Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Пакистандык кыргыздардын түпкү мекенине кусалыгы

Пакистандык кыргыз, фотосүрөтчү КАРИМЖАН:
"Таятам Жаныбек казы "Өзгөндүн суусуна бетимди чайкап анан өлсөм арманым жок эле"? -
деп жүрүп дүйнөдөн өтүп кетиптир"
(Башталышы гезиттин №73 санында)
- Кыргызстандын радиосун угасыздарбы?
- Угабыз, бирок айрым сөздөрүн жакшы түшүнбөй калабыз. Биз кыргызча адабий тилди үйрөнүшүбүз керек экен. Китептериңерди, гезитиңерди окуй албайбыз. Биз араб тамгасында окуйбуз, жазабыз.
- Кытайдагы кыргыздар менен байланышыңар барбы?
- Кытайдын Улуу Чат деген жеринде 200дөн ашык урук-туугандарыбыз бар. Алар менен көрүшүп турабыз.
- "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Заид деген иниңиз Кыргызстанга биротоло көчүп келүү жөнүндө ою бар экендигин айтты. Сизде мындай максат барбы?
- Менде да ошондой максат бар. Ата-бабалардын жерине келүү парыз. Кудай буюрса аны аткарабыз. Менин 9-класста окуган кичүү балам бар. Биринчи ошону алып келип, Кыргызстанда калтырсам, ал чоң окуу жайларынын бирин бүтсө деймин.
- Кытайлык кыргыздардан Кыргызстанда окуп жүргөндөрү көп. А силердин балдарданчы?
- Биздин балдар бул жакка окуганы келише элек.
- Балдарыңыздар чоң окуулар үчүн кай жактарга барышат?
- Исламабадга, Карачиге, Лахорго барып окушат.
- Ал шаарларда туруктуу жашагандарыңар барбы?
- Биздин урук-туугандардын 150сү ошол шаарларда жашап, иштешет. Бир тууган агамдын Исламабадда үйү бар, ал ошоерде турат. Түркияда, Германияда, Англияда, Жапонияда жашап, иштеп, окуп жүргөн балдар, кыздарыбыз да бар. Казы атабыздын Адалат деген кызы Түркияга кетип калган. Түркияда жашагандар бир жүздөй, Германиядагылар да ошончого барат. Жапо-ниядагылар 40-45ке жетет. Алар кыргызчаны бизден жакшы билишет.
- Кыргызстандан сиздерге барып жолуккандар болду беле?
- Алмаз (бишкектик кыргыз), Маматшарип ("Азаттык" радиосунун Мюнхендеги бөлүмүнүн мурдагы редактору) барышкан. Бардык урук-туугандар чогулуп, аларды тосуп алганбыз. Маматшарипке ошоерден бир кызыбызды алып бергенбиз.
- Ооганстандагы кыргыздардын абалдары абдан оор. Аларга салыштырганда пакистандык кыргыздардын абалдары кандай?
- Ооганстандык кыргыздар бизден узак. Бир да Оогандык кыргызды көрө элекмин. Көрбөгөн соң бир нерсе деп айталбаймын. Кудайга шүгүр, биз өз турмушубузга ыраазыбыз.
- Саясатка аралашасыздарбы?
- Жок, шайлоолордо жактырган, жардам кылган партиялар үчүн гана добуш беребиз. Бирок, эч кандай партияларга мүчө эмеспиз.
- Жаныбек казы кай жерге көмүлгөн?
- Килгит шаарынан жүз чакырым алыстыкта Имит деген кыштак бар. Сөөгү ошол жерге коюлган.
- Ал өлөөрүндө эмне деген керез калтырган экен?
- Имит деген жер Кыргызстандын чегарасына жакын. Жаныбек казы Пакистанга өткөндө ал жердин бийлигиндегилер "каалаган жериңизди тандап, жашай бериңиз" дегенде ал Имитти тандаган экен. Ал Кыргызстанда орус бийлиги куласа ата мекениме кайрылып барганыма оңой болот деп ошоерге токтогон. Ал дайыма балдарына "заман оңолсо эле Ата Мекениңерге кайтып баргыла. Талаада жүрө бербегиле" деп көп айтчу экен. Өзү "Өзгөндүн суусуна бетимди бир чайкап алып өлсөм арманым жок эле" деп жүрүп өтүп кетиптир.
- Сиздер жашаган айылда электр жарыгы барбы?
- Жарык бар. Бир жагы дүйнөгө белгилүү Кара-Корум жолуна, экинчи жагына Исламабадга кошулган чоң жол бар. Провинциянын өзүнүн телерадио берүүлөрү да бар. Биздин жер салкын. Сиздер жайында Ысык-Көлгө эки-үч күнгө барсаңыздар, бизге жайында Пакистандын ысык жеринде жашагандар эки-үч айга эс алганы келишет.
- Канча убакыттан бери Кыргызстандасыздар?
- Биз Кыргызстанга Кытайдан машина менен келдик. Ошко келээрибиз менен бир айга кичине автобус жалдап алганбыз. Кыргызстанды ошол автобус менен кыдырып жүрөбүз. Адегенде Сулайман тоого сыйындык, Өзгөнгө барып үч-төрт күн турдук, анан Ош, Жалал-Абаддын тарыхый, кооз жерлерин кыдырып чыгып, Бишкекке келдик, Ысык-Көлгө бардык. Жолугушууларга да катышып жатабыз.
- Кыргызстан сиздерге кандай таасир калтырды?
- Алла-Таала Кыргызстандан сулуулугун аябаган экен. Мындай жайлар дүйнөнүн башка жерлеринде жок. Кыргызстан туризмдин өлкөсү экен.
- Көп эле сүрөт тарткандырсыз?
- Мен тарткан сүрөттөрдү экиге бөлүш керек. Биринчиси, урук-туугандарды тарткан сүрөттөрүм. Мен урук-туугандарымды көргөнү келгендиктен, аларды көп тарттым. Экинчиси, Кыргызстандын кооз жайларынан тарткан сүрөттөрүм да көп. Бардыгы 2,5 миңден ашат.
- Аларды эмне кыласыз?
- Кыргызстандан тартып алган сүрөттөрүмдүн көргөзмөсүн уюштурсам деймин. Кудай буйруса аны жакында аткарамын. Сиздердин Туризм агенттигинин жетекчиси менен жолугуштук. Ал киши бизге көп жардам кылды. Кыргызстандан кимге жолукпайлы, алардын баары өз жардамдарын көрсөтүштү. Биз алардын баарына ыраазыбыз.
- Кайсыл уруудан болосуңар?
- Чоң атамдын уруусу басыз. Кудайга шүгүр, Өзгөндөгү урук-туугандарыбыздын саны 500дөн ашык экен.
- Жаныбек казы жөнүндө китеп чыгарганы жатыпсыздар деп уктук эле, аны ким даярдап жатат?
- Казы атабыздын Кыргызстандагы өмүр жолу боюнча китепти жазуучу Төлөгөн Касымбек жазууда. Биз ал кишиге жолуктук. Атабыздын Пакистанда баштан өткөргөндөрү боюнча китепти өзүбүз даярдайбыз.
- Сиздердин бардыгыңыздар беш убак намаз окуйсуздарбы?
- Бардыгыбыз беш убак намаз окуйбуз. Балдарыбыз мектептен келгенден кийин дайыма куран окушат, жатташат.
- Сиздердин араңыздарда арак-шарап ичкендер барбы?
- Арак-шарапка өкмөт тарабынан тыюу салынган. Эгерде, пакистандыктардан бирөө-жарым арак ичип алса, аны доктур текшерет, анан ал "ичкендиги чын" деген документ берсе, он беш күнгө, же үч айга камап салышат. Биздин арабызда арак-шарап ичмек түгүл тамеки чеккендер да жок. Андай адамдар ата-бабаларыбызда да болбогон экен. Ичкендерди, чеккендерди жакшы көрбөйбүз.
- Ал эми башка өлкөлөрдөн баргандарчы?
- Аларга өкмөт "бул чет элдик" деген кагаз берет. Тийиштүү жайларга барып, аны көрсөтүп арак-шарап ичсе боло берет. Тартипти бузбаса болду.
- Чоң атаңыз жаңы барганда абдан кыйналса керек. Чоочун жер, бөтөн эл дегендей... Алар жөнүндө эмнени билесиз?
- Казы атабыз (Жаныбек казы - П.Д.) адегенде Алайга качып, ал жерден Кытайга барып, ал жерден кармала турган болгондо Пакистанга оогон. Казы атабыз менен кошо Кытайга качкандардын арасында Кыргызстанга кайрылып келишкендери да болушкан, бирок алардын көпчүлүгү камалып, айдалып кетишкен. Чоң атабыз Пакистанга барган менен бала-чакасы бул жакта калып, аларды аябай сагынган. Аларды бирден, экиден качырып алып отуруп, он жылда араң чогулткан. Орус бийлигиндегилер "балдары үчүн баары бир келет" дешип, балдарын катуу көзөмөлдөшкөн. Бирок, алар туугандардын жардамы менен алгач Кытайга качышып, ал жерден Пакистанга өтүп, казы атабызга кошулушкан.
- Эми мындан ары Кыргызстан менен байланышыңыздар кандай болот?
- Кудай буйруса мындан ары Кыргызстанга келип турабыз. Мен Кыргызстандын жери мынчалык кооз деп ойлогон эмес элем. Балдарыбызды бул жакка окуганга жиберебиз. Окууларын бүткөндөн кийин Кыргызстанда биротоло калып калышса, андан беш бетер сүйүнөбүз. Бардыгы Алланын ыктыярында. Жаныбек атабыз Пакистанга сонуркап барган эмес. Ал баскынчыларга каршы күрөшүп, аргасы түгөнгөндө качып кеткен. Ал бул жерде калганда атып салышмак, же абакта чиритишмек. Жанын аман сактап калган экен Пакистандагы урпактары үч жүзгө жетип, мына бир тобубуз сиздер менен жолугушканы келип олтурабыз. Бул үчүн Аллага миң мертебе шүгүр.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan