, 19.09.08 - 16-бет: №70, 19.09.08-ж.
  Эх, жаштык!

"Биз жашоого кайдыгер карай албайбыз!"
Таш жарган кубатыбыз, илебибиз,
Биз - жаштар Ата-Журттун тирегибиз!
Андыктан ширелишип туруш керек,
Эл менен максат, кызмат, тилегибиз!
(автор)
"Биз Бишкекти жүрөк менен сүйөбүз!" "Биз шаарыбызга жана келечекке кайдыгер боло албайбыз!" "Бизге татыктуу депутат керек!" Мына ушундай ураандар менен ушул жуманын ичинде Бишкектин Тоголок Молдо, Жал, Курулуш жана Асанбай шайлоо округдарынын жаштары көчөгө чыгышты.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө берген маалыматтарына караганда, жаштар октябрь айында өтүүчү Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоонун акыйкат жана калыс өтүшүн каалашат. Бул шайлоодо мурдагы шайлоолор сыяктуу талапкерди акчасына, кызмат ордуна, аброюна же башка ар кандай кызыкчылыктарга карап тандабай, анын программасына карап, акыйкат шайлоо өтө зарыл дешет.
- Бул жолку жана мындан аркы шайлоолордо жаштардын талапкерлиги көбөйүп, алардын коомчулук тарабынан, шайлоочулар тарабынан, бийлик бутактары тарабынан колдоого алынышын талап кылабыз! - дейт Абдуллабек деген улан, - Анткени кааласак да, каалабасак да, келечек - жаштардыкы! Андыктан, биздин буга чейинки, бүгүнкү көмүскөдө жаткан көйгөйлөр сөзсүз чечилүүгө тийиш! Жаштар мыкты окуп, мыкты таалим-тарбия алып, келечекте мыкты кадрлар болууга ат салышып, даярданышыбыз керек!
Бул акцияда студенттер менен бирге эле иштеп жүргөн жаштар да бир экендигин айтышты. Бир округдан экинчи округга карай жөө жүрүш жасап, ураан-чакырыктарды көтөргөн жаштар жогорку окуу жайларда коррупциянын укмуштуудай тамырлап кеткендигин, бул келечек үчүн өтө коркунучтуу экендигин баса белгилеп жатышты.
- Жогорку окуу жайында окутуунун акысы улам өсүп баратат, бул айрыкча элеттен, карапайым үй-бүлөдөн чыккан жаштардын кендирин кесүүдө, - дейт өзүн Максат деп тааныштырган улан, - Ал эми айрым студенттер окууга өтөөрүн өтүп алышып, контракт төлөйм деп күндүр-түндүр иштеп жүрүшөт. Ал эми бул иштөө - билим алуунун сапатын начарлатат. Анткени студенттин убактысын алат. Чарчап-чаалыккан студент окуудан өксүйт. Өтпөй калган сабагынан анан акча менен өтүүгө аракеттенет да, коррупциянын кулачы жайылат.
Албетте, ушундай жагдайда окуган студенттин эртеңки күнү, ишке орношуу жагдайы да кыйынчылыкка тушугат.
- Бизге мына ушундай маселелерди чечкен депутат керек! - дешет жаштар. Жаштардын дагы бир, олуттуу талаптарынын бири: Шаардын тазалыгын, тартибин, деги шаардыктардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү!

Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




Идеологиянын
туткасы - ой, тилек
"Кыргыз Туусунун" 9-сентябрдагы санына чыккан "Улуттук идеология унутта калдыбы?" деген макаланы окуп, өз оюмду ортого салууга туура келди. Эгемендик алганыбызга 17 жыл болду, аны белгиледик. Ушул мезгил ичинде мамлекеттик идеология жеткиликтүү иштелип чыкпады, калыптанбады. Баштагы бийлик учурунда "Манас атанын жети осуяты" деген багытта бир аз иш жүргүзүлдү, бирок, ал мамлекеттик дагы, улуттук дагы идеологиянын талаптарына жооп бербеди. Бул багытта бир топ эле сөз айтылып келет, бирок, эч ким, эч бир саясый партия демилге көтөрүп, колго алып аны жүзөгө ашыра элек.
"Идея" деген сөз кыргызчасы "ой-тилек" деген эле маанини билдирет. Турмушта максат-тилексиз, жөн эле жашап жүргөн адамды "сенде ой деген жок турбайбы" деп коюшат адамдар. Ушул эле сөз мамлекетке да тиешелүү болсо керек деп ойлойм. Туура, өлкө башчыбыз өнүгүүнүн бир топ пландарын, учурдагы жана келечектеги стратегиялык план-программаларын айтууда. Эми аларды аткаруу, ишке ашыруу үчүн албан эмгектерди уюштурууда, элди көтөрүүдө эң оболу СӨЗ керек да! Сөздөн өткөн күчтүү курал жок экендигин көпчүлүк эл жакшы билет. Биздин кыйналып жатканыбыз ошол бизге керектүү СӨЗДҮ таап, жазып, айтып элге жеткире албай жатканыбызда болуп жатат. Менин бир Кубаныч Карыбеков деген окуучум айтат, өзү дарыгер: "Ой агай, биздин ата-бабаларыбыз үч эле сөз менен элин, жерин башкарып келген экен, алар: "Уурулук жасаба, калп сүйлөбө, адилет бол!". Карабайсыздарбы, чындыгында ушул үч сөздө кандай улуулук, бийиктик жатат. Ушул үч сөздү ар бирибиз тумар катарында жүрөгүбүздө ыйык, бекем сактасак, баягы баш ооруткан идеологиянын туткасын оңой эле кармап алабыз.
Дегеле мамлекетке идеология керек, болбосо тиги Миржалал Дадабаев ажы айткандай элибиздин, айрыкча жаштардын башын айландырган жөө тумандай сасык агымдар каптабайт эле. Биздин билишибизче идеологияны өлкө жетекчилерден мамлекеттик катчы тейлейт деп угабыз. Мурдагы катчы О.Ибраимов "улуу урматтуу ажобуз, улуу даражалуу кеменгерибиз, кадырлуу канайымыбыз" деп эле какшагандан башка эчтеме кылбады. Эми илим жазып, өткөн-кеткенге анализ жүргүзүп, ойду-тоону сүйлөсө оозуңду ачасың, ой тоббо деп. Өлкөнү ушундай абалга алып келгенге ал кишинин тиешеси жок беле?
Ошол карапайым ажы М.Дадабаев ошончо баалуу ой-пикирди айтып жаткандан кийин биздин калган окумуштуу-аалымдарыбыз, акын-жазуучуларыбыз кайда болду экен деген суроо туулат. Бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар, эл арасында, жаштар арасында, алардын ой-пикирлерин ортого салып, иргеп, тандап мамлекет, улут кызыкчылыгы үчүн иштей турган идеологияны ишке ашырууга убакыт жетти.
Исматулла ПАРПИЕВ,
Каракулжа району




Тилмечке ишенип тилиңди кыйба,
Тилин билбеген кыргызга ыйла
Көпчүлүккө маалым болгондой Мамлекеттик Гимндин текстиндеги "бейкуттун" мааниси боюнча коомчулукта эки жылдан бери эле эмес, он алты жылдан бери ар кандай кайчылаш пикирлер айтылып келүүдө. Бирок, тилекке каршы, ушул күнгө чейин бир да тилчи илимпоз "бейкуттун" маанисин элге так түшүндүрө алган жок. Буга ким күнөөлүү? Албетте, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын кыргыз тилчи адистери күнөөлүү десем жаңылышпаймын. Себеби, алар коомчулукта "бейкуттун" мааниси жөнүндө талаш-талкуу жүргөндөн кийин эле элге так, туура түшүндүрмө берүүсү керек эле. Алар болсо элге туура түшүндүрмө берүүнүн ордуна элдин башын айлантып, "бейкуттун" мааниси жакшы деп, элге туура эмес түшүндүрмө берүүдө.
"Бейкут" кандай маанини билдирет?
"Бей" деген сөз тамыры фарс (тажик) тилинен алынган. Аны кыргыз тилине которгондо сыз, жок деген терстик маанини билдирет. Кут - деген сөз араб тилинен алынган. Демек, бейкут кутсуз дегенди билдирет. Кутту араб тилинен кыргызчага которгондо ырыс-кешик, ынтымак, токчулук, молчулук, тынчтык, байлык ж.б.у.с. жакшылыктардын маанисин билдирет. Эмне үчүн "бейкут" деген сөз фарс жана араб тилинен алынган? Себеби, биздин кыргыз элибизде өзүнүн жазма тамгалары болбогондуктан Х кылымдан баштап ХХ (1926) кылымга чейин биздин акын-жазуучу жана сабаттуу молдолорубуз араб тилинде жазып, фарс, түрк тилдерин да жакшы өздөштүрүп, алардын жүздөгөн сөздөрүнөн өзүбүздүн тилибизге кошуп өздөштүрүп алганбыз.
Мисалы фарс (тажик) тилинен кирген сөздөргө токтолсок, дил, бекер, азат, душман, ажыдаар, дыйкан, бадам, дубал, пайдубал, абад, апа, ака, асман, өнөр, арзан, тараза, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби,бейшемби, жума, ишемби, жекшемби ж.б.у.с. сөздөр. Ал эми араб тилинен болсо мамлекет, өкмөт, акимият, аким, мектеп, мугалим, алиппе, китеп, дептер, барак, калем, адеп-ахлак, тарбия-таалим, ыйман, ынтымак, ырыскы, ыраазы, ыракмат, адабият, калк, дүкөн, мүлк, укук, макулдашуу, бакыт, кылым, аалам, аба, баба, аскер, баракелде, ж.б.у.с. жүздөгөн сөздөрдү тилибизге сиңдирип алганбыз. Мына ушундай сөздөрдүн катарында бейкут деген сөз да тилибизге кошулуп калган.
Эми окурмандар өзүңүздөр жогорудагы далилдерди окуп, "бейкуттун" маанисине ой жүгүртүп көрбөйсүздөрбү? "Бей" деген сөз тамыры фарс тилинен алынып сыз, жок деген терстик маанини билдирсе, "кут" араб тилинен алынса анан анын мааниси кайдагы жай баракат тынч болсун? Мында бейкут кутсуз эмес экенин билдирет? Далилсиз талашуунун кереги барбы? Бейкутка эмнелер кирет? Жер титирөө, селдин жүрүшү, элдин ынтымагынын жоктугу, согуш, ар кандай эпидемиялык оорулар, ж.б.у.с. терс жамандыктардын баары кирет. Аталган терс көрүнүштөр Гимндин текстиндеги элдин тилегине жараша Кыргызстанда терс көрүнүштөрдүн баары тең бир катар болуп өтүп жана уланууда.
Куттуулукка эмнелер кирет? Ага тынчтык, токчулук, молчулук, байлык, ынтымак, өнүгүү ж.б.у.с. жакшылыктардын баары кирет. Эми бейкуттун бурмаланган маанисине да ой жүгүртүп көрөлү. Эмне үчүн бейкуттуктун маанисин так түшүнө албай жатабыз? Себеби, СССРдин кезинде академик К.Юдахин (1964) жылы түзгөн кыргызча-орусча сөздүгүндө бейкуттун маанисин туура эмес которгондугуна байланыштуу, акын-жазуучуларыбыз ошол сөздүктөгү мааниде колдонуп кеткен. Ошентип, ал сөздүн мааниси элдин терең катмарына сиңген, бирок биротоло сиңген жок. Тилге маани берген адамдар бейкуттун нукура терс маанисин жакшы билишет. Өз элине бейкуттукту ким каалайт? Андай каалоону өз тилин билбеген адам же кыргыз элинин душманы гана айтат. Мисалы, бир адам жаңы үй же машина сатып алса, үйүң же алган машинаң куттуу болсун деп айтылат. Эч качан бейкут болсун деп айтылбайт. Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болгондон бери тилибизге эми эле маани берип калбадыкпы? Азыр деле кээ бир министрликтеги жетекчилер бийликке келгенден кийин кыргыз тилин үйрөнүп жатпайбы? Өз тилин билбеген адам тилибиздин, элибиздин кадырына жетмек беле? Тилибизге кыргыздар өзүбүз күйбөсөк анан ким күймөк, же биздин тилибиздеги каталыктарды башка улуттагы адамдар оңдоп береби? Бизде ар-намыс барбы? Качанга чейин биз элибизге бейкуттукту (жамандык балээни) каалайбыз.
Тилибизде бе-бей менен байланышкан терс маанини берген 70тен артык сөз бар экен. Алардан мисалга келтирсек, бейкүнөө-күнөөсүз, күнөөсү жок, беймаани-маанисиз, мааниси жок, бейөкмөт-өкмөтсүз, жеке уюмдар, беймаза, даамсыз, даамы жок, бейыйман-ыймансыз, ыйманы жок, бейчара колунда эч нерсеси жок, бейсарамжал, сарамжалсыз, сарамжалы жок, ж.б.у.с. сөздөр.
Мында баса белгилей кетчү нерсе - биздин кээ бир окумуштууларыбыз бейкуттун мааниси жакшы деп, өткөн жылы гезит аркылуу Президентибиз Курманбек Бакиевге да кайрылышканы эсимде. Алар төмөнкүдөй мисал келтиришкен."Бей" префикси бардык эле жерде "сыз" тангыч маанини билдирбейт. Ал бир бүтүндүктө белгилүү маанини гана туюндурат. Мисалы, бейбаш "башсыз" деген маани эмес, тентек, ээн баш, тартипсиз деген маанини билдирет. Аталган мисалды окуп, анализ берсеңиздер кайра эле терс "сыз" "сиз" сөз мүчөсү менен аяктаган тангыч маанини билдирген мисал келтирилген. Тактап айтканда, бейбаш - тентек, ээн баш - тартипсиз, акылсыз деген сөздөр да терс маанини камтып турганы талашсыз. Алар келтирген мисалга "бей" менен байланышкан сөздөрдүн оң маанисин билдирген сөз бар деп, "бейпил" деген сөзгө таянышкан. Мунусу туура, тилибиздеги бе-бей менен байланышкан 70тен ашык сөз болгон болсо, алардын ичинде оң маанидеги бир эле сөз бар. Ал - бейпил деген сөз. Бей деген сөз тамыры фарс тилинен "сыз" жок дегенди билдирсе, пил араб тилинен алынган. Бейпил пилсиз тынч жашоо деген сөз. Себеби, пилдин көлөмү чоң болгондуктан, эл арасында тамаша түрүндө пилсиз тынч эле жашайлы деген сөздөн улам, чыгышы мүмкүн. Демек, бейпил өтмө мааниде тынч дегенди билдирет. Коомчулукта кээ бир тилчи адистер бейкуттун маанисин "Манас" эпосуна байланыштырып айтууда. 1964-жылы академик К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндөгү мааниде бейкуттун мааниси эпосто жазылышы мүмкүн. К.Юдахин балким кыргыз болуп төрөлгөндө бейкуттун маанисин туура котормок. Эми К.Юдахин сөздү туура эмес которгон болсо, ага кыргыз эли күнөөлүү эмес. Мен жогорудагы көрсөтүлгөн араб, фарс тилинен алынган сөздөрдү кыргыз тилине которуп жазалы деген жокмун. Ар бир сөз өз маанисин сактап калууга тийиш. Тилди бурмалоого эч кимдин акысы жок. Элибизде эзелтеден тил, тилек менен байланышкан ар кандай жакшы учкул сөздөр бар эмеспи? Ал сөздөрдү атасак "жаштын тилегин берет", "ниетиңди түз карма", "тилиңден адашпа", ушул эле сөздөрдүн мааниси Библияда да төмөнкүчө жазылган, "сөздүн жаны бар" "сөз кылычтан курч" болот деген. Ошондуктан түз ниетибизден, тилегибизден, тилибизден эч качан адашпасак деген ойду айткым келет.
Жогоруда биз талкууга алган "бейкуттун" мааниси боюнча ушул жылдын 18-август күнү Кадамжай районунун кыргыз тил адабият мугалимдери менен бирдикте райондо кызыктуу талкуу болуп, чындыгында "бейкуттун" мааниси терс экендигине баа беришип, мындан ары тилчи илимпоздор тарабынан "бейкуттун" нукура маанисин бурмалабай окуу куралдарына киргизип, орфографиялык эреже боюнча түшүндүрмө берүүсү учурдун талабы деп белгилешти.

Абдинаби НАЗАРБАЕВ,
Кадамжай шаарчасы