, 23.09.08 - 7-бет: №71, 23.09.08-ж.
 5180 адамдан турган 60 округдук
шайлоо коммиссиясы түзүлдү

БШКнын төрайымы К.Кабилова:
"Шайлоолордун натыйжалары элдин эркине гана байланыштуу болот"
Өткөн аптанын жума күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова Вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев өткөргөн кеңешмеге катышты. Анда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун жүрүшүнө даярдык маселелери каралды.
Жолугушуу учурунда округдук жана райондук шайлоо комиссияларынын шайлоого даярдык маселелери талкууланды. БШКнын башчысы белгилегендей, учурда 5180 адамдан турган 60 округдук шайлоо комиссиясын түзүү аяктады. Шайлоо комиссиясы планга белгилегендей 2119 участкалык шайлоо комиссиясын түзүүнү аяктады, анын курамында 20 миңден ашык адам бар, шайлоону өткөрүүдөгү эң негизги жүк мына ушулардын мойнунда болмокчу. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ат салышууну каалашкан атуулдардан документтерди кабыл алуу боюнча да иштер аягына чыкты.
Ошону менен бирге К.Кабилова шайлоону өткөрүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө жоопкерчиликти, ыкчамдыкты көрсөткөндүгү үчүн облустук жана жергиликтүү бийлик органдарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле БШКнын башчысы, Кыргыз Республикасынын Кодексинде бекитилген шайлоо укугунун теңдиги жөнүндө облустук жана
райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүнө эскертип, шайлоо процессине кийлигишпөөнү жана шайлоочулардын укугун бузбоону, мыйзамдын чектеринен чыкпоону өтүндү. "Шайлоолордун натыйжалары элдин эркине жана шайлоочулардын активдүү позициясына гана байланыштуу болот. Кандай гана саясый оюндар болбосун четке кагылууга тийиш", - деп белгиледи БШКнын башчысы.



БШКнын ишинин жаңы багыты
Жакында КМШ катышуучу-мамлекеттеринин Парламенттер аралык Ассамблеясынын демократиялык өнүгүү, парламентаризм жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун Бишкек филиалынын кеңсесинде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында түзүлгөн Юристтердин коомдук палатасынын алгачкы отуруму өттү.

Жыйынды КРнын БШКнын төрайымы К.Кабилова ачып, Юристтердин коомдук палатасы кеп-кеңеш берүүчү орган болуп саналуу менен, Кыргыз Республикасындагы шайлоо укуктарын андан ары өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн баса белгиледи.
- Шайлоо жүрүмү - бул идеялардын, көз караштардын талапкерлердин платформасы менен программаларынын атаандаштыгы, БШКнын, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын өтө татаал уюштуруу техникалык ишмердүүлүгү, - дейт Клара Кабилова жыйындын катышуучуларына кайрылып. - Ага мүнөзү, тажрыйбасы, билими жана эмоциясы жагынан бири-биринен айырмаланып турган адамдар катышат. Кээ бир учурларда ал көз караштар менен кайчы пикирлер кагылышып, талаш-тартыштар да жаралышы мүмкүн. Андай талаш-тартыштар эмоцианалдык да, ошондой эле укуктук да мүнөз күтөөрү бышык. Мында сөздүн нугу талапкерлер, саясый партиялар, мамлекеттик башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка шайлоо жүрүмүнун катышуучулары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу баратат.
Өлкөдөгү шайлоо укуктарын андан ары өркүндөтүү максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы Юристтердин коомдук палатасы тууралуу Жобону иштеп чыгып, бекитип берди. Бул жаңы түзүм 2008-жылдын 5-октябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы өнөктүк жана шайлоону өткөрүү мезгилине түзүлүп, анын курамы КРнын жарандарынан - тажрыйбалуу юристтерден, көз карандысыз эксперттерден, окумуштуулар менен адистерден турат. Палата өз ишинде КРнын Конститутциясын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө КРнын Кодексин жана башка шайлоо укуктары багытындагы мыйзамдарга тиешелүү болгон ченемдик актыларды жетекчиликке алат. Ал мындан ары да шайлоолор менен референдумдарда өткөрүү маалында кайрадан түзүлүп турмакчы. Баса, Юристтердин коомдук палатасынын өкүлчүлүктөрү, ордо калаадан сырткары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ачылган (алдын ала айта кетели: бул жыйында Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ардагери, милициянын генерал-майору Тилек Асаналиев Юристтердин коомдук палатасынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды).
КРнын БШКнын жетекчиси Клара Кабилова андан ары чакырылган адистердин ишинин негизги багыттары тууралуу баяндап берди. Убактылуу Жобого ылайык, Юристтердин коомдук палатасынын иш милдетине талапкерлердин, саясый партиялардын, уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракеттеги мыйзамдарды бузуусу жөнүндөгү материалдарды топтоо жана аларды ыраатташтыруу, ошондой эле тиешелүү сунуштарды даярдоо менен аларды кабыл алуу кире тургандыгына өзгөчө басым жасалды. Палатанын адистери шайлоого катышып жаткан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер менен саясый партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге шайлоо укуктарын түшүндүрүп, ар кандай кеп-кеңештерин берет, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланышкан, коомдук пикирлерди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоого тийиштиги бар маселелерди карайт, Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибинин бузулушу жөнүндөгү кайрылууларды алдын ала кароону ишке ашырат. Ошону менен бирге, алар талапкерлердин ар-намысы менен адамдык беделине шек келтире турган жалган маалыматтардын атайлап таркатуусууна мониторинг жүргүзөт, ошондой эле шайлоо коммиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясый партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарынын бузулушун да карайт. Өзүнүн кызмат абалынын артыкчылыктарынан кыянат пайдаланган кызмат адамдары, шайлоо документтерин жасалмалоо, добуш берүү купуялыгын бузуу, жарандарды мажбурлоо жөнүндөгү материалдарды жыйноо жана шайлоо участкаларындагы шайлоо укуктарынын жүзөгө ашырылышына жолтоо болууларга, шайлоо бюллетендерин добуш берүү жайынан сыртка алып чыгууларга ж.б.у.с. мониторинг жүргүзүү да Юристтердин коомдук палатасынын иш милдетине кирет.
- Ушу тапта шайлоо жүрүмү өтө кызуу жүрүүдө, - дейт БШКнын төрайымы К.Кабилова. - Шайлоо округдары, округдук жана участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүп, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана талапкерлерди каттоо аяктады. 15-сентябрдан тарта шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 60 округдук жана 2119 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлдү.Округдук комиссияларда 7643 мандатка саясый партиялар тарабынан жана өзүн-өзү көрсөткөн 15139 талапкер катталган.
Биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, шайлоо жүрүмүнүн бардык катышуучуларынын кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен өз маалында ыкчам иш алпаруу БШКнын Коомдук кабылдамасы менен Коомдук палатасынын эң башкы милдети болуп саналат. Алардын эшиги күн сайын саат
9.00дөн 18.00гө чейин ачык. Кабылдамага келген адамдарга жана көп сандаган телефон чалууларга мыйзам ченемдерин, биринчи кезекте Шайлоо жөнүндө Кодекстин жоболорун жетекчиликке алуу менен, өзүнүн ишин мыкты билген чыныгы кесипкөй кызматкерлер жооп берип турушат.
КРнын БШКнын Коомдук кабылдамасынын эксперттеринин ишинде добуш берүү жүрүмү кандай өтүү керектиги тууралуу ырааттуу түшүндүрмөлөрдү бере турган көрсөтмө куралдар менен маалымдама материалдар кеңири колдонулат. Эгер зарылчылыгы болсо, Кабылдамага кайрылган адамдарга укук коргоо органдар үчүн, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн, байкоочулар үчүн эскертмелер, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын аракети боюнча жол көрсөткүчтөр, Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүн маалыматтык камсыздоо китепчелери берилет. Жакында эле "Сенин тандооң" аттуу атайын чыгарылыш жарык көрүп, анда КРнын Президентинин шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыгы, КРнын БШКнын шайлоо жүрүмүнүн бардык катышуучуларына кайрылуусу жана башка материалдар жарыяланган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө КРнын Кодекси да ири нуска менен басылып чыкты. Бардык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде катарлаш жарыяланды.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү жүрүмүндөгү мындай жаңычыл кадамдар өзүн канчалык деңгээлде актаары статистикадан улам көрүнүп турат. Акыркы айдын ичинде эле КРнын БШКнын Коомдук камбылдамасына 170 жарандын, анын ичинде саясый партиялар менен өзүн-өзү көрсөтүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын кайрылуулары келип түшкөн. Ал эми шайлоону даярдоо жана үгүт иштерин жүргүзүү маселелери боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө кеңеш жана жардам алуу үчүн, даттануулар менен ордо калаанын тургундары гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында жашаган жарандарыбыз да кайрылууда. Баарыдан мурда, жарандарды депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү, каттоо, шайлоо фонддорун түзүү жана алардын ишине кепилдиктер жөнүндөгү маселелер кызыктырат. Шайлоо участкаларын түзүү, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын аныктоо, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана аны тактоо маалында бир катар кабатыр пикирлер айтылды. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталуусу менен, шайлоо жүрүмүнүн көпчүлүк катышуучуларында шайлоону маалыматтык камсыздоо, тактап айтканда, басылма үгүт материалдарын жарыялоо жана аларды жайгаштырууга, шайлоочулар менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүүгө байланыштуу маселелер кызыктырып жатат.
"Күрөөсүз катталуу мүмкүнчүлүгү талапкерлер санын мурдагы жылдарга караганда кыйла көп болушуна алып келди. Шайлоо жүрүмүндөгү мындай жаңычылдык калктын калың катмарын тартып жаткандыктан, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин арасында айрыкча жаштар көп болду. Бул жакшы көрүнүш", - дейт биздин
эксперттер.
Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын жогоруда аталган эки Коомдук түзүмүнүн жетекчилиги бири-бири менен тыгыз байланышта иштешүүдө.
Жолугушуу соңунда КРнын БШКнын жетекчиси Клара Кабилова ушул отурум сыяктуу эле, алардын келээрки жыйындары да такай жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлүп турмакчы. Анткени, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Юристтердин коомдук палатасы менен Коомдук кабылдамасы өз ишин ар дайым ачык-айкын алып барууну көздөйт.




Англиянын парламентинин өкүлдөрү Боршайлоокомдо
Өткөн аптанын бейшембисинде Боршайлоокомунун төрайымы Клара Кабилова Улуу Британиянын парламентинин коомдук палатасынын мүчөсү, башкаруучу лейбо-ристтик партиянын жетекчисинин Өкмөт менен иштөө боюнча орун басары Уэйн Дэвид башында турган Британиянын жана Түндүк Ирландиянын парламенттик делегацияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун өтүшүндө К.Кабилова Боршай-лооком тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго карата көрүлүп жаткан даярдыктар жана бул багытта жаңы ишке ашырылып жаткандар жөнүндө айтып берди. Боршайлоокомдун жетекчиси белгилегендей, округдук комиссияларда шайлоолорду өткөрүүнү уюштуруу боюнча акыркы этаптагы иштер аткарылууда. Азыркы шайлоо процессиндеги өзгөчөлүктөрдүн бири - Боршайлоокомдун алдында Юристтердин коомдук палатасынын иштей баштоосу болуп саналат. Ал республикада шайлоо укугун мындан ары өнүктүрүү максатында регулярдуу түрдө иш алып баруу негизинде түзүлгөн.
К.Кабилова булар менен бирге шайлоолорго даярдык көрүүдө, өзгөчө шайлоо процесстерине жана шайлоочулардын укуктарына байланышкан маселелер боюнча IFES, ОБСЕнин Бишкектеги борбору сыяктуу эл аралык уюмдардын сезилээрлик техникалык, эксперттик колдоолорду көрсөтүп, окутуу иштерине жардамдашып жатышкандыктарын белгиледи. Алсак,
маалыматтык кампанияны жүргүзүүдө ОБСЕ тарабынан чоң жардам көрсөтүлгөн. К.Кабилованын айткандарына ылайык, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын демократияны өнүктүрүүнүн мониторингинин эл аралык институтунун Бишкектеги филиалынын да ролу чоң. Ал жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоолорго жана шайлоо алдындагы кампанияга мониторинг жүргүзүшөт.
Боршайлоокомдун жетекчиси Кыргызстандын өкмөттүк эмес уюмдары менен такай жана үзгүлтүксүз негизде диалог жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.
Алсак, азыр республиканын бардык облустарында округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу жана маалыматтар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Боршайлоокомдун жетекчисинин Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын парламенттик делегациялары менен жолугушуусу конструктивдүү өз ара түшүнүшүүнүн духунда өттү. Британиянын парламентарийлери Кыргызстан жакында эле демократияны өнүктүрүү жолуна түшкөн жаш өлкө экендигин белгилешти. Алар бүткүл дүйнөдө татаал жана узак убакытка созулган коомду демократиялаштыруунун Кыргызстандагы процессин түшүнүү менен байкап турушат.