, 19.09.08 - 14-бет: №70, 19.09.08-ж.
 21-сентябрь - токой чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Токойчулар- адамзаттын келечеги үчүн иштешет
2007-жылы Кыргыз Республикасынын токой чарба кызматкерлери токой тармагынын уюшулгандыгынын 60 жылдык мааракесин белгилешкен. Мына ушул республикалык маанидеги салтанатта жергебиздеги бардык токой чарбаларынын өкүлдөрү катышышып жаратылган ийгиликтер, ишти уюштуруудагы орчундуу кемчиликтер тууралуу кеңири сөз болгон. Арадан билинбей бир жыл убакыт өтүптүр. Эки күндөн кийин токой чарба кызматкерлери кайрадан кесиптик майрамын белгилешет. Ушул токойчулар үчүн маанилүү күндүн алдында артта калган тарых барактарына саресеп салып, бул маанилүү тармактын түптөлүшүнө олуттуу салым кошушкан инсандарды, алардын сарамжалдуу, байсалдуу жолун бүгүнкү күндө татыктуу улантып жатышкандарды атап, эмне көйгөйлөр түйшөлтөт, кайсы маселелерге токтолуп, кезексиз чечүүбүз керек деген суроолорго жооп издеп көрөйүн.

Жаратылышка да, адамга да пайда
Кыргызстандын токойлору - кыргыз элинин улуттук байлыгы, мамлекеттин менчиги катары эсептелет. Жаратылышка, экологияга, атмосферага оң таасирин тийгизип, республиканы карагай, токой продукциялары менен керектөөлөрүн канааттандырууда экономикалык жактан да мааниси бар. Миңдеген Кыргызстандын жарандарын туруктуу иш менен камсыз кылып, турмуш-тиричилигине байланышкан маселелерди чечүүгө өбөлгө. Ал эми ден соолукту чыңдоодо эстетикалык, маданий суроо-талаптарын канааттандырып, туризмди өнүктүрүүгө да үлкөн үлүш кошконун неге айтпай кете албайбыз.

Тарыхка кылчайсак...
Жергебиздин бардык аймактарынан кездештирүүгө боло турган токой массивдери кечээ-бүгүн эле пайда боло калган жок. Ата-бабаларыбыз аздектеп, орду менен пайдаланышып жок болуп кетүүдөн сактап келишкен.
Орус падышалары Петр I, Екатерина II, Павел I мурдатан баалуу сырье берген токой массивдерин сактоо боюнча катуу чараларды көргөндөрү тууралуу так маалыматтар бар.
Кыргыз эли орустардын карамагына өткөндөн кийин жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү токойлорду кайтарууга, эсепке алгандарын да жакшы билебиз. Бул иш-чаралар 1890-1914-16-жылдары жүргүзүлгөн.
Октябрь революциясынан кийин 1927-жылы Россия Федерациясынын жер боюнча Эл Комиссарлары СССРдин аймагындагы токойлорду эсепке алуу, картага түшүрүү чечиминен кийин Кыргызстанда да бул аракеттер ишке ашкан. Ошол 1896-1929-жылдардагы маалыматтарга таянсак, республикада токой баскан 1194587 гектар аянт такталып, алардын 48 миң гектары тянь-шань карагайы, 45 миң га грек жаңгагы, 5 миң га бадам, 6 миң га жапайы алмалар, 479 миң га арча, 48 миң га клен, бадалдар 377 га жерди ээлеген. Аянтынын 6 пайызын токойлор ээлеген. Ал эми облустар боюнча маалымат берсек - Ысык-Көлдө 3,66 пайыз, Нарында - 4,9, Чүйдө - 2,55, Таласта - 5,84, Жалал-Абадда - 7,39, Ошто - 10,7 пайызды түзгөн.
1932-жылдын 10-январында СССРдин токой өнөр жайы Эл комиссарлары түзүлгөндөн кийин бизде Чүй, Пржевальск, Жети-Өгүз, Нарын, Өзгөн, Ош токой өнөр жай чарбалары түзүлгөн. Бул түзүлгөн чарбалар негизинен жыгач өндүрүү менен гана алектенип токойлорду калыбына келтирүү, кеңейтүү жумуштары көмүскөдө калган.
Мында да өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе - Кыргызстандын жаңгак токойлору 1918-жылга чейин Россиянын токой департаментинин Анжиян токойчулугуна караган. Ар кандай кайра уюштуруулар учурунда жаңгак токойлору СССРдин тамак өнөр жай эл комиссарларына, аймагы боюнча өз алдынча совхоздор болуп Жалал-Абад витамин-консерва заводуна караган.
СССРдин Илимдер академиясынын түштүктөгү атайын комплекстүү экспедициянын илимий жыйынтыгы менен СССРдин Эл Комиссарлар Совети Кыргыз Республикасында Жалал-Абад, Ош облустарында токой-жемиш заказниги уюштурулушу менен жаңгак токойлорун өстүрүү иштери жемиштерин бере баштаган.

