email • архив • редакция  


  Сабак алып сак болсок

Тартипсиздик токтотулду
1-октябрь - мусулмандар үчүн өзгөчө ыйык күн болуп саналат. Бирок ушул күнү Ноокат районунда Орозо айттын кадыр баркына доо кетирген өзгөчө окуя болуп өттү.
Жергиликтүү бийлик өкүл-дөрүнүн айтуусуна караганда тыюу салынган "Хизбуть-тахрир" уюмунун мүчөлөрү өздөрүнүн Айт майрамына арналган жыйынын райондун мамлекеттик администрациясынын жанындагы сейил бакта өткөрүү талабын коюшкан. Райондук жетекчилер бул жыйынды сейил бакта эмес, стадионго өткөрүүгө уруксат берген. Бирок алар бул сунушка макул болушпай, көпчүлүгү мектеп жашындагы балдардан турган өспүрүмдөрдүн тобу райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына келип, өздөрүнүн талабын коюп туруп алышкан. Райондун жетекчилери уруксат бербей, укук коргоо органдары аларды тартипке чакырууга аракет кылганда, өспүрүмдөр райондук мамлекеттик администрациянын имаратынын айнектерине жана укук коргоо кызматкерлерине таш ыргыта башташкан. Массалык тартипсиздик күчөп, абал курчуп баратканда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кошумча күчтөр тартылган.
Тартипсиздикти баштаган топтун айрым жетекчилери кармалганда массалык топ кайра мамлекеттик администрациянын имаратына бет алганда укук коргоо күчтөрү тарабынан үнү катуу чыгып, көздөн жаш чыгаруучу гранаталар атылып, анын натыйжасында тартипсиздик токтотулган.
Ошол эле күнү Ош облусунун губернаторунун, анын орун басарларынын, облустук ички иштер башкармалыгынын, казыяттын жетекчилеринин жана Ноокат районунун активинин жана коомчулугунун катышуусунда чукул чакырылган жыйын өткөрүлүп, айт күндөгү өзгөчө окуянын чыгыш себептери талкууланды. Эң өкүнүчтүү жери, массалык тартипсиздикке жалаң өзбек улутундагы адамдар катышкандыктан, райондо жана башка аймактарда "1990-жылдагы окуядай өзбек менен кыргыз-
дардын арасында жаңжал чыгыптыр", - деген ушак-айың тарап, жөн жүргөн элдин арасында дүрбөлөң чыккандыгы болду. Жыйында сүйлөгөндөр "Хизбуть-тахрир" уюмунун мүчөлөрү кийинки жылдарда райондо өз ишин өтө активдештирип жаткандыгын, бул тополоңго алар күн мурунтан
даярдык көргөндүгүн, алардын агрессивдүү маанайдагы аракеттерине жол берген укук коргоо органдарынын чечкинсиздигин, айыл өкмөттөрдүн, коомчулуктун пассивдүүлүгүн белгилешти.
Тиешелүү органдар тарабынан мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген мындай күчтөрдүн мүчөлөрүн каттоого алуу, алардын каржылоочу булактарын изилдөөгө, уюмдун ишмердүүлүгүн талдоого алууга олуттуу маани берүүгө тийиш. Бул окуяны башынан аягына чейин көргөн адамдар ал улуттар аралык жаңжал эместигин, көпчүлүгү өспүрүмдөрдөн турган топту массалык тополоң чыгарууга чейин көкүткөн "Хизбуть-тахрир" уюмунун жетекчилерине мыйзам чегинде катуу чара көрүү сунуштарын айтышты.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Ж.Джакиповдун айтуусунда азыркы учурда кырдаал көзөмөлгө алынып, абал тынч.

Редакциядан: Ноокаттагы бул окуя баарыбызга сабак болууга тийиш. Дагы жакшы, ошол күнү облустук ички иштер башкармалыгынан барган тартип коргоо күчтөрүнүн чечкиндүү аракеттери менен массалык тартипсиздик өз убагында токтотулду. Мындай болбогондо бул тополоң улуттар аралык жаңжалга чейин өөрчүп кетмек. Ошондуктан калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү зарыл. Мыйзам чегинде тыюу салынган мындай диний уюмдун ишинин кулач жайышына жол берген жергиликтүү жетекчилер, алардын ишин көрсө да көрмөксөн болуп өз ишине кайдыгер караган райондун укук коргоо органдары да тиешелүү жазаларын алууга тийиш.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"




Ноокаттагы тополоң кылдат иликтенет
Кечээ КРнын коопсуздук кеңешинин катчысы Ис-маил Исаков 2008-жылдын 1-октябрында Орозо айт күнүндө, Ош облусунун Ноокат районунда болуп өткөн окуя боюнча Өкмөткө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору менен Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармасынын муфтийинин каты-шуусунда кеңешме өткөрдү.
Исмаил Исаков тараптардын пикирин угуп, ал окуянын өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтире тургандыгына тынчсызданганын билдирди, жолугушуунун катышуучуларына кырдаалды жеринде иликтеп чыгууну жана өлкөбүздүн улуттук коопсуздугунун негиздерине зыян келтирген адамдарга укуктук камсыздоонун чегинде тийиштүү чараларды көрүүнү жана дин чөйрөсүн ирээттөөчү улуттук мыйзамдуулуктун талаптарын орундатуунун зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүүнү тапшырды.
Д.ӨМҮРЖАНОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan