Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан үчүнчү орунда
Роджер РОБИНСОН:
"Саясый эрк болсо, ийгиликтер мол болот"
Кечээ "Хаят" коноктор үйүнүн жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жана Премьер-министр Игорь Чудиновдун катышуусунда Бүткүл Дүйнөлүк Банктын жана Эл аралык финансылык корпорациянын жылда жарыяланып турчу баяндамасынын алтынчы - "Бизнести жүргүзүү - 2009" деген отчётунун бетачары болуп өттү.
Бул отчёттун жыйынтыктарына ылайык Кыргызстан бизнести жүргүзүүнү жөнгө салууну укуктук-нормативдик жактан жеңилдетүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирет. Республикабызда 2007-жылдын июнунан 2008-жылдын июнуна чейинки отчётто изилденген он чөйрөнүн үчөөсүндө реформалар ишке ашырылган. Жөнгө салуучу реформаларды жүргүзүүдө Кыргызстан лидер реформатор - өлкөлөрдүн арасында үчүнчү орунду ээлеп, бизнести жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жалпы рейтингинде өткөн жылдагы 99-орундан быйыл 68-орунга көтөрүлдү.
Республикабызда инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо күчөтүлдү. Ишканаларды каттоонун системасын жөнөкөйлөтүү аркылуу ишкердик аракеттерди баштоонун процедуралары жеңилдетилди. Бир нече ведомстволордун функцияларын бириктирүү аркылуу курулуш иштерине уруксат алуу үчүн "бир терезе" принциби киргизилди.
Чыгыш Европадагы жана Борбордук Азиядагы 25 өлкөнүн 23үндө мыйзамдык 62 реформа ишке ашырылган. Бул дүйнө жүзүндө ишке ашырылган реформалардын төрттөн бир бөлүгүнөн ашыгын түзөт. Укуктук-нормативдик жөнгө салуу чөйрөсүндө эң көп реформаларды ишке ашырган он өлкөнүн төртөөсү чыгыш Европада жана Борбордук Азияда. Реформаларды жүргүзүүдө лидерлик орундарды ээлеген өлкөлөрдүн биринчи ондугуна Азербайжан, Албания, Кыргызстан, Белорус, Сенегал, Буркина-Фасо, Ботсвана, Колумбия, Доминикан Республикасы жана Египет кирет.
Республикабыздын мындай ийгилиги жөнүндө Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы офисинин жетекчиси Роджер Робинсон "Бул Кыргыз Республикасы үчүн эң мыкты көрсөткүч. Отчёттун жыйынтыгы эгерде тийиштүү саясый эрк болсо, кандай ийгиликтерге жетишсе боло тургандыгын көрсөттү.
Курманбек БАКИЕВ:

"Көмүскө экономикага күрөш күчөйт"
Бетачарда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев кыскача куттуктоо сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө республикабыздын инвестициялык бизнестик рейтингдеринин жакшырып, Кыргызстандын бул багытта дүйнөлүк лидерлердин катарына кошулуусунда Өкмөт менен бирге бизге жакындан техникалык, эксперттик жана аналитикалык жардамдарды көрсөткөн донорлордун да эмгектери чоң экендигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы өзүнүн ушул жылдын 10-январындагы Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн биргелешкен жыйынындагы Билдирүүсүндө ишкердүүлүктүн өнүгүүсүнө кеңири жол ачып, инвестициялык климатты кескин жакшыртууну милдет кылып койсо, республикабыздын реформаларды жүргүзүү боюнча үчүнчү, ал эми бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча дүйнөдөгү 181 өлкөнүн ичинен 68-орунга чыккандыгы ал милдеттердин ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жаткандыгын айгинелейт.
Президент өз сөзүндө ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге инвесторлордун капиталдык салымдарын, укуктарын жана финансылык кызыкчылыктарын коргоо да өзгөчө чоң мааниге ээ экендигин баса көрсөттү. "Рейтингдик көрсөткүчтөрдөгү жакшы орундар - бул алгачкы гана кадамдар, - деди Президент өз сөзүндө. Өкмөт тийиштүү түзүмдөр менен биргеликте темпти төмөндөтпөстөн, жетишилгендерди бекемдөө үчүн активдүү чараларды көрүүсү керек".
Азыр Салык кодекси реформаланып, тышкы сооданын шарттарын, бажы органдарын башкарууну, кудуретсиздикке учураган ишканаларды жоюуну жөнөкөйлөштүрүү боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Жаңы жылга чейин Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынат. Ал эл чарбасында, өзгөчө айыл чарбасынын продукцияларын кайра иштетүү өнөр жай тармагында ишкердүүлүктү өнүктүрүп, көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгарууга багытталган.
(Уландысы 4-бетте)




Кийинки сандарда
l Кылым кыйырындагы кыргыз тилинин абалы тууралуу,
l Эл кыдырып, жер кезген Дербиш абанын нускалуу сөздөрү менен келечекке карата жоромолдорун,
l Пакистандагы кыргыздардын өкүлү, белгилүү фотосүрөтчү Каримжандын түпкү мекенине биринчи жолу келгендеги толкундоолорун, кусалыгын, кызыктуу сүрөттөрүн,
l Таанымал тарыхчы, чыгаан окумуштуу, профессор Кушбек Үсөнбаев менен Эл артисти Орозбек Кутманалиевдин жарыялана элек соңку маектерин окуйсуздар.
Кыскасы кызыктын баары "Кыргыз Туусунда".




И.Кадырбековдун иши эмне болууда?
Кечээ Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту судья Мадина Давлетбаеванын төрайымдыгы астында БШКнын токтомунун аткарылышын убактылуу токтотту жана Ишенбай Кадырбековду камактан бошотуу боюнча кандайдыр бир аракеттерди жасоого тыюу салган чечим чыгарды.
Бул жөнүндө "24.kg" маалымат агенттигине И.Кадырбеков талапкер болуп саналган №6 Асанбай шайлоо округунан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Рахат Бейшенбаев билдирген.
Кечээ Бишкек шаардык соту И.Кадырбековго карата баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан төмөнкү сот инстанциясынын дагы бир чечимине каршы чыгышкан адвокаттардын арызын карамак. Бирок, Финансы полициясынын өкүлдөрү сотко келбегендиктен, соттук жыйын бүгүнкү күнгө - 23-сентябрга жылдырылган.
Ошол эле учурда Финансы полициясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө И.Кадырбековдун үстүнөн мурда жарыяланган КЖКнын 304-ст. 2-б. каралган кылмыштын белгилери боюнча 16-апрелде козголгон ишке кошумча 6-июнда КЖКнын 310-ст. 2-б. боюнча кошумча айып тагылган. Биринчи май райондук соту тарабынан И.Кадырбековдун камакта кармалуу мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылган.

(Уландысы 13-бетте)












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan