Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№74, 03.10.08-ж.





  Биздин ата-бабалардын Теңир Тоону ыйык тутуп "Теңирим кудай" деп сыйынып келгени чындыкка жакындайт

Чындыкты Чыңгыз менен Иса пайгамбардан издеген Жаныбек Рай
(Башталышы гезиттин №73 санында)
Революция чыгар- мачыл адамды төбөсүнө көтөрүп көкөлөткөн, репрессия жана согуштан кийин аларды идеялык көз карашы үчүн сүргүнгө айдаган. Солженицын бул мезгилдерде чыгармачыл адам чыгармасы үчүн түрмөгө олтурса да, анын кайсы бир деңгээлде бактылуу жана гүлдөгөн доору деп баа берип, Иса пайгамбар да Чындыктын курманы болгондугун айтты. Ал эми бүгүнкү мезгилди коркунучтуу деп белгилегени, азыркы адамдын байлыкка гана умтулуп, чыгармачыл адамдардын чыгармасына көңүл бурмак тургай, аны эсепке албаганын жазуучу бүгүнкү учурдун Чындыгы деп белгиледи. Аны угуп олтуруп акыйкатта Чындыктын жолу чаржайыт экендигине айласыз ынанасың. Ал эми сиздин түшүнүгүңүздө Чындык деген эмне?
- Адамга алгач ой пайда болот экен, андан сөз жаралат, ал ишке ашканда гана Чындык болот. Эгерде ушул айтылган үчөөнүн бири кем болсо ал чындыкка жатпайт. Мен кичинекей чагымда атамдан: "Мен кайдан жаралдым?" десем, сени кудай жараткан дечү. А кудайды ким жараткан? - десем, айталбайт. Ушул жөнөкөй суроого эч себеби жок эле кудайдын жаралганын чындык катары кабыл алсак, анда жаратылыштын өзүнө кудайдан кем эмес ишенсе болчудай. Биздин ата-бабалар христиан, ислам динине чейин эле, көк тиреген Теңир Тоого адам баласы эмес, куш учуп жетпесине көзү жеткенден соң гана, анын улуулугуна "Теңирим кудай" деп ынанып, ыйык тутуп, сыйынып келгени чындыкка жакындайт. Индустун ишениминде дүйнө пилдин үстүндө, ал эми пил ташбакада дейт. А, ташбака эмнеде? десең, - Кел, башкале темага өтөлүчү деп, жаа бою качат. Эми, динчил менен индустун себепсиз, негизи жок ишенимин кантип чындык деп, айтасың.
Иса пайгамбар: "Оң жаагыңа чапса, сол жаагыңды тос" дептир. Көрсө аны Исадан 500-600 жыл мурда эле Лао-Цзы, Будда айтып кетиптир. Бул каймана мааниде айтылса керек. Совет өкмөтү Солженицынды жалган жаздың деп кубалашса, Батышта ошол эле чыгармага чындыкты жазды дешип Нобель сыйлыгын ыйгарышты. Балким Солженицындын "түрмөгө отурса да бактылуу учуру" деп, ушул себептерге байланыштырганы болсо керек. Деги Чындык менен Жалгандын формуласын табыш кыйын го. Аны өзүң туюп билбесең, айта берсе сөз бүтпөйт.
- "Вечерний Бишкек" гезитине берген интервьюңузда "Чындык деген эмне?" деген чыгармаңыздын жаралышы жөнүндө учкай айтып өтүптүрсүз? Эсимде, биз бала чакта жаңы тартылган кыргыз кинолору көрсөтүлөөрдө режиссер, актер, актрисалар тасманын кантип тартылган тарыхын баяндап бүтүшчү эмес. Ошол тасма ошонусу менен ого бетер кызык сезилчү. Бул полотнонун тарых таржымалы да кыйланы кызыктыраары шексиз. Андыктан сүрөттүн жаралышы жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
- 2003-жылдары Стамбулда жашап жүргөн кезимде, уйкум качып, түнкү саат 4төрдө, өзүмдү алаксытайын деп телевизор койдум. Кабарлардан Айтматовдун келгенин көрсөтүп жатыптыр. Кубанганымды айтпа, Чыкем жанымда тургандай сезилди. Эртеси биздин элчиликтен Айтматовдун Босфор жээгиндеги беш жылдыздуу "Дедеман" отелине жайгашканын билдим. Ошол замат телефон чалып, эртеси жолугуша турган болдук.

Таң атпай туруп балконго чыксам, кышкы Стамбулдун деңизден келген нымдуу абасы көңүлүмдү сергитти. Босфорду жээктеп отелге жакындаганымда сыдырым жел коштоп, себелеген жумшак жамгыр башталды. Алыстан менден мурда эле отелдин алдына чыгып күтүп турган Айтматов аганын калдайган караанын көрдүм. Кадамымды ылдамдатып, бир аттап жетким келди. Кыраакы Чыкем агылган түрктүн арасынан мени алыстан тааныдыбы, өзү да мени көздөй арыш таштады. Төрт беш кадам калганда "Ээ Жаныбек кайдан биякта?!" деп кучагын жайды. Экөөбүз кызуу көрүшүп, аркы беркини кобурашып туруп калдык. Аңгыча майдалап себелеген жамгыр күчөй баштап, Чыкем тынчсыздана; "Жаныбек биерде көпкө туралбайбыз го, ичине кирели" деди.
Андан соң маегибиз конференция, жолугушуулар, императордун сарайындагы кечки тамактарга кошулуп, үч күнгө созулду. Ал мени каерде болсо да, жанынан бир карыш жылдырбай алып жүрдү. Бош убактыбыз боло калса эле менден; азыркы Леонардо да Винчинин чыгаар чыкпасы, классиканын бар болуп жок болушу, дегеле авангарддык искусствонун келечеги ж.б.у.с. бүгүнкү акшыңдаган агымдарга байланышкан толгон токой суроолоруна жооп издеп, түрктөрдүн салттык суроолорунан да биздин маегибизге маани берип жаткандай болду.
Биринчи күнкү жолугушуудан кийин, менин оюма бир нерсе кылт эте түшүп: "Эмнеле Айтматов жазса эле ийгилик болуп, дүңгүрөп кетет? Деги анын генийин колдогон касиети, сыры эмнеде? деген суроолор башымды катырды. - Мына азыр сенин шансың, дагы үч күн убакытың бар" деп, өзүмө өзүм тапшырма да бере салдым. Үч күндөн соң, мен ал өзүмө койгон максатыма жеткендей болдум, бирок аны айтпай эле коёюн, ал менин купуя сырым боюнча калсын, ал өзүнчө сөз.




  Осмонкул Бөлөбалаевдин 120 жылдыгына карата

Алкудай аттуу Орозбек Осмонкулга кантип шакирт болгон?
(Башталышы гезиттин
№73 санында)
Ошентип Орусбек Орусбек
деп жүрүп, кийин Орозбеков чоң болгондо бир аз өзгөрүп, Орозбек болуп калыптыр. Сөздүн кыскасы, атам мен эмнени кааласам, ошонун баарын аткарчу эле да! Анан мага домбура, комуз да жасап берген атам болду.
О.ТЕНТИ: - Эми Оке, анын баары жакшы. Эми мына бүгүн сөз кылалы деп жатканыбыз Осмонкул эмеспи. Сөздү эми ошол жакка бурсаңыз?
К.ОРОЗБЕК: - Ал кишини көргөндөн кийин эле мен Осокеме ашык болуп калдым. Ошентип он төрткө чыкканда согуштун күчөп турган кези эле. Атам бөлөк аял алып, бизди таштап кетип калды. Азыр кичи энем бар, үйдө тирүү, атамдан бир кыз төрөп берген. Анан өз энем учук менен ооруп төшөктө жатып калган.
О.ТЕНТИ: - Абышкасы кеткенден кийинби?
К.ОРОЗБЕК: - Ал кете электе эле оорусу башталган, бирок абышкасы кеткенден кийин оорусу дагы күчөй баштаса керек. Күндөрдүн биринде атама: - Мени алып барып Осмонкулга кошчу. Мен ал кишиге шакирт болоюн, - дедим. Анткени, бир күнү Осмонкул түшүмө кирди. Түшүмдө бир дайра агып жатыптыр. Анын жээгинде калың камыш. Мен ошол жээктин экинчи жагына өтө албай туруптурмун. Ошол убакта кайсы бир жактан Осмонкул кашка бээ минип келе жатыптыр. Ал мени көрөр замат эле:
- Атаңдын көрү, сен суудан өтө албай турасыңбы? - деди. Мен ага:
- Ооба, - десем ал мага:
- Сен мынабу кашка бээнин тайын минип алчы, - деди. Карасам анын аркасында ээрчип келе жаткан кашка бээге окшош жээрде тайы бар экен. Аны кармасам былк этпей эле туруп берди. Ага секирип миндим. Алдыда суудан Осмонкул кечип экинчи өйүзгө өттү. Анын аркасынан мен кечтим. Андан кийин эмне болуп, окуя кандай өнүккөнүн билбейм. - Ата, мен түшүмдө Осмонкул менен суу кечтим, болгондо да тайын минип кечтим, - дедим. Атабыз алыс башка жакка деле кеткен эмес. Ошол эле айылыбызда жашап, уста болуп иштечү. Ал үйгө келип конбойт да.
О.ТЕНТИ: - Тиги аялына кетет да!
К.ОРОЗБЕК: - Ооба, ошентип бир араба буудай салып алып Осмонкулдун үйүнө мени алып келди.
О.ТЕНТИ: - Бу Бишкек шаарына алып келди да?
К.ОРОЗБЕК: - Ооба, Бишкекке, бир чоң үйдүн бир башында Калык, экинчи башында Осмонкул турат экен. Анан алып келген буудайыбызды түшүрүп, атам: - Осоке, сизге баламды алып келдим. Сизди ээрчип ырчы болсом деген далалаты бар, - деди. Анда Осокем: - Мейли, андай болсо балаңыз калсын, - деди. Ошентип Осмонкулдун бригадасына он төрт жашымда кошулдум.
О.ТЕНТИ: - Оке, ошентип Осмонкулду эскерип жатабыз. Ал кишинин аткаруусунда кыргыз радиосунда сакталып турган бир топ, бир топ үнү бар экен. Алардын бири "Гүлдөгөн сонун жер тура?" деген жакшына ырын өзүнүн аткаруусунда радиоугуучуларыбызга тартуу этип, сөзүбүздү андан ары уланталы.
Мына ошентип Осмонкулга он төрт жашыңызда кошулупсуз. Бул он төрт жаш канатыңыз серпиле турган, кыялыңыз оргуштап булак сыңар агып турган кез эмеспи. Деги эле ошондо аралашып бир жашап, бир жүргөн кезиңизде Осмонкул акынды, Осмонкул адамды деги эле кандай кабылдадыңыз?
К.ОРОЗБЕК: - Осмонкулду мен олуядай көрчүмүн. Осмонкул мейли отурушта, мейли концертте ырдасын көзүмдүн кирпигин ирмебей тикчийип карап отурчумун. Уйку деген таптакыр жок.
О.ТЕНТИ: - Канча ырдаса ошончо сааткабы?
К.ОРОЗБЕК: - Канча ырдаса ошончо угуп отуруп, ал ырын токтоткондо гана уктачумун. Мени отургучка Адамкалый көтөрүп отургузуп коёт. "Эр Панфилов элге сиңген эмгегиң, эрдик менен эчен жоону жеңгениң. Эбегейсиз талкаладың душманды, эстен кетпейт элге жеңиш бергениң" деген Атайдын ырын ырдачумун. Андан башка Ысмайыл Борончиевдин "Кыргызстан" деген да ырын аткарчумун. Элдер кол чаап шумдук тосуп алса эле, мен укмуштай ырдайт экем деп жүрөм. Көрсө, эл мен кичинекей туруп аткарып жатканыма ыраазы болуп кол чабышчу экен. Ал кезде кандай экенин билбейм, паспорту, справкасы жок эле артисттикке кабыл алышчу. Мен дагы айлыкты, командировкага берилген акчаларды кантип алып жүргөнүмдү билбейм. Иши кылып тамак ичип эл арасында жүргөнүмө эле корстонмун. Осмонкулдун адамдык айрым артыкчылыгын айтайын. Биз Кыргызстандын далай-далай жерлеринде болдук. Күндөрдүн биринде Төкөлдөштөн баштап Ысык-Атага чейин кыдырып кеттик. Ал кезде кадам сайын эле бирден колхоз болчу.
О.ТЕНТИ: - Ал кезде ирдеше элек колхоздор да өтө майда эле да?
К.ОРОЗБЕК: - Алардын баары Осмонкулдун кадыры деп эле ала беришчү. Өз аты ким экенин билбейм, биз менен деректир деген киши жүрчү. Бир күнү Боз-Бармак деген айылга барып калсак, Осокем: - Мен үйгө жеңеңе акча таштабай чыктым эле, мына муну жеңеңе алып барып келчи, - деп жанагы деректирге берди. Көрсө, ал биз менен эмес, жөн эле талаалап жүргөн киши экен. Артисттер барса, той болсо, ошол жердеги үйдүн жумушун кылып жүргөн бир бечара экен. Анда бизден бирөө: - Сиз минтип талаалап жүргөн кишиге да ишенип акча бересизби, - деп калды. Анда Осокем: - Жок, бул киши так, аны-мунусу жок киши, - деди.
О.ТЕНТИ: - Көрсө, Осоке да анын сырын билет экен да.
К.ОРОЗБЕК: - Ошол деректирге акчасын берсе, кечке жакын саат төрт ченде кайра баягы жерге келип калды.

(Уландысы бар)
Тенти ОРОКЧИЕВ,
журналист,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan