Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Улуттук деп айтсаң "Улутчул"
деп түшүнгөндөрдүн азабы өттү

"Мени Исхак Раззаков сактап калган"
(Башталышы гезиттин №73 санында)
Алгачкы жолу улутчул деп айыпталышым.
- Агай жанатан бери жалаң сиз таасирленген аалымдар, устаттарыңыз тууралуу кызыктуу кеп салып бердиңиз. Эми өзүңүздүн башыңыздан өткөргөн, ошол кезде опурталдуу, азыр сыймыктануучу окуяларга келбейлиби. Сизди деле Исхак Раззаков аман алып калган деген маалыматтарды угабыз, ошол чынбы?
- Анын да чындыгы бар. Мен да өз башымдан өткөн бир окуяны чарпып айтып кетейин. Кийинки жылы, тагыраак айтканда, 1953-жылы май айында ошол эле академиянын залында Бүткүл союздук илимий конференция болуп өттү. Ал "Улуттук көтөрүлүштөрдүн мүнөзү жөнүндө" деп аталды. Буга дагы Москвадан 5 - 6 профессор келди, мен экөөнү эле айтып өтөйүн: бири - А.В.Пясковский, экинчиси - Институттун директору И. Сидоров. Буларга да ошол жактан көрсөтмө берилиптир "көтөрүлүштөрдүн баарын феодалдык-монархиялык, орустарга каршы, элге каршы" деп далилдөө жөнүндө. Ошондо 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөш боюнча А. Г. Зима, Анжиян көтөрүлүшү боюнча А. Х. Хасанов, 1873-1876-жылдардагы Кокон көтөрүлүшү боюнча мен докладчы болуп
дайындалдым. Ал кезде мен кандидаттык диссертациямды жазып бүтүп, жактоого берген учурум эле, ошол көтөрүлүштүн нукура элдик экендигине көзүм жетип калган болчу. Анан ошол оюмдан танбайын деп, тигилер "феодально-монархический, антинародный" деп айткандарына карабастан, тарыхый фактыларга сүйөнүп туруп, "бул көтөрүлүш элдик болгон, 3 жылга чейин созулган, ага нечен миңдеген адамдар катышкан, катын-бала, кемпир-чал дебей, башма-баш бүтүн хандыктагы эл, анын ичинде өзбек, тажиктер да катышкан. Ал негизинен падышалык басып алуу саясатына каршы болгон. Колунда эч куралы жок нечен миңдеген (кээ бир учурда 200 000 ден ашып кеткен) көтөрүлүшчүлөрдү кырганына карабастан, эл өзүнүн эркиндиги үчүн салгылашкан" деп айтып чыктым. Мына ошондо мен үчүн эң коркунучтуу учур болду. Жаш кезиңде курч болот экенсиң, тартынбайт экенсиң, эки жагыңды алактап көп карабайт экенсиң, оюңдагыны шар айтат экенсиң. Жанагинтип айткандан кийин эле Пясковскийге катуу тийди окшойт, тыянак сөз берилгенде эле ал: "Бул жаш тарыхчы Үсөнбаев улутчулдук тарапта туруп, орустарга каршы багытталган көтөрүлүштү элдик деп айтты. Мунун өзү улутчулдукка алып келет", - деп айтты. Ал убакта жашырбай эле айтайын, мына бул КГБнын күнү тууп турган кез болчу. Керек болсо, БКнын катчысын да айдап кетчү. Ошол кезде Т. Байжиев, З. Бектенов, Т. Саманчиндер өз ойлорун тың айтып, баш көтөргөндөн улам камакта жатышкан.
