, 26.09.08 - 3-бет: №72, 26.09.08-ж.
  Бүйүр кызыткан эки маселе

Жумушсуздук, иштетилбеген жерлердин көйгөйү
Премьер-министр И.Чудиновдун төрагалыгы астында Өкмөттүн жыйынында калкты ишке орноштуруу жана Ош облусунун жергиликтүү мамадминистрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу боюнча уюштуруучулук иштери жөнүндө маселелер каралды.

Ички, тышкы миграция басаңдап, иш издегендер көбөйдү
Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитетинин төрайымы А.Рыскулованын билдирүүсүндө үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна алганда республикабызга 1600 киши келип, 15 миңден ашык адам сыртка кеткен, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 50 пайызга аз. Негизинен эле ички да, тышкы да миграция кыймылынын төмөндөгөнү байкалууда.
Ушул тапта республикада жумушсуздардын жалпы саны 272,2 миң адамды түзөт. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Мамкомитеттин аймактык бөлүмчөлөрүнө иш издеп 88 миңден ашык адам кайрылышкан, бул 2007-жылдын ушул мезгилине алганда 18 пайызга көп. Жумушсуздуктун жалпы деңгээли республика боюнча 11,5 пайызды түзүп, өткөн жылдын деңгээлинде кармалды. Анткен менен Нарын, Баткен, Чүй, Жалал-Абад жана Бишкек шаарында жумушсуздук боюнча кырдаал курч деп айтарлык. Анткени, жалпы жумушсуздуктун деңгээли республикада өйдө.
Өткөн жылга караганда чарба субъекттеринин, чакан ишканалардын саны кыйла өскөнүнүн натыйжасында калктын иш менен камсыз болуусуна кыйла таасир тийгизген. Маселен, жыл башынан бери 17 миңден ашык жаңы ишкана иштей баштаган. Ошондой эле иш менен камсыз болуу негизинен дыйкан жана фермердик чарбалардын өнүгүүсүнөн болууда. Мында иш менен камсыз болгондор 36 пайызды түзөт. Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча алганда өлкөдө 55 миңден ашык жумуш орду түзүлгөн. Кызыгы жумуш орундарынын көбү формалдуу эмес секторго (80%) же "арзан" жумуш ордуна туура келет. Улуттук статкомдун 2006-жылда жүргүзгөн иликтөөсүнө таянсак, формалдуу эмес сектордо 1,5 миллионго жакын адам эмгектенет.
Жумушсуздук боюнча каттоодо тургандардан 23 миңге жакын адам ишке орноштурулган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 11 пайызга көп. Кесиптик билим алууга 4 миң адам жөнөтүлгөн. 2007-жылга салыштырмалуу бул да 30 пайызга көп.
Жыйында "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында калкты ишке орноштуруу улуттук саясаты" программасын аткаруу боюнча министрликтер, мамкомитеттер, ведомстволор, райакимчиликтер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш жүргүзүп жатканы белгиленди. Бирок, ал иштерди Өкмөт жетишсиз деп таап, министрликтерге, мамкомитеттерге, административдик ведомстволорго, облмамакимчиликтерине, шаарлардын мэрияларына ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйындарында калкты ишке орноштуруу маселелерин кароо тапшырылды. Ошондой эле тийиштүү министрликтерге, мекемелерге калкты ишке орноштуруу жаатында белгиленген иштерди алып баруулары боюнча атайын тапшырмалар берилди.

"Чүйдөн жер алган чоң чиновниктер ижара акысын төлөбөй жатышат"
Экинчи маселе абдан жандуу талкууланды. Ош облусунун губернатору А.Карашевдин баяндамасынын алдында Премьер-министр И.Чудинов Өкмөттүн алдында өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү тездетүү милдети турганын айтты. "Бул маселеде борбордук деңгээлде көрүлүп жаткан чаралар менен бирге жеринде болгон резервдерди натыйжалуу пайдалануу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу маанилүү",-деди Өкмөт башчысы. "2000-жылы Өкмөттүн чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу максатында айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген. Муну менен бирге эки максат көздөлгөн: бул жерди алда канча эффективдүү жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле ижара акысынын эсебинен жергиликтүү боюджетти толуктоо жолу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык абалын жакшыртуу. АКФнын жерлерин эффективдүү пайдалануунун маанилүүлүгүн Президент 2006-жылы өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен болгон кеңешмеде айткан. Бирок, айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнө тагылган милдеттерди аткара алышкан жок",- деп баса белгиледи Премьер-министр.
Премьер-министрдин минтип күйүп-бышып жатканынын себеби, айыл өкмөттөрүнө кеңири укук берилип, эки тизгин бир чылбыр колдоруна тийген менен алардын көбү жерди пайдаланууну билишпей, анын аркасында ижара акысын чогултуу өткөн жылы болгону 78 пайызды түзүп же 45,5 млн.сом суммасындагы карыз өз убагында төлөнгөн эмес.
Мына ушундай эле көрүнүш Ош облусунун айрым айыл өкмөттөрүндө орун алганы өкмөттүк комиссиянын текшерүүсүндө аныкталган. Облустун губернатору А.Карашев "өкмөттүк комиссиянын сын-пикирлери менен сунуштарына макулбуз. Кемчиликтерди жоюу үчүн иш жүргүзөбүз",-деп убада берди.
ЮСАИД каржылаган жер реформасы жана жер рыногун өнүктүрүү долбоорунун алкагында 130 айыл өкмөтүндө жерди пайдалануу, ижарага берүү ж.б. абдан кылдат иликтенип чыккан. Мында такыр айдалбай калган, жердин чегарасы такталбаган, саздак, суу жетпеген, эрозияга чалдыккан, айтор көп нерсе калкып чыккан. Кимдин жери экени белгисиз жерлер бар. Ушундан улам ал жерлерди кимдир бирөөлөр көмүскө иштетиши мүмкүн деген да суроо жараткан.
Жердин ижара акысы тууралуу көп сөз болуп жатканда Чүй облусунун губернатору К.Сыйданов чыдабай кетти окшойт, Чүйдөн жер алган үлкөн чиновниктердин бирөө да ижара акысын төлөбөй жатышканын айтып, эгерде алар дале төлөбөсө жерлерин алып койсок болбойбу деген маселе көтөрдү. Экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаров андан да ашып, "Биз өзүбүздүн жерлерибизден сырттан душман басып кирбей эле айрылып калган жатабыз. Бир эле Ош облусундагы текшерүү эмнени көрсөттү. Чүй облусунун губернатору туура айтты, АКФнын жерлерин айыл өкмөттөрүнө берип жатканда жашыруун бергенбиз. Ал азыр кимдики? Айыл өкмөтүнүн башчысынын туугандарыныкы, миң койлуу Миңбай, Жүзбайлардыкы. Тилекке каршы, Жер кодекси боюнча да, мыйзам боюнча да саясатты жөндөй албай жатабыз. Ошондуктан, мындан ары кыргыздын жерлеринин баарын бир улуттук фондго түзөлү",-деп сунуш киргизди.
Бул маселе боюнча Айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри А.Ногоев ж.б. тийиштүү жетекчилердин отчету да угулду.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу",
С.Айылчиев (фотолор)




  Өкмөттө

Карыларга камкордук мезгили
Премьер-министр Игорь Чудинов Эл аралык карылар күнүнө арналган иш- чараларды өткөрүү жөнүндө Өкмөттүн буйругуна кол койду. Буйрук Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, пенсионерлерге, жалгыз бой улгайган адамдарга, майыптарга, ошондой эле карылар жана майыптар үчүн үй-интернаттарда жашаган адамдарга даректүү колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
Бул буйрукту жүзөгө ашыруу азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашынын кесепеттерин азайтууга багытталган. Буйрукта министрликтер менен ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканалар менен уюмдардын жетекчилерине 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө жана 1-октябрдан 1-ноябрга чейин Кайрымдуулуктун бир айлыгына арналган иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылуу жүктөлдү.
Республикада кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактарга да аз камсыз болгон улгайган жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү сунуш кылынды. Финансы министрлигине жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга карылар жана майыптар үчүн атайын мекемелерди, ошондой эле мыйзамдарда каралган жеңилдиктер менен компенсацияларды тийиштүү бюджеттер тарабынан бекитилген каражаттардын чектеринде өз убагында жана толук финансылоону камсыз кылуу тапшырылды.




Токойчулар формалуу болушту
Премьер-министр Игорь Чудинов республиканы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин кийиминин ведомстволук формасы жөнүндө токтомго кол койду.
Токтомго ылайык, кийимдин ведомстволук формасынын сүрөттөлүшү бекитилди. Ведомстволук форманын комплексинин наркынын 50%ы борбордук аппараттын жана мамлекеттик коруктардын, мамлекеттик жаратылыш улуттук парктарынын кызматкерлери үчүн бекитилген сметалардын алкактарында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фондунун каражаттарынан төлөнмөкчү. Структуралык бөлүмдөр үчүн өздөрүнүн атайын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Ал эми калган 50%ын кызматкерлер өздөрү төлөшөт.




  Чарбадагы чаржайыттык азаят

Премьер-министр Игорь Чудинов республикадагы мал чарбачылыгында илимий камсыздоону өркүндөтүү жана инновациялык ишмердүүлүктү жакшыртуу жөнүндө Өкмөттүн токтомуна кол койду.
2007-жылы мал чарбасындагы өсүш 1,9% болсо да бир уйдан орточо сүт саап алуу - 2095 кг., бир койдон жүн кыркып алуу - 3,2 кг., тооктордон орточо жумуртка алуу - 125 даана болгон. Мындай төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизги себеби системалуу селекциялык иштин жоктугу, асыл тукум заводдорун жетишсиз мамлекеттик колдоо, инновацияларды айыл чарбасына киргизүүнүн кашаңдыгы жана илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү боюнча иштин начардыгы. Натыйжада асыл-тукум кой-эчкилердин саны жалпы сандын 31-33%ын, бодо малдын 24%ын, жылкылардын 14%ын, канаттуулардын 32%ын жана чочколордун 20%ын гана түзөт.
Ошондуктан мал чарбачылыгында учурдагы илим-изилдөө институтунун, мамлекеттик асыл тукум заводдорунун базасында тармактык инновациялык инфраструктура түзүү зарылдыгы келип чыкты. Татаал эпизоотиялык кырдаал системалуу мониторингди, диагностикалык каражаттарды иштеп чыгууну, биологиялык препараттарды ойлоп-табууну, инфекциялык жана инвазициялык оорулардын алдын-алууну талап кылат. Муну чечүүнүн жолдорунун бири ветеринардык профилдеги өз алдынча илимий мекемени түзүү. Эки өз алдынча илим-изилдөө институттарын түзүүгө кошумча финансылык каражаттар талап кылынбайт. Ошондуктан азыркы Мал чарбачылыгы, ветеринария жана жайыттар илим-изилдөө институтунун өз алдынча эки илим-изилдөө институттарына бөлүү илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатат, эл аралык донорлордун инвестицияларын жана гранттарын натыйжалуу тартуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Мына ушундан улам Өкмөт Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Арстанбек Дүйшеев атындагы кыргыз мал чарбачылыгы, ветеринария жана жайыттар илим-изилдөө институтун кайра уюштуруу чечимин кабыл алды. Анын базасында мал чарбачылыгы жана жайыттар боюнча илимий комплекс, мамлекеттик асыл-тукум заводдор жана үрөнчүлүк чарбалары берилүү менен Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыттар илим-изилдөө институту түзүлөт. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерное айылында жайгашкан эксперименталдык база берилүү менен Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту түзүлмөкчү.

А.ЧАРГЫНОВ




  Элеттин

"Эскобарондору"
Жакында республиканын Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев наркомафия социалдык чоң илдет экенин баса белгилеп, асыресе Таласта уюшкан кылмыштуу топ бар экендигин ачык айткан. Ал тургай милиция органында да бир топ кызматкерлер аралашып калгандыгын, Кара-Буура РИИБинин бир кызматкери ошол уюшкан топко аралашып, кийин кармалган соң, соттон кийин Бишкекке этап менен алып бара жатканда жолдон конвойдун тапанчасын ала коюп өзүн-өзү атканын да мисал келтирген.
Коомчулук арасында Талас өрөөнүнүн Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун айрым айылдарынын жашоочуларынын арасында баңгизат өндүрүү менен шугулдангандар бар экендиги жөнүндө кеп арбын айтылып келет. Он күн мурдагы окуя ага айкын мисал боло алат. Талас ОИИБнин ББККБнүн башчысы Боркеевдин маалыматы боюнча 17-сентябрь күнү саат 04.20 чамасында Талас районунун Талды-Булак постунан "Мазда-626" үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон учурда ал автоунаанын айдоочусу милиция кызматкерлерине баш ийбей, автоунаасын айдап качкан.
Милиция кызматкерлери Акматов жана Субанбеков ыкчам аракет кылышып, ага эскертүү иретинде эки жолу абага ок чыгарышкан. Айдоочу ага да баш ийбегенде машиненин дөңгөлөгүнө үч жолу ок атылган. Ошондо гана айдоочу автомашинаны токтотууга аргасыз болгон. Автомашинаны тинткен учурда Кара-Буура районундагы Аманбаев айылынын 52 жаштагы жашоочусу Курманбек Рысбекович Жапарбековго тиешелүү, мамлекеттик номери S72-10S, "Мазда-626" үлгүсүндөгү автоунаанын багажынан үч даана капка салынган 16 килограмм кургатылган баңгизаты табылган.
Милиция кызматкерлери анын үйүн текшерген учурда үйүнөн 9 кг. 100 гр марихуана, 90 гр. урук жана 16 калибрдеги мыйзамсыз колдонулуп жүргөн мылтык табылган.

Козубек ИМАНКУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"