, 19.09.08 - 20-бет: №70, 19.09.08-ж.
  Поэзия

Кожогелди КУЛТЕГИН, Кыргыз
Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты
Асман башын сылап учкан бүркүттөр - Атажурттун жылып жүргөн түндүгү!
Жайлоодогу жан сергүү
1.
Кулун салып берүүчү элем кээде мен,
кутурган бир күндөр өттү не деген!
Алчумун өөп - кылчайса кыз саап атып
айылды бүт тосуп туруп бээ менен!

Бош жаткан ээр канат кагып уччудай,
бозгуч уя Күндү бир күн тутчудай.
Кагылган бу казыктарды карасам -
калдайган жер соруп жатат упчудай.

Элим, жерим бирге болсо - ордо бу,
экөө сунат эргүү деген олжону!
Эргигенде көзгө илинбей эч нерсе,
мобул дүйнө сөөлүмө окшойт колдогу.

Так секире аттап жүрүп чегирткең -
адыр-тоону ойку-кайкы керилткен!
Итиркейи келип үрөт айрыкча
иттер итти көргөн кезде неликтен?
2.
Мөңгүң эрип мөңкүгөндө таш калкып,
мөөрөп ийет кечпей бука баш тартып.
Чокулар - гүл, оролгон гүл, букет гүл
тойго алпара жаткан ылдый баштантып.

Жайыттарың жандүйнөмө канат чын,
жайылган мал жайытка куп жарашчуум.
Жайылган мал кандай гана маанилүү
жазуу сымал бетиндеги кагаздын.

Операнын ырчысы артта аты улук -
ой, заңылдап ырдаганды айт ачылып!
Тиги бурчтан бирөө чыкса


калчумун
тып жабылган оозума өзүм жашынып.

Нары-бери кечип жүрүп гүлдү бу
наристенин чорбою да үлгүлүү.
Асман башын сылап учкан бүркүттөр -
Атажурттун жылып жүргөн түндүгү!




Санаа гана бөжүрөтөт
Ааламда кимдер гана шерденбеген,
аларды санаа гана бөжүрөтөт.
Өмүрдү Кудай өзү берген менен,
өлүмдү, өлүмдү ойлоп өмүр өтөт.

Үн, жыт, түс адам үчүн баркталып миң,
анан да кыжырлантып - жоосу, демек.
Тишиңди щёткалап жууп атсаң - иттин
эмнеге акактаган доошу келет?

Бийикти эңсеш төмөн туруп алып -
билинбес өмүрдөгү эрегишүү.
Китебин киши өңдөнүп сунуп алып,
килейген пикир сурайт неге киши?

Ой басып... чайнап жаткан боюнча эле
оо, кимдер кирбеди ажатканаларга...
Жарака чыкпаса экен жолуңдан-ээ
жараңды күзгүлөрдөн каранаарда?

Ааламда кимдер гана шерденбеген,
аларды санаа гана бөжүрөтөт.
Өмүрдү Кудай өзү берген менен,
өлүмдү, өлүмдү ойлоп өмүр өтөт.




Сталиндин катасы
Профессор
Маматкадыр Ашыралиевге
42-жылга биз арбалалык -
Жалалабат. Военком. Сан калайык.
Ат тердетип Актооктон келишти экөө
Сталиндин катасын кармап алып.

Адамдардын айтпагын астейдилин!
Алааматты анан бу апкелди ким?
Жаңылыктай көрүнөт, жаңылыктай
жарашканы кыргызга аскер кийим.

Турдукулу "павуске" алаар замат,
Мамыркулу ката деп табаар замат
ыракымдын өзүндөй көздөн учкан
Сталиндин үнү бар Жалалабат...

Айтмак бирөө: "Сен жардам эте көргүн?",
Мамыркулдан доош чыкты кекээр өңдүү:
- Эй, начандик, бул эмне кылганыңар
эстүү-баштуу Сталин экөөңөрдүн?

Адашканды кулактан алган сымал
"павускени" силккилейт палвансып ал:
- Катын ала элек бу... Баласы жок...
Кантип анан согушка айдайсыңар?!

Балээ болуп кетчүдөй калтырап жан,
башын ийкейт Турдукул артыраактан.
"Тарс!" эткенде алакан үстөлдү чаап -
ачты жүзүн чоң согуш кансыраткан!

Кайыкса да Мамыркул эбелектей
каргылдана чаңырды чебелектей:
- Кантип, кокуй, согушка айдайсыңар -
катын көрө элек бу... көрө элек дейм!

- Токтот!..
- Мен... мен...
бизден мен турбайымбы!
Тукум улаар уул айткан Кудайым бу.
Сталинге айт! Мына мен... мен кетемин!
Балдарыма эш кылып курганымды.

Көздөр жерде... ким билет канткендигин?
Көрсөттү ким кемпайлык, нак шердигин?
Шаңы жүрөк толкутуп мөңгү-тоодой
шарак турду чакыйган аскер кийим!..

...Солубас гүл - Мамыркул берген элес.
Согуш - пейил, тазалык тебелебес.
Жакынына күйгөн эл кошулбаса
жалаң баатыр согушта жеңмек эмес!..




Канжыгадагы саптар
(Түрмөк)
Асман... асман... асман... асман...
ай-асман
алачыкка... аттам жерге бөккөнсүп -
түштү бүркүт тузакка.
Калдайган да далдайган
канаттары кайрылды анан талпактай.

Өлөөр кезде ач калып
өзөк жалгап алгының деп бир бүркүт
тутамына мыкчып келди тирүүлөй
тузакчынын дал өзүн.

Коё бергин!
Коё бе-ер дейм бүркүттү -
этке эмес ал, көккө жөнөйт оболу...
***
Токойду алар кыйышты!
Тополоң-тоз түшүрүп,
томук койбой, кемик койбой шылышты!
Доо кетти, ооба,
жерге - белге доо кетти
тоолор кулап,
зоолор кулап түшкөнсүп!

Тайларга окшоп өз жерине качышкан
тармал шактар тырактап
кайра чыгып келатыр.
***
Өлүп калган жакшы тура абыдан,
өлүп калган сонун экен эң эле -
балдарыңдын, аттигиң,
катар-катар кагажырап, бөкчөңдөп
карыганын, арыганын көрбөстөн…
***
Катып турам Ысык-Көлдүн жээгинде
катамаран байлануучу казыктай.
Жайнамаздай небактан
жайып салгам көл үстүнө көзүмдү.
Жазылдым да, жайкалдым да, чалкыдым!
Кыраат бузбай өтбараткан чоң кеме
кыжабамды кайнатпаспы а бирок
кычыгына көзүмдүн
кырынан тик туруп алган чылпактай.

Тырмалатты кычыктарын көзүмдүн.




Сүрөтүң алдым почтодон
1.
Кантет колум -

конвертти ачып атып
калтыроодо ачалбай шашы качып.
Алайкунун карагай-арчаларын
аркы-терки жыкчу эле качыратып!

Калтыраса кагазга торгойдоюм -
кантип анан арданбай-толгонбоюн?!
Шаа мүйүздүү топозду байлап-жыгып,
шалап-шалап заматта сойгон колум!

Кантет... кантет - адамды уяткарып,
каалаганым турчу эле шыр аткарып.
"Азият..." деп асылган топту жанчкам
Москванын Манасы сыяктанып!

Анан ушул кагазга бөлбүрөк бир
алы жетпей тер басып шөлбүрөп тур.
Жер-ааламды кошо алып титиретчү
же балким бу ченде жок зор күрөштүр!

Кандай сыр бар кагазда сүрү өчпөгөн?
Калтыракка каршы ким күрөшпөгөн?
...Кармап, кокуй, конвертти турмун, көрсө,
дик-дик соккон дикилдек жүрөк
менен. ..
2.
Кандай бакыт!

Бакыт бул бүлүнбөгөн! -
Катар туруп кашкайган сүйүүм менен
9-15 өлчөмдө сүрөтүңө
тоо сыңары телмирем - түбүндө мен!

Тоодон сезим толтого түз өткөнбү,
толкундатат жылмаюуң жүрөк-көлдү.
Ме-е, көрүндүк берейин жолоочуга -
менин сүйүүм көрүндү сүрөттөн бу!

Кыя тиктеп турганда амал калбай
кыяматка кетгейбиз даярданбай.
Сүйүүм менин - сүрөттүн өзү-көзү -
сүйлөгөнчө күзгүгө карангандай.

Сергек жүргөн, жана да сергек күлгөн
сендей менин сүйүүм да шербет сүйгөн.
Эгиз-пайы сүйүүмдүн белемсиң же
эт жүрөктү эзилтип дегдеттирген!

Кандай бакыт!

Бакыт бул бүлүнбөгөн!
Катарга алып сүрөттү күлүңдөгөн,
тоону мелжип тиктеген сыяктуумун
тоодой болгон сүйүүмдүн түбүндө мен!..




Жөргөмүш

1.
Кыргызстандын жөргөмүшү болучу,
кыйчалыша калганын көр жол ушу -
Президенттин көйнөгү экен, көйнөгү -
келе жатып токтой калган "конушу".

Алды да Кол, сумкеге шак тыгырды!
А жөргөмүш жараланды, жыгылды.
Каламын деп, жерге боюн ура албай,
карыштыра кармап турду кылымды.

Кылым эмне - кырмызы бир топчу экен...
кыйбай жерди - кыйкырык-доош
созду эчен!
Кыргыз элин укпаган бу Кулактар
кыйкырыгын угуп калган жок бекен?

"Кетпейм! Жо-ок!" - деп салды бирөө
оордугун...
кере сүйрөп - айрышты анын колтугун...
Сезмек беле жөргөмүштүн кыбырын
сезбегендер өлкөдө элдин толкунун.

Оо, жөргөмүш асманга тур кезигип!..
Олуттуу ойду алды учакта сезинип:
"Кыргыз жалпы "Кетсин!" десе -
күчүн көр -
кызмат тургай, Кыргызстандан кетирип!.."

Калды баары тескелбей да эстелбей,
качты булар канча айыбын сезгендей.
Кыйла, кыйла сергий түштү Кыргызстан
кыңкыстаткан оорусу алыс кеткендей.


2.
Кыргызстандын жөргөмүшү болучу,
кыйчалыша калганын көр жол ушу...
Момпойгон жан кийип турган көйнөк бу -
Москвага аны апкелген "конушу".

Москвадан искеп өгөй жыттарды,
мармар ташта желе салбай кысталды.
Кыйбай такыр, айланчыктайт, эш тутат
Кыргызстандан качкан Кыргызстанды...

Кайран киши!..

Кыйрап-урап баркы анын,
кайгысы мол - сызыгындай картанын.
Кагып-түздөп эмнегедир азыр ал
капилеттен кийип алды калпагын.

Калпагы анын - калпак болчу келишкен!
Кайкалабайт баштагыча неликтен?!
Баса кийип алды кайгы-башына
палвандардай, багбандардай зериккен.

Аны кантип болмок эле көрбөмүш? -
Ак калпакка жетип акыр жөргөмүш,
туптуура эле тумшуктан бой урду да,
турду токтоп, турду абада -


көнгөн иш.



Оо, жөргөмүш жүз менен тур кезигип!..
Олуттуу ойду кайта-кайта сезинип:
"Кыргыз жалпы "Кетсин!" десе -
күчүн көр -
кызмат тургай, Кыргызстандан кетирип!.."

Каптагандай калпакчанды өчүгүү -
дагы эмнени көрүп турат көзү бу?
Апкаарып ал чаңырбаспы "Кете-ем!" деп -
асылуу жан - өлкөсүбү, өзүбү?!.