Мени Исхак Раззаков аман алып калган
А. Пясковскийдин сөзүнөн кийин эле жаш болсом да "эми мени да алып кетип камакка салмай болду" деп түшүнүп калдым. Май айында көйнөкчөн бардым эле, "эч болбосо жылуу кийим алып алайын деп, үйгө барып, үйдөгүлөр менен коштошуп келейин" деп арман кылып отурсам эле (алып кетерин мойнума алдым, арга жок болчу), кудай жалгап, менин бактыма Исхак Раззаков мен тараптык болуп калса болобу… Айтмакчы, ал киши академиянын жылдык, партиялык жыйналышына ар дайым катышып, ар бир сүйлөгөн кишинин сөзүнө көңүл буруп, керек болсо жазып алып, ошерден эле реплика түрүндө жооп берип, жандуу пикир алышып турчу эле. Мында да ошо адатындай, сүйлөгөндөрдү байкап, баарын тасмалап, талдап турган экен. Анан ал киши сүйлөгөндө жылаңач төөнү бучкакка чапкандай шар сүйлөөр эле, чечен, терең, жугумдуу, үнү да ушундай уккулуктуу болчу. Так-так чакылдата сүйлөчү. Анан айтып келип, тиги профессор менен макул болбоду, бирок тиякта токтом токулуп улуттук көтөрүлүштөрдүн баарын күнөөлөп жаткан мезгил эле. Дагы түшүнүктүү болуш үчүн кыстара кетейин: ошол 1951-жылдын аягында анда "Большевик" журналы делчү, кийин "Коммунист" журналы, ошого Багировдун (Азербайжан ССРинин КП БКнын биринчи катчысы) "Реакционная сущность движение горцов под руководством Шамиля" деген макаласы чыккан. Шамилдин көтөрүлүшү 33 жылга созулган, бүтүн Кавказдагы элдер катышкан. Эми ошол көтөрүлүштү да, Кенесарынын көтөрүлүшүн да, Кокон көтөрүлүшүн да, Анжиян көтөрүлүшүн да, ал эле эмес, 1916-жылкы көтөрүлүштү да реакциячыл, феодалдык, орустарга каршы деп отурса… Ал кезде "Большевик" журналына чыккан макала КПСС БКнын токтому катары кабыл алынчу. Бардык жерде жетекчиликке алынчу. Ага бирөө каршы чыгууга акысы жок болчу, каршы чыкса, оңчу эмес. Мына ошондой катаал учурда Исхак Раззакович ошого карабастан айтып келип, бир жеринде мындай деди: "Мына жаш тарыхчы К. Үсөнбаев чыгып сүйлөдү, мунун сөзү байкасаңар чылк эле факты менен ширелген экен, жаш экен ошол фактылардан чыгып кете алган жок, ошого негизденип, өзүнүн ой-пикирин айтты. "Элдик көтөрүлүш" деп койду, албетте, жаш деген жаш, балким, бул жаңылып жаткандыр. Эми ошентип чын оюн айтканы үчүн муну жазалап, коркутуп, улутчул десек, бул ага жасалган партиялык талап эмес, партиянын жолу башкачараак болот. Ал жаштарды ооз ачканда эле жыга чабуу эмес, ката кеткенде ошону оңдоого мүмкүнчүлүк берүү. Мындай оор күнөөнү буга такпай эле коелук, мунун фактысы аябай көп экен. Биз да ошол фактыларды текшерип карап көрөлүк, окумуштуулар силер да карап көргүлө, архивден, көбүн Москвадан алган экен, оригиналын карап текшерип көргүлө", - деп жанымды аман алып калган. Ошондо "уф-ф" деп жаным ордуна келип, кудай буюрса, менин да көрөөр күнүм бар экен, ушул илимди андан ары да улантууга мүмкүнчүлүгүм бар экен деген элем. Жонуман ылдый чылпылдап тер кетип, ошондо жашоо эмне экенин жон теримен сездим.
К. Үсөнбаевдин 1916-жылдагы Улуттук-боштондук күрөштү тандап алышы
- Сиз көп эле тарыхый окуяларды изилдөөгө алып, ал тууралуу коомчулуктун көңүлүн бурдурган эмгектериңизди жарыяладыңыз. Ошондой болсо да сизди кыргыз эли, коңшу республикалардын окумуштуулары 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштү изилдөөгө алган белгилүү окумуштуу катары жакшы билишет, урматташат. Окумуштуу мыкты иштеш үчүн ал жүрөгүнө жакын тема тандап алуусу ийгиликтин башаты болсо керек. Ушул теманы кандайча тандап алдыңыз?
- Менин башымдан көп эле кызыктуу окуялар өттү. Анын баарын эми айтып отуруу кыйыныраак. Мен анча-мынчасын гана айтып отурам. Сенин сурооңо жооп берээрдин алдында мен дагы бир маселеге токтолуп кетким келет. Илим деген илим, ошол илимге чын дилинен берилген кишилер көп болду. Ошолордун негизинде айтаарым, кийинки убакта "тоталитардык доор" деп эле мына бул совет доорундагыларды жокко чыгаруу, жектөө адаты пайда болду. Бул өтө аша чапкандык. Байкасаңыздар, ушу аша чапкандыгыбыз таалайыбызды кесип жүрөт. Бир убакта, мисалы, Россияга кошулууну каратып алуу деп, согушка чейин "завоевание" деп келдик. Мына ошол боюнча А. Хасанов, Житовдор илим жакташты, А. Г. Зима да ошол темада иштеди. Баары эле "завоевание" деп иштешти, анан туруп эле "добровольное вхождение" деп кеттик. Мына ушундай ала качмайлар бар. Ошол биздин илимге абдан зыян келтирди.
Менин өзүмдүн илимде болгон жолум, жана сөзүмдүн башында айтып кеттим, та-таал болду. Мисалы алсак, менин докторлук диссертациямдын темасы "Октябрь революциясынын Кыргызстанда жеңиши" деп берилген эле. Бул тема өз убагында абдан актуалдуу болчу. Өкмөт менен партия колдочу, аны жазуу да оңой эле. Мисалы, ошол эле темада Өзбекстанда Житов жактады, бизде С. Илясов жактады. Казахстанда, башка республикаларда жакташты. Алар чыйыр салып койгондон кийин, негизги материалды жыйнап эле ошол схема боюнча жазып коюу жеңил эле болоор эле. Мен ошону жазайын деп эле ойлодум, бирок эмнегедир ошол теманы изилдеп келатып, ушул 1916-жылдагы эл оозунда "Үркүн" деп аталган көтөрүлүшкө көзүм түшүп калды. Анткени ал көтөрүлүштү Октябрь революциясынын өбөлгөсү - алгачкы кадамдары катары баалачубуз. Мен архивде көп отурган кишимин, карасам 1916-жыл боюнча материалдар дегеле көп экен. Мына ошолорду пайдаланып эле жазса, бир жактуу болуп, 16-жылдын мааниси чечилбей, маңызы толук ачылбай, болгонун болгондой бере албай кала турганбыз. Аны жазыш үчүн ошо көтөрүлүшкө катышкан элдердин эскерүүсүн, алардын айткандарын мончоктой тизип, архивдик документтерге салыштырып карамайын 1916-жылдын маңызын чечип берүүгө мүмкүн эмес экендигине көзүм жетти да, ошол 16-жылды тема кылып иштеп жаткан А. Г. Зима деген окумуштуу бар эле (ага чейин ушул кыргыз элинин тарыхындагы эң көрүнүктүү окуя, ар бир үй-бүлөгө из калтырып, ар биринин жүрөгүнө жара салган окуя болсо, келечекте ошону толук чындык менен бербесек кыйыныраак болооруна көзүм жетип), ага барып айттым: "Анна Гавриловна, Сиз мени туура түшүнүңүз, менин темам "Октябрь Революциясынын Кыргызстанда жеңиши", Сиз окумуштуулар кеңешинде мени колдоп бекиттиңиз, менин оюма бир нерсе келип жатат, ошол көтөрүлүштү бериш үчүн ага катышкан элдердин эстелигин (эскермелерин) бермейин чече албай турганбыз. Кандай дейсиз, мен сизге же жардам берейин, же ушул теманы айырбаштап, сиз менин темамды, ал эми мен 1916-жылды алайын", десем, ал да шар сүйлөгөн адам эле, дароо: "Менин да жүрөгүмдү өйүп жүргөн, ушул теманын материалдарынын көпчүлүгү кыргыз тилинде экен, пайдалана албай койдум. Элди кыдырып жаза да албай койдум. Мен иштегенде чийки болуп кала турган, абдан жакшы болот", - деди. Ошентип экөөбүз айырбаштап алдык да мен ошол теманын үстүндө иштей баштадым. Андан мурда "Кыргызстандын Кокон көтөрүлүшүнө катышышы" деген темада диссертация жактамак элем, анда жанагы Багировдун макаласы чыгып калып, тоскоолдук кылып, ал темам да өзгөрүп, "Түштүк Кыргызстандын Россияга кошулушу" деп кичине өзгөртүп алып, аны жактаганмын. Анан кийин 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштү тема кылып алып, аны докторлук диссертацияга иштеп чыктым.