Токойлорду жайгаштыруу, эсебин алуу
1925-1950-жылдарда эч кандай плансыз өнөр жай, жеке кызыкчылыктар үчүн кыюу, көзөмөлсүз мал жаюу токой фондуна олуттуу зыян келтиргени жашыруун эмес. Айрым фактыларды салыштырмалуу келтирсек, ал төмөнкүдөй:

Жыл эсеби Токой ээлеген аянт,
миң га
1930 1194
1978 654,1
1998 849,5
2003 864,0

Жогорудагы таблицада байкалгандай 1978-жылдан баштап токой ээлеген аянттар стабилдешкен. Токой аймактарынын тез арада кыскарышына Улуу Ата Мекендик согуш да олуттуу таасир тийгизген.
Токойчулардын
башын кайсы мекеме
бириктирген?
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1947-жылдагы № 490 токтому менен Кыргыз ССРинин токой чарба министрлиги уюшулуп, буга биринчи министр болуп Абдуманапов Садык дайындалат. Алгачкы он жылда 20 токой чарбалары, 70 токойчулук, 300дөн ашык аймакчалар уюштурулган, аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу, атайын курстарды бүтүрүп келген адистер менен толуктоо, жалпы калыптандыруу иштери жүргүзүлгөн.
1953-жылдан 1960-жылга чейин айыл чарба, даярдоо министрлигинин карамагында башкармалык катары, 1966, 1988, 1994, 2000-жылдары бирикме, инспекция, башкы башкармалык катары, 2001-жылдан баштап Мамлекеттик токой кызматы, азыр Өкмөт алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик деген статусту алып жүрөт.
Бүгүнкү күндө бул агенттикте 42 токой чарбасы, 173 токойчулук, 8 Улуттук парктар, 9 корук, 1 мамлекеттик питомник, 9 өзүн каржылаган токойчулук, 4 аймактык башкармалык 966 токой аймакчалары бар.
1931-жылдан баштап токой чарбаларында иштегендердин талбас аракеттери аркылуу алгачкы көчөттөрдү олтургузуу аракеттери башталган. Буга чейин бул маанилүү ишке көңүл бурулган эмес. Тянь-Шань карагайы, сосна, лиственница менен катар эмен дарагынын, карагачтын көчөттөрү да олтургузула баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин талкаланган, кыйылган, куураган 67 миң гектар жер жаңы көчөттөр менен толукталганы - токой чарбасында иштегендердин маңдай теринин натыйжасы деп ишенимдүү айтууга болот.
Арчаны отургузуунун методикасын иштеп чыккан экономика илимдеринин доктору К.Мухамедшин, бул өстүрүүгө, татаал өсүмдүктүн ээлеген аянтын арттырууга кошкон үлүшү зор Ош (директору Чуштуков Х.), Лейлек (Бурханов А.М.), Үч-Коргон (Бердибаев А.) токой чарбаларын кантип атай кетпейбиз.
Касиеттүү Ысык-Көлдүн айлана-тегерегин жашыл токойго айландырган Ысык-Көл (Маньковский Б. Турсуналиев М.), Каракол (Михайловский В., Дабаев М.), Жети-Өгүз (Замашников В.Д., Бейшембаев М.) токой чарбалары да мактаарлык иш-аракеттерди жүргүзүшкөн.
Бишкек, Ош, Токмок, Каракол шаарларынын тегерегин жашыл массивге айландырышкандар анда жашашкан тургундардын сый-алкышына ээ, азыр да көркүнө көрк кошуп көздүн жоосун алат. Мыкты жетекчилери Цатурян А., Пасечник С., Шейшекеев М. жана башкалар келечек муундар үчүн өчпөс жумуш жасашкан.
Азыр биз тейлеген 864,9 миң гектар токой аянттарынын 63,4 миңи кийин олтургузулган көчөттөрдөн бой алган токойлор экенин жана дагы бир ирет сыймык менен айта кетмекчибиз.
Талас облусунун аймагында эрозияга каршы, жер катмарын сактоочу токой тилкелерин олтургузууда Талас токой чарбасынын директору М.Субановдун сиңирген эмгегин биз али да эстен чыгарбайбыз.
Токойлорду өрттөн сактоо чаралары жыл сайын өткөрүлүп турат. Өткөн 60 жыл аралыгында 4800 км. өрттөн сактоочу жолдор салынып, 3000 км. ашык минералдашкан тилкелер жайгаштырылган. Жүздөгөн паннолор орнотулган. Токойлорду кайтаруу үчүн 320 кордондор курулуп, анда иштегендерге ыңгайлуулуктар шартка жараша түзүлүүдө.
Ажайып токой жайгашкан жерлерде балчылык да кийинки кездерде ыкчам өнүгүүдө.
Жаратылышты, сейрек кездешүүчү канаттууларды, айбанаттарды, айрым өсүмдүктөрдү коргоо үчүн мамлекеттик коруктар: Сары-Челек (1959-ж.), Беш-Арал, Каратал-Жапырык (1979-ж.), Нарын (1983), Падыша-Ата (2004), Кулун-Ата (2005), Сарычат-Эрташ (1995), Кара-Буура (2006), Ысык-Көл (1948-ж.), мамлекеттик улуттук жаратылыш парктары: "Ала-Арча", "Кыргыз-Ата", "Кара-Шоро", "Беш-Таш", "Каракол", "Чоң-Кемин", Салкын-Төр, Саймалуу-Таш түзүлгөн.
1985-жылы биз тарабынан Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби чыгарылып, ага сейрек кездешүүчү жана жок болуп бараткан 13 майда сүт эмүүчүлөр, 20 канаттуулардын, 1 балыктын түрү, 5 курт-кумурскалардын, 65 өсүмдүктөрдүн түрлөрү киргизилген.
Токойго байланышкан илимий иштер 1932-жылдан баштап жүргүзүлүп, Теплоключенкадагы тажрыйба токой чарбасында жүргүзүлөт. Тянь-Шань карагайын питомниктерде жасалма өстүрүү боюнча сунуштар ийгиликтүү жүзөгө ашырылып, азыр ойдогудай натыйжаларды берүүдө. Грек жаңгагын өнөр жай катары плантацияларда өстүрүү, түшүмүн жогорулатуу боюнча илимий изилдөө аракеттери оң натыйжа берчүдөй.
Токой жана жаңгак боюнча институтунун кызматкерлери тарабынан алманы, жаңгакты зыянкечтерден арылтуу боюнча биологиялык тажрыйба пайдалуу өсүмдүктөрдү сактоонун натыйжалуу жолу экенин тажрыйба тастыктады.

Кадрлар маселеси
Токой чарбасы үчүн атайын адистерди даярдоо биз үчүн көйгөйлүү маселелердин бири болуп келген. Мурда тармак үчүн адистер Ташкент, Киев, Москва, Урал, Алматы токой чарба институттарынан даярдалып келчү. Эми алар менен байланыш солгундаганы Бишкектеги агрардык университетинде токой чарбасы үчүн адистер даярдалууда.

Токой пайдалануу,
келечек пландар
Ал эми жыгачты адам жаралгандан бери отун, курал, курулуш материалдары катары пайдаланып келгенин биз жакшы билебиз. Андан тышкары токойдо өскөн өсүмдүктөрдү жемиш, жандыктарын илбээсин катары да керектейбиз.
Эми бизде токойлор республика үчүн эмне максаттарга жумшалат, ошого токтолоюн.
1950-жылга чейин карагай токойлорунун 6,17 млн. куб жыгач даярдалган. Бул орто эсеп менен жылына 229 миң куб. карагай кыйылган дегендикке жатат. 276 миң гектар аянт жайдак калып калыбына келтирүү кыйындыкка турду.
Токой чарба министрлиги уюшулганы массалык кыюуга тыюу салынган. Картайган, куураган, оорулуу карагайларды кыюуга санитардык гана уруксат берилген.
1938-44-жылдары жаңгак токойлорунан 140 миң куб. материал даярдалып, жогорку сапаттагы фанераларды жасоо үчүн керектелген.
Азыр жаңгак токойлорунда массалык өндүрүш үчүн кыюу токтотулган. Бул арча токойлоруна да тыгыз тиешелүү.
2006-жылы Президентибиз К.Бакиевдин атайын Жарлыгы менен жаңгак, арча токойлорун өндүрүштүк максатка кыюуга тыюу салынган. Бул учурунда кабыл алынган чечим менен жаңгак уюлун ырайымсыздык менен кыйгандарга олуттуу бөгөт коюлду.
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин алдындагы өнүктүрүү фонду ар бир жыл сайын питомниктерге көчөт өстүрүүнү уюштуруу үчүн 2,5,3 млн. сомго чейин каражат бөлөт. Ар бир токой чарбасында көчөт өстүрүүчү питомниктер бар, өз каражаттарын пайдаланып, бул маанилүү ишке өзгөчө көңүл бурулат. Акыркы маалыматыбыз боюнча бүгүнкү күндө парниктерде 31 млн. көчөттөр, андан тышкары стандартка ылайык 17 млн. көчөттөр олтургузулууга даяр.
2007-жылы 20 жылдан бери жаңыртылбаган Кызыл китеп жарыкка чыкты. 2005-жылы кайрадан такталган жаңы тизмеге сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган козу карындардын 4 түрү, өсүмдүктөрдүн 83 түрү, жөргөмүштүн 1 түрү, курт-кумурскалардын 4 түрү, балыктардын 7 түрү, жерде, сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8 түрү, канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү киргизилген.

Майрамдык маанай...
Буюрса жакшы. Токой чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Президенттин Жарлыгы менен Талас токой чарбасынын токойчусу Гүлия Шабданбекова, Жети-Өгүз токой чарбасынын токойчусу Алымбаев Замир "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоонун эмгек сиңирген кызматкери" наамдарына, Ардак грамота менен Жалал-Абад жаңгак токойлорун экологиялык системасын өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгынын начальниги Анарботоев Рустам, орун басары Асанбеков Маматжан, Нарын токой чарбасынын токойчусу Чарыков Искендер, Ысык-Көл токой чарбасынын директору Бакыт Мусабаевдер сыйланышты.
Былтыр Республиканын токой тармагын өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн Бекбоев Жекшеналы III даражадагы Манас ордени менен сыйланганын да сыймык менен атай кетейин.
Аягында республикадагы токой чарба, айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин бардыгын кесиптик майрамдары менен куттуктап, иштерине ийгилик, бакыт-таалай, чың ден соолук каалайм.
Бар болуңуздар!

Абдымитал ЧЫНГОЖОЕВ,
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы