамлекет тарабынан аябагандай чоң көңүл бурулуп жаткандыгын байкаса болот.
Борбордук Азиядан дүйнөлүк Ассоциацияга жалгыз мен мүчөмүн. Форумга Өзбекстан, Та-жикстан, Түркмөнстандан эч ким барбады, Казакстандан гана
быйыл биринчи жолу бир аял катышты. Мен "Ааламдаштыруу жана чыгыш элдеринин өзүн-өзү таануу маселеси" деген темада баяндама жасадым. Анда биздин элибиздеги этностук өзүн-өзү таануу маселесин ачып берүүгө аракеттендим. Өзүн-өзү таануунун же иденттештирүүнүн жарандык, диндик, маданий, саясый деген сыяктуу түрлөрү көп. Бирок, мен алардын баарын санап, чөп башылап отурбастан өз баяндамамда кыргыздардын өзүн-өзү таануусундагы маселелерге гана негизги басым жасадым.
- Ырасын айтуу керек, социологиянын негизги функ-
циясы, мааниси эмнеде экендигин көбүбүз жакшы деле түшүнбөйбүз. Социологиянын азыркы коомдо жана гуманитардык илимдердин арасында ээлеген орду кандай?
- Социология илиминин коомдогу топтордун жана адамдардын турмуштарындагы маанилери жылдан-жылга өсүүдө. Форумда чыгып сүйлөгөндөр социология илим гана болуп чектелбестен маданияттын бир түрүнө, социалдык кубаттуу күчкө айланып бараткандыгын да белгилешти. Социологиялык көрүнүштөргө, жыйынтыктарга таянмайынча коомду башкарууга мүмкүн болбой калгандыгын айтышты. Өнүккөн өлкөлөрдө башкаруу, пландаштыруу, божомолдоо, чечимдерди кабыл алуу иштеринде социологиялык теориялар, талдоолору, жыйынтыктар кеңири пайдаланылууда. Социология - көрүнүштөрдү, мамилелерди талдап, түшүнүп, аларга туура баа берүүнүн, процесстердин азыркысын жана келечегин аңдап, аныктоонун илими. Ал чегарасыз илим, анын теорияларын кайсыл мамлекетке болбосун ээн-эркин пайдалана берүүгө болот.
Социология философиядан кескин айырмаланат. Философия - улуттук көрүнүш, улуттун жан дүйнөсү жана дүйнө таанымы. Дүйнөнүн бардык жеринде ошентип эсептелет, бир гана биз мурдагы тоталитардык мезгилден баштап улуттук философия деп айткандан коркуп, алиге чейин ошентип жүрөбүз. Чындыгында кыргыз дүйнөдөгү элдердин арасындагы философиялык дүйнө таанымы, көз карашы өнүккөн философ этностордон. Макал-лакаптар, учкул сөздөр, легендалар жана уламыштар, элдик эпостор өз-өзүнчө эле философия. Улуттун өткөн доорлордо төкмөлөрүнүн саптарын карабайсызбы?! Ар саптарында философиялык ойлор, түшүнүктөр камтылган. Алардын бардыгы биригип биздин улуттук дүйнө таанымыбызды түзүшөт. Кыргыз мамлекети, кыргыз коому оңолуп, азыркыдай кризистик көрүнүштөрдөн чыгуусу үчүн ар кимдерди ээрчибестен өзүбүздүн дүйнө таанымыбызга кайрылып келүүбүз керек. Антмейинче азыркыдай абалдан чыга албайбыз, улуттук идеологияны да түптөй албайбыз.
Социология тигил же бул социалдык кубулуштун жаралышын, түзүлүшүн, аткарган милдетин алаканга салгандай ачып берип, мындан аркы болжолдуу өнүгүүсүн көрсөтөт. Бул илим жылдан-жылга тамырлап, бутактап өнүгүп, жаңы багыттар, теориялар жаралууда. Социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары саясатчыларга, башкаруу органдарында иштегендерге гуманитардык илимдер чөйрөсүндө эмгектенгендерге абдан керек.
- Сиз жогоруда дүйнөлүк социологиялык уюмдар жөнүндө жетишерлик айттыңыз. Эми социология илиминин өзү кандай өнүгүп жаткандыгына да токтоло кетсеңиз?
- Мурда социология жалпы эле бир илим болсо, азыр максатына, аткарган функциясына жараша
коомдук (публикалык), колдонмо (прикладдык), кесиптик, сындоочу делинип төрткө бөлүнөт. Булардын ар биринин өзүнчө программалары, теориялары, методологиялары жана ыкмалары бар. Ошолорго ылайык сурап-билүү, талдоо ж.б. формаларда иш жүргүзүшөт. Бирок, канча түргө бөлүнбөсүн, максаттары бир - турмушту, коомду иликтеп, талдап, аны жакшыртуунун жолдорун, ыкмаларын издөө. Мына ушундан улам акыркы убактарда
коомдук же калктык социологияга көбүрөөк басым жасалып, бул багыттагы иликтөө, талдоо иштери көбүрөөк жүргүзүлүүдө. Коомдук турмуштагы көрүнүштөрдүн, процесстердин себептерин, келечектерин иликтеп, аларды калкка жеткирүүгө көбүрөөк көңүл бурулууда.
Форумда бул маселелер аябагандай кеңири талкууланды. Мында өзгөчө белгилей кете турган нерсе, дүйнөнүн ар тарабынан барган социологдор капиталисттик рынокко таянган экономиканы, өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүн катуу сындашты. ХХ кылымдын башталышында колониялардын ресурстарын талап-тоноп, элдерин аёосуз эксплуатациялап, жакырлантып, эсептелүү өлкөлөр байышса, андан кийин Америка баш болуп согушту өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарына пайдаланышты дешти. Даана мисалдарды да келтиришти. Маселен, азыр өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн калктарынын 2%ын түзгөн байлар дүйнөдөгү жалпы байлыктын жарымынан ашыгын ээлешет. Дүйнөдөгү эң бай делген үч адамдын байлыгы кедей делген 50гө жакын өлкөнүн жылдык бюджеттеринен көп. Ошол эле учурда БУУнун маалыматтарына ылайык, жер жүзүнүн калкынын теңинен көбү күнүнө 2 еврого жетпеген каражат менен жашашат.
Жылына жүз миллиондогон адамдар ачкалыктан, дагы бир нече жүз миллиондору дары-дармектердин жетишпегендигинен өлүүдө. Андай мамлекеттерге АКШ баштаган бир катар өнүккөн өлкөлөр демократияны киргизебиз деп, аларды бирин-экинчисине кайраштырып, кагылыштырып, согуштуруп, дагы кыргындарга учуратышууда. Ошондуктан социологдордун акыркы убактардагы изилдөөлөрүндө адамдын эркиндигине, жашоого, иштөөгө, эс
алууга, ден соолугун чыңдоого байланышкан маселелер биринчи орунга чыгууда.
- Бирок, ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына расмий бийликтегилер көңүл бурушабы?
- Алдыңкы өлкөлөрдө бул илим абдан өнүккөн. Илимпоздордун өздөрүнүн демилгелери, мамлекеттик органдардын буйрутмалары боюнча көп багыттар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Алар ачык түрдө да, жабык түрдө да болуп, жыйынтыктары саясый, социалдык жана экономикалык программаларды, долбоорлорду иштеп чыкканга пайдаланылат. Бразилия, Аргентина, Филиппин, Индия, Сингапур, Украина сыяктуу жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөрдө да бул иш жакшы жолго коюлган.
- Сиз эртеден бери социологиянын чет өлкөлөрдөгү абалы, мааниси жөнүндө айттыңыз. Ал эми бизде бул илим кандай абалда?
- Көрүлгөн аракеттерге жараша республикабызда социологияны өнүктүрүү боюнча жакшы жылыштарга жетиштик. Мурунку мезгилдерде республикабызда бирин-экин гана социологдор болсо, азыр бул илим боюнча кадрлардын өзүнчө жаңы муундарын тарбиялап даярдадык. Мындан он беш жыл мурда БГУда социология боюнча адистерди даярдоого алгач киришсек, азыр окумуштуу кадрлардын катарлары көбөйдү. Азыр Бишкектеги төрт ЖОЖдо социолог адистер даярдалууда. Дипломдуу социологдордун арасында бир да жумушсуз жүргөнү жок. Бишкектин өзүндө эле социологиялык бир нече топтор бар. Бирок, тилекке каршы, алардын көпчүлүгү өзүбүздүн өлкөбүздүн түйүндүү маселелерин изилдегендин ордуна,айлыктарына кызыгышып, эл аралык уюмдарда, фондуларда иштешип, ошолордун тапшырмаларын аткарып жүрүшөт.
Алардын көпчүлүгү чет элдиктердин социологиялык, маркетингдик, аларга кошо конфиденциалдуу буйрутмаларын да аткарышууда. Буйрутмалардын айрымдары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген учурлар да болууда. Аны тийиштүү кызматтагылар билип эле турушат, бирок, тилекке каршы, алар да бекер акчага алданышып, байкамаксан, билмексен болуп кою-шууда. Натыйжада мамлекеттин ичиндеги жашыруун дей турган маалыматтарды да фондулар, эл аралык уюмдар аркылуу чет элдиктерге өзүбүз жыйнап берүүдөбүз.
Мамлекет тарабынан социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына, кадрларды даярдоону жакшыртууга жетиштүү көңүл бурулуп жатат деп айтууга эртелик кылат. Бир мисал. Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы болгон Ж.Баласагын атындагы КУУда социология кафедрасы болсо, аны кандидаттык да даражасы жок археолог жетектейт. Ушундан эле КУУнун жетекчилиги социологияга кандай маани берише тургандыгы көрүнүп турбайбы. Айта кетчү жагдай, дегеле социалдык, гуманитардык илимдер республикада өтө төмөн түшүп кетти. Канчалык начарлаган сайын "реформа" деген өтө модага айланууда.
Республикабызда социология боюнча кандидаттык диссертацияларды жактай турган илимий кеңеш бар, бирок жогорку аттестациялык комиссия ар кандай шылтоолор менен докторлук диссертацияларды коргоо боюнча илимий кеңеш түзгөнгө уруксат бербей келүүдө. Социологияны ЖОЖдордо предмет катарында окутуунун абалы да учурдун талабына жооп бербейт. Медицина, Айыл чарбасы академияларында, техникалык ЖОЖдордо бул предмет таптакыр окутулбайт. Жаш адисте өзү жашаган коом жөнүндө объективдүү түшүнүктү камсыз кылуу үчүн социология бардык ЖОЖдордо окутулуусу, сапаты
тийиштүү деңгээлде жолго коюлуусу керек.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Эс алуу парктары таза болсо...
Бишкек шаарындагы калктын көпчүлүгү эртең менен же түштөн кийин Эркиндик, Жаш Гвардия, Дуб сейил бактарында эс алышат. Көпчүлүк ардагер-карыялар тели-теңтуштары, мурунку-кийинки бирге иштешкендер сагынычын, эңсөө-кусасын таркатуу үчүн маал-маалы менен чогулушуп, пикир алышышат. Баарлашып олтурушуп, кумардан канышат.
Бир күнү беш-алты ардагерлер Жаш Гвардия сейил багында сүйлөшүп олтурсак, аппак халат, чуст допусун кийишкен өзбек туугандар салам айтып, келип калышты. Амандаштык, тааныштык, сураштык. Алардын тыңыраак сүйлөгөн Икрамжан деген аксакалы сөз учугун улады. - Биз Анжиян шаарынан келген меймандарбыз, бир карындаштарыбыз тойго чакырды эле, ошого келгенбиз. Ушул
сейил бакта бир тамаша кылып, дем алалы деп келдик, бурадарлар. Шаарыңар бизге жакты, бак-дарак кеңири экен. Баары көлөкө көчөлөрдө, тротуарларда. Биздин Анжиян шаарыбызда дагы сейил бактар, эс алуу жайларыбыз бар, бирок силердикиндей кенен, чоң эмес. Амалекин, силердин сейил бакка караганда тазараак, бактардын түбүндө жылжып аккан суулар бар, гүлдөр дайым өсүп турат, саарлап машина менен суу чачылып, түштө, кечиндеси кайталанат. Эс алуу сейил багы жакшы болсо рахаттанып чыгасыз, - деп күлүп сүйлөп, анан эле капа болбогула, мына азыр биз сааркы саат 7.30-8.00дөрдө чыгып отурабыз, сейил бактын ичи шыпырылбаптыр, аракет кылган адамдарыңар жок, биз Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин сейил бакта жөө бастык. Кайсы жерине барба, иттерин жетелеген адамдар. Көпчүлүгү орус улутундагылар, кыргыздар дагы бар. Баш-аягы болуп отуздай иттер. Күнүнө үч маал чыгат экен. Эң жаманы ошол жерге ичкен-жегенин чыгарышат. Бак ичиндеги жаш чөптөр тебеленип, такыр дагы болуптур. Ойлогулачы, кайда тазалык, иттер булгап жатпайбы? Андан оорулар пайда болбойбу? Таза кармаш керек бурадарлар, силер чоңдоруңарга биздин атыбыздын айтып койгула" - деди.
Ал жерде отурган бишкектик жана эки жактан келип сүйлөшүп олтургандарыбыздан уялгандан өлбөгөн эле төрт шыйрагыбыз калды. Айла канча, жоотмокчу болуп анча-мынча жооп айттык. Кыскасы, Икрамжандын сөзүнөн башыбызды жерге салып, араң эле олтурдук.
Кайырлашып алар жөнөп кетишти. Анан башыбызды араң көтөрүп, алардын айтканын эп көрдүк. Бул сөздү басма сөз аркылуу Бишкек шаарынын мэрине, шаардагы төрт райондун акимдерине жеткирүүнү олтурган ардагерлер мага тапшырышты.
Бишкек шаарынын мэри Н.Түлеев тазалыкты келээри менен колго алды. Жолдо орнотулган соода-сатык күркөлөрүн атайын жайга котортту. Шаарда семичке чагууга тыюу салган чечимин чыгарды. Анжияндыктардын ит жөнүндөгү сын айткандары туура. Шаарда ит баккандар сейил бактарга алып чыкпасын, себеби булгашат. Шаардын мэри Н.Түлеев ушул жөнүндө да бир чечим чыгарат деген ойдобуз.
Расулберди МАМЕТОВ,
журналист, ардагер,
Бишкек шаары













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan