, 19.09.08 - 8-бет: №70, 19.09.08-ж.
  Сибирь жарасы менен катталгандардын саны 71 адамга жеткен

Соттор да Соттор да
1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйналышы өттү, анда жарандардын даттануулары жана мамлекеттик органдардын билдирүүлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына карата Судьялар кеңеши тарабынан козголгон тартиптик өндүрүш каралды.

Тартиптик өндүрүштү кароонун натыйжасында Судьялар кеңеши тарабынан "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесинин талаптарын бузгандыгы үчүн айрым судьяларды ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ал беренеге ылайык судья өзүнүн жүрүм-туруму кынтыксыз болгон учурда кызмат ордун ээлейт жана ыйгарым укуктарын сактайт.
Судьялар кеңешинин судьяларды ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечими Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы Өмүралиев Апас Сакишовичке, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы Осмона-лиев Шавкат Топчубаевичке, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Авизов Барнакул Кузиевичке карата кабыл алынды.
Судьялар кеңешинин тартиптик өндүрүштөрдү кароосу төмөнкүлөрдү көрсөттү. Тоң районунун юридикалык консультация башчысынын, Тоң РИИБинин тергөө бөлүмүнүн начальни-гинин, ушул бөлүмдүн үч тергөөчүсүнүн, ошондой эле конвой взводунун беш кызматкеринин жамааттык даттанууларын текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Тоң райондук сотунун төрагасы
А.С.Өмүралиев жумуш ордунда болуп туруп анын кабыл алуусуна келген жарандарга орой мамиле кылаары, милиция кызматкерлери сотко күнөөлүүлөрдү алып келүүдө, адвокаттар жарандарга сотто болгон талаш-тартыш маселелер боюнча юридикалык жардам көрсөтүүдө өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убакта аларга карата этикага туура келбеген мамиле кылаары аныкталды.
Судья А.Өмүра-лиев Тоң районунун Бөкөмбаев айылынын жашоочусу 15 жаштагы кызды зордуктап, камакка алынган адамга карата баш коргоо чарасын мыйзамсыз өзгөрткөндүгүнөн жана аны камактан бошоткондугунан көрүнгөн жазык-процесстик мыйзамдардын нормаларын бузууга жол бергендиги үчүн мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын квалификациялык коллегиясынын 2008-жылдын 28-февралындагы чечими менен сөгүш түрүндө тартиптик жазага тартылган. Натыйжада кармалган адам качып кеткен жана азыркы күнгө чейин тергөө иши бүтө элек, кылмыш иши жазасыз бойдон калууда.
Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы Ш.Осмоналиев М.В.Камбаровага карата баш коргоо чарасын негизсиз түрдө өзгөрткөн жана аны камактан бошоткон. Ал эми М.В.Камбарова жасалма 1100 АКШ долларын сактагандыгы жана сатып өткөргөндүгү боюнча айыпталып мурда издөөдө жүргөн.
Кармалган адам сот жыйналышы өткөрүлбөстөн, алардын сотто катышуусу ушул мыйзамда каралган прокурордун, тергөөчүнүн катышуусуз эле жазык-процесстик мыйзамдын талаптарын бузуу менен камактан бошотулган.
Мыйзамды одоно бузуунун натыйжасында Ш.Т.Осмоналиев тарабынан укукка негизделбеген чечим кабыл алынган, ал Ош облустук соту тарабынан бул чечимди жокко чыгарууга жана Ш.Т.Осмоналиевге карата жекече аныктама чыгарууга негиз болгон.
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Б.К.Авизов банги заты - героинди сактагандыгы жана өткөргөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган В.А.Спиваковду негизсиз актаган. Бул өкүм ишти кароого судьянын бир тараптуу мамиле кылгандыгы жана ишти бардык тараптан, объективдүү жана калыстык менен кароо жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн Чүй облустук соту тарабынан жокко чыгарылган, соттолуучуга карата айыптоочу өкүм чыгарылган жана ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында жазасын өтөө менен 9 жылга эркинен ажыратылган. Судья Б.К.Авизовго карата Чүй облустук соту тарабынан жекече аныктама чыгарылган.
Андан тышкары, судья Б.К.Авизов доо материалдарын кабыл алууда орой мамиле кылуусу жана этикага туура келбеген жүрүм-туруму боюнча адвокат Э.Орозалиевдин даттануусун текшерүүдө Судьялар кеңеши тарабынан негиздүү деп таанылды.
Судьялар тарабынан кетирилген жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Судьяларынын абийир кодексинин талаптарын сактабагандык жөнүндө күбөлөндүрөт, аларга ылайык судьялардын судьянын ар-намысын, кадыр-баркын булгаган же анын сот адилеттигин чынчылдык, ак ниеттүүлүк, адилеттүүлүк жана калыстык менен ишке ашырылышына күмөн санаткан аракеттерди жасоого укугу жок.
Судьяларды ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жогоруда аталган чечимдерди кабыл алуудан тышкары Судьялар кеңеши төмөнкүлөргө да сөгүш жарыялады:
- Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Кенжешов Мирбек Мамбеттурсуновичке ;
- Талас шаардык сотунун судьясы Сүйүмбаев Аскар Абировичке ;
- Ош шаардык сотунун судьясы Максүтов Закир Сатаровичке ;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Сабитова Жамиля Сабитовнага .
Бул тартип жазасы судьяларга алар жарандык жана жазык-процесстик мыйзамдын ченемдеринин талаптарын бузгандыгы үчүн берилди. Процесстик мыйзамды бузуу менен ушул судьялар тарабынан чыгарылган сот актылары натыйжада жогоруда турган сот инстанциялары тарабынан жокко чыгарылды.
Өз маалыматыбыз




  Сессия күндөлүгү

Авиациядагы абал, кооптуу дарт жана дарыгерлер көйгөйү
Бейшемби күнкү парламент сессиясында депутаттар өлкөнүн авиация тармагындагы маселени талкуулашты. Талаш-тартыш жакында сатылып алынган жаңы самолёттун айланасында болду. Эскилиги жетип, чыгышталып калган самолётту чет мамлекеттерден алып келүү Кыргызстандын аталган тармагына жана жалпы эле өлкөнүн аброюна шек келтирет. Депутаттар бул "сырты жалтырак, ичи калтырак" эски самолёттун ишин республиканын Башкы прокуратурасы териштирүүсү керек деген сунушун киргизишти.
24-августта Жаңы-Жер талаасында өрттөнүп кеткен "Боинг 737" самолётунун кыйроого учуроо себебин иликтеген Өкмөттүк түзүмдөрдүн маалыматын угуп, жыйынтык чыгаруу керектиги айтылды. Ошол авиакырсыкта Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери Ж.Касымалиевдин уулу да бар болчу. Ал баланын өрттөн алган жарааты өтө оор болгондуктан, азыркы күндө Москва шаарындагы күйүктөр борборунда дарыланып жатат. Аны сакайтып чыгарууга абдан көп акчалай каражат талап кылынып жаткан учуру. Айрыкча кан алмаштырууга жардам керек. Парламент төрагасы жабырлануучунун атасына 5000 сомдук жардам бериптир. Баланын өмүрүн сактап калуу үчүн депутаттар 1000 сомдон жардам берип койсок деген сунуштун чыгышы эле анын абалынан оор экенинен кабар берип турат.
Бишкектин ички райондорунда электр энергиясы суткесине бир эле жолу өчүрүлсө, жаңы конуштарда эки жолудан өчүрүлүп жатат. Андан тышкары кабат үйлөрдө жашагандар менен алыскы элеттиктердин кыштан чыгуу үчүн чыгым кетирүүсүндө айырма бар экенине токтолду депутат Б.Абдразаков. Эл өкүлүнүн эсеби боюнча шаардагы бир бөлмө батирди жылытуу үчүн айына 280 сом, эки бөлмөлүүгө 384 сом, үч бөлмөлүү батирди жылытууга 492 сом төлөнөт. Ошентип шаардыктар орто эсеп менен эки миң сомдун тегерегиндеги каражат менен кыштан чыгып жатат. Айыл жеринде, жаңы конуштарда жашагандарга кышкы көмүрдүн кымбаттыгынан абдан кыйынчылык келүүдө. Көмүрдүн бир тоннасы 5000 сомго жеткен аймактар бир кыш үчүн 5 тонна көмүр сатып алса, ал 25000 сом, жыгач отунун кошкондо 30000 сомдун тегерегиндеги акчалай каражат жумшалат. Ошол эле учурда 2 млрд. жакын сомду мамлекет кабат үйлөрдү жылытууга төлөп берип жатат. Депутат мырза мындан бир аз мурда кабат үйлөрдү жылытууга болгон өкмөттүк дотацияны алып салуу сунушу менен Өкмөткө кайрылганы белгилүү болду.
Республика аймактарындагы ар кыл кооптуу дарттардын көбөйүп баратканы жашыруун эмес. Учурда сибирь жарасы менен катталгандардын саны өлкөдө 71 адамга жетиптир. Бул дарт өтө жугуштуу гана болбостон адам өмүрүнө коркунуч алып келүүнү шарттайт. Айрыкча Кадамжай районунда абал оор. Ушуга байланыштуу республиканын Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттыкты сактоо министрликтери сибирь жарасын жоюу боюнча тезинен чара көрүүлөрү кажет. Парламенттин тийиштүү комитети муну өкмөт түзүмдөрү менен териштирип чыгып, анын аткарылышын көзөмөлдөшү зарыл экендиги сессияда көтөрүлдү.
Казакстан чегараны ачып, сапаттуу буудайды Кыргызстанга жиберип жатат. Азык-түлүк көйгөйүн чечүүгө келгенде, албетте, бул кубана турган көрүнүш. Бирок ошол эле учурда биздин буудайлар казакстандыкына сапаты жагынан атаандаша албайт. Андыктан буудайдын базар баасы 13 сомго чейин түшүп кетти. Ага карабастан ундун, нандын баасы ылдыйлаган жери жок. Өкмөттүн тийиштүү түзүмдөрү күз келгенде буудайды дыйкандардан 17 сомдон сатып алууга убада беришкен. КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиги өзүбүздүн дыйкандарды колдоо үчүн буудайды сатып алып, аймактарда кабыл алуусу кажет. Антпегенде эмдиги жылы дыйкандар дан эгиндерин эгүүдөн баш тартып калышы ыктымалдыгы да сессияда айтыла кетти.
Кара-Суу районунун эли Отуз- Адыр каналын тазалап, оңдоо боюнча жардам берүүнү өтүнүшүп, бийликтегилерге жеткирүү максатында депутаттардын тобуна кайрылышкан болчу. Аталган канал аймактагы миңдеген гектар жер аянтын суу менен камсыз кылат. Каналдын тазаланбай калганына байланыштуу азыркы күндө суу жетишпей, дыйкандарга кыйла түйшүк келтирилүүдө. Отуз-Адыр каналын тазалоого 18 млн. сом каражат талап кылынат. Бул каражатты келерки жылдын республикалык бюджетинин биринчи кварталына киргизип, бөлүп берүү боюнча маселе келип чыгууда.
Жазында болгону 25 сомдон таратылуучу үрөн учурда 58 сомго чыгып отурат. Ал облустардагы дыйкандардын колуна борбордон жеткирилгенче дагы көкөлөп өсүп, 62 сомго чейин барууда деген маалыматты депутат А.Сейтказиев билдирди. Бул дыйкандарды абдан түйшөлтүүдө. Кыргызстандын алыскы катаал шарттуу, тоолуу райондоруна кирген Чаткал, Тогуз-Торо, Алай, Чоң Алайда көмүр жеткирүү иши начар. Жети ай бою кыш өкүм сүргөн аймактарда социалдык объектилер электр энергиясы менен жылытылып келген. Мектеп окуучуларына кышкы каникулду көбүрөөк берип, жылуулукту үнөмдөгөн менен баары бир окуу программаларын толук өздөштүрүп кетишээри күмөн. Ошондуктан элеттик жеткинчектерге электр жарыгын үзгүлтүккө учуратпай берип турулушу керектиги да козголуп кетти.
Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү санитардык абалдын абдан начардыгын айтпаган адам, жазбаган басылма калбады. Эми дегеле чечилбей келаткан бул маселе
Жогорку Кеңештин деңгээлинде көтөрүлүп жатат. Жакында эле депутат айымдардын тобу Бишкек мэри Н.Түлеев менен болгон жолугушууда да козгошкон. Ал кечээги сессияда да кайталанды. Бишкектин четки көчөлөрүн мындай кой, борбордук көчөлөрдөгү үйүлүп жаткан таштандыларды шаар жетекчилери жөө басып кыдырып көрүүлөрү керек болуп калды. Таштанды ташуучу чет элдик машинелердин алдынан билектей болгон келемиш чычкандар коркпой "бийлеп" чыгуучу болду. Депутат З.Бекенова айткандай, азыр шаарда санитардык абал абдан оор. Анысы аз келгенсип социалдык оорулар да көбөйүүдө. Эми шаардын тазалыгын зор маселе кылып, парламенттик бийик деңгээлде чече албай жатканыбыз жумшак айтканда уят эле нерсе. Анысы аз келгенсип, Бишкектин чок ортосундагы мамлекеттик Тарых музейинде да катылып жаткан "дарт" бар экен. Имараттын коммуникациясы эскирип, түтүктөрү чирип, музейдин талабына жооп бербеген көрүнүштөр өкүм сүргөнүн депутат З.Курманов тарабынан маалымдалды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна эле онго жакын арыз медициналык кызматкерлерден түшкөн. Алардын көтөргөн көйгөйү мугалимдердикине окшош. Эмгек стажысы боюнча кошумча акынын төлөнбөй келатышы. Маянанын аздыгынан жогорку квалификациялуу адистер республиканы таштап кетип жатышат. Ал эми эмгек стажысы боюнча төлөөнү улам алдыдагы жылдарга калтырууга каршы болгон мугалимдер Жалал-Абад,Талас, Ысык-Көл, Чүй сыяктуу дээрлик бардык аймактардан парламентке кат жазып жатышканы дайын болду. Себеби, азыркы бааларга салыштырмалуу жакынкы келечектеги керектелүүчү товарларга болгон баа кыйла өсөөрү турулуу иш.
Кечээ парламент сессиясында сентябрь айына карата бекитилген күн тартибиндеги бир нече мыйзам долбоорлору да каралды.
Нарынкүл Назаралиева,
"Кыргыз Туусу"