Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий төл гезити
№71, 23.09.08-ж.





  Курч кырдаал

Суук жанды кашайтса, алып сатарлар бизди кашайтабы?
"Өтүгү жокко өзүм барам, чапаны жокко салам айт"- деген кыш да кылычын алып келээри жакындап калды. Божомолго караганда кыштын өтө суук болушу күтүлүүдө. Буга өлкөбүздүн даярдыгы кандай? Бул суроого Биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев теледен сүйлөгөн сөзүндө: "Оптимисттик көз караш менен кепилдик бербесем да, жетекчи катары кыштан жакшы чыгабыз деген ишенич бар" - деп жооп берди. 2008 -2009-жылдары күз, кыш мезгилдерине калкты даярдоо боюнча республикалык штабдын жетекчисинин, кышка болгон даярдыкка көзөмөл жүргүзүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын төрагасынын мындай ишенич менен айткан сөзүнөн кийин кабарчыбыз да айрым жагдайларды иликтеп чыкты.

Көмүр - азыр өмүр
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өтө кескин азайып кеткендигине байланыштуу электр энергиясынын тартыштыгы жаралды. Көгүлтүр от да республикабызды боорго тепти. Кышка отун боло турган 310 млн. куб метр газды Өзбекстан бизге кандай баада берет али белгисиз. Азыр миң куб метр газды 145 долларга сатып жатса, эми аны жакында 300 долларга сатмай болду. Бишкекте эле 110 миң газ пайдалануучу бар. Алардын капчыгы каңтарылганы калды белем.
Мына ушундай оор жагдайдан улам КРнын Өкмөтү кыштын камын алдын ала көрүү аракеттерин жасап жатат. Электр энергиясын абдан катуу тартипте үнөмдүү пайдалануу чаралары жүзөгө ашырылууда: 6 сааттан өчүрүү 10 саатка чейин жеткирилмей болду; Өлкөбүздөгү көп миңдеген 3 фазалуу электр жылыткычтары жылына 1 млрд. 773 млн. кВт саат электр энергиясын керектейт экен. Булардын баары алынып ташталып, көмүр, мазут менен жылытууга өткөрүлүп жатат.
Негизги отунга айланган көмүр көмүр эмей эле өмүр болуп калды. КМШнын ичинде ушул кара алтындын кору боюнча өлкөбүз 3-орунда турат. СССРдин тушунда Таш-Көмүр шахтасы бир жылда 1,5 млн. тонна көмүр берген учу-ру болгон. Кыргызстан ар жыл сайын, ушу тапта теле-радиодо айтылып жаткандай 1 млн. тонна эмес, 4 - 4,5 млн. тонна таш көмүрдү өндүрүп келген. Эми ушундай зор кубаттуулугу бар республикабыз көмүр менен өзүн-өзү камсыз кыла алабы?
Көмүр өндүрүшүнө ПЕСАК деген балакет келип, жер алдында иштеп жаткан техникаларды менчиктештирүү деген сыйкырдуу кеп менен иштетпей, токтотуп таштаган. Эксперттердин пикири боюнча жер алдындагы иштерди узакка токтотууда техникаларды сыртка алып чыгып кетүү керек экен. Минтпеген учурда жер алдындагы суулар көтөрүлүп, уу газдар топтолуп кооптуу кырдаал жаралат. Миллиондогон тонна көмүрдү өндүргөн техникаларыбыз азыр түпкүрдөгү коркунучтуу жайларда жатат. ПЕСАКка алданган кыргыз ушу тапта колу менен кен казууга муктаж.
"Нарын дарыясына жүзгө жакын ГЭС куруп алып, электр энергиясын 3 же 4 тыйындан сатып алып жыргайбыз!"-деген кыялга алданып республикабыз кара алтынды өндүрүүнү өнүктүрүүгө маани бербеди. Ушу тапта эритүүчү күчү Кузбастыкына барабар кокос көмүрүнүн мол кору Өзгөндө жатат. Мунун үстүңкү катмардагы топурагын сыйрып койсо эле кара алтындын түгөнгүс кенчи өлкөбүздү эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн жерлерин жылытмак. Кылымдап казып сатса да түгөнбөгөн Кара-Кече көмүрү кор болуп, күн нуру менен жаандын таасиринен упаранып, сапырылып пайдаланылбай келүүдө. Бишкек ТЭЦи Казакстандан ташып келген көмүрүн убара болуп талкалап, ундай кылып упарап, анан кубаттуу мештерине жагууда. Жер байлыктарын калдыксыз пайдалануу технологиясына өтөлү деп Өкмөт жылдан жылга какшайт. Эгерде мындай технология керек болсо эмне үчүн Кара-Кеченин көмүрүн ташып келип ТЭЦте жагууга өтпөй жатабыз?
Дүйнөлүк рыноктун улуу мыйзамы ар бир мамлекетти өз экономикасын өнүктүрүүгө түртөт. Биздин өлкө СССРдин кочегары аталган Кыргызстандын көмүр тармагын өнүктүрбөй, колдобой, чет өлкөлөрдүн көмүр тармагын өнүктүрүүдө. Мисалы, республикабыздын рыногунда өзүбүздүн 200 миң тоннага жакын гана көмүрүбүз сатылууда. Ушул эле учурда Казакстандын миллион тоннадай көмүрүн ташып келип, сатып алып, казак товар өндүрүүчүлөрүн колдоп, алардын өндүрүшүн гүлдөтүүдөбүз. Эгерде мамлекет кыргыз көмүр өндүрүүчүлөрүнүн товарларын сатып өткөрүүгө жетиштүү көңүл бөлгөн учурда өлкөбүздө отун кризиси болмок эмес.

Үшүктөн элди ким коргойт?
Түштүк аймагыбыз өзүн-өзү көмүр менен 75 пайызга камсыз кыла алат экен. Анткени Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында көмүр кендери казылып алынып келген шахталар бар. Алар Сүлүктүдө, анын айланасында, Кызыл-Кыяда, Өзгөндө, Алайда, Көк-Жаңгакта, Таш- Көмүрдө жайгашкан. Мына ушуга байланыштуу бул облустарда, расмий маалыматтар боюнча, калкты отун менен камсыз кылуу кыйла түзүк жүрүүдө.
Ысык-Көлдө болсо "Жыргалаң", "Кажы-Сай" шахталары бар. Булар 15 миң тоннага жакын гана көмүр өндүрөт. Бул Көлдүн керектөөсүн толук канааттандырбагандыктан кара алтынды Жумгалдан, Бишкектен ташып келүүгө муктаж. Ушу тапта Ысык-Көл облусунда жашаган калктын керектөөсүнүн 47 пайызы гана ушул баалуу отун менен камсыз болду.
Көмүр чыккан кени бар Нарын облусундагы кырдаал өтө жаман. Себеби "Кара-Кече" 4 - 5ке бөлүнүп, жеке менчик ээлерин эл иштетпей, курч кырдаалды жөнгө салуу үчүн Өкмөт көмүр кендерин иштетүүгө тендер жарыялап ишканаларды жаап таштаган эле. Өзгөчө кырдаалдын түзүлгөнүнө байланыштуу "Ак-Улак", "Беш-Сары" ишканаларынын лицензиялары узартылып, 15-сентябрдан тартып иштей баштады. Башка жактан ташылып келген көмүрдүн жоктугунан бул облустун калкынын керектөөсү араң эле 17 пайызга канааттандырылды.
Эки облуста - Чүй менен Таласта көмүр шахталары жок. Ошого карабастан темир жолдун бардыгына байланыштуу Сары-Өзөн-Чүйдө абал кыйла түзүгүрөөк. Бул туурасында мындай маалымат келип түштү:
"Кыргыз Туусуна" телеграмма Чүй облусунда 196737 кожолук бар. Жакында электр тогун пайдаланган 15133 кожолук көмүр жагууга өттү. Азыр негизги отун көмүр болуп калды. Тезек - 100,4, жыгач 97,3 пайызга даярдалды. 11-сентябрга карата 238061 тонна көмүр даярдалып, план 92,4 пайызга аткарылды. Көмүр топтоо уланууда. Көмүрдүн тоннасынын баасы Панфилов - районунда - 3300, Кеминде - 2700, Сокулукта - 2000, Аламүдүндө - 2500 сом.

Чүй облусунун мамадминис-трациясынын басма сөз кызматы
Талас облусунда болсо калк тын керектөөсүнүн 36,6 гана пайызынын канааттандырылышы начар көрүнүш.
Көмүр кризиси өткөн жылы Кытайда болду. Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүктүн тушунан бери аны башынан кечирип келе жатат. Ушул өткөн жылдардын ичинде республикабыз көмүр боюнча Казакстанга көз каранды болуп калды. Эксперттердин пикири боюнча кышкы отун кризисинен чыгуу үчүн өлкөбүзгө 2 миллион тоннага жакын көмүр керек. Мунун 400 миң тоннага жакынын гана өзүбүздүн шахталарыбыз бере алат. Калганын коңшу өлкөдөн ташып келүүгө тийишпиз. Муну ким ташып келет? Эгерде райондор менен айылдарга көмүр учурунда жеткирилбесе, калктын, социалдык объекттердин керектөөлөрү толук канааттандырылбаса, анда кайрадан токойлордун кыйратылары, жаратылышка чоң зыян келтирилээри шексиз.

Бишкектин тагдырын ТЭЦ чечпейт
Бишкектин мэри Нариман Түлеев ТЭЦке керектүү көмүр, мазут ташып келдик деп маалымдап, борбордун калкын жылуулук болот деп ишендирип,койду. Борбордун тургундарынын тагдырын жалгыз ТЭЦ чечпейт. Себеби анын тегерегине жайгашкан 50гө жакын конушта жарым миллиондой адам жашайт. Алардын бардыгы тең үйлөрүн жеке өз алдынча от жагып жылытат.
Ушу кезде миңдеген тургундар көмүр издеп отун базаларында жүрүшөт. Бишкекке августтун аяк ченинен бери Казакстандан, Кара-Кечеден өтө аз санда гана көмүр келип жатыптыр. Биз 17-сентябрда "Беш-Сары" отун базасына бардык. Ал жерде 50 -60 тоннадай Караганда, 100 тоннага жетпеген Кара-Кече көмүрү бар экен. Кара-Кеченин тоннасы - 3000 сом, Караганданыкы - 2300 сом деп турат. Кардарлар бул көмүрлөрдүн майда, сапаты начар экенин көрүп сатып албастан тетири басып кетип жатышты. Тандалма, кесек көмүрлөр өзүнчө жыйылыптыр. Жакшылап сүйлөшсөң мындай сапаттуу көмүрдү 3500 - 3700 сомго сатышат экен. Ортомчулар көмүрдү иргетип кесектерин автомашиналарга дүңүнөн салышып кымбат баада сатыш үчүн ташып кетип жатышты.
"Беш-Сарынын" ары жагындагы "Кеч" отун базасында көмүр таптакыр жок болуп чыкты. Бишкектин тургуну, 70 жаштагы Григорий Сафонов 1-Май районунан алган талонун көрсөтүп, бир айдан ашуун убакыттан бери көмүр ала албай жүргөнүн айтып кейиди. Кары-картаңдарга 2700 сомдон сатылуучу бул базага түшкөн "Шабыркүл" көмүрү 100 - 150 метр аралыкта 3500 - 3700 сомдон ондон ашуун автомашинада сатыкка чыгарылып турат.
Мурманская - 1А дарегиндеги "Ак Жол" отун базасында да кыпындай көмүр жок болуп чыкты. Бир айга жакын убактан бери көмүрдүн ташылып келе электигин билдирген. Ал жерде иштегендер "Казакстандан көмүр күргүчтөп ташылып келип жатат" - деп калп айткандарга нааразы болушууда.
КРнын коргоо министрлигинин отун базасына 17-сентябрдын түнүндө 1 вагон Экибастуз көмүрү түшкөн экен. Анын тоннасы 2650 сомдон сатылып жатыптыр. Муну кардарлар алеки заматта сатып алып кетишти.
Бишкектин калкы отунга "ачка" бойдон турат. Кар бир жаап алганда көмүр алам деп кезекке тургандардын саны кескин өсө турганы шексиз. Муну экинчи базардын ээлери - ортомчулар чыдамсыздык менен күтүүдө. Анткени отун чуусу башталганда алардын күнү туулат, туйтунуп байыйыт. Бишкек мэриясы мындай кырдаалдын жакындап келе жатканын көрүп, билип турса да "көмүр көп, отун базаларында толтура" - деп элди ынандырып жатат.
Р.БАЙГУБАТОВ,
"Кыргыз Туусу"




22 тонна ак алтын жыйналып алынды
Баткен облусунда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери аяктады. Облус боюнча 48 миң тонна буудай жыйналып, түшүмдүүлүк ар гектарына өткөн жылга салыштырмалуу 3,6 центнерге көп болду. 7,6 миң тонна жүгөрү, 600 тонна күрүч, 21 тонна картошка, 29 миң тонна жашылча, 47 миң тонна мөмө-жемиш, 3000 тонна жүзүм, 5000 тонна май өсүмдүктөрү жыйналып алынды. Мындан сырткары, 256 га жерге пахта себилген болсо, учурда түшүм жыйноо өнөктүгү башталып, 22 тонна ак алтын алынды.

Күздүк эгүү башталды
Баткен облустук мамлекеттик администрациянын агрардык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы М.Добутовдун берген маалыматына ылайык, быйылкы жылга облус боюнча 17080 га жерге арпа, 350 га жер аянтына буудай себилиши керек. Анүчүн 4357 тонна үрөн керектелсе, бүгүнкү күндө анын 68% даярдалып бүттү. Облустагы үч үрөнчүлүк чарбаларга Ислам Өнүгүү Банкы тарабынан дыйкан чарбаларга күздүк себүүгө 95 тонна үрөн, сорт жаңылоо үчүн дагы 9 тонна супер элита үрөнү берилет. Ошондой эле, күздүк себүү үчүн 278 тонна арзандатылган баада солярка бөлүнгөн.
Мындан сырткары, күздүк себүү үчүн Айыл Банкына жеңилдетилген үстөгү менен акча бөлүндү. Айыл Банктын Баткендеги филиалына 3,5 млн. сом, Лейлектеги филиалына 1 млн. 200 сом. Бул кредиттер негизинен күздүк сепкен дыйкандарга райондук айыл чарбаны өнүктүрүү башкармалыктарынын сунуштары менен берилет. Кредиттин үстөгү 22%, эгер кредитти алып иштеткен дыйкан аталган банктын милдеттерин аткарып, кредитти максаттуу пайдаланса, алынган кредиттин 10%ын гана кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Жаңы жерлер өздөштүрүлөт
Баткен районунун Төрткүл айыл өкмөтүндө КРОЗ долбоору ишке ашырылды. Учурда сугат сууну кеңейтүү максатындагы долбоордун курулуш иштеринде кызуу иш жүрүп, ар түрдүү 12 техника тынымсыз иштеп жатат. Долбоор ишке ашырылып, аягына чыкса, Чоң-Кара жана Ак-Турпак айылдарында 1733 га жер аянтын сугат суу менен камсыздоо жакшырып, 560 га жер аянты жаңыдан өздөштүрүлөт.
Бүгүнкү күндө долбоордун 10 млн. сомдук курулуш иштери аткарылды. Жыл аягына чейин 20 млн. сомдук жумуш аткарылмакчы.

Көмүрдүн баасы канча?
Бүгүнкү күндө облуста көмүр менен камсыз кылуу 62,2%ды түздү. Көмүр ташып алып келүү, анын баасы боюнча облустук мамлекеттик адми-
нистрация тарабынан атайын комиссия түзүлүп иш аракеттер көрүлүүдө. Облус боюнча жергиликтүү 55 атайын көмүр сатылуучу жай уюштурулган. Учурда Сүлүктү шахтасында көмүрдүн тоннасы 2800 сом болсо, транспорттук чыгымдар менен Баткен районунда 6000, Кадамжайда - 6500, Лейлекте - 3500, Сүлүктүдө - 3300 сомдон сатылууда.
Баткен районундагы Эркин-Кен шахтасындагы көмүрдүн тоннасы 2500 сом болсо, сатылуучу жайларда - 4000 сом, Ормузан шахтасында көмүрдүн тоннасы - 2700 сом болсо, сатыкта - 4200 сом болууда.
Кызыл-Кыя шахтасында көмүрдүн тоннасы 2600 сом, Кадамжайда 4000 сом, Кызыл-Кыяда 3200 сом, Беш-Буркан шахтасынын көмүрүнүн тоннасы 2600 сом болсо, транспорттук чыгымдар менен сатыкта Кадамжайда 3800 сом, Кызыл-Кыяда 3200 сомдон сатылууда.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan