, 23.09.08 - 6-бет: №71, 23.09.08-ж.
  Жергиликтүү кеңештерге 7643 депутат шайланат.
Азыр 16 миңге жакын талапкер ат салышууда

Ортомчулар, тизгиниңерди тарткыла!
Премьер-министр Игорь ЧудиновНарын облусундагы
Кара-Кече көмүр кенине барып, көмүр казуучу
"Беш-Сары" жана "Шарбон" компанияларынын иштери менен таанышты.
Игорь Чудинов көмүр казылып жаткан жерде болуп, андан кийин тараза турган корпуска келип, ташылып чыгып жаткан көмүрдү каттоо процесси менен таанышты. Ушундан кийин ал бир катар сын пикирлерди айтты.
И.Чудинов экологиялык нормативдерди сактоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай варвардык мамиле токтотулбаса, беш жылдан кийин азыркыдан да көп жоготууларга туш боло тургандыгыбызды билдирди. Бардык көмүр казуучулар биринчи кезекте көмүр казуу аяктагандан кийин кенди рекультивациялоо боюнча долбоорлорду сунуш кылууга тийиш.
Өкмөт башчысы көмүрдү сатуу менен алектенген кызыл кулактардын тизгинин тартуу зарылдыгын баса белгиледи. Ал журналисттердин суроолоруна берген жообунда кышка даярдык планга ылайык жүрүп жаткандыгын, көмүр боюнча проблема жоктугун да билдирди.
А.ЧАРГЫНОВ, С.АЙЫЛЧИЕВ (фотолор)




Минималдуу стандарттар кандай болмокчу?
Вице-премьер-министр Эльмира Ибраимованын төрайымдыгы астында мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү минималдуу социалдык стандарттарды иштеп чыгуу жөнүндө маселе боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү.
Негизги баяндаманы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Өктөмхан Абдуллаева жасады. Кеңешменин жыйынтыгында Э.Ибраимова жумушчу тобуна эки жумалык мөөнөттө "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Накталай эмес төлөө - көзөмөлгө өбөлгө
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - министр Мурат Исмаиловдун төрагалыгы астында Накталай эмес төлөмдөр системасын киргизүү боюнча мамлекеттик программанын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
М.Исмаилов өз сөзүндө бул программаны жүзөгө ашырууга төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүп жаткан дээрлик бардык структуралар тартылгандыгын, накталай эмес эсептешүүлөргө өтүү накталай акчалай жүгүртүүнү кыскартууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Бул болсо, өз кезегинде финансы агымдарынын кыймылынын ачыктыгын камсыз кылат жана республиканын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн натыйжалуу пландаштыруу үчүн шарттарды түзөт.
Жыйында Финансы министрлиги жана Улуттук банк тарабынан аталган мамлекеттик программанын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө кеңири маалымат берилди. Ага ылайык Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрлиги, Өкмөткө караштуу дин иштери боюнча мамагенттик, Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамагенттик, Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамагенттик, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча
мамагенттик, Финансы полициясы азыркы учурга
чейин Өкмөттүн токтомун аткарышпастан, коммерциялык банктар менен келишимдерди түзүшкөн эмес.
Ал эми Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, Архитектура жана курулуш боюнча мамагенттик, Дене тарбия жана спорт боюнча мам-агенттик, Туризм боюнча мамагенттик коммерциялык банктар менен келишимдерди түзүшсө да, эмгек акыны төлөөнү мурдагыдай эле кассалар аркылуу накталай акча каражаттары менен жүргүзүшүүдө.
Азыркы учурда накталай эмес формада жүргүзүү үчүн төлөм инфраструктурасын жана банк кызматтарын пайдалануунун ыңгайлуулугун камсыз кылуучу төлөм аспаптарын киргизүү боюнча Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктар менен бирге иш жүргүзүлүп жатат. Учурда энергия менен жабдуудагы татаал кырдаалга байланыштуу банкоматтардын жана терминалдардын ишинде проблемалар келип чыгууда.
Берилген маалыматтарды талкуулоо менен ведомстволор аралык комиссия секретариатка комиссиянын ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү жана Президент менен Премьер-министрге берүү үчүн материалдарды даярдоо тапшырмасын берди.
Б.БАПИЕВ




Мааракенин иш-чаралары
Академик И.К.Ахунбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралардын планына ылайык, төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлмөкчү:
23-сентябрда саат 9.00дө КММАнын башкы корпусунун жанына И.Ахунбаевдин эстелиги орнотула турган жерге таш коюу, саат 10.00дө Улуттук илимдер академиясында "Академик И.К.Ахунбаевдин мезгили жана мейкиндиги" аттуу эскерүү конференциясы.
24-сентябрда саат 11.00дө Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында митинг өткөрүлүү менен И.К. Ахунбаевдин бюстунун ачылышы.
25-сентябрда саат 9.00дө Ала-Арча көрүстөнүндө И.К.Ахунбаевдин мүрзөсүнө гүл коюу.
Ушул эле күнү саат 9.30да тарых музейинде - И.Ахунбаевдин 100 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү жана фотоэкспозиция. Саат 10.00дө тарых музейинде салтанаттуу жыйын.
(Иса Ахунбаев жөнүндө очеркти 16-беттен окуңуздар).




Шайлоого даярдык шайма-шайбы?
Өткөн жума күнү Биринчи вице премьер-министр И.Айдаралиев жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоолорду дайындоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Ага Боршайлоокомдун төрайымы Клара Кабилова катышты.
Искендербек Айдаралиев
республикалык штабдын төрагасы катарында шайлоолорду өткөрүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө кыскача маалымат берди. Ага ылайык, 2010 округ, 2119 шайлоо участогу түзүлгөн, жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 7643 депутат шайланмакчы. 16 миңге жакын кандидат көрсөтүлгөн. Учурда 15139 кандидат мандат үчүн ат салышууда. Алар - 18 саясый пар-
тиянын өкүлдөрү.
Учурда шайлоо участоктору үчүн жайларды бөлүү жана аларды керектүү эмеректер жана жабдуулар менен толуктоо, шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо аяктаган. Такталган маалыматтар
боюнча 2 003 643 шайлоочу бар.
Өкмөт тарабынан шайлоо өнөктүгүн финансылык камсыз кылуу маселеси чечилген. Финансы министрлиги тарабынан БШКга 60,7 млн. сом бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" 2008-жылдын 4-августундагы Жарлыгын аткаруу менен Өкмөт тарабынан "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан административдик-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" КРнын Мыйзамынын долбоору даярдалган жана Жогорку Кеңешке киргизилген. Ал жакында парламентте каралмакчы. Мыйзам долбооруна ылайык жалпысынан республика боюнча 13 айыл өкмөтү жана шаарчалардын башкармалыктары жоюлмакчы.
Штаттын жыйынында бир катар тийиштүү органдардын жетекчилеринин маалыматтары да угулду.
Ж.КУТТУБАЕВ





Жер рыногу канткенде өнүгөт?
Кечээ Биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев ЮСАИДдин жер реформасы жана жер рыногун өнүктүрүү боюнча долбоору менен бирдикте Өкмөт тарабынан уюштурулган "Айыл чарба жерлеринин рыногун өнүктүрүү: тоскоолдуктар жана перспективалар" республикалык конференциясынын ишине катышты. Конференциянын катышуучуларынын арасында парламенттин депутаттары, тийиштүү министрликтер менен мамагенттиктеринин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана башка адистер бар. Конференцияга АКШнын КРдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Татьяна Гфеллер да катышты.
И.Айдаралиевдин сөзүндө жер рыногун өнүктүрүү быйыл Өкмөттүн энергетика секторун өнүктүрүү менен катар эле эң маанилүү эки багытына киргизилген. Азык-түлүккө баалардын өсүшү менен өлкөнүн азык-түлүктүк коопсуздугу жерди пайдалануунун натыйжалуулугу жана жер рыногунун иштөөсү менен тыгыз байланышта болуп калууда. Ошол эле учурда 2004-жылдан бери айыл чарба жерлеринин ипотекасы төмөндөөдө. Мына ошондуктан Биринчи вице-премьердин пикири боюнча, мындай кырдаалды токтотуу керек. Өкмөт тийиштүү чараларды көрүүгө ниеттенүүдө.
ЮСАИДдин долбоорунун иликтөөлөрү бардык облустардагы фермерлер жердин сапаты суунун, жер семирткичтердин жетишсиздигинен жана туура эмес которуштуруп айдоодон начарлап жаткандыгы жөнүндө билдиришкендигин аныктады. Фермерлердин көпчүлүгү жыл сайын кредиттик ресурстарды алуу менен жердин сапатын жогорулатуу максаттарында өз жерлерине узак мөөнөттүү салымдарды салуудан баш тартууга аргасыз.
Конференциянын эки күндүк ишинин убагында анын катышуучулары агрардык сектордун актуалдуу маселелерин жана анын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн карашмакчы.
А.ЭРГЕШБАЕВ




Барымтадагылар аман-эсен бошотулду, жардыруучу заттар зыянсыздандырылды
Бишкек шаарынын адамдар көп жашашкан районунда жардыргыч зат салынган эки пакет ташталган. Андан тышкары борбордун дагы бир жашоочусу билдиргендей,
4 террорист 3 адамды барымтага алышып, имараттардын биринин ичине жашынышкан. Барымтачылар кайсы террористтик уюмга таандык экендигин жана алардын максаттары менен талаптары кандай экендиги эч кимге белгисиз.
Бактыга жараша бул бүгүнкү күндүн чындыгына окшошуп кеткен окуя иш жүзүндө болгон жок, ал бир катар күч структураларынын катышуусу менен өткөрүлгөн биргелешкен окуунун сценарийи гана. 19-сентябрда мындай окуу КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаковдун жетекчилиги астында ИИМдин, Коргоо министрлигинин, ӨКМнын, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын кызматтардын катышуусу менен өткөрүлдү.
Жогоруда аталган министрликтер менен ведомстволордун атайын топтору жана адистери үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен жардыруучу заттарды табышты жана зыянсыздандырышты. Ошондой эле террористтерди курчап алуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, барымтадагы эки адамды бошотушту. Барымтадагы үчүнчү адам террористтердин вертолетту көздөй кетип бараткан жолунда ИИМдин отряды тарабынан ийгиликтүү бошотулду.
Окуулардын жыйынтыгын чыгарууда айтылгандай, алдыга коюлган максаттардын бардыгына жетишилген. Мында ИИМдин бөлүмдөрүнүн жана УКМКнын атайын отряддарынын аракеттеринин оперативдүүлүгү жана чеберчилиги белгиленди.
Т.ИСХАКОВ, Э.БОЛЖУРОВ (фото)