, 19.09.08 - 15-бет: №70, 19.09.08-ж.
 "Реемтсма-Кыргызстан" ишканасы
2001-жылдан бери 2,5 млрд. сом салык төлөгөн

Кыргызстандын бакубаттуулугуна салым кошкон 10 жыл!
"Реемтсма-Кыргызстан" ААКсынын көп улуттуу эмгек жамаатынын атынан мен бардык кыргызстандыктарды жакында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык алгандыгынын 17 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап кетким келет! Дүйнөлүк тарых өңүтүнөн алганда бул аз мезгилде республика эгемендүүлүктүн жана демократиянын калыптаныш мезгилин абийирдүүлүк менен басып өтө алды жана бүгүн экономикалык өсүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө ишенимдүү баратат. Мен бул мөөнөттүн жарымынан көбүндө, тактап айтканда 1998-жылдан баштап Кыргызстандын жана кыргызстандыктардын бакубаттуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жетишүүсүнө биздин компания да өзүнүн салымын кошуп жаткандыгына сыймыктанам. Себеби, "Реемтсма-Кыргызстан" Кыргызстандын экономикасына эң ири дүйнөлүк тикелей капиталдык салымдардын бири жана биздин өлкөдөгү эң ири Европалык инвестициялык долбоор болуп саналат. Мен Кыргызстанды биздин өлкө деп атоо менен жаңылышкан жокмун, себеби бул жерде өзүмдүн туулган күнүмдү 8 жолу майрамдоо менен мен өлкөдө болуп жаткандардын бардыгын жүрөккө жакын кабыл алам. Мени дагы конок катарында эмес, а чыныгы кыргызстандык катарында кабыл алуусун каалайм. Мен да, биздин компания да мында олуттуу жана узак убакытта болуу ниетиндебиз".
Эдуард РАУШ,
"Реемтсма-Кыргызстан" ААКсынын башкы директору

"Реемтсма-Кыргызстан" ААК компаниясынын тарыхы көп жагынан бүтүндөй өлкөнүн өнүгүү процессин чагылдырат. Себеби мамлекетте, анын экономикасында жана жарандарында болуп жаткандардын бардыгы компаниянын абалында, ошондой эле анын ишмердүүлүгүндө чагылдырылбай кое албайт. Ошентип, 10 жыл мурда "Реемтсма" Кыргызстанга келгенде ал мезгилде Бишкектеги жападан-жалгыз сигарет фабрикасы жүгүртүү каражаттарынын жоктугунан, моралдык жана түздөн-түз эскирген жабдуулардан улам талаптагыдай сапаттагы сигареттерди өндүрө албаган жана салыктар, штрафтар жана пенялар боюнча миллиондогон сомдук карыздар болуу менен дээрлик банкрот абалда болгон. Инвестордун келиши жана "Реемтсма-Кыргызстан" АКсынын түзүлүшү менен кыска мөөнөт аралыгында салыктар, социалдык фондго бардык карыздар, дебитордук карыздар жабылып, эски сигарет фабрикасындагы жабдууларды модернизациялоо жүргүзүлдү жана фильтри жок сапаты жакшыртылган сигареттерди чыгаруу башталды.
Сапаттын эң катаал стандарттарына ылайык келүү менен эл аралык деңгээлдеги заманбап сигарет өндүрүшүн камсыз кыла ала турган жаңы фабриканын курулушу токтоосуз башталды. Республиканын экономикасына 60 миллион АКШ долларына жакын жумшоо менен компания 2001-жылы жылына 12,5 миллиардга жакын сигарет чыгарууга жөндөмдүү супер-заманбап фабриканын курулушун аяктады, бул республиканын өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген мамлекеттик кабыл алуу актысы аркылуу тастыкталган. Бул инвестиция жеке менчик жана тикелей болгондугун, башкача айтканда өкмөттүн кепилдигин талап кылбагандыгын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Баса, азыркыга чейин бул долбоор Европа өлкөлөрүнөн жеке каражаттардын эң ири капиталдык салымы болуп саналат.
Андан ары биздин жалпы өлкөбүз сыяктуу эле компания жөнүндө ал 2005-жылдан баштап өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы фазасына кирди деп айтууга болот. Ошол жылы компания өзүнүн тарыхында салыктардын эң чоң суммасын - 375 миллиондон ашуун сомду төлөдү! Жалпысынан, жаңы фабрикада сигареттерди өндүрүп баштаган 2001-жылдан азыркы убакытка чейин ишкана ар кандай салыктар түрүндө 2,5 миллиард сомдон ашуун төлөгөн! Ал эми 2006-жылдын жыйынтыктары боюнча өзүнүн тарыхында биринчи жолу ААКнын акционерлеринин жалпы чогулушунда "Акционердик коомдор жөнүндө" КРнын Мыйзамына ылайык дивиденддерди төлөөнүн башталышы жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул улам көбүрөөк көрүнүп жаткан өсүүгө жана оң жылыштарга тенденциянын далили эмеспи?
Бирок, өткөн жана үстүбүздөгү жылдарды өтө ийгиликтүү же тескерисинче ийгиликсиз деп бир жактуу мүнөздөмө берүүгө болбойт. Себеби, жогоруда белгиленгендей, "Реемтсма-Кыргызстан" республикадагы эң ири эл аралык инвестициялык долбоорлордун бири, ушуга байланыштуу өлкөдөгү саясый жана социалдык-экономикалык кырдаал анын абалына таасирин тийгизбей койбойт. Бактыга жараша жана өлкөнүн жетекчилиги өз аракетинен улам республикадагы туруктуулукту сактай алды жана жада калса 2007-жылы экономикалык өнүктүрүүнүн рекорддук көрсөткүчтөрүнө жетише алды. Дал мына ошондуктан толук татыктуу "кыргыз экономикалык укмушу" сыяктуу кубулуш пайда болду. Белгилүү болгондой, быйылкы жылы экономикалык өсүш ыргактары акырындап, ошол эле учурда инфляция өстү. Ошентсе да бардыгы, биринчи кезекте энергия алып жүрүүчүлөр жана тамак-аш продуктылары кымбаттап жатканда ата мекендик өндүрүшчү эң аз камсыз болгон тамеки чеккендердин ансыз да жукарган чөнтөктөрү менен капчыктарына дагы көбүрөөк кысым келтирбестен, сигареттердин, биринчи кезекте "бюджеттик" деп аталган сегменттин наркы дээрлик өзгөрүүсүз калуусу үчүн чараларды көрүүдө.
Компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларында көрүнгөн экинчи олуттуу социалдык-экономикалык мүнөздөгү проблема болуп калктын экономикалык эң активдүү бөлүгүнүн республиканын чектеринен тышкары миграциясынын уланышы эсептелет. Ошентсе да "Реемтсма-Кыргызстан" компаниясын сатуулардын көлөмүнүн жергиликтүү рыноктун жалпы көлөмүнүн 60 пайызынан ашуунун сактоо менен ата мекендик сигареттер рыногунда өзүнүн позицияларын бекемдей да алды. Компаниянын сатууларынын көлөмү барыдан мурда жергиликтүү тамекиден өндүрүлгөн 3,1 миллиард сигаретти түздү. Жалпысынан өндүрүштүн муктаждыктары үчүн өткөн жылы кыргызстандык фермерлер өстүргөн 1600 тоннага жакын тамеки же өндүрүштө пайдаланылган бардык тамекинин 60 пайызга жакыны сатып алынган.
Ошол эле учурда ишкана ишин баштаганда продукцияны баарыдан мурда Борбордук Азия регионуна экспорттоо маселеси ойлонулгандыгын белгилей кетүү зарыл. Себеби, бул эң жаңы фабриканын потенциалы өтө жогору. Ал иш жүзүндө жылына 12,5 миллиардга чейин сигарет чыгара алат. Кыргызстандын рыногунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 3,5 миллиард даана сигарет жетиштүү, аны "Реемтсма-Кыргызстан" ААКсынын үчтөн бир кубаттуулугу эле өндүрө алат. Мында компаниянын продукциясынын сапаты эч качан күдүк туудурбагандыгын белгилей кетүү керек. Иштей баштаган алгачкы күндөн бери продукциянын сапаты биринчи кезекке коюлган. Бүгүн да эң бийик эл аралык стандарттарга ылайык келүүчү дайыма сапатка умтулуу "Реемтсма-Кыргызстандын" ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Үстүбүздөгү жылы ишкана сапаттын эл аралык стандарттары ИСО 9001 жана ИСО 14001 боюнча сертификаттоодон өткөрүлгөн. Бул үчүн зор иш жасалды, натыйжада бүгүнкү күндө ишкана чыгарган продукциясынын сапаты боюнча эң катаал эл аралык стандарттарга ылайык келет.
Бирок биздин айрым кошуналар кыргыз товарларына салык жана башка тоскоолдуктарды коюу менен баарыдан мурда алар өз өндүрүшчүлөрү жөнүндө кам көрүшүүдө. Атап айтканда биздин сигареттерге жергиликтүүлөрдөн айырмаланып, жетишерлик жогорку салыктар жана пошлиналар салынат. Натыйжада кадыр-барктуу конкурстардын сыйлыктары менен бир нече жолу белгиленген өзүнүн жогорку сапаттарына карабастан, кыргыз продукциясы жасалма түзүлгөн жогорку нарктан улам атаандаштыкка жөндөмсүз болуп калышы мүмкүн. Жалпылап айтканда дээрлик бардык өлкөлөр, анын ичинде биринчи кезекте биздин кошуналар өз өндүрүшчүлөрүн коргоого кызыкдар. Ошентсе да, "Реемтсма-Кыргызстан" кол куушуруп калган жок жана азыр Өзбекстандын, Тажикстандын, Ооганстандын жана Монголиянын рынокторунда активдүү иштөөдө, аларда сигареттер гана эмес, жергиликтүү калктын суроо-талабына ээ болгон тамеки да сатылууда. Негизи экспорт темасы жөнөкөй нерсе эмес жана өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Мисалы, жакында биздин сигареттер КЭРдин Синьцзянь провинциясында сатыла баштады. Жалпысынан Кытай сатуулардын чексиз рыногу боло ала тургандыгы түшүнүктүү, анын үстүнө Кытай Кыргызстан сыяктуу эле БСУнун мүчөсү болуп саналат. Болгону кытай тарап койгон шарттар, жумшак айтканда, компания үчүн пайдалуу эмес жана аларды өзгөртүү үчүн биздин Өкмөттүн ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын алдыга жылдыруу багытында активдүү аракеттери талап кылынат. Экспорттун көлөмдөрүн көбөйтүү Кыргызстандын өкмөтү бизге ар кандай тикелей жана кыйыр тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берүү менен ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыктарын активдүү алдыга жылдыра баштаганда гана мүмкүн болуп калат.
Ошентсе да бактыга жараша, ишканага эркин иштөөгө мүмкүндүк бербеген эң көйгөй маселелердин бири Президент К.Бакиевдин эсептелген үстөк пайыздар жана айыптар боюнча карыздарды реструкташтыруу жөнүндө Жарлыгынан улам чечилүүгө дээрлик аз калды. Кеп, 1997-жылы "Реемтсма Сигареттенфабрикен ГмбХ" коомун кызматташууга жана инвестиция жумшоого чакыруу менен биздин республиканын өкмөтү "Бишкектамекиси" АКсына салынган үстөк пайыздар, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча карыздарды алып салууга кепилдик берген. Албетте, карыздын негизги суммасын төлөгөн шартта. Айтылган нерсе аткарылды. "Реемтсма" милдеттенмени толук аткарды жана карыздын негизги суммасын жапты. Бирок, "Бишкектамекиси" АКсында, кийин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине ишке которулган А.Мансурова ишкананы жетектеп турган учурда карызды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн салынган пенялар, айып санкциялары түрүндө дагы 10 миллион сомдон ашуун карыздар топтолгондугу аныкталды. Жаңы кожоюн бул үчүн жоопкерчилик тартышы керекпи? Кызык суроо. "Бишкектамекисинин" чарбасыз ээлери менен жетекчилерине санкциялар колдонулуп, айыптар салынган мезгилде инвестордун өзү ишканада да, өлкөдө да болгон эмес. Мына ошентип, ага бул карыздарды да илип салса, анда ал өзү кетирбеген кемчиликтер үчүн жаза тартууга тийиш болот (айыптар менен пенялар жазалоо болуп саналат!). Дагы кайталап коёлу, бактыга жараша жана өлкөнүн Президентинин демилгесинен улам бул узакка созулган маселе дээрлик чечилгени калды. Мындай орду жок карыздар алынып салганда дагы канча ишкерлер эркин дем алып кала тургандыгын элестетүүгө гана болот.
Жалпысынан ишкана өнүгүүнүн туура багытын тандап алгандыгын моюнга алуу керек, бул жөнүндө өткөн жыл аралыгында экспорттун
дээрлик 100 пайызга көбөйүшү, ишкананын өндүрүштүн чыгашаларсыз деңгээлине чыгышы, ички рыноктогу позицияларын сактап калуусу жана бекемдөөсү, акционерлерге дивиденддерди төлөп баштоосу күбөлөп турат. Биздин туруксуз коомдогу сейрек көрүнүш: ишкана иштеп жана пайда алууда, анын дээрлик 500 кызматкери өз иштерин баалашат, ал эми акционерлер акцияларынан айрылууга ашыгышпайт. Дал ушул "Реемтсма-Кыргызстан" ААКсы сыяктуу ири өнөр жай ишканалары кыргыз экономикасынын өнүгүшүнүн локомотиви болуп кала тургандыгында күмөн жок. "Реемтсма" кыргыз экономикасынын тамеки секторунун борбору болуп саналат, аны тамеки өстүрүүчү он миңдеген фермерлер, тамекинин жалбырактарын кайра иштетүүчү, аны берүүчү жана ферментациялоочу компаниялар курчап турат. Алардан тышкары ондогон сырье берүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр, массалык маалымат каражаттары жана жарнама агенттиктери, алардын кызматкерлери ушул компаниядан улам өздөрүнө каражат табышууда. Анын соода өнөктөштөрү, дистрибьюторлору, көчөдөгү соода жайларында, күркөлөрдө, павильондордо, дүкөндөрдө жана супермаркеттерде сатуучулар "Реемтсма-Кыргызстандан" улам өздөрүнүн пайдасынын олуттуу бөлүгүн иштеп табышат жана Кыргызстандын экономикасы үчүн, өлкө үчүн жана жеке өзү үчүн келечекке ишеним жаратышат. Жакшы ниеттерди жетекчиликке алуу жана биздин коомдун муктаждыктарына кам көрүү менен компания дүйнөлүк класстагы сигареттерди чыгаруудан тышкары калктын аялуу топторун колдоо боюнча иш-чаралардын кеңири спектрин жүзөгө ашырууга, социалдык жана маданий багыттагы уюмдарга жана объектилерге, ошондой эле пенсионерлерге, майыптарга, үйсүздөргө жана башка көптөгөн адамдарга жекече колдоо көрсөтүүгө аракеттенүүдө.
Айдар КАНАТБЕКОВ