, 23.09.08 - 13-бет: №71, 23.09.08-ж.
  Жарнама бөлүмүнүн телефону: 62-20-29

Меценат Ильич Чокеев:
"Кыргыз киносу резонанс дооруна баратат"
- Ильич мырза, дароо эле ток этер жерден баштайын. Ысык-Көлдө бир апта бою өтүүчү кинофестивалга сиз меценат болуп тарттырган "Шайтан араба" тасмасы катышып жатыптыр. 100дөн ашык тасма ат салышкан сынактан ал байгелүү орунга жетпей калат деп кооптонгон жоксузбу?
- Абройлуу кинофестивалга "Шайтан араба" да катышып жатканы ырас. Андан режиссер менен актерлор өз эмгегин, деңгээлин таразага салып, ийгилик жарата алса чыгармачылыкка дагы шыктануу пайда болот. Эгер байгеге илинбесе, өз ишинин профессионалы болуу үчүн кетирген мүчүлүштүктөрүн кайталабоого жан үрөп аракет кылышат. Себеби алардын көбү жаштар. Мен кино өнөрүнүн адиси эмесмин. Бирок көркөм өнөрдү баалаган Кыргызстандын атуулу катары тасманы тартууга, илгери үмүт, жакшы тилек кылып, таланттуу достор, замандаштар менен иш баштаганбыз. Баары келип эле каржыга такалат эмеспи. Көп учурда пландагандан да арбын каражат талап этилип, күтүлбөгөн чыгымдар чыгып турат. Ошол кыйынчылыктарга карабай, эр жигиттик сөз берип, убадалашкан соң, баштаган ишти аягына чыкканча бекем туруп берейин дедим. Башкысы режиссердун шагы сынбай, актерлордун да көңүлдөрү көтөрүңкү, ишенимдүү иштөөсүнө шарт түзө алдык деп ойлойм. Эгер биздин кылган аракетибизден көрөрмандар жан дүйнөсүн жаңыртаар рахат алышса, анда эмгегибиз талаага кеткен жок. Ушундай аракеттерим менен мен адамдардын ички сезим кылдарына жакшы жаңылыктын үрөнүн сепсем деймин. "Кыргыз керемети" аталган атамекендик киноискусствосун жаратуучуларынан Болот Шамшиев, Генадий Базаров, аларга куйрук улаш келе жатышкан кийинки муундун таланттуу режиссерлору Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров сыяктуу чыгаан адистерибиз бар. Алар чыгармачылык кеңеште аталган фильмди карап көрүшүп, талкуулап, пикирлерин айтышсын. Атүгүл бул боюнча аларга атайын барып кайрылайын деп жатам.
- Кинонун адиси болбосоңуз да, көркөм чыгармачылыкка жан дилиңиз менен күйгөнүңүз, көрөрмандардын сезимине жакшылыктын үрөнүн сепкиңиз келгени жаш меценаттарга үлгү болсо дейм..."Шайтан араба" тууралуу айтып берсеңиз?
- Эми алдын ала айтып койсом, көрөрмандарга кызыксыз болуп калбасын. Анын сюжетинде арам жол менен табылган акча акыры жакшылыкка алып келбестиги тууралуу окуя айтылат. Ак эмгек, маңдай тер төгүп иштеген мээнет менен гана жашоодон өз ордуңду, ырыскыңды таба аласың деген ой камтылган. Жакын арада "Шайтан араба" тасмасын "Манас" кинотеатрында көрсөтүү камылгансында жүрөбүз.
- Белгилүү актерлордон кимдер ойноду?
- КРнын Эмгек сиңирген артисти Замир Сооронбаев жакшы образ жаратты. Андан башка келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштар бар. Режиссеру Мырзабек Айдаралиев.
- Бүгүнкү кыргыз киносуна кандай баа бересиз?
- Кыргыз киносунун резонанс доору башталды деген пикирдемин. Эл аралык кадыр-барктуу киносынактардан кыргыз кинолору жыл сайын байгесиз кайтыша элек. Ага мисалдар өтө арбын. Жакынкы келечекте биз жаңы фильмдерди тартып, аламан байгеге күлүк салгандай, мыкты кинолорубуз менен катышып калуу аракетин көрөбүз. Интернеттен кино жаатындагы жылда өтчү эл аралык фестивалдар тууралуу окуп таанышып кызыгуум артып баратат.
- Жакындарыңыздын арасында кино тармагына кызыккандар барбы?
- Он үч бир тууган болчубуз, он бирибиз калдык... Мен бир туугандарымдын тогузунчусумун.
- Ошончо туугандарыңыз туруп, андан тышкары үй-бүлөө багуу эр жигиттин башында бар дегендей. Ага карабай кино тасманы каржылоо оңойго турбаса керек?..
- Заман оорлошуп кымбатчылык келатат, жашоо кыйындап баратат деген шылтоо менен он жети жылдан бери киного көңүл бурулбай калбадыбы. Мамлекетпи же жеке ишкерби айтор көркөм дөөлөтүбүздүн кадыр-баркын көтөрүү үчүн аракет кылышыбыз керек болуп калды. Курсакты тойгузуу менен эле курсант болуп жашап күн өткөрүү эр жигитке уят иш. Бул жашоодо келечек муундар үчүн көзгө толоор эмгек жаратуу парз деп ойлойм. Андыктан алдыдагы иштер али арбын."Кыргыз Туусу" менин кызыгып окуган гезитим. Сиздер да биздин тарткан тасмабызды келип көрүп, алгачкы ишибизге өз ойлоруңуздарды, керек болсо сын пикирлериңиздерди айтып кетиңиздер. Бардык өлкө мусулмандарын орозо айы менен куттуктап койгум келет.
Назир Алиева




Эмгек үзүрү
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Ба-киев "Республиканын токой чарбасынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Президенттин Жарлыгына ылайык республиканын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам төмөнкүлөргө берилди: Алышпаев Замир Үсөновичке - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунун токойчусу; Шабданбекова Гүлүйгө - Талас облусунун Талас токой чарбасынын Талас токойчулугунун токойчусу.
Ошондой эле Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: Анарботоев Рустам Анарботоевич - Жалал-Абад зонасындагы жаңгак токойлорунун экологиялык системасын өнүктүрүүнүн Региондор аралык башкармасынын начальниги; Асанбеков Маматжан Асанбекович - Жалал-Абад облусунун токойду өнүктүрүү жана аңчылык ресурстарын жөнгө салуунун Жалал-Абад аймактык башкармасынын начальнигинин орун басары; Мусабаев Бакытбек Султанович - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл токой чарбасынын директору; Чарыков Искендер Турдалиевич - Нарын облусунун Нарын токой чарбасынын токойчусу.




И.Кадырбековдун иши эмне болууда?
(Баштылышы 1-бетте)
АКИпресс маалымат агенттиги жазгандай, ал долбоорлоо жана курулуш уюмдары менен бардык маселелерди жеке өзү чечкен, ошондой эле подрядчиктерди өзү тандаган, андан тышкары субподрядчиктерди да өзү тандоо менен финансылоо маселелерин чечкен, анын ичинде Финансы министрлигине финансылоонун көлөмдөрү жөнүндө каттарды жеке өзү даярдап жана кол койгон, ошондой эле кимге биринчи кезекте акча каражаттарын бөлүштүрүүнү чечкен.
Мындан тышкары И.Кадырбековдун сунушу боюнча мектептер тез курулуучу конструкциялардан курула баштап, алардын сметалык наркы ал киргизген өзгөртүүлөрдөн улам дээрлик эки эсеге өскөн. И.Кадырбеков атүгүл Финансы министрлигине каттарды жазып, подрядчиктерге акча каражаттары аткарылган иштер жөнүндө актыларсыз которулушуна жетишкен.
Ал эми Каржы полициясынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда И.Кадырбеков анын өзү менен макулдашуусуз субподрядчиктерди тандоого жана ал аныктабаган башка фирмалардан курулуш материалдарын алууга подрядчиктерге тыюу салган. Ошол эле учурда субподрядчиктер курулуш материалдарын рыноктук баалардан кымбат сатышкан. Натыйжада аткарылган иштердин өздүк наркы дайыма көбөйгөн.
Мектептерди долбоорлоодо жана курууда курулуш нормаларын одоно бузууларга жол берилген. Аныкталган кемчиликтер азырга чейин четтетилүүдө. Натыйжада Нарын жана Ысык-Көл облустарында курулган беш мектеп боюнча мамлекетке келтирилген зыяндардын суммасы 18 млн. сомдон ашкан.
Мындан тышкары И.Кадырбеков өз кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу менен эки жарандын жер участогун өзүнө кайра тариздеп алган. Атүгүл Архитектура жана курулуш боюнча мамагенттиктин директору катарында өзүнө өзү Бакаев-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен 0,33 га аянтка курулуш объектисин долбоорлоого жана курууга макулдук бергенин Каржы полициясынын маалымат кызматы билдирет.
Ал ошондой эле 2007-жылдын январында өзүнүн кызматтык ыйгарымдарынан чыгуу менен Бишкек мэриясына караштуу Шаар куруу кеңешинин төрагасы кызматынан Бишкек шаарынын башкы архитектору К.Нарбаевди бошоткон жана өзүн өзү ал кызматка дайындап алган. Ал эми аялы С.Тыныбековага таандык "Айжамал", "Кут Жол" ЖЧКларына объектилерди дол-
боорлоо жана куруу мүмкүнчүлүгүн берген. Ошол эле С.Тыныбекова директору болуп саналган "Аймэ" ЖЧКсына мыйзамды бузуу менен мамкурулуштун лицензиялоо бөлүмүнүн кызматкерлерин экинчи жана биринчи деңгээлдердеги лицензияларды берүүгө мажбурлаган. Бул факт боюнча өз алдынча кылмыш иши козголгон.
Т.ИСКАКОВ




Республиканын ардагер жана иштеп жаткан финансисттеринин эсине:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин энциклопедиясын басмадан чыгаруу каралып жаткандыгына байланыштуу финансы тармагында, мунун ичинде Финансы министрлигине баш ийген (Мамкамсыздоо, КРУ, Салык инспекциясы, Бажы комитети, ЭӨМФ, Салык полициясы, Баалуу металлдар башкармалыгы) мекемелерде он жылдан ашык иштеген катардагы кызматкерлер; облустук, шаардык, райондук финансы, казына бөлүмдөрүнүн жана жогоруда көрсөтүлгөн Финансы министрлигине баш ийген мекемелердин башчысы болуп беш жылдан ашык иштеп, өкмөттүк сыйлыктары (СССРдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк сыйлыктары, республикага өзгөчө эмгеги сиңген пенсионер, республиканын эмгек сиңирген экономисти) же СССРдин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин отличниги деген төш белгиси барлар тиешелүү документтерди Финансы министрлигине тапшырсаңыздар болот.
Дареги: Бишкек ш., Эркиндик бульвары 58, тел.0312-62-37-50, 0550-30-76-97.