- Ошентип сиздин карьераңызга даңгыр жол ача турган темадан баш тартып татаал теманы алып изилдөөнү баштадыңыз, анын кыйынчылыгы сиз ойлогондон да оор болсо керек. Өкүнгөн учурларыңыз да көп болсо керек.
- Кыргыз элинин эркиндик үчүн күрөштөрүн изилдөөдөгү негизги кыйынчылык - көтөрүлүштөрдү "улуттук" деп айтканда эле "улутчул" деп түшүнгөндөр болду. Ушул жагынан мен көп кодулоого туш келдим. Ал эмес, кызмат, илимий изилдөө, жалпы эле өзүңдүн карьераңа керектүү нерселерди алуу жагынан да бир топ чектелмек түгүл, куугунтукка алынып, пленумда да айтылдым. Мен мунун баарын айтып отурсам арыздангансып калам, бирок ошондо дагы илим деген кишини ушунчалык кызыктырат экен, ушул улуттук көтөрүлүштөрдөн Кыргызстандын Россияга кошулушунан баш тартканым жок. Анткени материалдар абдан көп чогулуп калган. Мен архивде иштегенде күндөп эмес, айлап, жылдап, үйлөнбөй бойдок жүрүп, абдан көп материал жыйнап алдым эле, ошонун пайдасын көрдүм. Ал эми азыр архивде иштөө, баруу татаал болуп калды. Мурда жыйнаган материалдар таңгак-таңгак болуп жатат. Ошолорду чекесинен алып иштеп жатам. Экинчи кыйынчылык - Кыргызстандын тарыхый инсандары жөнүндө да бир топ запкы жеп калдым. Биздин тарыхта сиздер оку-
саңыздар мурун жазып келдик, кыргыз элинин арасынан мындай көрүнүктүү инсандар болгон эмес деп, эгер болгонун айтайын десең эле, мисалы, алардын көбү манап болгон, датка болгон, анан улутчул деп эле жанагы жарлыгын жармаштыра салчу. Ошону менен, аны жазмак тургай, өзүңдүн айлаңды таппай тыбырап жатып калчусуң. Ошол учурда да архивдеги материалды толук ала албай калганыма өкүнөм. Келгенде "спецчасть" деген бар болчу, ошол текшерип, эгер көрүп калса, чатак кылчу. Ошондо мен жарытылуу ала албадым, мына азыр болсо мүмкүнчүлүгүм жок, бара албай калдым. Ушуга абдан өкүнөм, бирок колумдагы бар материалдарды жыйынтыктап берүүгө аракеттенүүдөмүн.
Инсандардын тарых-таржымалдары мени өзүнө азгырып алды
- Кушбек агай, сиз жогоруда айтып өткөндөй инсандар тууралуу да көп жаздыңыз, изилдеп келе жатасыз. Дегеле кыргыздарда жалпы эл сыймыктана турган инсандар болгонбу? Азыр (маек 1998-жылдын күзүндө алынган- К. М.) кайсыл теманын үстүндө иштеп жатасыз?
- Учурда Ормон хан жөнүндө китеп жазууга аракеттенип жатам, макалаларым чыкты. Курманжан датка, Шабдан, Байтик, Балбай жөнүндө иштедим. Инсандар жөнүндө айтмакчы, элди башкарган киши болбосо, ал эл эркиндигине да жете албайт, өзүн да сактап кала албайт. Ар бир элдин башына кыйынчылык түшкөндө, тайгак жол, татаал ашууга туш келгенде баш-көз болуп, аман-эсен алып кетүүчү инсандар болот.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan